Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге, алардын менчигинин түрүнө карабастан коюлуучу негизги талаптарды, аларды эсепке алууга жана алар жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү тартибине коюлуучу талаптарды аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында пробалык көзөмөл баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Пробалык көзөмөл - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин бузууларын алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюштуруу-техникалык жана укуктук иш-чаралардын системасы.
2-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин милдеттери
4. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 "Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепке турууга;
2) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде белгиленген тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткарууга;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда отчетторду берүүгө.
5. Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сатуу менен алектенген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкү эрежелерди сактоого милдеттүү:
1) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар аларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын изи болгондо гана сатылат;
2) сатууга коюлган баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарда буюмдун аталышы, пробасы, массасы, буюмдун 1 граммы үчүн баасы, чөгөрмөлөрдүн түрү жана алардын мүнөздөмөлөрү, буюмдун баасы көрсөтүлгөн жарлыгы болууга тийиш. Чет өлкөлөрдө жасалган буюмдардын жарлыгында аны жасаган өлкө көрсөтүлүүгө тийиш.
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын баа көрсөткүчүндөгү, жарлыгындагы буюмдун наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды жасоону жана ондоону эсепке алуу журналынын;
3) ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча асыл таштарды эсепке алуу журналынын;
4) ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүгүндө баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды сатууда кардарларды эсепке алуу журналынын;
5) квитанциялардын, коштомо кагаздардын, келишимдердин.
Автоматташтырылган (электрондук) эсепке алуу системалары болгон учурда баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алууну ушул Жобонун 1, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык эсепке алуу формаларында камтылган маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизүү менен электрондук түрдө жүргүзүүгө уруксат берилет.
Классификациялык мүнөздөмөлөрү аныкталбаган асыл таштар менен бүтүмдөрдү жасоого жол берилбейт.
Иштетилбеген табигый алмаздарды жеткирип берүү акысын төлөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык накталай эмес ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Кыргыз Республикасынын алтын казуучу жана кайра иштетүүчү ишканалары ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдардын өндүрүлүшү жана сатылышы боюнча отчетту ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
8. Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү күрөөканалар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдардын жана асыл таштардын талап кылынбаган күрөөлөрүн сатуу боюнча отчетту ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
9. ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды экспорттоону/импорттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу боюнча отчетту ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
10. Иши пробалык көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон, пробалык көзөмөлдөө эрежелерин бузгандыгы үчүн күнөөлүү болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
3-глава. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары пландуу текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген текшерүү жүргүзүүгө жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, алардын калдыктарын жана сыныктарын пайдалануунун, жүгүртүүнүн, эсепке алуунун эрежелеринин сакталышына текшерүү жүргүзүү үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин жүргүзүүдө пайдаланган аймактарга, имараттарга, курулмаларга, жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө;
2) баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган продукцияны, баалуу металлдардын калдыктарын жана сыныктарын алуу, чыгымдоо, эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды камтыган бухгалтердик документтерди, ченемдик-техникалык жана башка документтерди текшерүүгө;
3) ушул Жобого ылайык баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды соодалоо эрежелеринин сакталышын текшерүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелерине ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринин сакталышын текшерүүгө.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишине контроль жүргүзүүгө милдеттүү.
13. Жазма буйрукта белгиленген мөөнөттө жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан пландуу текшерүүнүн акты түзүлөт.
14. Аныкталган эреже бузуу фактылары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан эреже бузууларды жоюу жөнүндө кабарлама таризделип, пландуу текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күңдүн ичинде контролдук текшерүү дайындалат.
15. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жасаган ишкердик субъекттерине пландуу текшерүүдө аныкталган эреже бузууларды жоюуга берилген мөөнөт бүткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук текшерүү жүргүзөт.
16. Ишкердик субъекттери аныкталган эреже бузууларды жойбогон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик пробалык эн тамганын изи коюлбаган баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды андан ары ишкердик субъекттерине ошол буюмдарды пробалоо жана эн тамга коюуга берүү үчүн тандап алат.
17. Пландуу текшерүүдө аныкталган эреже бузуулар жоюлбаганы үчүн административдик жоопкерчилик жөнүндө протокол түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.
18. Ишкердик субъекти текшерүүнүн натыйжалары менен макул болбогон учурда кайра текшерүү жүргүзүлөт. Кайра текшерүүгө негиз болуп текшерилүүчүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына даттануусу эсептелет.
Кайра текшерүү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
19. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдары баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталбагандыгы менен байланышкан укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт, токтомдорду чыгарат жана жаза чараларын көрөт.
Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени карайт.
Пробалык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы укук бузуу окуясы болгондугун көрсөтүүчү маалыматтар табылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени карайт.
20. Пландан тышкаркы текшерүүлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү субъекттеринен ага карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызын алганда;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке же юридикалык жактан алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын текшерүү субъекти бузгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз алганда, ишкердик субъектинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен текшерүү субъекти ушул административдик-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусун алганда;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган финансылык чалгындоо органынан жана укук коргоо органдарынан кайрылууларды алганда.
21. Ишкердик субъекттери тарабынан кылмыш ишинин белгилери бар мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда, мыйзам бузуулар жөнүндө материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери даректелип жиберилген ишкердик субъекттери тарабынан аткарылууга милдеттүү.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, мыйзамга каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Ведомстволук статистикалык отчет
№ 1 форма
Кимге берилет ____________________________________________________________________________ (алуучунун аталышы, дареги) |
| Бир айлык отчетту Кыргыз Республикасынын алтын казуучу жана кайра иштетүүчү ишканалары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет |
_______________________________________________________________________________________________ Ишкананын аталышы |
| |
_______________________________________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) |
| |
_______________________________________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) |
| |
_______________________________________________________________________________________________ Менчигинин түрү |
| |
_______________________________________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы |
| |
_______________________________________________________________________________________________ Экономикалык иштин түрү (тармак) |
|
Баалуу металлдарды өндүрүү жана сатуу жөнүндө отчет
20___________-жылдын ___________________________________ үчүн (айы)
1. Баалуу металлдарды өндүрүү
(грамм менен)
Баалуу металлдын түрү | Өндүрүлгөн (казып алынган) БМ | Кайра иштетилген БМ (аффинаждан кийинки даяр продукция) | ||
Учурдагы жылдын айы үчүн | Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн | Учурдагы жылдын айы үчүн | Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Алтын |
|
|
|
|
Күмүш |
|
|
|
|
2. Баалуу металлдарды сатуу
(грамм/сом)
№ |
| Кимге сатылды | Алтын | Күмүш | ||
грамм | сумма | грамм | сумма | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | Отчеттук мезгилдин башындагы калдык |
|
|
|
|
|
2 | Баалуу металлдарды сатуу |
|
|
|
|
|
3 | Отчеттук мезгилдин аягындагы калдык |
|
|
|
|
|
Жетекчи __________________________________________________________________
Башкы бухгалтер ___________________________________________________________
20___-жылдын "______" ______________________
______________________________________________________________________________
Аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Баалуу металлдардан зер жана башка буюмдарды жасоону жана оңоону эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Кириш | Чыгыш | |||||||||
Келип түшүү булагы (тапшыруучунун аты-жөнү же аталышы) | Салмагы (г) | Саны | Пробасы | Буюмдун аталышы | Саны (даана) | Салмагы (г) | Пробасы | Коромжу (% жана салмак) | Кимге берилди | Суммасы (сом) | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Асыл таштарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Келип түшүү датасы | Келип түшүү булагы (тапшыруучунун аты-жөнү, паспорттук маалыматтары | Таштардын аталышы | Саны (даана) | Салмагы (карат) | Түстүүлүгү | Өлчөмү (диаметр) | Наркы (сом) | Сатуу датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________________________________ (алуучунун аталышы) |
| Кварталдык отчетту баалуу металлдар жана асыл таштар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү юридикалык жактар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет |
_______________________________________________________________________________________________ ишкананын аталышы |
| |
_______________________________________________________________________________________________ аймак (облус, шаар, район) |
| |
_______________________________________________________________________________________________ дарек (почта индекси, көчө, үй №) |
| |
| ||
_______________________________________________________________________________________________ уюштуруу-укуктук формасы |
| |
|
Талап кылынбаган баалуу металлдардан жана асыл таштардан күрөөлөрдү сатуу жөнүндө ОТЧЕТ
20___________-жылдын ___________________________________ үчүн
№ | Баалуу металл | Асыл таш | Кимге сатылды (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары) | Сатылган датасы | |||||
Түрү | Пробасы | Салмагы (грамм) | Наркы (сом) | Аталышы | Массасы (карат) | Наркы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________________________________ (алуучунун аталышы) |
| Квартапдык отчетту ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет |
_______________________________________________________________________________________________ Уюмдун аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү |
| |
_______________________________________________________________________________________________ аймагы (облус, шаар, район) |
| |
_______________________________________________________________________________________________ дареги (почта индекси, көчө, үй №) |
| |
_______________________________________________________________________________________________ менчигинин түрү |
| |
_______________________________________________________________________________________________ уюштуруу-укуктук формасы |
| |
_______________________________________________________________________________________________ экономикалык иштин түрү (тармак) |
|
ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу жөнүндө отчет
20___________-жылдын ___________________________________ үчүн
№ | Уюмдун аталышы/жөнөтүүчүнүн аты-жөнү (паспорттук маалыматтары) | Жөнөтүү пункту (өлкө, шаар, көчө, номер) | Уюмдун аталышы/алуучунун аты-жөнү (паспорттук маалыматтары) | Алуучунун дареги (өлкө, шаар, көчө, номер) | Жүктүн аталышы (металлдын, таштын түрү, металл, таш жөнүндө кыскача маалыматтар) | Нетто салмак (грамм, карат). Зер буюмдар үчүн саны (даана) | Жөнөтүү датасы | Келүү датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи __________________________________________________________________
Башкы бухгалтер ___________________________________________________________
20___-жылдын "______" ______________________
______________________________________________________________________________
аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Форма
ТИК/ККЛКА бөлүгүндө баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды сатууда кардарларды эсепке алуу журналы
№ | Датасы | Аты-жөнү, паспорттук маалыматтары | Буюмдардын аталышы | Санкциялык тизмелерде кардарды текшерүү жөнүндө жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар | Суммасы (сом) | |
жок | бар | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |