Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын “8”-августундагы № 454 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль
жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324,
2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Терминдер жана аныктамалар:
атайын уруксат - атайын жана бөлүнбөс жүгү бар ташуучу транспорттук каражаттын өтүшүнө берилген бир жолку уруксат;
көп жолу колдонулуучу атайын уруксат - салмак-габариттик параметрлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан атайын транспорт каражаттарына берилүүчү уруксат;
атайын транспорт каражаты - атайын жабдууларды талап кылган атайын функцияларды аткаруу үчүн арналган транспорт каражаты (автокрандар, өрт өчүрүүчү автомобилдер, жумушчу платформалары бар көтөргүчтөр менен жабдылган автомобилдер, автоэвакуаторлор ж.б.);
атайын жүк - коркунучтуу жүктөр, аларга ташууда, жүктөө-түшүрүү жумуштарына жана сактоодо транспорттук каражаттардын, кампалардын, орнотмолордун, имараттардын жана курулмалардын жарылып кетишинин, өрттөнүшүнүн же зыян тартышынын, ошондой эле адамдардын жана айбанаттардын өлүмүнүн, жаракат алышынын, ууланышынын, дене боюнун күйүшүнүн, нурлануусунун же ооруп калышынын себеби болушу мүмкүн заттар менен нерселер кирет;
бөлүнбөс жүк - автомобиль жолу боюнча ташууда артыкбаш чыгашасыз жана бузулуп кетүү тобокелдигинен улам же андан көп бөлүккө бөлүп жиберүүгө мүмкүн болбогон жүк;
оперативдик контролдоо - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо максатында, транспорт каражатын өткөрүүнүн тартиптеринин белгиленген ченемдерин бузгандарды өз убагында табууну ишке ашыруу;
транспорттук контролдоо пунктунун оператору - жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук контролдоо пунктунда транспорттук каражаттардын максималдуу салмактарын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө боюнча контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамы.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул Тартип жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бардык колдонуучуларына колдонулат, жалпы пайдалануудаты автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү тартиби жана өткөрүү үчүн жыйымдарды алууну белгилейт, бул жыйымдардын эмнеге арналгандыгын жана аларды пайдалануу тартибин аныктайт.
Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорттук контролдоо пункттарын уюштурат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүүдө жыйымдардын толук түшүшүн камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын жүрүүсү боюнча чараларды иштеп чыгат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жана салмактык параметрлери алардын жол берилген белгиленген көрсөткүчтөрүнөн ашкан атайын транспорт каражаттарын өткөрүүгө атайын жана (же) көп жолу колдонулуучу атайын уруксат болгондо гана жол берилет. Автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын жана көп жолу колдонулуучу атайын уруксат, жеке менчик автомобиль жолдорун кошпогондо, жалпы пайдалануудагы (мамлекеттик, ведомстволук, муниципалдык) автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө жарактуу.
Үч же андан көп октуу жана төрт же андан көп октуу, ар бир огунда сегиз жана андан ашык дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым сүйрөгүчтөр (трал) үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүгү жок жүргөн жана төмөнкүдөй талаптарды сактаган шартта атайын уруксатсыз жана маршруттук баракты макулдашуусуз жүрүүгө уруксат берилет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген кыймылдын ылдамдыгын жана аралык убакыттарды сактоо менен жүргөндө;
- эгерде транспорт каражатынын габариттери туурасы - 3,00 м, өтүүчү бөлүгүнүн үстүндөгү бийиктиги - 4,20 м, узундугу - 20 м ашпаса, көпүрөлөрдүн астынан, түтүк өткөргүчтөрдөн жана башка коммуникациялардан өтүүдө ташуучунун бийиктикти кошумча милдеттүү өлчөөсүн жүргүзүү менен.
Атайын уруксат жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. Жүктүү же жүксүз транспорт каражатынын бийиктиги 5,0 м ашкан учурда электр транспорту, электр тармагы, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары менен маршрутту макулдашуу жүргүзүлөт.
Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана электр транспорту, электр тармагы, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары тарабынан атайын уруксатты электрондук форматта макулдашуу "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу 3 сааттын ичинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын таразалоо жана өлчөө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт, алардын натыйжалары атайын уруксатты электрондук түрдө тариздөө үчүн электрондук түрдө берилет. Атайын уруксат берүүдө транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана энергетикалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосунда ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн жол-жобосу бекитилген өз ара аракеттенүү регламенти менен биргеликте белгиленет.
Ташуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 "Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринин, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана электр берүү линияларынын астынан, түтүк өткөргүчтөр, көпүрөлөр жана башка жасалма курулмалар аркылуу өтүү талаптарын аткарууга милдеттенет.
Эгерде арыз электрондук документ түрүндө автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын порталында берилсе, арызга электрондук санариптик колтамга коюлууга тийиш. Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер, кыймылдуу мүлккө укукту ырастоочу документтер, Кыргыз Республикасынын аймагында ата мекендик жана чет өлкөлүк ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы автотранспорт каражаттарынын жүрүүсү үчүн жыйымдардын суммасын төлөөнү ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтарды автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынан алат.
Атайын уруксат электрондук форматта берилет же кагаз жүзүндө таризделет. Кагаз жүзүндө таризделген учурда түп нускасы ташуучуга же жүктүн ээсине берилет, көчүрмөлөрү автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
Атайын уруксат жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана убакытта жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда бөлүнбөс жүктү бир жолку ташууга берилет.
Атайын уруксатта бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатынын жүрүүсүнүн убактысы, мөөнөтү жана маршруту көрсөтүлөт.
Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаты атайын уруксатта каралган маршрут боюнча жана шарттарда гана жүрө алат.
Автомобилдерди ташууга арналган ири габариттүү (габариттүү эмес) жана оор салмактагы транспорт каражаттары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын уруксат болгондо өткөрүлөт.
Атайын уруксаттын жана көп жолу колдонулуучу атайын уруксаттын формасы, көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты колдонуунун жана берүүнүн өзгөчөлүктөрү атайын транспорт каражаттарынын түрүнө жараша транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Атайын уруксат алуу үчүн жүктүн ээси же ташуучу ташуулар башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз берет:
- бөлүнбөс жүктүн тиби жана аты;
- бөлүнбөс жүгү бар транспорттук каражаттын жана аталган жүктү коштоочу машинанын (машиналардын) маркасы, модели жана мамлекеттик номердик белгиси;
- айдоочунун жана ташуу үчүн жооптуу адамдын аты-жөнү;
- жүрүү маршруту, болжолдонгон убакыт жана жүрүү күнү;
- бөлүнбөс жүгү бар транспорттук каражаттын бурулуусунун минималдуу радиусу;
- окторунун, дөңгөлөгүнүн саны жана алардын жайгашуу схемасы;
- жүктөлгөн транспорттук каражаттын окторунун салмак басымын, чыныгы салмагы жана көлөмү, ошондой эле болжолдуу кыймыл ылдамдыгы.
Арызга айдоочулук күбөлүктүн, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн (техникалык паспорттун), техникалык кароодон өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк ташуучулар көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги көчүрмөсүн тиркейт), ошондой эле транспорт каражатынын фотосүрөттөрү тиркелет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өткөрүүгө уруксат кыймылдын ургаалдуулугу кыйла аз убакыттарга, ал эми шаарлардын жана калктуу ири конуштардын аймактарында күндүн жарык убактысына гана берилет.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын шаарлар, калктуу ири конуштардын аймагы менен караңгы убакта жүрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коргоо автомобили же патрулдоо автомобили атайын коштоп жүргөн шартта жол берилет.
Кыймыл «күчөгөн» сааттарда жол шартын жана кыймылдын ургаалдуулугун эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражатын өткөрүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын коштоп жүрүүнүн зарылдыгы жана түрү, жол берилген ылдамдыгы ташылуучу жүктүн габариттерине, салмагына, өзгөчөлүктөрүнө жана маршрутту макулдашуу менен жол шарттарына жараша атайын уруксатты даярдоонун процессинде жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү боюнча уруксат берилүүчү автомобиль жолдорунун тизмеси жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча транспорттук каражатты бөлүнбөй турган жүк менен өткөрүү үчүн жыйымдарды алуунун өлчөмү Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдын өлчөмүн бекитүүнүн жана ордун толтуруунун тартибинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн методика боюнча эсептелет
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын өткөргөндүк үчүн жыйымдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте транспорт каражатынын жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлери жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашып кеткендиги үчүн жыйымдар кирет.
Көрсөтүлгөн жыйымдардан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке жөнөтүлөт, атайын максатка жумшалат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 707, 2015-жылдын 13-июлундагы № 481, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
101. Салмактык параметрлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан төмөнкүдөй атайын транспорт каражаттарына көп жолу колдонулуучу атайын уруксат берилет:
- бетон аралашмаларын ташуучу автобетон аралаштыргычтар;
- автокрандар;
- жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткаруучу дөңгөлөктүү тракторлор жана салмактык параметрлери жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген жол берилген көрсөткүчтөрдөн ашкан дөңгөлөктүү өзү жүрүүчү технологиялык машиналар (айыл чарба комбайндарын кошпогондо).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Көп жолу колдонулуучу атайын уруксат арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө электрондук форматта берилет же кагаз жүзүндө таризделет, түп нускасы транспорт каражатынын ээсине (айдоочусуна) берилет, көчүрмөсү автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы N 11, 2025-жылдын 9-июнундагы № 324 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
103. Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көп жолу колдонулуучу атайын уруксат берүү транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
104. Эгерде көп жолку уруксатты алууга арыз автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын порталында электрондук документ түрүндө берилсе, арызга электрондук санариптик кол коюлушу керек.
Атайын транспорт каражатынын техникалык мүнөздөмөсүн көрсөтүү менен арыздын формасы транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Арызга төмөндө көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
- арыз ээсинин айдоочулук күбөлүгү;
- атайын транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (техникалык паспорт);
- эгерде транспорт каражатынын ээси башка жеке же юридикалык жак болсо, атайын транспорт каражатын башкарууга ишеним кат;
- милдеттүү техникалык кароодон өткөндүгүн ырастаган документ;
- зыяндын жана залалдын ордун толтуруу жана транспорт каражатын таразалоо үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
- атайын транспорт каражатынын фотосүрөттөрү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
105. Көп жолу колдонулуучу атайын уруксат арыз каралгандан жана атайын транспорт каражатынын салмактык параметрлеринин иш жүзүндөгү маанилери белгиленгенден кийин 3 сааттын ичинде берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2026-жылдын 5-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча бөлүнгүс жүгү бар транспорт каражаттарынын уруксатсыз өтүүсүн табуу максатында оперативдүү контролдоо транспорттук каражаттардын салмагын жана габаритин контролдоонун туруктуу жана көчмө пункттарында жүзөгө ашырылат.
Транспорттук каражаттарды оперативдүү контролдоонун негизги технологиялык операциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- транспорт каражатынын салмак өлчөөчү жабдууга 15-20 метр жетпей токтошу;
- транспорт каражатынын документтери менен таанышуу жана жүктү ташууда алардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн белгиленген транспорт каражаттарынын жалпы салмагы, октук салмак басымы, ченемдери жана башка линиялык параметрлери боюнча жол берилген параметрлерине ылайык келишин;
- транспорт каражатынын жүрүү маршрутун аныктоо;
- транспорт каражатын өткөрүү жөнүндө же жүгү менен иш жүзүндөгү параметрлерин аныктоо үчүн транспорттук контролдоо пунктуна жиберүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- тиешелүү маалыматтарды эсепке алуу, контролдоо журналына каттоо, бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдарды алуу жана көзөмөл кылуу
- жыйымдарды төлөнгөндүгү тууралу квитанция берүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилинде, 11-пунктуна үчүнчү абзацы текстке дал келбейт
12. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өткөргөндүк үчүн жыйым алардын ээлеринен же жүк ташуучулардан белгиленген тариф боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен же жыйымды төлөө күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген алмашуу курсуна ылайык чет элдик валюта менен альшат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу, аларды сактоо жана ташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
14. Бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарынын ээлерине жана жүк ташуучуларга Кыргыз Республикасыныга мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик жүктөлөт:
- жүктү аныкталган ордуна жеткирүүгө чейин белгиленген маршрут боюнча жүктү ташуу убактысында кыймылдын коопсуздугун камсыз кылбагандыгы үчүн;
- бул Тартиптин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактабагандыгы жана камсыз кылбагандыгы үчүн;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдардын түшүшүн камсыз кылуу автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)