Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 26-декабры № 857-т
Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин илгерилетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2027-жылга чейин БУУнун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - План) 2-тиркемеге ылайык.
2. Планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппараты (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө кынтыксыз аткарууну камсыз кылсын;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2027-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу программасын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ к.к. | Милдеттер | Чаралар/Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
I компонент - мамлекеттин адам укуктарын коргоо милдети | ||||||
1 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бизнес саясатын жана адам укуктарын Трансулуттук корпорациялар үчүн ЭКӨУнун Жетектөөчү принциптерине, БУУнун 2011-жылдагы Адам укуктарынын аспектинде ишкердик иштин жетектөөчү принциптерине (БУУнун Жетектөөчү принциптери) жана БУУнун Глобалдык келишимине ылайык интеграциялоо | Кыргыз Республикасынын ратификациялоо мүмкүнчүлүгү предметине талдоо жүргүзүү: - ЭЭУнун № 155 Өндүрүштүк чөйрөдөгү эмгек коопсуздугу жана гигиена жөнүндө конвенция; - ЭЭУнун № 187 Эмгек коопсуздугуна жана гигиенасына көмөк көрсөтүүчү негиздер жөнүндө конвенция; - ЭЭУнун 1975-жылдагы № 143 Эмгек мигранттары жөнүндө конвенциясы (кошумча жоболор) жана анын бардык эмгек мигранттарынын укуктарын алардын статусуна карабастан коргоо үчүн № 151 сунуштамасы | 2026-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын ЭЭУнун конвенциясын ратификациялоого даярдыгы/даяр эместиги жөнүндө жүргүзүлгөн талдоолордун (кырдаалдык, мыйзамдар, финансы-экономикалык) негизинде отчет, финансылык эсептөөлөр даярдалды | ЭСКММ, ССМ, ТИМ, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын каралган каражаттардын чегинде |
2 | ЭКӨУнун Эл аралык инвестициялар жана көп улуттуу ишканалар боюнча декларациясына кошулуу боюнча максатка ылайыктуулугун изилдөө | 2026-жылдын II кварталы | - кырдаалдык, финансы- экономикалык талдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлдү; - Кыргыз Республикасынын ЭКӨУ Декларациясына кошулуу даярдыгы предметине отчет даярдалды | ИУА, ЭКМ, Маммүлк бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
3 | ЭКӨУнун Улуттук байланыш пунктунун (ЭКӨУ УБП) иштешинин эл аралык тажрыйбасын изилдөө | 2026-жылдын II кварталы | ЭКӨУ УБП түзүнүн максатка ылайыктуулугу/максатка ылайыксыздыгы жөнүндө отчет даярдалды жана | ИУА, ЭКМ бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар ЭКМге жөнөтүлдү, артыкчылыктары жана тобокелдиктери аныкталды | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында (макулдашуу боюнча) | |
4 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Эмгекти коргоо боюнча программаларды бекитүү жөнүндө" тескемесин иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2025-жылдын III кварталы | Өндүрүштө кызматкерлерди коргоо деңгээли жогорулатылды | ЭСКММ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
5 | БУУнун Жетектөөчү принциптери жөнүндө ишкердик субъекттердин маалыматтуулугун жогорулатуу | БУУнун Жетектөөчү принциптери жана адам укуктары жана ишкердик иш жаатында стандарттарды колдонуу жөнүндө мамлекеттик ЖМКлар жана интернет-сайттар аркылуу маалыматтык кампания өткөрүү | Туруктуу | Коомдук маалыматтык жана агартуу кампаниялары өткөрүлдү жана ЖМКга БУУнун ЖП тексттери, ошондой эле алардын жоболорун түшүндүрүүчү жарыялоолор жайгаштырылды | Омбудсмен (Акыйкатчы), бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
6 | Колдонуудагы окуу куралын, методикалык документтерди бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын сунуштамаларын, анын ичинде аларды мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу аркылуу бизнеске маалыматтарды жеткирүү | 2026-жылдын III кварталы | Эл аралык уюмдардын бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү окуу куралдары, методикалык документтер, сунуштамалар мамлекеттик жана расмий тилдерге которулду жана бизнес-ассоциацияларга маалыматтар жеткирилди | ЭКМ, Омбудсмен (Акыйкатчы) (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | |
7 | Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, кызыкдар субъекттердин БУУнун Жетектөөчү принциптери жөнүндө потенциалын жогорулатуу | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин БУУнун Жетектөөчү принциптери жөнүндө окуудан өткөрүү | 2025-жылдын III кварталы | Аткаруу бийлигинин органдарынын кызматкерлери үчүн жылына 4 иш-чара өткөрүлдү | БИМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЭКМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында |
8 | Басмырлабоо, инклюзивдүүлүк маселелери боюнча окутуучу семинарларды өткөрүү, аялуу абалдарды идентификациялоо көндүмдөрүн калыптандыруу жана ушундай адамдардын тобунун (майыптыгы бар адамдар, эмгек мигранттары, үй-бүлөлүк милдеттенмелери бар кызматкерлер, УЛУУ курактагы адамдар ж.б.) укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн көрүлүшү мүмкүн болгон чараларды аныктоо | 2025-жылдын III кварталы | Жылына 4 иш-чара өткөрүлдү | ЭСКММ | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | |
9 | Юридикалык жактар үчүн адам укуктарына терс таасирлерди аныктоого жана болтурбоого багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2026-жылдын III кварталы | Сунуштамалар ишкердик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылды жана бизнес- ассоциацияларга маалыматтар жеткирилди. Ишканаларга төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар жеткирилди: - чек арадагы чыр-чатактарды жана ички орун которууларды эске алуу менен экономикалык иштин белгилүү бир түрлөрүнө байланышкан потенциалдуу тобокелдиктер; - адам укуктарына ишкердик иштин терс таасирин болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | |
10 | Предметтик билим берүү стандартына коомдук маанилүү ченем катары гендердик басмырлоого келишпестик маданиятын калыптандырууга багытталган компоненттерге талдоо жүргүзүү | 2026-жылдын III кварталы | Мектептик жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдеги программаларына басмырлоого коомдук маанилүү ченем катары келишпестик маданиятын калыптандырууга багытталган компоненттер интеграцияланды | БИМ, ММСЖМ, бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
11 | Мамлекеттик органдардын сайттарына айлана-чөйрөнү коргоо жана адамдын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардын сайттарына жарыялоо | 2025-2027-жылдар | Айлана-чөйрөнү коргоо жана адамдын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча маалыматтар чарбалык иштин өз алдынча чөйрөлөрү үчүн жеткиликтүү | ЖРЭТКМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
12 | Ишкердик иште курчап турган жагымдуу чөйрөгө болгон адам укуктарынын сакталышынын мыйзамдуу талаптары боюнча окутуу жүргүзүү | 2025-жылдын III кварталы | Бизнес-ассоциациялар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башка кызыкдар субъекттер үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлдү | ЖРЭТКМ, бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын алкагында | |
II компонент - компаниялардын адам укуктарынын сакталышы үчүн жоопкерчилиги | ||||||
13 | Кыргыз Республикасында БУУнун Жетектөөчү принциптерин, анын ичинде адам укуктарынын, тийиштүү этияттык чараларынын сакталышын, даттанууларды карап чыгуу механизмдерин түзүү ж.б. боюнча милдеттенмелерди илгерилетүү | Ишкердик субъекттерине БУУнун Жетектөөчү принциптерин өз ишинде колдонууну, компанияны өнүктүрүүнүн стратегиялык планына адам укуктарын сактоо боюнча программалык милдеттенмелерди кабыл алуу боюнча милдеттенмелерди киргизүүнү, тийиштүү этияттык чараларын сактоону, даттанууларды кароо механизмдерин түзүүнү, адам укуктарын урматтоону камсыз кылуу бөлүгүндө жеткирүүлөр тизмегин башкаруу боюнча чараларды киргизүүнү сунуш кылган ЭКМнын тиешелүү буйругун иштеп чыгуу | 2026-жылдын III кварталы | - ЭКМнын буйругу кабыл алынды; - мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдор тарабынан өнүгүүнүн стратегиялык пландары, корпоративдик саясат жана адам укуктарын сактоо боюнча милдеттенмелер кабыл алынды, даттанууларды кароонун механизмдери түзүлдү | ЭКМ, Маммүлк, Финкөзөмөл, бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
14 | Төмөнкүлөргө өзгөртүү киргизүү: - "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибине жана мамлекеттик сатып алуулар маселелерин жөнгө салуучу башка чечимдерине | 2027-жылдын II кварталы | - ченемдик укуктук актылар кабыл алынды; - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна, тендердик документтерге жана контракттарга катышуучу компанияларга адам укуктарын сактоо саясатынын болушу, тийиштүү этияттык чараларын кабыл алуу, коргонуу каражаттарынын механизмдерин түзүү боюнча талаптар киргизилген; - МЖӨ алкагында конкурстун катышуучуларына квалификациялык талаптарга аларда адам укуктарын сактоо саясатынын болушу, тийиштүү этияттыкты кабыл алуу, коргоо каражаттарынын механизмдерин түзүү; - МЖӨ жөнүндө макулдашуулар жеке өнөк тарабынан адам укуктарын сактоо маселелерине туруктуу мониторинг жүргүзүү жөнүндө жоболорду камтыйт; - компанияларда адам укуктарынын сакталышына жана адам укуктарынын саясатынын болушуна баа берүүнүн көрсөткүчтөрү иштелип чыкты | ЭКМ, Маммүлк, Финкөзөмөл, Омбудсмен (Акыйкатчы), бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
15 | Корпоративдик башкаруу кодексин иштеп чыгуу | 2026-жылдын III кварталы | - Корпоративдик башкаруу кодекси бекитилди; - мамлекеттик катышуу үлүшү бар ААКтын башкаруу органдары тарабынан БУУнун Жетектөөчү принциптерине шилтемелерди караган корпоративдик башкаруу кодекстери кабыл алынат | Финкөзөмөл, Маммүлк | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
16 | Мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун жана финансылык туруктуулугун баалоо үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн колдонуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 токтому менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо; | 2026-жылдын II кварталы | - мамлекеттик компаниялардын жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордун жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнө компания тарабынан адам укуктарынын сакталышы боюнча көрсөткүчтөр киргизилди; - натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү жөнүндө маалымат мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик катышуу үлүшү менен чарбакер коомдорго маалымдалды | Маммүлк | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
17 | 2027-жылдын II кварталы | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди; - ачык компаниялар отчетторду берүүдө финансылык рыноктун жөнгө салынуучу субъектинин корпоративдик башкаруу практикасынын кыскача сыпаттамасында адам укуктарын сактоо жаатындагы саясаттын жана БУУнун Жетектөөчү принциптеринен келип чыккан башка маселелердин бар экендиги жөнүндө маалыматты чагылдырат | Финкөзөмөл, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
18 | Иштеп чыгуу жана кабыл алуу: - ишкердик иште адам укуктарынын сакталышы боюнча компаниялардын программалык милдеттенмелерин (корпоративдик саясаттарды) түзүү боюнча колдонмо; - компаниялардын ишинин тармактык багыттарын эске алуу менен адам укуктарына ишкердик иштин тийгизген таасирин баалоо методикасы | 2025-2026-жылдар | Колдонмо жана методика кабыл алынып, ишкердик иш тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайттарына жайгаштырылды. Документтер боюнча мамлекеттик ишканаларга, мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорго жана бизнес-ассоциацияларга маалымат берилет | ЭКМ, Маммүлк, бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
19 | Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге (МЖИ, ишкердиктер) адам укуктарынын сакталышы, алардын талаптагыдай этияттуулук чараларын көрүүсү үчүн ишканалардын жоопкерчилигине тиешелүү жоболорду киргизүү | Дайыма | Ишканалар тарабынан адам укуктары чөйрөсүндө талаптагыдай этияттуулукту камсыз кылган жоболор каралган келишимдердин үлгүлөрү иштелип чыкты. Түзүлгөн келишимдер тиешелүү жоболорду камтыйт. Келишимдерге милдеттүү түрдө киргизүү жөнүндө компонентти (стандарттык келишимди) иштеп чыгуу | ЭКМ, Маммүлк, ИУА | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
20 | Мамлекеттик менчикте турган же мамлекеттин контролундагы компанияларды же мамлекеттик органдардан олуттуу колдоо алган, адам укуктары чөйрөсүндө талаптагыдай этияттуулук чараларын көргөн ишканаларды колдоонун атайын чараларын иштеп чыгуу | 2027-жылдын III кварталы | Мамлекеттик колдоо чараларын белгилеген, социалдык багыттагы компаниялардын ж.б. реестрин жүргүзүүнү караган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
III компонент - бизнес тарабынан алардын укуктары бузулганда жабыркаган адамдарды укуктук коргоо каражаттарынын жеткиликтүүлүгү | ||||||
21 | Ишкердик ишке байланышкан адам укуктарына жагымсыз таасир үчүн кечирим суроо үчүн механизмдерди түзүү | ЧУАда адам укуктарын бузган ишкердик субъекттери зыяндын ордун толтуруу менен катар өзүнө эл алдында жоопкерчилик алуучу жана кечирим суроочу ченемдердин болушуна талдоо жүргүзүү | 2026-жылдын II кварталы | Отчет даярдалды жана адам укуктарын бузган учурда ишкердик субъекттерине келтирилген зыянды төлөп берүүгө кошумча эл алдында кечирим суроону сунуштаган тиешелүү документ иштелип чыкты | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
22 | Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу | Бизнес тарабынан алардын укуктары бузулган учурда жеке жактарга белгиленген тартипте консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ишкердик иште адам укуктары боюнча окуу модулун иштеп чыгуу | 2026-жылдын III кварталы | Окуу модулу даярдалды жана координаторлор, МКЮЖ системасынын адвокаттары жана 114 шыр байланыштын кызматкерлери үчүн окутуу курсунун онлайн-платформасына киргизилди | ЮМга караштуу Юридикалык жардам кызматы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
23 | Координаторлордун, МКЮЖ системасынын адвокаттарынын жана 114 шыр байланыштын кызматкерлеринин ишкердик иштеги адам укуктары боюнча билимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Дайыма | Бир жылда ишкердик иш аспектинде адам укуктары боюнча 4 окутуу семинары өткөрүлдү | |||
24 | Соттордун, адвокаттардын, прокурорлордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, медиаторлордун жана бейтарап соттордун ишкердик ишке жана адам укуктарына байланышкан маселелер боюнча потенциалын жогорулатуу | Бир тараптан медиаторлордун жана бейтарап соттордун арбитрлеринин "Бизнес жана адам укугу" темасынын концепциясы жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, экинчи тараптан - бул чөйрөдөгү медиациянын жеткиликтүү жана натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана тиешелүү кызыкдар тараптардын аларды колдонуу боюнча потенциалын күчөтүү | Дайыма | Медиаторлордун жана бейтарап соттордун арбитрлеринин ишкердик иш аспектиндеги адам укуктары боюнча маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу боюнча бир жылда 2 иш-чара өткөрүлдү | СӨП, (макулдашуу боюнча) | Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен |
25 | Ишкердик ишке жана адам укуктарына байланышкан окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын окуу борборунун окуу пландарына, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу программаларына ишкердик ишке жана адам укуктарына байланышкан тематикалар киргизилди | Дайыма | - окуу пландары жана программалары иштелип чыкты; - судьялар, адвокаттар, прокурорлор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ишкердик ишке жана адам укуктарына байланышкан маселелер боюнча окутулду | ЖС, БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен | |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ММСЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
Маммүлк | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
КРА | - | Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму |
ЭЭУ | - | Эл аралык эмгек уюму |
ЭКӨУ | - | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму |
БУУ ЖП | - | Бириккен Улуттар Уюмунун жетектөөчү принциптери |
ЭКӨУ УБП | - | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун улуттук байланыш пункту |
МКЮЖ | - | мамлекет кепилдеген юридикалык жардам |