Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 22-ноябры № 205
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин айрым буйруктарынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына делегирлөө жөнүндө" токтомуна ылайык жана ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 21-июлундагы № 2 "Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама" буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 28-январындагы № 4 "Ири электр энергиясын керектөөчүлөр, электр энергиясын кайра сатуучу керектөөчүлөр жана бөлүштүрүүчү ишканалар (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар) тизмелерине ишканаларды (уюмдарды) киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө" буйругу.
2. Электр энергетика башкармалыгына:
- ушул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" газетасында катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жарыялансын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары К.А.Өмүрбековго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри |
| Т.Ибраев |