Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна) |
Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) жаныбарларга идентификация жүргүзүү тартибин аныктайт.
Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
№ 1а формасы боюнча ветеринардык күбөлүк - жаныбар жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын аймагында ага байкоо жүргүзүүнү камсыз кылган, ошондой эле жердин жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана жугуштуу ылаңдары боюнча жагымдуулугу тууралуу маалыматтарды камтыган ветеринардык коштоо документи (анын ичинде электрондук документ);
жаныбардын ветеринардык паспорту - жаныбардын (жаныбарлар тобун) идентификациясын жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары -ИЖБМР) катталгандыгын ырастоочу документ, анын ичинде электрондук документ;
бал челектердин ветеринардык-санитардык паспорту - бал челектердин идентификациясын жана ИЖБМРге катталгандыгын ырастоочу жана анын санитардык абалын белгилеген документ (анын ичинде электрондук документ);
жаныбарлар тобу - бир мал чарба объектинде жана идентификацияланган топ түрүндө багылган бир түрдөгү 2 же андан көп жаныбар;
үй канаттуулары - продукцияны, чийки заттарды жана башка материалдык баалуулуктарды алуу үчүн адам баккан канаттуулар;
ветеринардык врач - жогорку ветеринардык билими бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык практиканы жүргүзгөн адам;
бал челек - белгиленген жерге бал аарылар бүлөсүнүн уюктарынын жана бал аарычылык менен иштөөгө зарыл болгон мүлктөрдүн жайгашуусу;
өндүрүмдүү жаныбарлар - тамак-ашка пайдаланууга арналган продукцияны алуу үчүн колдонулган жаныбарлар;
разнарядка - ветеринария боюнча мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөргө жаныбарларга идентификация жүргүзүү, ошондой эле жаныбарларга ветеринардык коштоо документтерин берүү үчүн идентификациялоо каражаттарын жана көмөкчү материалдарды бөлүштүрүү (берүү) жөнүндө документи;
уюк - бал аарылары бүлөсүн багуу үчүн курулма;
эн салуу - жаныбарлардын (жылкылардын, бодо малдын) денесине сан же шарттуу белги коюу.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаныбарлар багылган жана көбөйтүлгөн чарбалар каттоодон милдеттүү өткөрүлүүгө, ал эми жаныбарлар - табигый эркин абалда жүргөн жаныбарларды (жапайы) кошпогондо, Эрежелерде белгиленген тартипте жана мөөнөттө идентификациялоодон жана каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
ИЖБМРде катталбаган чарбада идентификацияланбаган жаныбарларды кармоого, көбөйтүүгө жана сатууга жол берилбейт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында багылган жаныбарлар төмөнкүдөй мөөнөттө идентификацияланууга тийиш:
- жаш бодо мал, майда мүйүздүү мал жана төө - туулган күндөн тартып 30 күндүн ичинде, ал эми жайыт жерлеринде туулгандар үчүн - чарбага кайтып келген күндөн тартып 15 күндүн ичинде;
- жаш торопойлор - бир айлык болгондо;
- териси баалуу жаш айбанат жана коен, эшек, качыр, топоз, ошондой эле кулун - 4 айлык болгондо;
- күчүк жана мыймый - туулган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен;
- үй канаттууларынын жөжөлөрү суткалык жаштан кечиктирилбестен идентификацияланат.
Жаңы бал аарылар бүлөсүн (уюктарын) идентификациялоо жана эсепке алуу бал аарылар бүлөсү пайда болгондон кийин 3 жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлөт.
4. Жаныбарларды идентификациялоо жаныбарга жеке идентификациялык номерди, ал эми жаныбарлар тобуна - топтук идентификациялык номерди ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
Бодо мал, анын ичинде топоздор, жылкылар, эшектер, качырлар, төөлөр, ошондой эле башка жаныбарлар, анын ичинде иттер жана мышыктар жеке идентификациялык номерди ыйгаруу менен идентификацияланат.
Чочколор, койлор, эчкилер, коёндор, үй канаттуулары, аары багуучу, балык жана териси баалуу жапайы айбанаттар (жапайы айбанаттарды багуу) чарбалары жаныбарлардын ар бир түрүнө топтук идентификациялык номерди ыйгаруу менен идентификацияланат.
5. Идентификациялоонун жана каттоонун расмий системасы жок өлкөдөн импорттолгон жаныбарлар, ошондой эле үй шартында, зоологиялык бакчаларда, цирктерде эксперименттик жаныбарлар катары коммерциялык максаттарда пайдалануу үчүн алып келинген идентификацияланбаган жаныбарлар дайындалган чарбага келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификацияланууга жана катталууга тийиш.
6. Импорттолгон жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө маалыматтар Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) мыйзамдарынын талаптарына ылайык профилактикалык карантинден өткөндөн кийин Эрежелерде белгиленген тартипте ИЖБМРге киргизилет.
2-глава. Жаныбарларды идентификациялоо жана чарбаларды каттоо
7. Жаныбарларды (жаныбарлар тобун) идентификациялоо жана чарбаларды каттоо ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо, көзөмөлдөө жана ветеринария, жаныбарлардын саламаттыгын коргоо, жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо жүргүзүү, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүргүзгөн мамлекеттик орган (мындан ары - ветеринария боюнча мамлекеттик орган) же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна ылайык тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ветеринардык врачы тарабынан жүргүзүлөт.
8. Чарбаларды каттоо жана жаныбарларды идентификациялоо үчүн ветеринария боюнча мамлекеттик орган:
- мөөнөттөрдү жана жооптуу аткаруучуларды көрсөтүү менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чаралардын планын бекитет жана аны жергиликтүү аткаруучуга билдирет;
- идентификациялоо каражаттарын, жаныбарларды идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка көмөкчү материалдарды, анын ичинде идентификацияланган жаныбарларга документтерди мамлекеттик сатып алууну жана ташууну (жеткирүүнү) жүргүзөт;
- жаныбарларды идентификациялоо үчүн сатып алынган идентификациялоо каражаттарын разнарядканын негизинде бөлүштүрөт.
9. Бодо малды, топоздорду, төөлөрдү, койлорду эчкилерди жана чочколорду идентификациялоо үчүн идентификациянын визуалдык каражаттары - биркалар колдонулат.
10. Жаныбар кулагы тешилип биркаланат, ага идентификациялык номер коюлган бирка бекитилет.
Бодо мал, анын ичинде топоздор үчүн бир жеке идентификациялык номер менен 2 бирка колдонулат, алар ар бир кулакка бекитилет.
Койлор, эчкилер, чочколор жана төөлөр үчүн оң кулагына бир бирка тагылат.
Биркалар жаныбардын өмүрүнүн акырына чейин чыгарылбайт.
11. Иттер жана мышыктар үчүн каргы идентификация каражаты катары колдонулат.
Каргыга жаныбардын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн жетон бекитилет.
Ээсинин каалоосу боюнча иттер жана мышыктар үчүн каргы менен бирге идентификациялоонун электрондук каражаттары (чиптер) колдонулушу мүмкүн.
12. Жылкыларды, эшектерди жана качырларды идентификациялоо үчүн идентификациялоонун электрондук каражаттары - чиптер колдонулат.
13. Идентификациялоонун электрондук каражаттарын колдонуу (чип тагуу) сол тарабынан жаныбардын капталына перпендикуляр болгон моюндун ортоңку үчтөн бир бөлүгүнө, жалдын астына инъекция жасоо аркылуу жүргүзүлөт. Чип тагуучу жер чип жылышып кетпегидей жана жаныбарга мүмкүн болушунча аз жаракат келгидей эсептелүүгө тийиш.
14. Бодо малдын, жылкылардын, эшектердин жана качырлардын идентификациялоодон өткөндүгүн визуалдык аныктоо үчүн ээсинин каалоосу боюнча чип тагуу менен бирге эн салуу колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Эн салуу суюк азотту колдонуу менен жаныбардын денесинин сол тарабына сан жагына же жаагынын төмөнкү бөлүгүнө (жаактын алдындагы зонага) "i" символун басуу аркылуу жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Эн салуунун ысык методун колдонуу, башкача айтканда санды же башка символдорду басуу үчүн жаныбардын терисине кызытылган предметтер менен эн салууга тыюу салынат.
17. Топтук идентификациялоодо, ошондой эле идентификациялоонун электрондук каражаттарын талап кылган жаныбарларды идентификациялодо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча идентификацияланган жаныбарларга ведомость (электрондук же кагаз түрүндө) таризделет.
Идентификацияланган жаныбарлардын ведомостунун кагаз түрүндөгү варианты 2 нускада түзүлөт, ветеринардык врачтын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, ошол эле учурда бир нускасы кийин ИЖБМРге киргизүү үчүн ветеринардык врачта калат, ал эми экинчи нускасы жаныбардын ээсине берилет.
Ведомостту сактоо мөөнөтү үч жылдан кем эмести түзөт.
18. Жаныбарларды идентификациялоо мезгилинде жаныбардын ээси ветеринардык врачка идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын, ошондой эле идентификациялоо каражаттарынын жана жаныбарларга документтердин наркын төлөйт.
19. Идентификациялоо каражаты жоголсо же бузулса же жеке номерин аныктоого мүмкүн болбосо жаныбардын ээси ветеринария боюнча мамлекеттик органга ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формадагы идентификациялоо каражаттарынын дубликатын берүү жөнүндө өтүнмө менен кайрылат.
20. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган идентификациялоо каражаттарынын дубликатын берүү жөнүндө арызды алгандан кийин жаныбардын идентификациялык номерин белгилөө үчүн ИЖБМРдеги башка жаныбарлардын идентификациялык номерлерин салыштырат, жаныбардын идентификациялык номери ырасталган учурда, арыз алынган күндөн тартып он төрт жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган идентификациялоо каражаттарын алмаштыруунун андан аркы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн идентификациялоо каражаттарынын дубликатын ветеринардык врачка берет.
21. Идентификациялык каражаттар жоголгон же бузулган фактылар аныкталган же жаныбардын идентификациялык номерин аныктоого мүмкүн болбогон (эгерде жаныбардын ээси жаныбардын (жаныбарлар тобунун) идентификациясын ырастай албаса же анын байкоого алынгандыгы жөнүндө ырастоочу маалыматтарды бере албаса) учурда ветеринардык врач бир сутканын ичинде ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
22. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Эрежелердин 21-пунктунда көрсөтүлгөн фактылардын аныкталгандыгы жөнүндө ветеринардык врачтан кабарламаны алгандан кийин ички иштер органынын тиешелүү аймактык бөлүмүнө билдирет жана аны менен макулдашуу боюнча идентификациялык номерди белгилөө жана жаныбарга (жаныбарлар тобуна) байланышкан жагдайларды тактоо үчүн ИЖБМРдеги башка жаныбарлардын жеке номерлерин салыштыруу жүргүзүлгөнгө чейин мындай жаныбарды (жаныбарлар тобун) изоляциялоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
23. Жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээси же жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээсинин жооптуу адамы же башка ыйгарым укуктуу адам союлганда, өлгөндө, уурдалганда, жоголгондо же жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээси алмашканда жарандык укуктарды жана милдеттерди (алмаштыруу, тартуулоо, мурастоо, сатып алуу-сатуу ж.б.) белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жарандык-укуктук мамилелердин жана иш-аракеттердин натыйжасында же жаныбарларды алып келүү жана алып чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка учурларда, ошондой эле Эрежелерде каралган учурлар келип чыкканда беш жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө (зарыл болгон учурда ырастоочу документтерди тиркөө менен) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ветеринардык врачына мындай маалымат алынган күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде ИЖБМРге киргизилүүгө тийиш болгон маалыматты берет.
Чарбанын ээси алмашкан же чарбанын иши токтогон учурда ээси же анын өкүлү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ИЖБМРге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн расмий түрдө кабарлоого тийиш.
3-глава. Чарбанын каттоо номери жана жаныбардын идентификациялык номери
24. ИЖБМРде чарбаларды каттоонун кезектүүлүгүнө ылайык катар номерди ыйгаруу менен чарбаны каттоо жүргүзүлөт. Чарбанын каттоо номерин белгилөө комбинациясы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Жаныбарды жана жаныбарлар тобун идентификациялоо жаныбарга жана жаныбарлар тобуна ИЖБМРде сакталган уникалдуу тамга-цифрадан турган идентификациялык номерди ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
25. Жеке идентификациялык номер идентификацияланган жаныбардын өмүрүнүн аягына чейин алмашпайт, бир түрдөгү жаныбардын чегинде уникалдуу болуп саналат жана ИЖБМРде кайталанбоого тийиш.
26. Жеке идентификациялык номер төмөнкүлөрдөн турат:
1) бодо мал, топоздор жана төөлөр үчүн кулак биркасынын коду - 2 тамгадан жана 10 цифрадан:
- KG C10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
- KG - ISO 3166 эл аралык стандартына ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
- C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
- штрих код: өлкөнүн сандык кодун - 417, жаныбардын сандык кодун жана жаныбардын жеке номерин камтууга тийиш;
2) койлор жана эчкилер үчүн кулак биркасынын коду -2 тамгадан жана 10 цифрадан:
- KG C10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
- KG - ISO 3166 эл аралык стандартына ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
- C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
- штрих код: өлкөнүн сандык кодун - 417, жаныбардын сандык кодун жана жаныбардын жеке номерин камтууга тийиш;
3) чочколор үчүн кулак биркасынын коду - 2 тамгадан жана 10 цифрадан:
- KG C10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 C1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
- KG - ISO 3166 эл аралык стандартына ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
- C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
4) ISO 11784, ISO 11785 боюнча түзүлгөн чип 15 цифрадан:
- 1ден 3кө чейинки цифралар өлкөнүн кодун - 417 билдирет;
- 4төн 6га чейинки цифралар өндүрүүчүнүн кодун билдирет;
- 7 цифрасы жаныбардын түрүн билдирет;
- 8ден 15ке чейинки цифралар (8 цифра) жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирет;
5) иттердин жана мышыктардын жеке идентификациялык номери - 2 тамгадан жана 7 цифрадан, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
- KG С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
- KG - ISO 3166 эл аралык стандартына ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
- С7-С6 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык райондун (шаардын) сандык коду;
- C5-C1 - иттердин жана мышыктардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 5тен 1ге чейинки цифралар (5 символ).
27. Топтук идентификациялык номер чарба субъектиндеги идентификацияланган бир түрдөгү жаныбарлар тобуна ыйгарылат.
Топтук идентификациялык номер жаныбарларды өндүрүштүк эксплуатациялоонун аралыгында жаныбарлар тобун таратканга жана жойгонго чейин алмашпайт.
28. Топтук идентификациялык номер төмөнкүлөрдөн турат:
- 2 тамгадан жана 10 цифрадан:
-KG C15 C14 C13 C12 C11 C10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 C1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
- KG - ISO 3166 эл аралык стандартына ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
- С15 - жаныбардын түрүнүн сандык коду;
- C13-C14 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык облустун сандык коду;
- C12-C11 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык райондун (шаардын) сандык коду;
- C10-C1 - жаныбарлар тобунун катар номери (10 цифра).
29. Жаныбарлар тобун кайрадан идентификациялоого жол берилбейт.
30. Жаныбарларды идентификациялоо үчүн бекитилген Кыргыз Республикасынын литердик жана сандык коддору Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.
31. Жаныбардын (жаныбарлар тобунун) идентификациялык номерлеринин толук сыпатталышы, идентификациялоо каражаттарында аларды чагылдыруу формасы, идентификациялоо каражаттарынын параметрлери жана мүнөздөмөлөрү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
32. Идентификациялоо каражаттары Жаныбарлар жөнүндө жазуулары жүргүзүү боюнча эл аралык комитеттин стандарттарынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Идентификациялоонун электрондук каражаттары колдонулган учурда мындай каражаттар ISO 11784 жана ISO 11785 эл аралык стандарттарынын талаптарына да шайкеш келүүгө тийиш.
33. Идентификацияланган жаныбарды (жаныбарлар тобун) административдик-аймактык бирдиктин бир аймагынан экинчи аймагына алып өтүүдө, ошондой эле Эрежелерде көрсөтүлгөн учурларда ыйгарылган жеке идентификациялык номерлер ИЖБМРге тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен сакталат.
34. Асыл-тукум карточкасы бар импорттолгон жаныбарлар үчүн алып келинген өлкөдө ыйгарылган жеке идентификациялык номери сакталат.
Үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген жаныбарлар, ошондой эле ЕАЭБге мүчө өлкөнүн аймагынан алып келинген, идентификацияланбаган жаныбарлар, анын ичинде баруучу жери өндүрүмдүү жаныбарларды союу үчүн өндүрүш объекттери болгон жаныбарлар Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 "Евразия экономикалык бирлигинде ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу жөнүндө" чечиминин талаптарына ылайык карантинге алынган жерлерде идентификацияланат. Баруучу жери өнүмдүү жаныбарларды союу үчүн өндүрүш объекттери болгон жаныбарлар баруучу жерине келгенден кийин 72 сааттан кечиктирилбестен союлууга тийиш.
35. ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагынан идентификацияланган жаныбарды (жаныбарлар тобун) алып келүүдө жаңы идентификациялык номерди ыйгаруу бөлүгүндө мындай жаныбарды (жаныбарлар тобун) кайрадан идентификациялоо жүргүзүлбөйт.
36. Үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жаныбарлар үчүн алып келинген өлкөдө ыйгарылган жеке идентификациялык номерлери сакталбайт жана Эрежелердин 39-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, багытталган чарбага келген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө идентификацияланууга жана каттоо Эрежелерде белгиленген тартипте катталууга тийиш.
4-глава. Жаныбарлар тобун идентификациялоонун өзгөчөлүктөрү
37. Үй канаттуусу топтук идентификацияланууга жана чарбадагы жаныбарлардын ар бир тобуна топтук идентификациялык номерди ыйгаруу аркылуу эсепке алынууга тийиш.
Жеке короолордо өздүк керектөө үчүн багылган канаттуулар идентификацияланбайт, бирок ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсепке алынууга тийиш.
38. Табигый шарттарда же жасалма жашоо чөйрөсүндө багылган балык жана аквакультуранын башка объекттери анда балык жана аквакультуранын башка объекттери өстүрүлгөн ар бир балык чарба көлмөсүнө идентификациялык номерди ыйгаруу аркылуу топтук метод менен идентификацияланат.
Балыктын жана аквакультуранын башка объекттеринин түрлөрүнө, сапаттык мүнөздөмөлөрүнө (баалуу же селекциялык породалар, түрү жана жашы, асыл тукум же товардык) жараша идентификациялык номер көлмөлөрдүн ар бир тобуна ыйгарылат.
39. Үй канаттуусун, балыкты жана аквакультуранын башка объекттерин идентификациялоодо (ар бир көлмөдө) ага жакын жерде же жаныбарлар багылган жерде жаныбарларды багуу мезгилинде анын сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берген калың кагаздан же башка материалдан жасалган табличка түрүндө ИЖБМРде көчүрмө орнотулат.
40. Аарыларды идентификациялоо бал аарылар бүлөсү (уюктар) боюнча жүргүзүлөт. Бир бал аарылар бүлөсү (уюгу) жаныбарлардын бир тобун түзөт жана ар бир бал аарылар бүлөсүнө топтук идентификациялык номерди ыйгаруу менен идентификацияланат.
Идентификацияланган бал аарылар бүлөсү жылына бир жолу (жаз-жай мезгилинде) ырасталууга тийиш.
Идентификацияланган бал аарылар бүлөсү (уюгу) уюктун сыртына маркер же акриль боегу менен идентификациялык номерди коюу аркылуу белгиленет же чарбанын идентификациялык номерин көрсөтүү менен бирка бекитилет.
Чарба субъекти аарыларды идентификациялоону жүргүзгөн адамды идентификациялоо учурунда аарынын чагуусунан коргоочу атайын кийим менен камсыз кылат.
41. Коендор жана териси баалуу айбанаттар жаныбарлардын ар бир түрүнө топтук идентификациялык номерди ыйгаруу менен идентификацияланат.
Асыл тукум териси баалуу айбанаттар жана коендор идентификациялоонун визуалдык же электрондук каражаттарын колдонуу менен жеке идентификацияланат.
5-глава. Жаныбарга байкоо жүргүзүү
42. Жаныбарга (жаныбарлар тобуна) байкоо жүргүзүү анын келип чыгышын, жайгашкан жерин, кыймылын, союлушун, өлүмүн жана Эрежелердин 23-пунктунда каралган башка учурларды так аныктоого мүмкүндүк берген ИЖБМРдеги маалыматтардын негизинде камсыз кылынат.
43. Идентификацияланган жаныбарды алып өтүү Кыргыз Республикасынын аймагында мындай жаныбарга (жаныбарлар тобуна) байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу документ болуп саналган, ветеринардык врач тарабынан № 1а форма боюнча берилген ветеринардык күбөлүк (мындан ары - ветеринардык күбөлүк) менен коштолот.
Жаныбардын/чарба субъектинин ээси ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз кайрылган учурда идентификацияланган жаныбарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык форма боюнча ветеринардык күбөлүк берилет.
Жаныбарларды ЕАЭБдин бажы аймагында алып өтүү ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Жаныбарларды үчүнчү өлкөлөргө алып өтүү түзүлгөн эл аралык келишимге жана импорттоочу өлкөнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
44. Эгерде идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) чыгуучу жер (чарба) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана жугуштуу ылаңдарынан коопсуз болуп саналса, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ветеринардык врачы идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө ИЖБМРдеги маалыматтардын негизинде идентификацияланган жаныбардын (жаныбарлар тобунун) ээсине же анын ишенимдүү адамына (ИЖБМРде көрсөтүлгөн) ветеринардык күбөлүктү берет.
45. Ветеринардык күбөлүк Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык кагаз же электрондук түрдө берилет.
Мобилдик принтерди колдонуу менен басып чыгарылган, тамга-цифралык код менен QR-коду болгон, ошондой эле ИЖБМРдеги идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) жөнүндө маалыматты камтыган ветеринардык күбөлүктү берүүгө уруксат берилет.
46. Ветеринардык күбөлүктө жаныбардын идентификациялык номери жана ИЖБМРден чыгарылган номери, жаныбардын ээси, чарбасы, жаныбарлар тобунун саны, жүргүзүлгөн эпизоотияга каршы иш-чаралар, жайгашкан жери, колу, берген адамдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар камтылууга тийиш.
Ветеринардык күбөлүк берилген күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жарактуу болот. Ветеринардык күбөлүктүн үч календардык мөөнөтү бүткөн учурда, узартылган колдонуу мөөнөтү менен жаңы ветеринардык күбөлүк берилет. Ошол эле учурда ветеринардык күбөлүктүн жаныбарды чыгарууда ыйгарылган мурдагы номери өзгөрбөстөн калат.
47. Майда малга, чочколорго, коендорго, териси баалуу айбанаттарга, үй канаттууларына, аарыларга, балыктарга жана аквакультуранын башка объекттерине ветеринардык күбөлүк топтук идентификациялык номер боюнча берилет.
Эгерде майда мүйүздүү малдын, чочколордун, коен жана териси баалуу айбанаттардын асыл-тукум баалуулугу бар болсо ветеринардык күбөлүк жеке берилет.
48. Ири мүйүздүү мал, топоз, төө, жылкы, эшек, качыр, ит жана мышыктар үчүн ветеринардык күбөлүк жеке берилет.
Бир жаныбардын ээсине 5 (бештен) көп идентификациядан өткөн жаныбарларына ветеринардык күбөлүк берген учурда, кийинки идентификацияланган жаныбарларына ветеринардык күбөлүк тиркеме менен таризделет, анда жаныбардын түрү, идентификациялык номери жана жаныбардын ИЖБМРден чыгарылган номери көрсөтүлөт. Мында тиркеменин ар бир бетине номер коюлуп, ветеринардык врачтын колу коюлат жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
49. Берилген ветеринардык күбөлүктүн аныктыгын текшерүү ИЖБМР маалымат сервиси аркылуу ветеринардык күбөлүктүн номерин киргизүү жолу менен ырасталат.
50. Идентификацияланган жаныбар жөнүндө маалыматтарды текшерүү идентификациялык номер боюнча ИЖБМР маалымат сервиси аркылуу ырасталат.
51. Бал челектерди Кыргыз Республикасынын аймагында бал чогултуучу жайларга көчүрүү ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган багытта жүзөгө ашырылат.
6-глава. Идентификацияланган жаныбарларга документтерди берүү тартиби
52. Идентификациялык номер ыйгарылган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ит жана мышыкка жаныбардын ветеринардык паспорту берилет, ал эми бал челектерге бал челектердин ветеринардык-санитардык паспорту берилет.
53. Ит жана мышыкка ЕАЭБ мыйзамдары менен аныкталган формада жана тартипте ветеринардык паспорт жеке берилет.
Ветеринардык паспорт идентификацияланган жаныбарга идентификациялык каражаты бар болгондо гана таризделинет.
Ветеринардык паспорт жаныбардын өмүрүнүн аягына чейин жарактуу.
54. Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ар бир бал челектин идентификацияланган бал аарыларына (уюгуна) бал челектин ветеринардык-санитардык паспорту берилет.
Бал челектин ветеринардык-санитардык паспорту идентификацияланган бал аарыларына (уюгуна) жана алардан алынган азыктарга ветеринардык коштоочу документтерди алууга укук берет.
55. Жаныбардын ветеринардык паспортуна дубликат берүү, ошондой эле бал челектин ветеринардык-санитардык паспорту жоголгон, эскирген же бузулган учурда жаныбардын ээси эркин формада жазуу жүзүндө арыз берген күндөн тартып жараксыз деп саналганда ишке ашырылат.
56. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде жогорку оң бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар ветеринардык паспорттун дубликатын берет.
Ветеринардык паспорттун дубликаты берилген учурда акыркы вакцинациялар (дарылоо) жана кыймылы жөнүндө маалыматтары киргизилет.
57. Идентификацияланган жаныбардын ээсинин кайрылуусу боюнча ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 жумуш күндүн ичинде (ИЖБМРдеги маалыматтар боюнча) идентификацияланган жаныбар (жаныбарлар тобу) боюнча ИЖБМРден көчүрмө Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык формада берилет.
58. Айыл чарба малынын болушу жөнүндө маалыматтар (ири мүйүздүү малдын жана майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин ветеринардык врачы тарабынан идентификацияланган жаныбарлар жөнүндө маалыматтардын негизинде берилет.
7-глава. Корутунду жоболор
59. Жаныбарларды идентификациялоо жумуштары, идентификацияланган жаныбарларды эсепке алуу, чарбанын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келүүсүн аныктоо жана документтерди тариздөө (ветеринардык күбөлүк, жаныбардын ветеринардык паспорту, бал челектин ветеринардык-санитардык паспорту, ИЖБМРнен көчүрмө) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген акынын өлчөмүндө чарбалык субъекттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
60. Жаныбарларды идентификациялоо каражаттарынан түшкөн финансы каражаттары Бирдиктүү казыналык эсеп системасында администрациялануучу эсебинде топтолот жана идентификациялоо каражаттарын сатып алуу жана жаныбарларды идентификациялоо жана байкоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн чыгымдалат.
61. Колдонуу үчүн жараксыз идентификациялоо каражаттары ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте утилдештирилүүгө/жок кылынууга тийиш.
Идентификациялоо каражаттарын утилдештирүү/жок кылуу адамдарга, жаныбарларга жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берүүчү жеткиликтүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
Идентификациялоо каражаттарын утилдештирүү/жок кылуу менен байланышкан бардык чыгымдар жаныбардын/чарбанын ээсинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
62. Эрежелердин талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелерине 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жаныбарларды идентификациялоодон өткөрүү үчүн бекитилген литердик жана санариптик коддору
№ | Литердик код | Аталышы |
1 | KG | Кыргыз Республикасы |
Жаныбарлардын санариптик коду:
1) ири мүйүздүү мал жана топоздор;
2) жылкылар;
3) майда мүйүздүү мал (койлор жана эчкилер);
4) чочколор;
5) үй канаттуусу;
6) аарылар;
7) балык;
8) төөлөр;
9) териси баалуу айбанаттар, коёндор;
10) эшектер;
11) качырлар;
12) иттер;
13) мышыктар.
|
| Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелерине 2-тиркеме |
№ 1а форма
№ ________________ ветеринардык күбөлүк
20___-ж. "___" ______________
______________________________________________________
(облус, район, шаар)
______________________________________________________
(айыл аймагы, айыл)
______________________________________________________
(берген адамдын же ветеринардык врачтын аты-жөнү, кызматы)
Ушул ветеринардык күбөлүк ___________________________________________________
____________________________________________________________________ берилди
(ветеринардык кароодо жөнөтүлүүгө тийиш болгон юридикалык
жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү)
___________________________________________________________________________
(жаныбардын түрүн көрсөтүңүз)
KG _______________________________________ № ______________________________
(жаныбардын идентификациялык номери) (Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү
мамлекеттик реестринен чыгаруу номери)
саны _________________________ баш, жугуштуу ылаң менен ооруган же оорусу шектелген
жаныбар аныкталган жок, жаныбарлар:
_____________________________________________________________________ чыгарылат
(чарбанын, ишкананын, уюмдун ж.б. аталышын көрсөтүңүз)
_______________________________________________________________________________
(ээсинин аты-жөнү, калктуу конуштун аталышы, көчөсү, үй номери, байланыш маалыматтары).
Байкоо мезгилинде жаныбарлардан алынган материал
_______________________________________________________________ лабораториясында
(лабораториянын аталышын көрсөтүңүз) текшерилди жана төмөнкүдөй жыйынтыктар алынды:
Ылаңдын аталышы Изилдөө датасы Изилдөөнүн жыйынтыгы
___________________________________________________________________________
Ылаңга каршы иммундаштыруу жүргүзүлгөн:
1. 20___-ж. "___" ______________________ 4. 20___-ж. "___" ____________________________
2. 20___-ж. "___" ______________________ 5. 20___-ж. "___" ____________________________
3. 20___-ж. "___" ______________________ 6. 20___-ж. "___" ____________________________
Жаныбарлар митеге каршы дарыланган:
1. 20___-ж. "___" ______________________
2. 20___-ж. "___" ______________________
Жаныбарлар:
___________________________________________________________________________ үчүн
(жайытка чыгаруу, семиртүү, көбөйтүү, сатуу, союу ж.б.)
______________________________________________________________________ жиберилет
(баруучу пункт жана алуучу)
жана _____________________________________________________________ маршруту боюнча
(жолдогу негизги пункттарды көрсөтүңүз)
_____________________________________________________________________ алып барылат
(транспорттун түрүн жана мамлекеттик номерин көрсөтүңүз)
Эскертүү. __________________________________________________________________________
(жөнөтүүдө жердин жагымдуулугу, берген адамдын же ветеринардык врачтын аты-жөнү көрсөтүлөт)
М.О. ___________________ 20___-ж. "___" ______________________
(колу)
Өзгөчө белгилер:
___________________________________________________________________________
Ветеринардык күбөлүк берилген күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде жарактуу болот.
Сатуу-сатып алуу учурунда ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет, ал эми түп нускасы
жаңы ээсине берилет.
1. ______________________________________________________________________________
(жаныбардын жаңы ээсинин аты-жөнү, ИСН, байланыш маалыматтары, дареги)
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(ветеринардык врачтын аты-жөнү)
М.О. __________ 20___-ж. "___" ______________________
(колу)
2. _______________________________________________________________________________
(жаныбардын жаңы ээсинин аты-жөнү, ИСН, байланыш маалыматтары, дареги)
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
(ветеринардык врачтын аты-жөнү)
М.О. __________ 20___-ж. "___" ______________________
(колу)
Ветеринардык күбөлүк 5тен (беш) көп идентификацияланган жаныбарга берилгенде жаңы
ээсине ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү берилет
________________________________________________________________________________
(жаныбардын жаңы ээсинин аты-жөнү, ИСН, дареги, байланыш маалыматтары)
_________________________________________________________________________________
Ветеринардык күбөлүктүн ушул көчүрмөсүн ырастайм:
_________________________________________________________________________________
(ветеринардык врачтын аты-жөнү)
М.О. __________ 20___-ж. "___" ______________________
(колу)
|
| Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
Бал челектин ветеринардык паспорту № ________________
Берилди
___________________________________________________________________________
(бал челектин аталышы, ээсинин аты-жөнү)
_________________________________________________________________ ага таандык
№ _________________________________________________________________ бал челек
(ИЖБМРдеги объекттин номери)
___________________________________________________________________________
(дареги, айыл аймагы)
___________________________________________________________________________
облусу _____________________________________________________________________
район ____________________________________________________________ жайгашкан.
Ветеринардык тейлөө жүктөлөт: ________________________________________________
(ветеринардык врачтын аты-жөнү)
Аарылар ____________________________ түрү ___________________________________
(түрүнүн аталышы)
Берилген күнү 20___-жылдын "___" ________________
Ветеринария боюнча мамлекеттик органдын региондук түзүмдүк
бөлүмүнүн жетекчиси _________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
М.О.
Ветеринардык врач ___________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
М.О.
Бал челектин эпизоотиялык абалы
Оорусу аныкталган дата | Оорунун аталышы | Бал аарыларынын ооруганы | Бал челекти дарылаган дата | Ветеринардык врачтын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Лабораториялык изилдөө
Ветлабораториянын аталышы | Экспертизанын номери | Изилдөө жүргүзүлгөн дата | Патол. материалдын аталышы | Изилдөөнүн натыйжасы | Ветеринардык врачтын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бал аарыларын ветеринардык кароо
Кароо датасы | Изилдөөнүн жыйынтыктары жана сунуштар | Ветеринардык врачтын колу |
|
|
|
|
|
|
Дарылоо-профилактикалык тазалоо
Колдонулган дата | Препараттын аталышы | 1 бал аарысы үчүн доза | Бал аарыларын дарылоонун саны | Ветеринардык врачтын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Дезинфекция, дератизация жана дезинсекция жүргүзүү
Датасы | Дарыланган объекттин аталышы | Объекттердин саны | Дезкаражат препаратынын аталышы | Ветеринардык врачтын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|