Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берилген.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашырууну камтыган Ош облусунун Өзгөн районун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыккан.
Районду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармактык пландоонун, районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, айыл аймактарынын, министрликтердин жана ведомстволордун райондук/региондук бөлүмдөрүнүн, өкүлчүлүктөрүнүн жана аймактык-мейкиндиктик пландоонун өз ара байланышын билдирет.
Тармактык программалар райондук өнүктүрүү программаларына шайкеш келет жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан ишке ашырылат.
Программа райондун социалдык-экономикалык жана жаратылыш-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу үчүн, ошондой эле комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын иш-чараларын жүзөгө ашырууга бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалануунун, өздөштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыгат.
Өзгөн району экономикалык, социалдык жана маданий жактан олуттуу потенциалга ээ болгон Ош облусунун негизги региондорунун бири болуп саналат.
2025-жылга комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы райондун туруктуу өсүшүн ишке ашырууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
Өзгөн районунун ландшафт жана жаратылыш шарттары
Райондун жалпы аянты - 3431,55 км2, райондун 60% аймагын тоолор ээлейт, деңиз деңгээлинен минималдуу жана максималдуу бийиктиги - 1025-2000 метрди түзөт. Өзгөн району батыш тараптан Кара-Суу району менен, түндүк жана түндүк-батыш тараптарынан Өзбекстан Республикасы жана Жалал-Абад облусу менен, түштүк жана түштүк-чыгыш тараптарынан Кара-Кулжа району менен, чыгыш тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа району менен чектешет.
Климаты континенталдык. Январда абанын орточо температурасы Цельсий боюнча -3,2 градус (мындан ары - градус), июлда +23,6 градус, тоолуу райондордо -10 градус, июлда +18 градус. Абанын жылдык орточо температурасы +11 градус, жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 350-600 мм, тоолордо - 900 мм.
Райондун түзүмү
Өзгөн районунун курамына 12 айыл аймагы, 1 шаар жана 105 айыл кирет. Административдик борбору - Өзгөн шаары. (айыл аймактарынын аталыштары: Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жазы, Жалпак-Таш, Ийри-Суу, Кароол, Куршаб, Кара-Шоро, Кызыл-Октябрь, Мырза-Аке, Салам-Алик, Төрт-Көл жана Өзгөн шаары). Өзгөн району Ош облусунун көп улуттуу району болуп эсептелет.
2024-жылдын 1-январына карата райондун туруктуу калкынын саны 296,1 миң адамды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,9%га жогору.
Райондо катталган жумушсуздардын саны 2218 адамды түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 15,3%га төмөн.
2023-жылы убактылуу жок болгон калктын саны 44938 адамды түзгөн. Миграциянын деңгээли жогору бойдон калууда, бул аймактын демографиялык өзгөрүшүнө таасирин тийгизет.
Райондо орточо айлык номиналдык эмгек акы 2023-жылы 21842 сомду түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 18,5%га көп.
2023-жылы райондо 1344 жаңы жумуш оруну түзүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу 10,3%га көп болгон. Жаңы жумуш орундардын негизги бөлүгү экономиканын формалдуу эмес секторун ээлеген.
Өзгөн районунда 2022-2024-жылдары негизги экономикалык көрсөткүчтөрдө чагылдырылган экономикалык өнүгүүдө оң динамика байкалууда. Мында инвестиция жана өндүрүш көлөмү маанилүү ролду ойнойт.
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2023-жылы 1944,0 млн. сомду түздү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 15%га жогору.
2023-жылы негизги капиталга инвестициялар 2755,5 млн. сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,1%га төмөн.
Тышкы жана өз ара соода. 2023-жылы райондун тышкы соода жүгүртүү көлөмү 21,3 млн. АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 46,7%га көбөйгөн. Мында товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 84,0%, импортко - 16,0% туура келген.
Экспорттук берүүлөр 17,9 млн. АКШ долларын түзүп, 58,7%га көбөйгөн.
Импорттук келип түшүүлөр 3,4 млн. АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 5,0%га көбөйгөн.
Өзгөн районунда мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүнүн олуттуу өндүрүшү байкалууда, бул региондун азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзөт.
2023-жылы союу үчүн 17087,0 тонна мал жана канаттуулар тирүү салмакта өндүрүлгөн, 2024-жылдын январь-сентябрында 11920,0 тонна өндүрүлгөн, бул 2,2%га көп жана бул райондо мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүүсүн көрсөтүп турат.
Райондо чийки сүт өндүрүү 2023-жылы 75032,0 тоннаны түздү, өсүү темпи 102,7%ды түздү, 2024-жылдын январь-сентябрында 57790,0 тонна сүт өндүрүлдү, бул 2023-жылдын тийиштүү мезгилинен 2,1%га жогору.
2023-жылы 11782 миң даана жумуртка өндүрүлүп, өсүү темпи 2022-жылга карата 101,0%ды түздү. 2024-жылдын январь-сентябрында 9623,0 миң даана жумуртка өндүрүлдү, өсүү темпи - 102,1%.
Район айыл чарбасын, тамак-аш өнөр жайын жана туризмди өнүктүрүү ресурстарына ээ. Бирок, ишканаларды модернизациялоонун төмөн деңгээли жана инфраструктурага чектелген инвестициялар бар.
Райондун артыкчылыктары:
- Өзгөн району Бишкек - Ош - Жибек-Жолу трассасында жайгашкан, өзүнүн географиялык жайгашуусунан, аэропортко жана темир жолго жакындыгынан улам райондун экономикасын өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн;
- Өзгөн көмүр бассейнинин дээрлик бардык жогорку калориялуу көмүр запасы жайгашкан, Сары-Таш ракушечник таш кенинин кеңири запасы бар;
- туризмди өнүктүрүү үчүн тарыхый-археологиялык маданий мурас - XII кылымга таандык күмбөздөрдү жана мунараларды камтыган Өзгөн археологиялык комплекси бар. Ошондой эле "Кара-Шоро" мамлекеттик жаратылыш паркы жана минералдык дарылык суулары бар;
- региондогу Кара-Дарыя жана Жазы дарыяларынын жээктери "Өзгөн" сортундагы күрүчтү өндүрүүгө жана экспорттоого ылайыктуу.
3. Программанын максаты
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районун 2025-жылы комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын максаты туруктуу экономикалык өсүшкө жана калктын социалдык бакубаттыгын жогорулатууга көмөк көрсөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуунун эсебинен калктын бакубаттыгын камсыз кылуу, инвестициялык климат үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу болуп саналат.
Коюлган максаттарга жетүү төмөнкү артыкчылыктардын алкагында камсыз кылынат:
- экономикалык өнүктүрүү;
- социалдык жана инклюзивдик өнүктүрүү;
- мейкиндиктик өнүктүрүү;
- экологиялык жана жаратылышты коргоо.
Биринчи артыкчылык төмөнкү милдеттерди ишке ашыруунун эсебинен жетишилет:
1) өнөр жайды өнүктүрүү;
2) агроөнөр жай сектору;
3) туризмди өнүктүрүү;
4) инвестицияларды тартуу;
5) инфраструктураны өнүктүрүү;
6) ирригацияны өнүктүрүү.
Экинчи артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруунун эсебинен жетишилет:
1) билим берүүнү өнүктүрүү;
2) саламаттык сактоону өнүктүрүү;
3) маданиятты жана спортту өнүктүрүү;
4) социалдык коргоону өнүктүрүү.
Үчүнчү артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруунун эсебинен жетишилет:
1) мейкиндиктик пландоо;
2) санариптик өнүктүрүү;
3) транспорт жана байланыш;
4) жер ресурстары.
Төртүнчү артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруунун эсебинен жетишилет:
1) жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү;
2) экологиялык өнүктүрүү.
Милдеттер:
1. Райондун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуунун эсебинен калктын бакубаттыгын камсыз кылуу;
3. Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
4. Айыл чарбасын, туризмди жана чакан бизнести өнүктүрүү.
5. Инфраструктураны модернизациялоо жана транспорт байланышын жакшыртуу.
6. Билим берүү жана саламаттык сактоо сапатын жакшыртуу.
Программаны ишке ашырууда 2025-жылы калктын жакырчылык деңгээли төмөндөйт, жумуш орундары түзүлөт, калктын таза суу менен камсыз болуу пайызы көбөйөт, калкка медициналык жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.
4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
4.1. Экономикалык өнүктүрүү
4.1.1. Өнөр жай секторун өнүктүрүү
2024-жылдын январь-сентябрында 1 млрд. 574 млн. 60,4 миң сом 40 тыйын суммасына өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 106,7%ды түздү.
Отчеттук мезгилде өнөр жайдын негизги тармактарында төмөнкүдөй натыйжалар жетишилди:
- пайдалуу кен казуу - 101,8%;
- иштетүү өндүрүшү - 111,2%;
- электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу - 138,8%;
- суу менен камсыз кылуу, тазалоо, таштандыларды иштетүү жана кайра иштетилген чийки заттарды алуу - 81,36%.
Ушул жылдын январь-сентябрында таш көмүр жана күрөң көмүр казып алуунун көлөмү 195,8 миң тоннаны түздү.
2024-жылдын январь-сентябрында 16 жаңы чакан өнөр жай ишканалары ачылып, ишке киргизилди, алардын ичинен кен казуу өнөр жайында - 2 ишкана, кайра иштетүүдө - 7 ишкана, жеңил өнөр жайдын текстиль тармагында - 5 жана 2 логистикалык борбор, 253 жаңы туруктуу жумуш оруну түзүлдү.
Өнөр жай тармагындагы негизги көйгөйлөр:
- ишканаларга өндүрүш масштабынын оң натыйжаларын толук даражада пайдаланууга жол бербеген ички рыноктун чектелген көлөмү;
- заманбап өндүрүш үчүн инновациялык иштеп чыгууларды киргизүү үчүн зарыл болгон адистердин жана жумушчу күчүнүн жетишсиз квалификациясы;
- инвестициялык жана кредиттик каражаттардын жетишсиздиги жана аларды бөлүштүрүүдө атаандаштыктын жогорку деңгээли;
- сырьену кайра иштетүү тереңдигинин жетишсиздиги ж.б.;
- токтоп турган ишканалар.
Өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары:
- өнөр жай секторуна инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү, узак мөөнөттүү, жеңилдетилген кредиттерди жана ссудаларды бөлүү;
- өнөр жай ишканаларын түзүү жана ишин жандандыруу үчүн тиешелүү инфраструктураны жана зарыл шарттарды түзүү;
- курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканаларды түзүү;
- кен казуу ишканаларын өнүктүрүү;
- жеңил өнөр жайын өнүктүрүү;
- чакан ГЭСтерди куруу;
- органикалык сапаттагы экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүү жана эл аралык рынокторго экспорттоо.
4.1.2. Агроөнөр жай сектору
Айыл чарбасы региондун азык-түлүк коопсуздугун, калк үчүн жумуш орундарын камсыз кылуучу жана региондук дүң продуктунун көлөмүнүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылуучу тармак болуп саналат.
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн көбөйүшү негизинен буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, жашылча-жемиштер, бакча өсүмдүктөрү, картошка, эт жана сүт өндүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат.
2024-жылы райондо ЕАЭБ талаптарына жооп берген 1 мал союучу цех, 1 платформа жана 1 мал союучу цех иштейт.
2024-жылдын 9 айында мал чарба продукциясы 5397,5 млн. сом суммасына же 2,1%га көп, өсүмдүк продукциясы - 5889,8 млн. сомго же 3,7%га көп өндүрүлгөн. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү 11542,2 млн. сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103,0%ды түздү.
Эт өндүрүү. 2024-жылдын отчеттук мезгилинде райондо бардык категориядагы чарбакер субъекттер тарабынан 11920 тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,2%га көбүрөөк.
Сүт өндүрүү. Отчеттук мезгилде райондо сүт өндүрүү 57790 тоннаны түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,1%га көп.
Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде райондо 9623,0 миң даана жумуртка өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1%га көп.
2025-жылга карата айыл чарбасынын дүң продукциясынын күтүлгөн өсүшү 3%дан кем эмес түзүлөт.
2024-жылдын 1-январына карата айыл чарба багытындагы пайдаланылбаган жерлердин аянты 382 гектарды түздү.
2024-жылы пайдаланылбай жаткан жер аянты 142 гектарга чейин кыскарса, 2025-жылга чейин 160 гектарга чейин кыскартуу пландалууда.
1-октябрга карата иштеп жаткан айыл чарба кооперативдеринин саны - 75.
Облустун үрөн чарбалары жана кооперативдери тарабынан 394,5 тонна үрөн, жеке чарба субъекттери тарабынан - 3427 тонна, үрөн 3821,5 тонна көлөмүндө даярдалган же 2023-жылдын тиешелүү мезгилине карата 105,5%ды түзөт.
Айыл чарбасындагы көйгөйлөр
Бүгүнкү күндө райондун агрардык сектору көпчүлүк учурда майда жер иштетүүгө жана начар материалдык-техникалык базага негизделген өндүрүштүн майда товардык мүнөзүндө калыптанган.
Бул жагдайлар айыл жергесинде бизнести талаптагыдай деңгээлде өнүктүрүүгө жол бербейт. Жерлерди майда участокторго бөлүү талааларды которуштуруп айдоону натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бербейт, бул сугат суусун, техниканы жана финансы каражаттарын сарамжалсыз пайдаланууга алып келүүдө. Ошондой эле көпчүлүк майда чарбаларга жеңилдетилген кредиттер түрүндө мамлекеттик колдоо чаралары жеткиликтүү эмес;
- пайыздык ставкалары төмөн жана кайтаруу мөөнөттөрү узак болгон кредиттерге жеткиликтүүлүк чектелген бойдон калууда, өз учурунда ал атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууга жана айыл чарба техникасын жаңыртууга тоскоолдук жаратууда;
- кайра иштетүү жана маркетинг функцияларын камтыган агрохолдингдердин, логистикалык борборлордун жоктугу;
- мал чарба продукциясын аз өндүрүү;
- жайыттардын тартыштыгы жана жайыттардын деградациясы.
Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары:
- кооперативдерди уюштуруу жана кластер агрегаторлорунун айланасында интеграциялоо жолу менен кластерлердин чийки зат базасын өнүктүрүү;
- АЖМФ жерлерин ижарага артыкчылыктуу берүү;
- айылдын инфраструктурасын уюштуруу жана айыл чарбасында кооперативдик башкаруунун элементтерин киргизүү;
- айыл чарба кооперативдеринин артыкчылыктары менен калкты деталдуу тааныштыруу максатында айыл жеринде кеңири маалыматтык кампанияны уюштуруу жана өткөрүү, айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча маалыматтык материалдарды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен пилоттук айыл чарба кооперативдерин уюштурууга жардам көрсөтүү үчүн эл аралык донор уюмдардын инвестицияларын жана каражаттарын тартуу;
- айыл чарба кооперативдеринин жана башка чарбалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
- кайра иштетүү ишканаларын, логистикалык борборлорду түзүү боюнча чараларды көрүү.
4.1.3 Туризмди өнүктүрүү
Өзгөн архитектуралык мурасы менен белгилүү байыркы шаар болуп саналат. Эң белгилүү эстелик болуп күмбөздөрдү жана XII кылымдагы минаретти камтыган Өзгөн архитектуралык комплекси, Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркы, Салам-Алик жаңгак токою жана эс алуу зонасы саналат. Жыл сайын архитектуралык комплекске, ошондой эле күмбөздөргө, жаратылыш паркына жана минералдык дарылоочу сууга келген ички жана тышкы туристтердин саны көбөйүүдө.
2024-жылдын январь-сентябрында архитектуралык комплекске 33070 адам келген, алардын ичинен акысыз - 1421, акы төлөнүүчү - 31215, чет элдик туристтер - 2546, студенттер - 14335.
Туризм чөйрөсүндөгү көйгөйлөр:
- туристтик жана рекреациялык зоналардын инфраструктурасынын жетишсиз өнүккөндүгү;
- популярдуу туристтик объекттерге баруучу автомобиль жолдорунун сапатынын төмөндүгү;
- туристтик инфраструктурага мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмүнүн жетишсиздиги;
- мамлекеттик органдарда туризм инфраструктурасы жөнүндө бирдиктүү маалыматтын жоктугу;
- мейманканалардын, жол боюндагы сервистик объекттердин, окуялуу туризмди сүйүүчүлөр үчүн жайгаштыруунун адистештирилген каражаттарынын, заманбап бизнес жана конгресс-борборлордун ж.б. жетишсиздиги;
- туристтик тармак үчүн кадрларды даярдоонун деңгээлинин төмөндүгү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында иштелип чыккан туристтик маршруттардын жоктугу.
Туризмди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттар:
- туристтик объекттерге баруучу автомобиль жолдорун реабилитациялоо;
- райондо муниципалдык, анын ичинде туристтик инфраструктураны курууну жана реабилитациялоону, ошондой эле туристтик объекттерге жана каттамдарга навигация системасын модернизациялоону камсыз кылуу;
- жол боюндагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу: сервистик тейлөө объекттери (коомдук тамактануу, техникалык тейлөө пункттары, медициналык пункттар), белгилер жана көрсөткүчтөр;
- райондо жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана кеңири жайылтуу боюнча чараларды көрүү;
- туристтик-маалыматтык борборду түзүү;
- райондун туристтик маршруттук картасын түзүү боюнча чараларды көрүү;
- этнофестивалдарды өткөрүү, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү;
- районду айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо багытында иштеген органикалык район катары өнүктүрүү;
- регионго туристтерди тартуу, туристтик объекттерге баруучу жолдорду реконструкциялоо, туристтик объекттерди, ажайып кооз жана рекреациялык зоналарды жарнамалоо.
2025-жылга милдеттер:
- Баш-Дөбө айылындагы клубдун имаратын реконструкциялоо;
- заманбап муниципалдык мейманкананы, Н.Азнабакиев атындагы паркты, стадион менен бириктирүүчү көпүрөнү, борбордук "Достук" паркынын курулушун аягына чыгаруу.
4.1.4. Инвестиция тартуу
2024-жылдын январь-сентябрында 2713,1 млн. сом капиталдык салым өздөштүрүлдү же 2023-жылдын тийиштүү мезгилиндегиден 128,6%га көп.
2024-жылдын январь-июнунда районго 248,1 миң АКШ доллары суммасында тике чет өлкөлүк инвестициялар (мындан ары - ТЧИ) тартылган. АКШ доллары же 2023-жылдын тиешелүү мезгилиндегиден 11,7%га көп.
2024-жылдын 9 айында 16 жаңы чакан өнөр жай ишканасы ачылып, 253 жаңы туруктуу жумуш орду түзүлдү.
Инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу инвестициялык шарттарды түзүү зарыл, бул региондук инвестициялык программанын/стратегиянын болушун, жергиликтүү бизнес-түзүмдөрдүн катышуусу менен тийиштүү координациялоочу органды, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн аянтчанын жана инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду илгерилетүү тажрыйбасын билдирет.
Көйгөйлөр:
- жолдордун, транспорттук логистиканын жана байланыштын жетишсиз өнүгүшү, бул аймакты инвесторлор үчүн анча жагымдуу кылбайт;
- жумушчу күчтүн ири шаарларга же чет өлкөлөргө кетиши;
- инвесторлор үчүн жарактуу жерлердин жоктугу;
- инвестициялык потенциалды илгерилетүүгө комплекстүү мамиленин жоктугу;
- квалификациялуу жумушчу күчтүн жетишсиздиги.
Милдеттер:
- инфраструктураны жакшыртуу: сапаттуу инфраструктураны түзүү үчүн инвестицияларды тартуу;
- бизнес үчүн жагымдуу климатты түзүү: инвесторлорду коргоо, салыктык жеңилдиктер;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк: айыл чарбасында, туризмде жана энергетикада долбоорлорду ишке ашыруу;
- билим берүү программалары: рыноктун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо;
- район боюнча атаандаштык артыкчылыктардын негизинде инвестициялык долбоорлорду жана лотторду даярдоо;
- инвестициялык долбоорлордун картасын иштеп чыгуу;
- жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана 2025-жылы 10дон кем эмес чакан жана орто ишканаларды ачуу үчүн регионго финансылык ресурстарды тартуу.
4.1.5. Инфраструктураны өнүктүрүү
Райондогу жолдорду жакшыртуу максатында 2024-жылдын январь-сентябрында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун жана жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен 189 миллион 600 миң сом суммасында жолдор салынды. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 20,7 км жолго асфальт төшөлдү, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 13,2 км жолго асфальт төшөлдү жана 14 км жолго шагыл төгүлдү.
Мындан тышкары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында узундугу 14,0 км түзгөн өзгөн айланма жолунун курулушу аяктады (болжолдуу наркы 29,7 млн. АКШ доллары).
Ичүүчү таза суу менен камсыздоо
Райондун калкынын таза суу менен камсыз болуусу 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 82,2%ды түздү. 2025-жылы бул көрсөткүчтү жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.
Милдеттер
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) аркылуу чакан шаарларда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу долбоорлорунун алкагында Өзгөн шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системаларын курууну жана реабилитациялоону аяктоо (11,0 млн. долл.).
Ошондой эле Куршаб, Дөң-Булак жана Мырза-Аке айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча иштерди аяктоо.
2024-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жалпы суммасы 80 млн. 941,8 миң сомду түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 70,1%га же 47 млн. 588,6 миң сом 60 тыйынга көп.
2024-жылы 20 социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулуш иштери аяктады.
Энергетика секторун өнүктүрүү
2024-жылдын 9 айында Өзгөн райондук электр тармактары тарабынан 490 бирдик трансформатордук подстанцияны техникалык тейлөө, 98 бирдик трансформатордук подстанцияны жана 124 бирдик темир-бетон электр мамычаларын капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
2025-жылы айыл жерлеринде эскилиги жеткен электр берүү мамычаларын алмаштыруу боюнча чаралар көрүлөт.
Программада Чакан ГЭСти өнүктүрүү каралган, чакан ГЭСти куруу боюнча 2 инвестициялык долбоор даярдалган.
Көйгөйлөр:
- жолдорду, көпүрөлөрдү, коммуналдык системаларды ж.б. курууга жана реконструкциялоого бюджеттик каражаттардын чектелгени;
- инфраструктуралык долбоорлор үчүн жеке инвесторлордун жетишсиздиги;
- эскилиги жеткен суу менен камсыздоо, канализация жана электр менен камсыздоо системалары;
- санариптик инфраструктуранын начар өнүгүшү (интернеттин жай ылдамдыгы, телекоммуникациялык жабдуулардын жетишсиздиги);
- айрыкча айыл аймактарында жолдордун сапатынын начардыгы, бул жүк ташуу жана адамдардын жүрүүсүн кыйындатат;
- коомдук транспорттун жана логистикалык түйүндөрдүн жетишсиздиги;
- калдыктар менен иштөө жана суу ресурстарын башкаруу боюнча туруктуу чечимдердин жетишсиздиги;
- бирдиктүү архитектуралык жол картасынын жоктугу;
- шаарларда жана айылдарда канализациянын жоктугу, бул санитардык жана экологиялык көйгөйлөрдү жаратат, жашоо шартын начарлатат;
- калк үчүн оюн-зоок жана спорттук объекттердин жоктугу.
Милдеттер:
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
- инфраструктуралык өнүктүрүү үчүн эл аралык жардамдарды жана гранттарды тартуу;
- жолдорду, көпүрөлөрдү, суу түтүк жана электр тармактарын ондоону артыкчылыктуу каржылоо;
- бийликтин бардык деңгээлдери менен жеке сектордун ортосундагы күч-аракеттерди координациялоо;
- IT-инфраструктураны өнүктүрүү: интернет-жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, санариптик кызмат көрсөтүүлөргө өтүү;
- суу менен камсыздоо жана канализация системаларын куруу, сууну сактоо жана бөлүштүрүү системаларын жаңылоо;
- санариптик инфраструктураны өнүктүрүү;
- шаардык инфраструктураны пландоо жана жашыл бак-дарактарды көбөйтүү;
- социалдык инфраструктураны жакшыртуу;
- калктын көйгөйлөрүн тез жана натыйжалуу чечүү үчүн региондо материалдык-техникалык базаны чыңдоо менен комплекстүү тейлөөчү мамлекеттик ишканаларды түзүү;
- коомдук авто токтотуучу жайларды, автобустук аялдамаларды уюштуруу жана реконструкциялоо.
4.1.6. Ирригацияны өнүктүрүү
Фермерлерге сугат суу берүү үчүн 288,7 км чарбалар аралык каналдар, 440,7 км ички чарбалык каналдар, 66 гидропост, 3 насостук станция жана 128 даана гидротехникалык курулма бар.
Облуста 20644 га сугат жерлери бар, анын ичинен 14632 га Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын чарбалар аралык каналдары аркылуу жана 6012 га - ички чарбалык каналдар аркылуу сугат суу менен камсыздалат.
Каналдарга сугат суулары негизинен Куршаб-Сай, Кара-Дарыя, Жазы, Кара-Кулжа, Заргер жана Көлдүк дарыяларынан берилет.
2024-жылдын 9 айында сугат суу берүү келишиминин негизинде СПА 98 млн. 125 миң м3 же болбосо 2 млн. 913 миң сомго берилген.
Азыркы учурда суу пайдалануучулар бирикмесинин пайдалануусундагы бардык суу объекттерин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө маселе каралууда.
Сугаруу көйгөйү:
- ирригациялык системалардын олуттуу бөлүгү канааттандырарлык эмес абалда;
- сууну натыйжасыз бөлүштүрүү;
- сугат каналдарды тазалоо үчүн атайын техникалардын жоктугу;
- фермерлердин сугат сууну үнөмдүү пайдаланбагандыгы.
Артыкчылыктуу багыттар:
- колдонуудагы жана жараксыз абалга келген ирригациялык системаны модернизациялоонун жана реабилитациялоонун эсебинен сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- тамчылатып сугаруу системаларын өнүктүрүү;
- атайын адистерди окутуу ж.б.
2025-жылы колдонуудагы ирригациялык системаны модернизациялоонун жана реабилитациялоонун эсебинен сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана фермерлерге сугат суу берүү боюнча чараларды көрүү максатында 32 км сугат каналдарын тазалоо, жана насостук станцияларды оңдоо пландалууда.
4.2. Социалдык жана инклюзивдик өнүктүрүү
4.2.1. Билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү
Өзгөн районунда 2024-2025-окуу жылында 106 жалпы билим берүүчү мектеп бар, анын ичинен 3 гимназия, 1 лицей, 1 мектеп-интернаты, 85 орто мектеп, 1 сырттан окуучу мектеп жана 12 башталгыч мектеп.
2024-2025-окуу жылында райондун мектептеринде окуу китептери менен камсыз болуу 80%ды түздү, Өзгөн шаарынын мектептеринин окуу китептери менен камсыз болуусу 83%ды түздү.
Жалпы республикалык тестирлөөгө Өзгөн районунан 1158 бүтүрүүчү катышты, бүтүрүүчүлөрдүн орточо баллы 129,3тү түздү. 2023-жылга салыштырмалуу орточо балл 16%га өскөн.
Район боюнча жалпысынан мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу 2024-жылдын 9 айында 33,4 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүчтү 2025-жылы 36,0%га жогорулатуу пландалууда.
Район боюнча мектепке чейинки мекемелердин саны 94 бирдикти түзөт, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3 бирдикке көп.
Мектепке чейинки мекемелерге керектөө 24 бирдикти түзөт. Жалпы билим берүү мекемелерине керектөө 5 бирдикти түзөт.
Өзгөн району боюнча 2024-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржыланган объекттердин жалпы саны 22 (7 мектеп, 5 бала бакча, 1 оорукана, 5 мектептин капиталдык ремонту, 1 спорт зал) түзөт.
2 мектептин жана 1 бала бакчанын курулуш иштери бүткөрүлүп, эксплуатациялоого берилген. Андан сырткары жергиликтүү бюджеттин, жеке ишкерлердин, өнүктүрүү фонддорунун, CASA-1000 эл аралык фонддордун жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен 49 социалдык объект курулган, анын ичинен 12 социалдык объект эксплуатациялоого берилген (анын ичинен 1 ФАП, 2 мечит, 6 бала бакча, 3 спорт зал).
Билим берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөр:
- адистештирилген кадрлардын жетишсиздиги, айрыкча табигый илимдер жаатында;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, жаңы билим берүү ыкмаларына жана технологияларга адаптациялоо деңгээли;
- заманабап окуу методдорун жана технологияларын пайдалануу үчүн шарттардын жоктугу;
- техникалык жабдуулардын эскиргендиги;
- окуучулардын билимге болгон кызыгуусунун төмөндүгү;
- ата-энелердин жана коомдун билим берүү процессине катышуусунун жетишсиздиги;
- инклюзивдик билим берүү системасын ишке ашыруу үчүн шарттардын жоктугу ж.б.;
- коомдук ой-пикир жана ата-энелердин билим берүү процессине катышуусу да төмөн, бул окуучулардын билим алуусуна терс таасирин тийгизет.
Артыкчылыктар:
- курулуп бүтө элек социалдык объекттердин курулушун аяктоо;
- окутуучулардын квалификациясын, кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
- ата-энелердин билим берүү процессине катышуусун активдештирүү;
- жаш кадрларды тандоо;
- студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун жогорулатуу боюнча чараларды керүү;
- билим берүү чөйрөсүндөгү башкаруу системасын реформалоо ж.б.
4.2.2. Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү
Саламаттык сактоо системасынын узак мөөнөтүү артыкчылыгы оорулардын алдын алуу, адамдын саламаттык сактоого өзүнүн катышуусунун негизинде сергек жашоо образын колдоо болуп саналат.
Райондо 3 жалпы дарыгерлер практика борбору, 1 райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, 23 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 64 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) иштейт.
Ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 2024-жылдын январь-сентябрында 1000 тирүү төрөлгөн балага 15,0 түзүп (2023-ж. - 18) 3,0%га төмөндөгөн.
2024-жылдын январь-сентябрында балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 1000 тирүү төрөлгөн балага 23 түзгөн (2023-ж. - 41,0), көрсөткүч 18ге төмөндөгөн.
2024-жылдын январь-сентябрында жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдүн көрсөткүчү 100 миң калкка 232 түзүп жана 16га төмөндөгөн.
2024-жылдын январь-сентябрында кургак учук менен ооругандар 100 адамга 78 түзүп, кургак учук менен ооругандар 16,2%га азайган.
2025-жылы саламаттык сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, энелердин жана бир жашка чейинки балдардын өлүмүн төмөндөтүү, жүрөк кан-тамыр ооруларын, кургак учукту жана ВИЧти алдын алуу боюнча бардык күч-аракеттер жана чаралар көрүлөт.
Тармактык көйгөйлөр:
- медициналык кадрлардын жетишсиздиги;
- саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарынын оңдоо зарылдыгы;
- саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасынын эскириши;
- диагностикалоо жана дарылоо процесстеринде жаңы технологиялар жана медициналык жабдуулардын жетишсиздиги;
- керектүү медициналык жабдуулардын жана инфраструктуранын жоктугу;
- квалификациялуу медициналык кадрлардын жетишсиздиги.
Артыкчылыктар:
- медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча чараларды көрүү;
- медициналык кадрларды даярдоо жана аларды айыл жерлерине тартуу;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө техникалык базасын чыңдоодо мамлекеттик-менчик өнөктөштүктү өркүндөтүү;
- капиталдык оңдоонун эсебинен саламаттык сактоо чөйрөсүнүн потенциалын андан ары өнүктүрүүнүн негизинде медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу;
- медициналык уюмдарды (КУ, ФАП, ҮДТ, ҮМБ) керектүү жабдуулар менен жабдуу, жумшак жана катуу инвентарь менен камсыздоо;
- калк менен өз ара аракеттенүүдө сапаттуу медициналык-профилактикалык жардам көрсөтүүгө жана стационардык жардамдын ийкемдүү режимин колдоого багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жергиликтүү бюджеттерден, райондук өнүктүрүү фондунан жана эл аралык долбоорлордон саламаттык сактоо объекттерин курууну жана оңдоону каржылоону камсыз кылуу;
- калктын социалдык жактан аялуу катмарын (ДМЧА, жалгыз бой энелер, карылар) колдоо боюнча иштерди жүргүзүү.
4.2.3. Маданиятты жана спортту өнүктүрүү
Өзгөн районунда 1 райондук маданият үйү, 1 шаардык маданият үйү, 27 айылдык маданият үйү, 1 райондук борборлоштурулган китепкана бар.
24 айылдык китепкана, 4 балдардын музыкалык мектеби иштейт.
Райондун китеп фонду 315963 китепти түзөт, анын ичинен борбордук китепканада - 75840 китеп, айылдык китепканаларда - 240123 китеп.
2024-жылдын 9 айында райондо 20дан ашуун ар кандай маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Өзгөн райондук маданият үйүн оңдоо жана жылытуу системасын оңдоо долбоору иштелип чыккан, акча каражаты бөлүнүп, курулушу башталып, иш кызуу жүрүүдө.
Көйгөйлөр:
- заманбап технологиялар менен жабдылган жана транспорт каражаттары менен камсыздалган маданият объекттеринин жетишсиздиги;
-жаңы маданият мекемелерин курулуунун зарылдыгы;
- айрым айылдык райондордо спорттук курулмалардын абалынын олуттуу начарлашы жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук курулмалардын жоктугу;
- дене-тарбия жана спорт мекемелерин материалдык-техникалык жактан жабдуунун төмөн деңгээли.
Артыкчылыктар:
- калктын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана балдардын жана өспүрүмдөрдүн массалык дене-тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
- райондун калкынын дене-тарбия жана спорт менен машыгууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- калктын, айрыкча балдар менен жаштардын дене тарбия жана спортко туруктуу кызыгуусун калыптандыруу;
- спорт залдарын жана стадиондорду капиталдык оңдоонун эсебинен спорт тармагынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу;
- жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо, аудиториянын өз алдынча дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун жогорулатуу;
- маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү;
- китеп фонддорунун биргелешкен борборун түзүү менен электрондук китепканаларды түзүү;
- жаштардын руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык потенциалын ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
2025-жылы калктын маданиятуулугун жогорулатуу боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар пландалууда:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында "Сармерден" сынагы, "Эл ичи өнөр кенчи" сынагы өткөрүлүүдө. Райондо "Ырдайлы кыргыз ырларын" фестивалы жана спорттук иш-чаралар өткөрүлөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында улуттук кийимдердин, улуттук музыкалык аспаптардын, улуттук оюндардын салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү боюнча көргөзмөлөр жана жарманкелер уюштурулат;
- райондогу республикалык, жергиликтүү маанидеги эстеликтерди, ошондой эле тарыхый археологиялык эстеликтерди паспорттоштурууну жүргүзүү:
- улуттук жана эл аралык маанидеги тарыхый маданий-мурас объекттеринин аймагына коргоо табличкаларын орнотуу:
- райондук китепканада электрондук китепкана ачуу, китеп фонддорун санариптештирүү:
- Өзгөн шаарынын муниципалдык башкаруусуна өткөрүлүп берилген "Айчүрөк" кинотеатрынын имаратын толук реконструкциялоо жана эксплуатациялоого берүү.
4.2.4. Социалдык коргоону өнүктүрүү
2024-жылдын 1-октябрына карата 5316 үй-бүлөнүн 19523 баласына жөлөкпул берилди, ал эми 2023-жылга салыштырмалуу 619 үй-бүлөдө балдардын саны 1682 балага чейин азайган.
2024-жылдын 1-октябрына карата жакырчылыктын деңгээли 19,8%ды түздү, бул 2023-жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырмалуу 0,2%га көп же аз.
2025-жылга милдеттер:
- "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулардын санын 5%га кыскартуу;
- аз камсыз болгон жарандардын жөлөкпул алуучуларын идентификациялоону күчөтүү;
- бардык жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтарды сайтка киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү.
Жөлөкпул алуучуларга карата жүргүзүлгөн мониторинг жана кыскартуу боюнча иш-чаралардын натыйжасында региондо жакырчылыкты кыскартуу жана чындап муктаж болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарды бөлүү боюнча күч-аракеттер көрүлөт, райондо жаңы жумуш орундарын түзүүнүн эсебинен жакырчылыктын деңгээли төмөндөйт.
4.3. Мейкиндиктик өнүктүрүү
4.3.1. Мейкиндиктик пландоо
- транспорттук тармактарды ишке киргизүү, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү Өзгөн шаарын жана айыл жергесин өнүктүрүүнү пландоо боюнча чараларды көрүү;
- жаратылыш аймактарын коргоо, агроэкосистемаларды жана биоартүрдүүлүккө зыян келтирбөө боюнча чараларды көрүү;
- жолдорду, көпүрөлөрдү, таза суу жана канализация системаларын пландоо, ачык аянтчаларды жана жашыл зоналарды куруу;
- айыл жерлеринде өндүрүмдүү жерлерди пайдалануу жана экологиялык жактан таза айыл чарба өндүрүшүн түзүү;
- көп тармактуу жана көп пландуу иш-аракеттер менен айыл аймактарынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү;
- аймактык пландоо процессинде мамлекеттик бийлик жана жергиликтуү бийлик органдарынын, адистердин жана калктын тыгыз кызматташуусуна жетишүү.
4.3.2. Санариптик өнүктүрүү
Бардык райондор сыяктуу эле Өзгөн районунда акыркы жылдары санариптик өнүктүрүү активдүү жүрүп жатат. Мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жекече секторлор санариптештирүү багытында бир катар маанилүү кадамдарды жасады.
Санариптик инфраструктураны өнүктүрүү
Райондо Интернетке жана мобилдик байланышка жеткиликтүүлүк жыл сайын жакшыртылууда. Бир эле убакта жогорку ылдамдыктагы Интернет системаларын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, мобилдик жана башка байланыш операторлору санариптик кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүүдө, ал эми мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр санариптик форматка өтүүдө.
2025-жылга милдеттер:
- санариптик форматтагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук камтуу;
- "Санарип аймак" АМСте райондун калкын 100% каттоо;
- бардык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматка өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- жасалма интеллектти жана автоматташтырылган системаларды колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу.
4.3.3. Транспорт жана байланыш
2024-жылдын январь-сентябрында райондо жол тармагын жакшыртуу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 20,7 км жолго асфальт, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 13,2 км жолго асфальт жана 14 км жолго шагыл төшөлгөн.
Райондо 2024-жылдын 9 айылда интернет орнотуу боюнча план 240, иш жүзүндө 207 абонент жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган.
2025-жылга милдеттер:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, фонддордун жана ички инвестициялардын эсебинен 35 км чарбалык жол курулат;
- айыл өкмөттөрүндө, бардык калктуу конуштарда оптикалык-була кабелдерин орнотуу;
- социалдык мекемелерди жана бардык каалаган тургундарды интернет кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу.
4.3.4. Жер ресурстары
Райондун жалпы аянты 343,2 миң гектарды түзөт. Жер ресурстарынын көпчүлүк бөлүгүн запастагы жерлер ээлейт - 139,3 миң га же 40,6%, андан кийин айыл чарба багытындагы жерлер - 108,3 миң га же 31,6%, токой фондунун жерлери - 48,9 миң га же 14,2%. Калган категориядагы жерлер 46,7 миң га, райондун жалпы аянтынын 13,6%ын ээлейт.
Айыл чарба багытындагы жерлер - 256,9 миң га (34,6%), анын ичинде:
- айдоо жерлери - 43,3 миң га;
- чабынды жерлер - 23,7 миң га;
- жайыттар - 188,5 миң га;
- кысыр аңыз - 326 га;
Калктуу конуштардын жерлери -10,2 миң га (2,9%).
Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика жана башка өзгөчө багыттагы жерлер - 385 га (0,11%).
Запастагы жерлер - 139,3 миң га (40,6%).
Токой фондунун жерлери - 48,9 миң га (14,2%).
Суу фондунун жерлери - 9,2 миң га (2,7%).
Өзгөчө корголуучу аймактардын жерлери - 14,3 миң га (4,2%).
Жер мунапысы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун негизинде 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Өзгөн районун аймагынан 4440 арыз келип түшкөн, анын ичинен 2712 жаран укук күбөлөндөрүүчү документтерин алып, 1246 арыз комиссия мүчөлөрү тарабынан жактырылбай артка кайтарылган, шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 225 арыз архитектуралык документтерди даярдоодо процессинде турат.
Ошол эле убакта Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалында 168 жаранга чечимдер чыгарылып жана укук күбөлөндүрүүчү документтер даярдалууда.
2025-жылга милдеттер:
- 2025-жылы жерге мунапыс берүүнү аяктоо боюнча чараларды күчөтүү;
- жер комиссиясы тарабынан келип түшкөн арыздарды өз убагында кароону уюштуруу жана аларды укуктук күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылуу.
Мыйзамсыз курулуштар
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 109 "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында атайын иш-чаралар планы иштелип чыккан. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууну болтурбоо максатында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу
Өзгөн районунда ААРден кийин 12 айылдык аймак, 1 шаар жана 105 калктуу конуш бар. Калктуу конуштардын жалы санынан 71 калктуу конуштун башкы планы бар, бирок башкы пландар 1970-1990-жылдары бекитилгендиктен өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
2025-жылга милдеттер:
- мыйзамсыз курулушту жөнгө салуу боюнча чараларды күчөтүү;
- калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык курулушка контролду күчөтүү;
- райондун калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүү;
- Өзгөн шаарынын башкы планын иштеп чыгууну аяктоо.
4.4. Экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо
4.4.1. Жаратылыш ресурстары
Өзгөн району - жаратылыш чөйрөсү жана бай, туруктуу башкарылуучу жаратылыш ресурстары бар Ош облусунун райондорунун бири. Ошондуктан региондо жер, суу, токой жана тоо сыяктуу жаратылыш ресурстары регионду экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн пайдаланылат, суу ресурстарын айыл чарбасына гана эмес, чакан ГЭСтерди куруу үчүн да пайдаланууга мүмкүн.
Жаратылышты коргоо зоналарынын, чакан коруктардын аянты 14,3 миң гектарды түзөт, ал эми токойлор ээлеген аймак, анын ичинде жайылма токойлор 25,1 миң га.
2025-жылы региондо чакан ГЭСтерди куруу пландалууда. Туризмди өнүктүрүү үчүн тоо, токой жана рекреациялык ресурстар пайдаланылат.
"Жашыл мурас" улуттук акциясынын алкагында 2024-жылы Өзгөн районунда 150 миң көчөт отургузуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө 13902 ийне жалбырактуу, 62103 жазы жалбырактуу жана 57649 мөмөлүү бак-дарак, бардыгы 153400 көчөт отургузулган.
2025-жылы токой жерлеринин санын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү үчүн 18 га мамлекеттик токой фондун жана жалпы аянты 37 га жерден 19 га жашылдандыруу пландалууда.
4.4.2. Экологиялык коопсуздук
Негизги артыкчылыктар болуп райондун калкынын экологиялык коопсуздугун жогорулатуу, өнүгүү тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу, биологиялык ар түрдүүлүктү, аймактын табигый экосистемаларын жана жаратылыш ресурстарын сактоо, ошондой эле коомдук активдердин жардамы менен айлана-чөйрөгө кам көрүүгө багытталган долбоорлорду тартуу жана ишке ашыруу саналат.
Айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу
Райондо атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруучу өнөр жай объекттери жок. Бирок тиричилик калдыктарын жана пайдалуу кендерди (көмүр, ракушник) казып алуу процессинде айлана-чөйрөгө техногендик таасир бир катар коркунучтуу процесстердин себептеринин бири болуп калууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгынын негизинде жыл сайын 14 жана 21-сентябрда региондордо Улуттук тазалык күнүнүн алкагында массалык ишембиликтер өткөрүлөт.
Өзгөн районунда КТК чогултуу пункту жок. Калдыктар талаптагыдай жабдылбаган баш аламан таштанды таштоочу жайга чыгарылат. Райондо бүгүнкү күндө 4 таштанды таштоочу жай (полигон) иштейт. Азыркы учурда тиричилик калдыктары көмүлгөн жерлер санитардык ченемдерге толук ылайык келбейт.
2025-жылы иштеп жаткан таштанды таштоочу жайларды (полигон) талаптарга ылайык келтирүү жана жаңы таштанды таштоочу жайларды уюштуруу үчүн аянты 24,3 га жер участогун трансформациялоого даярдоо иштери жүргүзүлөт жана кошумча жер участоктору такталат.
Экологиялык көйгөйлөр
Табигый катаклизмдердин (жер көчкү, суу ташкыны) кесепетинен инфраструктуранын бузулушу.
Калдыктар менен иштөө жана суу ресурстарын башкаруу боюнча туруктуу чечимдердин жетишсиздиги.
Милдеттер:
- айыл чарбасында пестициддерди жана химикаттарды колдонууну азайтуу;
- өнөр жайлык бөлүп чыгарууларда чыпкаларды колдонуу;
- өнөр жай жана тиричилик калдыктарынын көлөмүн азайтуучу технологияларды өнүктүрүү;
- тамчылатып сугаруу системасын орнотуу;
- күрдүүлүктү сактоо үчүн которуштуруп айдоо жана органикалык дыйканчылык;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарына (күн, шамал, гидроэнергетика) өтүү;
- деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
- "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуучулардын санын 5%га кыскарды;
- айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 2%га жана андан ашык пайызга көбөйдү;
- өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3%га көбөйдү;
- капиталдык салымдардын көлөмү 1,5%га көбөйдү;
- соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө өсүү жылына 2%дан кем эмес;
- көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2%га көбөйдү;
- тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1%га көбөйдү;
- салык базасын кеңейтүү боюнча чаралар ишке ашырылды жана салыктык төлөмдөрдү чогултуу камсыздалды. Салыктык төлөмдөрдүн көлөмү 3%дан кем эмеске көбөйдү;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү 3%дан кем эмеске камсыздалды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өзүн-өзү камсыздоого өткөрүү боюнча шарттар түзүлдү.
- калктын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү жакшырды, ресурстук пландоонун эсебинен алардын сапаты жогорулады;
- айыл аймактарынын жана шаардын инфраструктурасы жакшырды;
- билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапатын жогорулатуу үчүн шарттар түзүлдү;
- балдарды жана өспүрүмдөрдү массалык дене тарбия жана спорттук тарбиялоо үчүн шарттар түзүлдү.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн өбөлгөлөр төмөнкүлөр болду:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы ПЖ № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоору жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы.
Программаны ишке ашырууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктер болуп төмөнкүлөр саналат:
- региондогу геосаясий туруксуздук;
- инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдарынын, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын ортосундагы коммуникациянын жана координациянын жетишсиздиги;
- программаны ишке ашырууга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден акча каражаттарын өз убагында бөлбөө.
7. Мониторинг жана баалоо
Ай сайын кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө жооптуу аткаруучулар өз компетенциясынын чегинде Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берет.
Программанын ишке ашырылышына мониторинг аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну жана программада каралган индикаторлорго жетишүүнү талдоонун негизинде жүргүзүлөт.
Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине программага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат.