Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 28-июлу ПЖ № 319
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 270, 2026-жылдын 15-июлундагы № 256 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия) деп кайра аталсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Улуттук комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Улуттук комиссиянын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
- Улуттук комиссиянын кеңешме органынын курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Улуттук комиссиянын карамагына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси.
4. Улуттук комиссия эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси, Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору, Окутуу-маалыматтык жана котормо борбору жөнүндө жоболорду бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык маселелерди, анын ичинде "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мекемесинин жана "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин чыгашалар сметасы боюнча бюджеттик каражаттарын Улуттук комиссияга өткөрүп берүү жагын чечсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу бардык уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечишсин;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 24-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 7-мартындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 30-июнулдагы № 83 (3262) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты
боюнча улуттук комиссиянын башкаруу
СХЕМАСЫ
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кеңешме органынын КУРАМЫ
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 256 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кеңешме органдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, кеңешме органдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борборунун директору;
Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Жекече (макулдашуу боюнча):
Курбанов Райымжан Рахманович | - | "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз тили" коому" коомдук бирикмесинин президенти; |
Касаболотов Жыргалбек Асекович | - | журналист, коомдук ишмер; |
Станалиева Гүлзада Мыктыбековна | - | филология илимдеринин кандидаты, доцент; |
Кайыпов Сулайман Турдуевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А.Алтмышбаев атындагы Философия институтунун башкы илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор; |
Сааданбеков Чоробек | - | "Биздин мурас" коомдук фондунун директору; |
Маразыков Турусбек Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору; |
Кенжебаев Даирбек Орунбекович | - | филология илимдеринин доктору. |
Эскертүү:
Кеңешме органдын курамына киргизилүүчү министрдин орун басары ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык аныкталат.