Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-ж. ___ _________ №___ 1-тиркеме |
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Транспорт каражаттарын
башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
стандарттары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары
жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 77-пункту)
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 77-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, аймактык каттоо бөлүмдөрүн/секторлорун кошкондо. Айдоочулук күбөлүктөрдү жоготкон жана алмаштырган учурлар боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээлери кайрылганда - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Айдоочулук иш менен алектенүүгө чектөөлөр коюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист- машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Тийиштүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук жана/же эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жандуу кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек күтүү системасы киргизилген жерлерде). Бардык жарандар үчүн имаратты жана санитардык-гигиеналык жайларды тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн да пандустар, кармагычтар менен (имараттар, жайлар) жабдылышы зарыл. Имараттар күтүү жайларына (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы), дааратканаларга, жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот. Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Кызмат көрсөтүлүүчү жерде келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат. Жайлар өрткө каршы коопсуздук системалар менен жабдылышы керек. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээлери кайрылганда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде алар кайрылган күнү кабыл алынат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Практикалык жана теориялык сынактарды тапшырууга жана айдоочулук күбөлүктү жасоого кеткен убакытты кошкондо, кызмат көрсөтүүнүн чектелген мөөнөтү – 4 жумуш күнү, арыз ээси консулдук мекемеге жана дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылган учурда – 40 календардык күндөн көп эмес. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Агенттиктин сайты: tsvs.gov.kg; - мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы: portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - сайтта жазылган Агенттиктин телефондору боюнча оозеки түрүндө; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жеке кайрылган учурда. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен маалыматтык такталардан жана Агенттиктин расмий сайтынан таанышса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты: tsvs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана Агенттиктин телефондору боюнча; - маалымат такталары; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылат: tsvs.gov.kg Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелеринин даректери, телефон номерлери жана иштөө режими тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат: www.mfa.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат табличкалары илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн: а) квалификациялык (теориялык жана практикалык) сынактарды ийгиликтүү тапшыруу – квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандыгы ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалымат системасында далилденет; б) квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди берүү: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын (ЖИН) жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин; - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арызды; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары; - берилүүчү датасы 12 айдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ. Документ "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилиши мүмкүн; - айдоочулардын курамын даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт; - айдоочулук күбөлүк же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулган жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу болгон башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. "С", "С1", "D", "D1", "СЕ", "С1Е", "DЕ" жана "D1Е" категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөнү жөнүндө күбөлүк берилет. 2) Жол кыймылына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына эл аралык айдоочулук күбөлүгү улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо берилет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээси кайрылганда). 3) Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн, арыз ээси төмөнкү документтерин берет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын (ЖИН) жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин; - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арызды; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн; - жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтүн; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 4) Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө берүүдө төмөнкү документтерди тапшыруу керек: - нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; - өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ же болбосо "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүргөн документ; - ишеним берүүчүнүн колдонуудагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы; - ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карт) көчүрмөсү; - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда; - ишеним берүүчүнүн жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтүн; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүсү электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалыматтык такталарда жана Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат. 5) Мурда берилген Кыргыз Республикасынын улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээси кайрылганда): - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин (ЖИН); - ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча арызды; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда; - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш. Документ "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта көрсөтүлүшү мүмкүн; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн; - Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн арыз ээси кайрылган учурда - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти; - улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт); - айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт. Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык каттоо органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет; - айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болсо, айдоочунун өздүк карточкасы берилбейт. Айдоочунун өздүк карточкасы болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык каттоо органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет. Чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат. Зарыл болгон документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык сынак тапшырышат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин буйругу менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен кызмат көрсөтүүнү алууда консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкалары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн-түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1) |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи | Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар болгондо, бардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, алуучу белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип. кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |