Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) объекттерге, продукцияларга (товарларга), азык-түлүк чийки затына, кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин белгилейт жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чыгарган актыларды жана алар тарабынан өз компетенциясынын чегинде көрүлүүчү чараларды аныктайт.
Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталат.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана анын администрациялык-аймактык бирдиктердеги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чечимдери жана корутундулары бардык жеке жана юридикалык жактардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат жана аткаруучуларга белгиленген тартипте таризделген токтомдор, жазма буйруктар, протоколдор, корутундулар, пландык тапшырмалар түрүндө жеткирилет.
2. Бул Тартиптин негизги максаты адамдын ден соолугун коргоого жана ден соолугу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө конституциялык укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу маселелери боюнча "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча иш;
2) санитардык-эпидемиологиялык текшерүү - ар кандай багыттагы объекттердин, имараттардын, курулмалардын жана жайлардын санитардык жана эпидемиологиялык коопсуздугунун шарттарын аныктоо жана баалоо (коомдук тамактануу жайлары, медициналык жана билим берүү уюмдары, соода уюмдары жана башка объекттер үчүн) жана продукциянын (товарлардын) коопсуздугунун техникалык регламенттердин жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына шайкештигин баалоо үчүн жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
3) санитардык-эпидемиологиялык изилдөө - продукциянын, чийки заттын, жумуш зонасынын абасынын, суунун, кыртыштын, жашоо чөйрөнүн факторлорунун санитардык ченемдерге жана эрежелерге, гигиеналык ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында аларды изилдөө процесси;
4) санитардык-эпидемиологиялык сыноо - сыналуучу объекттин касиеттерин тажрыйбалык аныктоо жана мүнөздөмөлөрүнүн техникалык регламенттердин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына шайкештигин (шайкеш эместигин) аныктоо;
5) санитардык-эпидемиологиялык экспертиза - долбоордук жана башка документтердин, чарбалык жана башка иштин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк чөйрөнүн объекттеринин, продукциянын (товарлардын), жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттердин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына шайкештигин же шайкеш эместигин аныктоо;
6) санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу - объекттердин/продукциянын (товарлардын) санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык ченемдерге шайкештиги/шайкеш эместиги жөнүндө калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ;
7) санитардык-эпидемиологиялык иликтөө - жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылышынын себептерин жана шарттарын аныктоого багытталган маалыматтарды алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши;
8) санитардык текшерүү актысы - текшерүү объектинин абалын, анын техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин талаптарына шайкештигин, чарбалык жана башка иштин объекттеринин, продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн долбоордук документтеринин шайкештигин (шайкеш эместигин) чагылдырган жана аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунушту камтыган, жүргүзүлгөн текшерүүнүн (иликтөөнүн) фактысын күбөлөндүрүүчү документ;
9) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
10) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк - продукциянын техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына жана Евразия экономикалык бирлигинин продукциясына (товарларына) карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарына (мындан ары - Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптар) шайкештигин ырастаган расмий документ;
11) техникалык регламент - продукцияга жана/же болбосо аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү процесстерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон талаптарды, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин белгиленген милдеттүү талаптарына шайкештигин баалоонун формаларын жана жол-жоболорун белгилеген документ;
12) санитардык-эпидемиологиялык ченемдер жана гигиеналык ченемдер - адамдын ден соолугу жана анын айлана-чөйрөсү үчүн коопсуз жана зыянсыз параметрлердин талаптарын караган ченемдик укуктук актылар;
13) Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер (ЭМСЭ) - улуттук, региондук жана эл аралык деңгээлдерде медициналык-санитардык коопсуздукту күчөтүү максатында коомдук саламаттык сактоо жаатындагы эрежелерди белгилеген эл аралык документ;
14) "А" тобундагы персонал - техногендик радиоактивдүү жана башка иондоштуруучу нурлануу булактары менен иштеген адамдар кирген адамдардын категориясы.
2-глава. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн предмети жана принциптери
4. Ушул Тартиптин алкагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн предмети болуп жеке, юридикалык жактардын төмөнкүлөрдө каралган калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы саналат:
1) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында;
2) Евразия экономикалык бирлигинин/Бажы бирлигинин (ЕАЭБ/ББ) ченемдик укуктук актыларында;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатындагы эл аралык келишимдерде, макулдашууларда;
4) эл аралык, региондук стандарттарда, эрежелердин топтомунда, анын ичинде региондук эрежелер топтомунда жана чет мамлекеттердин эрежелер топтомунда;
5) Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерде (ЭМСЭ).
5. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү жана оперативдүүлүгү, башкача айтканда аны белгиленген мөөнөттүн ичинде толук максималдуу тез ишке ашыруу;
2) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын бирдиктүүлүгү;
3) калк үчүн маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү жана ошол маалыматтарды кызыкдар мекемелер жана уюмдар ортосунда алмашуу;
4) өнөр жай жана коммуналдык ишканаларга, медициналык жана билим берүү уюмдарына, ошондой эле ишкердик субъекттерге, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы продукцияга, товарларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) кайталоону болтурбоо;
5) гигиеналык билимдерди пропагандалоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдикти камсыз кылуу үчүн коомчулукту тартуу.
3-глава. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы уюмдардын жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатындагы кызмат адамдарынын негизги милдеттери жана функциялары
6. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган - калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатындагы эл аралык актыларда, ченемдик укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган, анын администрациялык-аймактык бирдиктердеги аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жагындагы ыйгарым укуктуу органдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калктын ден соолугун чыңдоо;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;
3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу;
4) коомдук саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу;
5) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу;
6) коомдук саламаттык сактоо уюмдарын өнүктүрүү.
7. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердеги башкы мамлекеттик санитардык врачтар;
2) Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси;
3) аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын адистери, ошондой эле тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердеги;
4) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатында иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери.
4-глава. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары
8. Кызмат адамдары "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзөт.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамдары өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылуучу иш үчүн, алар кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүчү кызмат адамдары жүктөлгөн милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө катышууга укуктуу:
1) коомдук саламаттык сактоо жана чыңдоо жаатында мамлекеттик, региондук, максаттуу программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
2) коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык уюмдардын финансылык жана техникалык жардамын тартуу менен коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды, долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга;
3) калктын жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга, ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө коомчулукту тартуу стратегияларын киргизүүгө, жеке жана коомдук ден соолукка карата аң-сезимдүү мамилени калыптандырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө;
4) коомдук саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кароого.
5-глава. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жол-жоболору жана чаралары
9. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) алдын алуучу жана учурдагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) камтыйт.
Санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы үчүн алдын алуучу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) төмөнкүдөй учурда жүзөгө ашырылат:
- жеке жана юридикалык жактардан арыздар, суроо-талаптар келип түшкөндө калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу, өнөр жай объекттерин жайгаштырууну келечектүү пландаштыруу, уюмдардын имараттарын, курулмаларын долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жана алардын профилин жана өндүрүш технологиясын өзгөртүү үчүн жер участокторун берүүдө, ошондой эле турак үйлөрдү, өндүрүштүк жана коомдук имараттарды, балдардын, дарылоо-профилактикалык мекемелерди, билим берүү, санитардык-тиричилик тейлөө, маданият, спорт жайларын, башка имараттарды жана курулмаларды, технологиялык жана башка жабдууларды эксплуатациялоого киргизүүдө;
- жеке жана юридикалык жактардан арыздар, суроо-талаптар келип түшкөндө маданий-тиричилик жана ден соолукту чыңдоо максаттары үчүн чарбалык-ичүүчү суу түтүктөрүн, көлмөлөрдү, ошондой эле атмосфералык абаны, кыртышты жана көлмөлөрдү булгоонун, зыяндуу физикалык факторлордун булагы болуп саналган объекттерди долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо;
- минималдуу талаптарга ылайык жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарына санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө;
- калктын ичүүчү жана чарбалык-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын, кыртыштын, атмосфералык абанын зыяндуу өндүрүштүк чыгаруулар, өндүрүш жана керектөө калдыктары менен булгануусун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик санитардык-гигиеналык экспертиза жүргүзүүнү;
- мамлекеттик каттоо жүргүзүүнү;
- санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү;
- профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурууну жана контролдоону;
- ишкердик субъекттерге жана мамлекеттик уюмдарга алар тарабынан калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мыйзамдардын, Евразия экономикалык бирлигинин/Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринде белгиленген санитардык-эпидемиологиялык, гигиеналык талаптардын жана жол-жоболордун сакталышы маселелери боюнча пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү.
10. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл коммуналдык, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларына, балдардын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарына жана тамак-аш объекттерине, ошондой эле айлана-чөйрөнүн объекттерине - ичүүчү жана рекреациялык сууларга, кыртышка, жумуш зонасынын жана жабык жайлардын абасына, курулуш чийки затына жана материалдарына, тамак-аш азыктарына жана азык-түлүк чийки затына, эл керектөөчү товарларга, радиоактивдүү заттарды, химиялык жана биологиялык заттарды камтыган материалдарга жана адамдын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлорго жүргүзүлөт.
6-глава. Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө жана сыноо жүргүзүүнүн тартиби
11. Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө жана сыноо калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана анын администрациялык-аймактык бирдиктердеги аймактык бөлүмдөрү тарабынан алардын жазма буйруктары жана мамлекеттик органдардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин, жарандардын (физикалык жактардын) санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө арыздары боюнча жүргүзүлөт.
Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) алкагында жүргүзүлөт жана пландуу жана пландан тышкаркы тартипте, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш жана аба), азык-түлүк чийки затынын жана тамак-аш азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын, курулуш чийки затынын жана материалдарынын үлгүлөрүн/сынамдарын алуу менен ишке ашырылат.
12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык же жеке жактардын кайрылуулары жана өтүнмөлөрү эсептелет.
Чийки затка жана продукцияга (товарларга), айлана-чөйрөнүн объекттерине (сууга, кыртышка, абага), анын ичинде жумуш зонасына санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
- арыз (электрондук же кагаз түрүндө);
- чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш, аба) үлгүлөрүн алуу актысы;
- чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин үлгүлөрү изилдөө үчүн стандартташтыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген үлгүлөрдүн сынамдарын алуу эрежелерин жана методдорун камтыган стандарттардын тизмегине киргизилген стандарттардын талаптарына ылайык белгиленген санда берилет.
Арыз ээси берилген үлгү/сынам жана билдирилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Продукция (товарлар) изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү үчүн улуттук стандарттарда, үлгүлөрдү, сынамдарды алуу эрежелеринде жана изилдөөлөрдүн, сыноолордун, өлчөөлөрдүн методдорунда, техникалык регламенттерде же алар күчүнө киргенге чейин колдонулуучу башка ченемдик техникалык документтерде, изилдөөлөрдүн, сыноолордун, өлчөөлөрдүн эрежелеринде белгиленген ченемден ашпаган санда жиберилет.
Айлана-чөйрөнүн объекттерин (суу, кыртыш, аба), анын ичинде жумуш зонасын инструменталдык текшерүү, ошондой эле продукциянын (товарлардын) сынамдарынын үлгүлөрүн сыноо атайын жабдууларда иштөөгө, техникалык приборлорду пайдаланууга уруксаты бар сертификацияланган адистер тарабынан жүргүзүлөт. Сыноолордун протоколу оперативдик бөлүмдүн адисине кол коюлган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жиберилет.
Продукцияга (товарларга) санитардык-эпидемиологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген белгиленген методикаларга жана методикалык сунуштарга ылайык жүргүзүлөт. Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза белгиленген тартипте текшерүүдөн/калибрлөөдөн өткөн жабдуулардын жардамы менен жүргүзүлөт.
Лабораториялык изилдөөлөр (сыноолор), өлчөөлөр Улуттук аккредитациялоо системасынын талаптарына ылайык аккредитацияланган уюмдар, сыноо лабораториялары тарабынан жүргүзүлөт.
Санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын жыйынтыктары калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана анын администрациялык-аймактык бирдиктердеги аймактык бөлүмдөрүнүн өлчөө/сыноо протоколу түрүндө таризделет.
Чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш, аба) көрсөтүлгөн түрүнө жүргүзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын жыйынтыктары санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен өлчөө/сыноо протоколуна киргизилет.
Чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш, аба) көрсөтүлгөн түрүнө коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынан көрсөткүчтөрдүн четтөөлөрү аныкталган учурда, алардын жараксыздыгы жөнүндө корутунду таризделет.
7-глава. Продукцияны (товарларды), анын ичинде тамак-аш азыктарынын жаңы түрүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүүнүн тартиби
13. Продукцияны (товарларды), анын ичинде Бажы бирлигинин аймагында биринчи жолу өндүрүлгөн жана Бажы бирлигинин аймагына биринчи жолу ташылып келген тамак-аш азыктарынын жаңы түрүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет:
1) ЕАЭБдин бажы аймагында даярдалган продукцияга:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен үлгү боюнча арыз;
- аларга ылайык продукция даярдалган (техникалык шарттар, технологиялык нускамалар, спецификациялар, рецептуралар жана (же) курамы жөнүндө маалыматтар жана башка документтер), ошол продукцияны даярдоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- сапат сертификатынын же коопсуздук (сапат) паспортунун же продукцияны даярдоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн сапат жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же болбосо даярдалган продукциянын (продукциянын сынамдарынын (үлгүлөрүнүн) ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн документтердин талаптарына шайкештигин ырастаган продукцияны даярдоочунун каты;
- продукцияны колдонуу (эксплуатациялоо, пайдалануу) жөнүндө продукцияны даярдоочунун документи (нускама же колдонмо же регламент, же сунуштар) же болбосо арыз ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү;
- арыз ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн продукциянын этикеткаларынын (таңгактарынын) көчүрмөлөрү же алардын макеттери;
- сынамыктарды (үлгүлөрдү) тандоо актысы;
- продукциянын Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигин лабораториялык изилдөөлөрдүн, сыноолордун жана өлчөөлөрдүн протоколдору, илимий отчеттор, эксперттик корутундулар (корутундулар);
- мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке ишкер катары жеке ишкерди мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу арыз ээсинин каттоо же эсептик номери (жеке, идентификациялык) жөнүндө маалыматтар;
- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында (мындан ары - ЭВӨС) жок болгон же бул портал аркылуу алууга мүмкүн болбогон документтер, санариптик же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн;
2) ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары даярдалган продукцияга:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен үлгү боюнча арыз;
- аларга ылайык продукция даярдалган (техникалык шарттар, технологиялык нускамалар, спецификациялар, рецептуралар, курамы жөнүндө маалыматтар жана башка документтер), мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- сапат сертификатынын же коопсуздук (сапат) паспортунун же продукцияны даярдоочу тарабынан күбөлөндүрүлгөн сапат жөнүндө күбөлүктүн же эркин сатуу сертификатынын көчүрмөсү же болбосо даярдалган продукциянын (продукциянын сынамдарынын (үлгүлөрүнүн) ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн документтердин талаптарына шайкештигин ырастаган, мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн продукцияны даярдоочунун каты;
- продукцияны колдонуу (эксплуатациялоо, пайдалануу) жөнүндө продукцияны даярдоочунун документи (нускама же колдонмо же регламент, же сунуштар) же болбосо арыз ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү;
- арыз ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн продукциянын этикеткаларынын (таңгактарынын) көчүрмөлөрү же алардын макеттери;
- дезинфекциялоочу (дезинфекциялоо, дератизациялоо) каражат даярдалган мамлекеттин компетенттүү саламаттык сактоо органы (башка органы) тарабынан берилген, коопсуздугун ырастаган жана ошол мамлекеттин аймагында продукцияны эркин жүгүртүүгө уруксат берген, мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү же продукцияны даярдоочунун мындай документти тариздөөнүн зарылдыгы жок экендигин ырастаган документтери (дезинфекциялоочу каражаттарды мамлекеттик каттоо учурунда);
- продукциянын Бирдиктүү санитардык-эпидемиялогиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигин лабораториялык изилдөөлөрдүн, сыноолордун жана өлчөөлөрдүн протоколдору, илимий отчеттор, эксперттик корутундулар (корутундулар);
- ЕАЭБдин бажы аймагына продукциянын сынамдарын (үлгүлөрүн) ташып келүүнү ырастаган, мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты же жеке ишкер катары жеке ишкерди мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу арыз ээсинин каттоо же эсептик номери (жеке, идентификациялык) жөнүндө маалыматтар.
14. Техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) каралбаган документтерди (продукциянын техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарына шайкештигин ырастоочу күбөлүктү тариздөө учурунда) же (продукциянын Бирдиктүү санитардык-эпидемиялогиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигин ырастоочу күбөлүктү тариздөө учурунда) берүүнү талап кылууга жол берилбейт.
15. Арыз ээси күбөлүктү тариздөө үчүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органга берилген документтерде жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Күбөлүктү тариздөө максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органга берилүүчү документтер жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан Бирдиктүү терезе маалымат системасы (БТМС) аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлөт.
16. Күбөлүктү берүү жөнүндө чечим арыз ээси тарабынан берилген документтерге жана маалыматтарга экспертиза жүргүзүүнүн оң натыйжаларынын, ошондой эле продукциянын техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) белгиленген талаптарга (продукциянын техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарына шайкештигин ырастоочу күбөлүктү тариздөө учурунда) же Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга (продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигин ырастоочу күбөлүктү тариздөө учурунда) шайкештигин лабораториялык изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
17. Күбөлүктү тариздөөдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:
1) продукциянын техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарына шайкештигин ырастоочу күбөлүктү тариздөө учурунда:
- продукциянын техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) белгиленген талаптарга шайкеш келбеши;
- арыз ээсинин ушул Тартиптин 14-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеши;
- техникалык регламентте (техникалык регламенттерде) каралган документтерди жана (же) маалыматтарды толук көлөмдө бербөө, ошондой эле анык эмес маалыматтарды камтыган документтерди жана (же) маалыматтарды берүү;
- техникалык регламентте (техникалык рептаменттерде) продукциянын белгилүү бир түрүнүн техникалык регламенттин (техникалык регламенттердин) талаптарына шайкештиги мамлекеттик каттоо түрүндө ырасталышы мүмкүн экендигин белгилеген ченемдин жоктугу;
- адамдын организмине далилденген терс таасири аныкталганда;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органга мүчө мамлекеттин эл аралык конвенцияларга жана келишимдерге кошулуусунун алкагында жиберилүүчү, продукцияны даярдоодо, жүгүртүүдө жана керектөөдө (пайдаланууда) продукциянын адамдын ден соолугуна жана анын жашоо чөйрөсүнө зыяндуу таасиринин учурлары жөнүндө негизделген маалыматтардын келип түшүшү;
2) продукциянын Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигин ырастоочу күбөлүк берилген учурда:
- продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарына ылайык келбегендиги;
- арыз ээсинин талаптарга ылайык келбегендиги;
- арыз ээси берген документтердин жана (же) маалыматтардын документтерге жана (же) маалыматтарга ылайык келбегендиги;
- берилген документтер жана (же) маалыматтар мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген учурда, ошондой эле туура эмес маалыматтарды камтыган документтер жана (же) маалыматтар берилген учурда;
- ЕАЭБдин укугунда же мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн мүчө мамлекеттин мыйзамдарында каралган күбөлүктү тариздөө жана берүү үчүн укуктук негиздер жок болгон учурда;
- продукцияга карата коопсуздук талаптарын жана аны даярдоо жана жүгүртүү шарттарын аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ошондой эле продукцияда жана адам жашаган чөйрөдө мындай продукциянын коркунучтуу факторлорун аныктоо жана өлчөө методу жок болгондо;
- продукцияны даярдоодо, жүгүртүүдө жана керектөөдө (пайдаланууда) продукциянын адамдын ден соолугуна жана анын жашоо чөйрөсүнө зыяндуу таасирин тийгизип жаткандыгы жөнүндө негиздүү маалыматтар берилген учурда.
Баш тартуунун себептерин негиздөө менен күбөлүктү тариздөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим (жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган күндөн баштап арыз ээсине 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлүк берүү арызды жана ага документтердин топтомун алган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө (эгерде ЕАЭБдин техникалык регламентинде башкача каралбаса) жүзөгө ашырылат.
Арыз ээси калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын тамак-аш продукциясынын жаңы түрүн мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.
8-глава. Санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүү актысын берүү тартиби
18. Объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, нормаларга жана гигиеналык ченемдерге шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүүнүн актысын түзүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
1) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен формадагы арыз (электрондук же кагаз форматында);
2) техникалык документтер: пайдаланууга берүү актысы жана/же техникалык паспорт, долбоордун технологиялык бөлүгү боюнча корутунду, кайра профилдөөгө, реконструкциялоого ж.б. архитектуралык-техникалык корутунду;
3) менчик укугун ырастоочу документтер: сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, белекке берүү келишими ж.б.;
4) лабораториялык изилдөөлөрдүн, сыноолордун, өлчөөлөрдүн натыйжалары (зарыл болгон учурда);
5) санитардык-эпидемиологиялык текшерүү жүргүзүү актысы;
6) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, идентификациялык номер;
7) жеке жактын Кыргыз Республикасынын салык салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органында жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат, идентификациялык номер.
19. Жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, нормаларга, гигиеналык ченемдерге ылайык келбеген учурда жана тиешелүү документтери жок болгондо акт түзүлөт.
9-глава. Патогендүүлүктүн I-IV тобундагы микроорганизмдер менен иштөө укугуна санитардык-эпидемиологиялык корутунду берүүнүн тартиби
20. Биологиялык заттар, биологиялык жана микробиологиялык организмдер жана алардын токсиндери менен иштерди аткаруу шарттарынын санитардык эрежелерге шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундуну берүү (патогендүүлүктүн I-IV тобундагы микроорганизмдер менен иштөөгө режимдик комиссиянын уруксаты) режимдик комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, анын курамы жана Жобосу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Режимдик комиссиянын уруксатын алуу үчүн юридикалык жак режимдик комиссияга арыз берет (электрондук же кагаз түрүндө), анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
- юридикалык жактын (уюмдун) аталышы;
- юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги;
- аткарылуучу иштин түрү.
Арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:
- юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
- мамлекеттик кабыл алуу жөнүндө актынын көчүрмөсү (же техникалык паспорт) жана/же пайдаланылуучу жайды ижарага алуу жөнүндө келишим;
- тобокелдиктерди баалоону камтыган биологиялык коопсуздук боюнча колдонмо;
- биологиялык коопсуздук маселелери боюнча кадрлар, кадрларды окутуп-үйрөтүү, иммунизациялоо жөнүндө маалыматтар (дипломдордун көчүрмөсү, күбөлүктүн көчүрмөсү, окутуу жана/же адистештирүү курстарынан өткөндүгү жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү);
- инфекциялык материалдын кыймылынын схемасы;
- юридикалык жактын жетекчисинин биологиялык коопсуздук боюнча жооптуу адамды дайындоо жөнүндөгү буйругу;
- пайдаланыла турган жабдуулар жөнүндөгү маалыматтар.
Арыз ээси берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
10-глава. Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө укугуна санитардык-эпидемиологиялык корутунду берүүнүн тартиби
21. Иондоштуруучу нурлануунун булактары менен иштөө укугун берген санитардык-эпидемиологиялык корутунду калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилет.
Санитардык-эпидемиологиялык корутундуну алуу үчүн юридикалык жак калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө (электрондук же кагаз форматында) арыз бериши керек, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
- юридикалык жактын (уюмдун) аталышы;
- юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги;
- аткарылуучу иштин түрү.
Арызга төмөнкү документтер тиркелиши керек:
- юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- мамлекеттик кабыл алуу жөнүндө актынын көчүрмөсү (же техникалык паспорт) жана/же пайдаланылуучу жайды ижарага алуу жөнүндө келишим;
- иондоштуруучу нурлануу булагы бар жабдууларды жайгаштыруу (орнотуу) боюнча технологиялык долбоор;
- булак бетиндеги - 0,1 м жана андан - 1 м аралыкта, ошондой эле стационардык коргоонун артындагы жумуш орундарындагы жана чектеш бөлмөлөрдөгү нурлануунун дозасынын кубаттуулугун дозиметриялык контролдоо протоколу (радиоактивдүү булактарды жана рентген нурлануу генераторлорун пайдаланган өнөр жай объекттеринде дозиметриялык контролдоо ведомстволук радиациялык контролдоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт, ал эми радиоактивдүү булактарды жана рентген нурлануусунун генераторлорун колдонгон медициналык объекттерде дозиметриялык контролдоо юридикалык жактын же ишкердик субъекттин өтүнмөсүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борбору тарабынан жүргүзүлөт);
- желдетүүчү жабдууга паспорт, сыноо актылары;
- негизги жерге туташтыргычтардын токтун таралышына каршылыгын көрсөтүү менен коргоочу жерге туташтыруучу түзүлүштү сыноо актылары, медициналык жабдууларды жерге туташтыруу тармагынын (медициналык багыттагы рентген диагностикалык кабинеттер үчүн гана) жана электр түзүлүштөрүнүн абалын текшерүү актылары;
- рентген менен дарылоону пландоо үчүн дозиметриялык өлчөө протоколдору (рентген менен дарылоо үчүн гана);
- коопсуздук техникасы жана радиациялык коопсуздук, радиациялык кырсыктардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча нускама;
- иштеген адамдарды "А" тобунун персоналына киргизүү жөнүндө буйрук;
- радиациялык коопсуздук жана радиациялык контроль үчүн жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндөгү буйрук;
- "А" тобуна кирген персоналдын алдын ала жана мезгил-мезгили менен медициналык кароодон өтүшү жөнүндө медициналык комиссиянын корутундусу;
- коопсуздук техникасы жана радиациялык коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрдүн берилишин каттоо журналы;
- персоналга иондоштуруучу нурлануу булагы менен иштөөгө уруксат берүү жөнүндө буйрук;
- персоналдын нурлануусунун жеке дозаларын эсепке алуу карточкасы (журнал, маалыматтар базасы ж.б.);
- иондоштуруучу нурлануу булактарын пайдалануу боюнча ченемдик жана нускамалык-методикалык документтер.
- "Түндүк" ЭВӨСтө жок же бул портал аркылуу алууга мүмкүн болбогон документтер санарип же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.
Арыз ээси берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Иондоштуруучу нурлануу булагы (мындан ары - ИНБ) менен иштөө укугуна санитардык-эпидемиологиялык корутунду берүүдөн баш тартууга же анын колдонулушун токтотууга негиз болуп юридикалык жактын же ишкердик субъектинин технологиялык процессти бузуусу, курулмалардын, жабдуулардын иштен чыгышы, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон ИНБга контролду жоготууга байланыштуу авариялык кырдаалдардын пайда болушу эсептелет.
Санитардык-эпидемиологиялык корутундуну түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим (жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө) баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен бирге арыз ээсине калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
11-глава. Физикалык факторлорду жана иондошпогон нурланууну өлчөө тартиби
22. Тышкы чөйрөнүн факторлорунун адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин баалоо үчүн физикалык факторлорду (ызы-чуу, титирөө, микроклимат, чаң, жарыктандыруу) жана иондошпогон нурланууну өлчөө жүргүзүлөт, ал калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Улуттук аккредитациялоо системасынын талаптарына ылайык аккредитацияланган анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан арызга ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында физикалык факторлорго (ызы-чуу, титирөө, микроклимат, чаң, жарыктандыруу) жана иондошпогон нурланууга экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында физикалык факторлордун жана иондошпогон нурлануунун булагы катары эксплуатацияланып жаткан объекттин коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыз кылууга тийиш.
Физикалык факторлордун жана иондошпогон нурлануунун булактарына санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъект коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык техникалык-эксплуатациялык картанын маалыматтарын ырастоочу документтерди мамлекеттик же расмий тилдерде берет.
Юридикалык же жеке жактар берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Физикалык факторлордун жана иондошпоган нурлануунун булактарына экспертиза жүргүзүү үчүн менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык же жеке жактардын кайрылуулары жана арыздары негиз болуп саналат.
Физикалык факторлордун жана иондошпогон нурлануунун булактарына санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жумуштарды жасоого келишимди тариздөө;
- коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык техникалык-эксплуатациялык картанын маалыматтарын ырастаган берилген документтерди кароо жана экспертиза жүргүзүү;
- жерине баруу жана мамлекеттик текшерүү/калибрлөө жөнүндө тиешелүү ырастамасы бар өлчөөчү приборлордун жардамы менен физикалык факторлордун жана иондошпогон нурлануунун деңгээлин өлчөө;
- формулалар боюнча көрсөткүчтөрдү эсептөө жана өлчөө протоколун тариздөө;
- экспертизанын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу.
Арызды кароонун жана тиешелүү лабораториялык контролдоо жүргүзүүнүн мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 30 күндөн ашпайт. Объектке жүргүзүлгөн лабораториялык-аспаптык изилдөөнүн натыйжалары өлчөө протоколуна корутунду менен киргизилет.
Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынан четтөөлөр табылган учурда текшерилүүчү объектте болгон кемчиликтерди жоюу, андан кийин кайталап өлчөө жүргүзүү боюнча санитардык көрсөтмө берилет.
12-глава. Айлана-чөйрөнүн объекттерине радиациялык контролдоо (радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдү) жүргүзүүнүн тартиби
23. Чийки затка жана продукцияга (товарларга), айлана-чөйрөнүн объекттерине (сууга, кыртышка, абага) карата радиациялык контролдоо (радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдү) жүргүзүүнү калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана Улуттук аккредитациялоо системасынын талаптарына ылайык аккредитацияланган административдик-аймактык бирдиктердеги анын аймактык бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын аймагында радиациялык контролдооону (радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдү) уюштуруу жана жүргүзүү радиациялык коопсуздукту баалоо максатында чийки затка жана продукцияга (товарларга), айлана-чөйрөнүн объекттерине (сууга, кыртышка, абага) карата ишке ашырылат.
Милдеттүү радиациялык контролдоодон (радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдөн) төмөнкүлөр өтүүгө тийиш:
- ичүүчү суу;
- тамак-аш азыктары, азык-түлүк чийки заты;
- эл керектөөчү товарлар;
- курулуш чийки заты жана материалдары, анын ичинде өсүмдүктөрдөн алынуучу материалдар;
- металлдар жана металл калдыктары;
- калктуу конуштардын аймактары;
- радиоактивдүү калдыктардын калдык сактоочу жайлардын аймактары;
- турак жай жана коомдук багыттагы имараттар жана курулмалар.
Радиациялык контролдоону (радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдү) жүргүзүү үчүн негиз болуп менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан юридикалык же жеке жактардын кайрылуулары жана арыздары эсептелет.
Чийки затка жана продукцияга (товарларга), айлана-чөйрөнүн объекттерине (суу, кыртыш, аба) радиациялык контролдоо (дозиметриялык/радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдү) жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
- арыз (электрондук же кагаз түрүндө);
- чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суунун, кыртыштын, абанын) үлгүлөрүн алуу актысы;
- чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш, аба) үлгүлөрү эрежелерди жана методдорду камтыган стандарттардын тизмегине киргизилген стандарттардын талаптарына ылайык белгиленген санда изилдөө үчүн берилет.
Арыз ээси билдирилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Радиациялык контролдоо (дозиметриялык/радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөр) Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы бекиткен белгиленген методикаларга жана методикалык сунуштарга ылайык жүргүзүлөт. Радиациялык контролдоо (дозиметриялык радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөр) белгиленген тартипте текшерүүдөн/калибрлөөдөн өткөн жабдуулардын жардамы менен жүргүзүлөт.
Радиациялык контролдоонун (дозиметриялык/радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдүн) жыйынтыктары администрациялык-аймактык бирдиктерде калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн өлчөө/сыноо протоколу түрүндө таризделет.
Жүргүзүлгөн радиациялык контролдоонун (дозиметриялык/радиометрикалык/спектрометриялык изилдөөлөрдүн) жыйынтыктары чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш, аба) билдирилген түрүнө карата санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен өлчөө/сыноо протоколуна киргизилет.
Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынан радиологиялык көрсөткүчтөр чийки заттын жана продукциянын (товарлардын), айлана-чөйрөнүн объекттеринин (суу, кыртыш, аба) билдирилген түрүнө карата четтөөлөр табылган учурда жараксыздыгы жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду таризделет.
24. Продукцияны (товарларды) лабораториялык изилдөөлөр (сыноолор) жана өлчөө эл аралык жана региондук (мамлекеттер аралык) стандарттардын тизмегине киргизилген, эрежелерди жана методдорду камтыган стандарттардын, ал эми алар жок болгон учурда өлчөөлөрдү изилдөөнүн (сыноонун) эрежелерин жана методдорун, анын ичинде белгиленген тартипте бекитилген үлгүлөрдү тандап алуунун эрежелерин камтыган улуттук (мамлекеттик) стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
13-глава. Турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптардын сакталышын контролдоонун тартиби
25. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча администрациялык-аймактык бирдиктерде калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан техникалык регламенттердин талаптарынын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана гигиеналык ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын сакталышын контролдоо үчүн негиз болуп үй шартында мектепке чейинки билим берүүнү уюштурууну ачууну каалаган жеке жана юридикалык жактардын арызы эсептелет.
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган минималдуу санитардык талаптарга шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген турак жайларда жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жетекчиликке алат.
Жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын техникалык регламенттердин талаптарын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди, минималдуу санитардык талаптарды сактоосун контролдоо мөөнөтү 14 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан текшерүү актысы түрүндө таризделет.
Мектепке чейинки билим берүү кызматтары ишке ашырылып жаткан турак жайларды санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысы арыз ээси тарабынан электрондук түрдө "Балалык" электрондук-маалыматтык системасында жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасында электрондук түрдө алынышы мүмкүн.
Минималдуу санитардык талаптардын шайкеш эместиги табылган учурда калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысында табылган шайкеш эместиктерди жоюу боюнча сунуштар көрсөтүлөт. Мында "Балалык" маалыматтык системасында санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысынын жыйынтыктары "жактырбоо жөнүндө" деген белги менен белгиленет. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган шайкеш эместиктер четтетилгенден кийин арыз ээсинин "Балалык" маалыматтык системасына кайталап кайрылуу укугу сакталат.
Минималдуу санитардык талаптарга шайкеш келген учурда калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан административдик-аймактык бирдиктерде "сын-пикирлерсиз" деген белги коюу менен санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысы берилет.
Мында "Балалык" маалыматтык системасында санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысынын жыйынтыктары "жактыруу жөнүндө" деген белги менен белгиленет.
Жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
14-глава. Курулуш, реконструкциялоо жана кайра профилдөө долбоорлорунун технологиялык бөлүгүнө, ошондой эле геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди казып алуу жана иштетүү боюнча долбоорлорго санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби
26. Долбоорлордун технологиялык бөлүгүнүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге жана эрежелерге шайкештигине же шайкеш келбестигине санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жеке же юридикалык жактардын арыздары боюнча компетенциясынын чегинде калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Долбоордун технологиялык бөлүгүнө санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн заказчы аткаруучуга төмөнкү документтерди жөнөтөт:
- арыз (электрондук же кагаз түрүндө);
- курулуш, реконструкциялоо жана кайра профилдөө, геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди казып алуу жана иштетүү боюнча долбоордун технологиялык бөлүгү.
Долбоордун технологиялык бөлүгүнө санитардык-эпидемиологиялык экспертиза калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары (адистери) жана административдик-аймактык бирдиктердеги анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Долбоордун технологиялык бөлүгүнө санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн документтерди алгандан кийин аткаруучу тапшырылган документтерге санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзөт, долбоордун технологиялык бөлүгүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ченемдик укуктук актыларга жана гигиеналык ченемдерге шайкеш келүүсүн текшерет.
Долбоордун технологиялык бөлүгүнө санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүүнүн натыйжасы коомдук саламаттык сактоо жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө корутундуну тариздөө (эксперттик баалоо) болуп саналат.
Кароо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 30 күндөн ашпоого тийиш.
Санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын жыйынтыктары менен макул болбогон учурда даттануу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык берилет.
15-глава. Таасири күчтүү уулуу (химиялык) заттарды жана биологиялык материалдарды ташып кирүүгө жана ташып чыгууга корутунду берүүнүн тартиби (эксперттик баалоо)
27. Таасири күчтүү уулуу (химиялык) заттарды жана биологиялык материалдарды ташып кирүүгө жана ташып чыгууга корутунду (эксперттик баа) берүү ЕЭК Коллегиясынын № 30 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө" чечиминин 2.13. "Баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар" жана 2.21. "Адамдын органдары жана ткандары, каны жана анын компоненттери, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрү" тиркемелерине ылайык жүргүзүлөт.
16-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби
28. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы иликтөөлөр - инфекциянын булагын табууга жана очогун локалдаштырууга, адамдын ден соолугунун абалынын жана (же) анын айлана-чөйрөсүнүн начарлашына алып келген (болушу мүмкүн) жагдайлар жөнүндө маалыматтарды алууга же ырастоого, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушу, контролдоо жана көзөмөлдөө субъекттерин (объекттерин) аныктоо, укук бузууну жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо, укук бузуунун окуясын жана курамын, ошондой эле аны жасоого күнөөлүү адамдарды аныктоо, адамдын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна жана (же) анын жашоо чөйрөсүнө андан ары зыян келтирүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө багытталган калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын иш-аракеттер комплекси.
29. Иликтөө жүргүзүүнүн максаты төмөнкүлөрдү аныктоо болуп саналат:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушуна алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар;
- жабырлануучулардын жана байланыштагы адамдардын чөйрөсү;
- бузууларга жол берген контролдоо жана көзөмөлдөө субъекттери (объекттери);
- укук бузуунун окуялары жана курамы, ошондой эле аны жасоого күнөөлүү адамдар;
- адамдардын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна жана (же) алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирүүнү андан ары болтурбоо боюнча чаралар.
30. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы иликтөөлөрдү калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык бөлүмдөрү өз компетенциясынын чегинде же комиссиялык түрдө эксперттерди тартуу менен адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн, ошондой эле массалык уулануунун жана оорулардын, анын ичинде өлүмгө алып келүүчү кесепеттердин конкреттүү фактылары боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келбегендиги;
2) радиациялык коопсуздук боюнча талаптардын сакталбагандыгынын натыйжасында "А" тобунун персоналы (иондоштуруучу нурлануу чөйрөсүнүн кызматкерлери) жана калк арасындагы адамдар негизсиз нурланууга дуушар болгон учурларда;
3) медициналык уюмдарда жана аларды чогултуу, ташуу, сактоо, зыянсыздандыруу, пайдалануу жана утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүчү объекттерде медициналык калдыктар менен иштөө эрежелерин сактабоо;
4) массалык жугуштуу ооруларга же катуу ууланууга алып келген тамактанууну уюштурууга, уюшкан жамааттарда жашоо шарттарына талаптарды сактабоо;
5) курч же өнөкөт кесиптик ооруларга алып келген санитардык-эпидемиологиялык контролго жана көзөмөлгө алынуучу объекттердеги иондошпогон нурлануунун параметрлеринин жана физикалык факторлордун гигиеналык ченемдердин талаптарына ылайык келбеши;
6) тамак-аш азыктарын керектөө менен байланышкан жугуштуу оорулар жана (же) уулануулар.
31. Иликтөөлөр мамлекеттик органдар же саламаттык сактоо объекттери тарабынан берилүүчү маалымат жана (же) шашылыш билдирүү боюнча жүргүзүлөт:
1) жугуштуу, мите оорулар жана (же) уулануу, анын ичинде тамак-аш азыктарын керектөө менен байланышкан өлүм;
2) потенциалдуу коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттарды (анын ичинде уулуу, радиоактивдүү, биологиялык жана химиялык заттарды, ууларды жана уулуу заттарды, биологиялык жана микробиологиялык организмдерди жана алардын токсиндерин, биологиялык каражаттарды жана материалдарды) колдонууда жана пайдаланууда уулануулар;
3) кесиптик иш менен байланышпаган курч нур оорусу, анын ичинде алардан өлүм;
4) курч же өнөкөт кесиптик ооруларды жана (же) ууланууну, анын ичинде алардан өлүмдү аныктоо (шектенүү);
5) Евразия экономикалык комиссиясынан же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан ЕАЭБ аймагында массалык ууланууга алып келген продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына жана/же Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкеш келбегендиги жөнүндө билдирүүлөр келип түшкөн учурда.
32. Иликтөөнүн жыйынтыктары иликтөөнүн материалдарынын негизинде эки нускада "Иликтөө актысы" менен таризделет жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын иликтөө жүргүзгөн кызмат адамы же иликтөө жүргүзгөн комиссиянын (комиссиялык түрдө) бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат, анын бир нускасы контролдоо жана көзөмөлдөө субъектине (объектине) берилет, экинчи нускасы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органда калат.
33. Бардык уюштуруу-тескөө документтери (санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысы, лабораториялык изилдөөлөрдүн/сыноолордун протоколдору, санитардык-эпидемиологиялык корутунду) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
17-глава. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр
34. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу акы төлөнүүчү жана акысыз негизде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
18-глава. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларга, текшерүүлөргө, изилдөөлөргө, сыноолорго жана баалоонун башка түрлөрүнө даттануунун тартиби
35. Арыз ээси берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Арыз ээси калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын жана анын административдик-аймактык бирдиктердеги аймактык бөлүмдөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык экспертизалардын, текшерүүлөрдүн, изилдөөлөрдүн, сыноолордун жана баалоонун башка түрлөрүнүн натыйжалары боюнча кабыл алган чечими менен макул болбогон учурда "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанууга укуктуу.
19-глава. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
36. Кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырган иши үчүн, өздөрү кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, кылмыш-жаза, жарандык мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.