Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 3-марты № 136-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 491-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пунктта "аткаруу бийлигинин органдары", "февралына" деген сөздөр тиешелүү түрдө "мамлекеттик органдар", "сентябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар:";
- 4-пунктчада "аткаруу бийлигинин органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-пункттун 1-пунктчасында "аткаруу бийлигинин органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартиби ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мыйзамдарды аткаруу модулу (системасы) (мындан ары - мыйзамдарды аткаруу системасы) аркылуу аткаруу маселелерин жөнгө салат.
2. Мыйзамдарды аткаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети), мамлекеттик органдарга өзүнүн ченемдик жана/же ченемдик эмес мүнөздөгү чечимдерин Кыргыз Республикасынын кабыл алынып жаткан мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык келтирүү тапшырмаларын ишке ашыруу процессин билдирет.
Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү Министрлер Кабинетинин чечимдерин, мамлекеттик органдардын чечимдерин белгиленген тартипте иштеп чыгуу, илгерилетүү жана кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Мыйзамдарды аткаруу системасы мыйзамдарды ишке ашырууга кабыл алынган/кабыл алынбаган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (мындан ары - Бирдиктүү портал) жайгаштырылуучу Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин көрсөтүү менен мыйзамдардын тизмегин өзүнө камтыган автоматташтырылган модулду билдирет.
4. Мыйзамдарды аткаруу процесси өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) мамлекеттик органдар тарабынан тармактык мыйзамдардын тизмегин түзүү жана жүргүзүү;
2) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча тармактык мыйзамдарды талдоо;
3) мыйзамдардан келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана илгерилетүү;
4) мыйзамдарды аткаруу системасында мыйзамдардын аткарылышынын абалы жөнүндө маалыматты толтуруу.
5. Мамлекеттик органдар мыйзамдарда жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген жоболордо белгиленген компетенциянын чегинде мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат.
2-глава. Мыйзамдардын тизмегин түзүү тартиби
6. Мамлекеттик органдар мыйзамдарды аткаруу системасын Бирдиктүү порталдагы жеке кабинеттер аркылуу толтурууну камсыз кылат.
7. Төмөнкүдөй маалыматтар толтурулууга тийиш:
1) реквизиттерди көрсөтүү менен мыйзамдын аталышы (система тарабынан автоматтык түрдө толтурулат);
2) мыйзамды ишке ашырууга Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин кабыл алуу талап кылынат/талап кылынбайт;
3) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынган чечимдери жана мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын алкагында өткөрүп берүү жөнүндө актылардын негизинде кабыл алынган буйруктары;
4) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынбаган чечимдери (аткаруу баскычы);
5) жооптуу мамлекеттик орган (түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдү көрсөтүү менен);
6) эскертүү (зарыл болгон учурда кошумча маалыматтарды көрсөтүү керек).
8. Тармактык мыйзамдардын тизмегине төмөнкүлөр киргизилет:
1) негизги (бүтүн) мыйзамдар;
2) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар;
3) мыйзамды (мыйзамдарды) күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзамдар.
9. Тизмекте тармактык мыйзамдар хронологиялык тартипте (кол коюлган дата боюнча) жайгаштырылат. Тармактык мыйзамдар бир эле кол коюлган датанын чегинде алардын каттоо номерлерине ылайык улам жогорулаган тартипте жайгаштырылат.
10. Тармактык мыйзамдардын тизмегин актуалдаштыруу туруктуу негизде автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.
11. Мыйзамдардын бирдиктүү тизмеги өзүнө 1990-жылдан тартып азыркы убакка чейинки мезгилде кабыл алынган мыйзамдарды камтыйт.
12. Мыйзамдарды аткаруу системасына техникалык талаптар, пайдалануучулук макулдашуу жана мыйзамдарды аткаруу системасы менен иштөө боюнча колдонмо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
3-глава. Мыйзамдарды аткаруу
13. Мыйзамдарды талдоо Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча мыйзамды баалоону билдирет.
14. Мыйзамдарды талдоо эки түрдөн турат:
1) баштапкы - жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча;
2) узак мөөнөттүү - ушул Тартип күчүнө киргенге чейин кабыл алынган мыйзамдар боюнча.
15. Мыйзамды баштапкы талдоо компетенциясына мыйзам менен жөнгө салынуучу маселелер кирген мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү зарылдыгы боюнча мыйзамдарды талдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) тийиштүү тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
16. Баштапкы талдоонун жыйынтыктары төмөнкүдөй тыянактарды камтууга тийиш:
1) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин иштеп чыгуу талап кылынат;
2) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин иштеп чыгуу талап кылынбайт.
17. Эгерде баштапкы талдоонун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамга ылайык келтирүү зарылдыгы аныкталса, мыйзамдарды аткаруу системасында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечиминин долбоорунун аталышы;
2) Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамдын өзүндө белгиленген мыйзамга ылайык келтирүү мөөнөтү;
3) Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизүү мөөнөтү;
4) жооптуу аткаруучу (фамилиясын, инициалдарын, ээлеген кызмат ордун жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен).
18. Узак мөөнөттүү талдоо компетенциясына мыйзам менен жөнгө салынуучу маселелер кирген мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
19. Эгерде тармактык мыйзамдарды узак мөөнөттүү талдоонун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамдарга ылайык келтирүү зарылдыгы аныкталса, компетенциясына мыйзам менен жөнгө салынуучу маселелер кирген мамлекеттик орган Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууну жана белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизүүнү кечиктирбестен камсыз кылат же тийиштүү актыны кабыл алууну камсыз кылат.
20. Мамлекеттик орган мыйзамдарды аткаруу системасына мыйзам киргизилген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен мыйзамдарды аткаруу системасын толтурууну камсыз кылат.
21. Эгерде мамлекеттик орган мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында же болбосо баштапкы, узак мөөнөттүү талдоолордун алкагында башка мамлекеттик органдын компетенциясына кирген Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдеринин долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгын аныктаса, анда органдын дарегине ушул Тартиптен келип чыгуучу тиешелүү ишти жүргүзүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сунуш жиберилет.
22. Мыйзамдардан келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
23. Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын чечимдерин тармактык мыйзамга ылайык келтирүү мөөнөттөрү мыйзамдын корутунду жоболорунда белгиленген мөөнөттөргө ылайык аныкталат.
Эгерде мыйзамда Министрлер Кабинетине, мамлекеттик органдарга өзүнүн чечимдерин мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы каралган жоболор жок болсо же болбосо эгерде мыйзамда тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, мыйзамды аткаруу эки айлык мөөнөттө же болбосо Президенттин Администрациясынын тиешелүү тапшырмасында көрсөтүлгөн мөөнөттө камсыз кылынат.
24. Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун өз убагында иштеп чыгуу, илгерилетүү жана Президенттин Администрациясына киргизүү үчүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын тиешелүү чечимдерин өз убагында кабыл алуу үчүн жоопкерчилик жана контроль мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
4-глава. Айрым мыйзамдарды аткаруунун өзгөчөлүктөрү
25. Аткаруу конкреттүү мамлекеттик органдын компетенциясына кирбеген мыйзамдар мыйзамдардын бирдиктүү тизмегине киргизилет.
26. Ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн мыйзамдарды аткаруу Президенттин Администрациясынын тапшырмасынын негизинде мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
27. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн жаңы кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде мыйзамды аткарууну талап кылган маселелер компетенциясына өзгөчө таандык болгон мамлекеттик органга мыйзамды аткаруу жөнүндө тапшырманы жөнөтөт.
28. Мыйзамдарга ылайык келтирилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары ушул Тартипте белгиленген тартипте мыйзамдарды аткаруу системасына киргизилет.