Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-ж. ___ _________ №___ буйругуна 4-тиркеме |
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу
номердик белгилерди берүү менен тракторлорго, трактордун чиркегичтерине, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен
күйүүчү кыймылдаткычы бар (кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык
технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо)» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
cтандарттары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары
жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 80-пункту)
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен тракторлорго, трактордун чиркегичтерине, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (кооптуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 80-пункту) |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, аймактык каттоо бөлүмдөрүн/секторлорун кошкондо. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө арналган автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, чет өлкөлүк юридикалык жактар, уюштуруу-укуктук формасына карабастан автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери. Кыргыз Республикасы менен тиешелүү өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, модернизациялоо жана экономикаларын өнүктүрүү, кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында, тийиштүү эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөр менен бирге эл аралык уюмдар түрүндө уюштурулган Өнүктүрүү фонддор. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому; - Бажы биримдигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 823 чечими менен бекитилген Бажы биримдигинин “Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” ТР ТС 010/2011 Техникалык регламенти; - Евразия Экономикалык комиссиясынын 2012-жылдын 20-июлундагы № 60 чечими менен бекитилген Бажы биримдигинин "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун коопсуздугу жөнүндө” ТР ТС 031/2012 Техникалык регламенти |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Төмөнкүлөрдү берүү: - мамлекеттик каттоо белгисин; - техникалык паспортту; - транспорт каражатынын паспортун (транспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу боюнча); - транспорт каражаты үчүн "Транзит" мамлекеттик каттоо белгисин берүү; - номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкат берүү менен, керектен чыгаруунун натыйжасында транспорт каражаттарын каттоодон чыгаруу; - транспорт каражатынын электрондук паспорту жок болгон учурда, биринчи каттоонун жыйынтыгы боюнча транспорт каражатынын электрондук паспорту түзүлөт. Бул учурда арыз ээсинин каалоосу боюнча белгиленген үлгүдөгү көчүрмө берилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек системасы киргизилген жерлерде). Жарандардын имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кириши камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган (имараттар, жайлар). Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажаткана бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажаткана), жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧЛ, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү маалымат такталарында жайгаштырылат. Жайлар өрт коопсуздук системалары менен жабдылган |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген мөөнөт – 60 мүнөт. Кезек күтүүнү эске алганда кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт. Кошумча текшерүүлөрдү талап кылуучу учурларда кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү автомототранспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет, мөөнөтүн узартуунун себептерин түшүндүрүү менен бул тууралуу керектөөчүгө кабарланат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүндө, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалыматты кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгашкан маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайтынан: tsvs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана Агенттиктин телефондору боюнча; - маалымат такталары; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты: www.mfa.gov.kg; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылат: tsvs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө маалымат такталары илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алышуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: 1) Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн: - идентификациялык жеке номер (ИЖН) (жеке жактар үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жактар үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурлардан сырткары; - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн); - Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар; - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк; - Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналарынын жана техникаларынын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жана/же транспорт каражаттарынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) көчүрмөсү жок болгон учурда, даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражаты эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болуучу башка документтер; - даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалымкаты же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтер; - Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн; - фотофиксациялоо менен визуалдык кароо өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүш жана жабдуу. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт; - документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери. Ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды алгачкы каттоодо кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: - ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды чогултуу процессин ырастаган документ; - техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты. 2) Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлерин кайра каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет: - идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн); - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз; - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же болбосо каттоо документи (каттоо талону), буга тышкы саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт; - жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанция, төлөм тапшырмасы же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документ; - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтери; - транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун ырастаган башка документтер; - зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксаты; - каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн; - фотофиксациялоо менен визуалдык кароо өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүш жана жабдуу. Актынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт; - түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу; - транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери. Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада соода-сатык келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска. Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер; - жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатына менчик укугу жөнүндө соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери; - мүлктү мурастоо укугу жөнүндө келишимдер, күбөлүктөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан (же) түзүлгөн башка документтер. 3) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор кошумча берилет. 4) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда, каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда, каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта – паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн-түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1) |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи | Арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген жана 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Төмөнкү транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт: - мүлккө карата камоого алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо; - нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер; - конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе; - өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, тракторлордон, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер; - "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар; - карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Документтердин түп нускаларын берүү мүмкүн болбогон учурларда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү боюнча, же болбосо электрондук көчүрмөлөр боюнча каттоого жол берилет (документтердин түп нускаларын берүү каралбаган өлкөлөрдөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ташып келүүдө); - жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынан сырткары, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат; - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн транспорт каражаттарын кайра каттоого берүүдө; - транспорт каражаты издөөдө турганда; - Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо; - жасалма (жалган) документтер берилгенде; - Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү белгиленген тартипте жогору турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, арыз ээсинин аты-жөнүн, жооп жибериле турган почта дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |