Загрузка документа…
|
|
2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
мамлекеттик программасы
2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгы климаттык тобокелдиктерди кошо алганда, социалдык-экологиялык факторлорду эске алуу менен аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун заманбап методдорун жана инвестициялык активдүүлүккө дем берүүнүн жаңы механизмдерин колдонуу менен райондорду адистештирүүгө жана өнүктүрүүнүн ири таяныч борборлорун (өнүгүүнүн алдыда турган аймактарын) түзүүгө негизделген региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгууну карайт.
Региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тармактык пландаштыруунун, облустардын, райондордун, айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана жер-жерлердеги миграциялык кырдаалды эске алуу менен аймактык-мейкиндикти пландаштыруунун өз ара байланышын билдирет.
Региондорду өнүктүрүүдө болгон көп жылдык проблемалардын жана аймактарды башкарууга карата тармактык мамиленин натыйжасыздыгынын фонунда Мамлекеттик программаны кабыл алуу зарылдыгы бышып жетилди. Программанын максатын, комплекстүү мүнөзүн, көп тараптуу күч-аракеттерди жана убакыт менен каражаттарды сарптоону эске алуу менен программа 2025–2030-жылдарга иштелип чыкты жана артыкчылыктарды кайра карап чыгууну жана ар бир беш жылда иш-чаралар пландарын иштеп чыгууну карайт.
Региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы региондорду өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын ишке ашыруу механизмин – региондорду өнүктүрүүнү пландаштыруунун жана башкаруунун төмөнкүдөй негизги параметрлерге ылайык келген комплекстүү системасын сыпаттайт:
– социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштырууну жана экологиялык тобокелдиктердин таасирин эске алуу менен мейкиндик пландаштырууну айкалыштырган пландаштыруу системасынын комплекстүү мүнөзү;
– пландаштыруунун бүтүндүгү – пландаштыруу деңгээлдерин өлкөнүн бирдиктүү максаттуу көрсөткүчтөрүнө негизделген бирдиктүү системага бириктирүү;
– учурдагы экономикалык байланыштарга, кабыл алынган “урбанизацияланган аймактар – өсүүнүн драйверлери”, “өзгөчө көңүл бурулуучу аймактар” мамилелерине ылайык пландаштыруу региондорун ирилештирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
– бирдиктүү улуттук маалымат базасына жана “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына (мындан ары – АМC) таянган системанын санариптик мүнөзү;
– жер жана башка жаратылыш ресурстарын башкарууда балансты камсыз кылуу, калктын бардык топторунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн пландаштыруу процессине мамлекеттин катышуусу жана контролдоосу;
– жалпы улуттук кызыкчылыктар менен айрым аймактардын жана анда жашаган калктын кызыкчылыктарынын ортосундагы баланс;
– жергиликтүү жана региондук деңгээлдерде пландаштыруу системасынын жана процессинин ачыктыгы жана инклюзивдүүлүгү.
Региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн негизги милдеттери:
– социалдык чөйрөдө – адамдын жашоо сапаты;
– экономикалык чөйрөдө – чектелген коомдук жана жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдалануу;
– экологиялык чөйрөдө – коомду социалдык-экономикалык өнүктүрүү, табигый жана антропогендик мүнөздөгү табигый кырсыктардын алдын алуу процессинде айлана-чөйрөнү сактоо, ошондой эле сектордук жана аймактык өнүктүрүү пландарын ишке ашырууда климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин минималдаштыруу.
Ченемдик укуктук базада жана стратегиялык мамлекеттик документтерде региондорду өнүктүрүүгө байланышкан негизги түшүнүктөрдүн жоктугун эске алуу менен программа негизги түшүнүктөрдүн аныктамаларын камтыйт.
Мейкиндикти пландаштыруу – мейкиндикте ишти келечектеги бөлүштүрүүгө таасир этүү үчүн колдонулган мамлекеттик башкаруу методдорунун жыйындысы. Мейкиндикти пландаштыруу жерди пайдалануунун кыйла рационалдуу аймактык уюмун түзүү жана анын ар кандай формаларынын ортосундагы өз ара байланышты, өнүгүүнүн муктаждыктарын айлана-чөйрөнү коргоо зарылдыгы менен теңдештирүүнү камсыз кылуу жана социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү максатында жүзөгө ашырылат. Ал региондор арасында экономикалык өнүктүрүүнү кыйла тегиз бөлүштүрүүгө жетишүү үчүн башка секторлордо жүргүзүлүп жаткан мейкиндикти өнүктүрүү жаатындагы саясаттын кесепеттерин координациялоо, мындай болбогон учурда диспропорцияларга дуушар болот жана жер менен менчикти пайдалануунун ар кандай түрлөрүнүн өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу боюнча чараларды камтыйт.
Регион – бул окшош жана бири-бирин толуктап турган өнүгүү потенциалына, жалпы ички жана тышкы байланыштарга ээ аймактардын (облустардын, райондордун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) жыйындысы. Регион конкреттүү чөйрөдө же бир нече чөйрөнүн (теманын) жыйындысында пландаштыруунун, таасир этүүнүн объекти болуп саналат.
Транспорттук байланыштуулук – көптөгөн параметрлер боюнча өлчөнүүчү өлкөнүн жана региондун мейкиндиктик жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мүнөздөмөсү, алардын ичинен негизги болуп региондордун жана калктуу конуштардын транспорттук жеткиликтүүлүгү, жүрүүнүн маршруттук ылдамдыгы, ошондой эле ташуулардын наркы жана ыңгайлуулугу эсептелет.
Инклюзивдик пландаштыруу – аялуу топтордун түрүнө карабастан алардын келечектеги абалына таасир этүү үчүн колдонулуучу мамлекеттик башкаруу методдорунун топтому.
§ 1. Региондордун өнүгүүсүнө кыскача сереп
Мамлекеттин стратегиялык максаты өлкөнүн аймагынын байланыштуулугун бекемдөө, артта калган аймактарды өнүктүрүүгө дем берүү жана өнүгүү деңгээлдерин теңдөө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018–2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу мезгилинде автомобиль жолдорун, электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарын жана мекемелерин түзүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн. Донордук уюмдардын колдоосу менен калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер башталган. Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу, чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча программалар кабыл алынган.
Ошондой эле калктын Интернетке жеткиликтүүлүгү жакшырды, жарандардын мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө баруусунун кереги жок болгон санариптик технологиялардын жардамы менен жер-жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча алгачкы кадамдар жасалган.
Региондорго пландаштыруу маселелери боюнча методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүлдү, өсүү борборлору болгон 20 пилоттук шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары кабыл алынган.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүктүрүүнүн финансылык-экономикалык негизи түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жана райондорунда региондук өнүктүрүү фонддору иштеп жатат.
Дотациялык калктуу конуштарда ачылган өнөр жай жана инновациялык ишканалар үчүн салыктык өзгөчө жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү кошо алганда, региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттер жумшалды.
Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү үчүн мыйзамдарга машина-трактордук станцияларга, соода-логистикалык борборлорго жана айыл чарба кооперативдерине салык салуунун өзгөчө жеңилдетилген режимин берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр да киргизилди. Ата мекендик өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга иштин түрлөрү боюнча 80 пайызга азайтуу менен кошумча нарк салыгын төлөө боюнча өзгөчө жеңилдиктер берилди.
Натыйжада биринчи кезекте жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана болгон сырьелук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган. Айыл чарба продукциясын сактоо, сорттоо, таңгактоо жана кайра иштетүү боюнча бир катар өнөр жай ишканалары, текстиль жана тигүү тармагындагы жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар ишке киргизилди, энергиянын альтернативдүү булактарын иштеп чыгуунун үлүшүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жалпысынан өлкөнүн региондору боюнча 300дөн ашуун жаңы ишкана ачылган.
2021-жылы миграциялык процесстерди турукташтырууга, миграцияны пайда кылган жана коштогон жагымсыз факторлорду жумшартууга жана минималдаштырууга жана социалдык, экономикалык, билим берүү, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасын жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө мигранттардын, диаспоралардын жана мекендештердин инвестицияларын тартуу боюнча механизмдерди киргизүүгө багытталган 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясы кабыл алынган.
Жүргүзүлгөн иштерге карабастан системалык өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен ресурстук колдоону талап кылган негизги проблемалар сакталууда.
§ 2. Региондорду өнүктүрүүдө диспропорциялар
Калк жана эмгек рыногу. Кыргыз Республикасынын аймагы тоолуу рельефинен улам бирдей эмес жердештирилген. Туруктуу калктын орточо жыштыгы 1 кв. километрге 35 адамды түзөт. Эң жыш жайгашкан Чүй өрөөнү, аянты боюнча өлкөнүн аймагынын 10,2 пайызын ээлейт, мында калктын жыштыгы 1 кв. километрге 107 адамды түзөт. Кыргызстандын салыштырмалуу жыш отурукташкан аймактарына Ош облусу жана Ош шаары кирет (1 кв. километрге 61 адам), анда калктын 25,8 пайызы жашайт. Башка облустарда калктын жыштыгы төмөнкүлөрдү түзөт: Баткен жана Жалал-Абад – 1 кв. километрге тиешелүүлүгүнө жараша 33 жана 38 адам, Талас облусунда – 24 адам. Калктын жыштыгы төмөн калк аз отурукташкан облустар болуп Нарын – 1 кв. километрге 7 адам жана Ысык-Көл (1 кв. километрге 12 адам) саналат.
2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 7161,9 миң адамды түздү, анын ичинде 2496,9 миң адам шаарда жана 4665,0 миң адам айыл жергесинде жашаган калк. Акыркы 5 жылда республиканын калкынын саны 638,4 миң адамга өстү.
Акыркы 5 жылда (2018-жылдан 2022-жылга чейин) экономикалык активдүү калктын саны 6,9 пайызга өстү жана 2712,7 миң адамды түздү. Экономикалык активдүү калктын санынын негизги үлүшү Ош облусуна (23,6 пайыз), Бишкек шаарына (18,9 пайыз) жана Жалал-Абад облусуна (13,6 пайыз) туура келет. Экономикалык активдүү калктын саны 3,8 пайызга же 7,5 миң адамга азайган Баткен облусу менен 1,9 пайызга же 7,1 миң адамга азайган Чүй облусун кошпогондо, 2018-жылдан тартып бардык региондордо экономикалык активдүү калктын санынын өсүшү байкалууда.
Жумуштуулук деңгээлиндеги диспропорциялар 20 пайыздан ашат. Алсак, жумуштуулуктун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда (48,9 пайыз), эң жогорку деңгээли – Ош облусунда (68,7 пайыз).
2022-жылы жүргүзүлгөн улуттук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча калктын жалпы санынын ичинен 1 094,5 миң адам өзүнүн туруктуу жашаган жеринде убактылуу жок экендиги, мында 857,6 миң адам (50 пайызэркек жана 50 пайыз аял) эмгектик миграцияда өлкөнүн чегинен тышкары жүргөндүгү аныкталган, бул экономикалык активдүү калктын санынын болжол менен 32 пайызын түзгөн.
Ошондой эле 2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча эмгекке жарамдуу курактагы болжол менен 113,0 миң кайтып келген мигрант (66пайыз – эркектер жана 34пайыз – аялдар) эсептелген. Мобилдүүлүктү көзөмөлдөө матрицасынын (МКМ) маалыматтарына ылайык эмгек мигранттарынын кайтып келүүсүнүн саны боюнча Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустары алдыда, мында МКМ ылайык кайтып келген мигранттардын 31пайызы гана жергиликтүү эмгек рыногуна жумушка орношот.
Макроэкономика. 2019-жылдан 2024-жылга чейин Кыргыз Республикасында экономиканын туруктуу өсүшү байкалган: 2019-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде ички дүң продуктунун (мындан ары – ИДП) жылдык орточо өсүшү 4,2 пайызды түздү. COVID-19 пандемиясы экономикалык өсүшкө терс таасирин тийгизди, бирок кийинки үч жылда (2021–2023-жылдары) экономика жылдык орточо жогорку өсүштү 7,8 пайыз деңгээлинде көрсөттү, бул негизинен учурдагы түзүлгөн геосаясий кырдаалдын (реэкспорт) аркасында мүмкүн болду.
Бирок экономиканын өсүшү региондор боюнча бирдей эмес, бул облустар боюнча байкалат. Алсак, ИДПны өндүрүүнүн негизги үлүшү (78,0 пайыз) Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет. Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын жалпы үлүшү 22,0 пайызды түзөт. Көрсөтүлгөн облустарда ИДПны өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү олуттуу үлүштөр Жалал-Абад облусунун аймагында республикада иштелип чыккан электр энергиясынын болжол менен 90,0 пайызы өндүрүлгөндүгүнө, Ысык-Көл облусунда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча ишканалар жайгашкандыгына, Чүй облусунда ири өнөр жай ишканалары жайгашкандыгына байланыштуу. Бишкек шаарында ири ишканалар жайгашкан, чакан жана орто бизнес, ошондой эле көпчүлүк ири базарлар топтолгон. Калктын жан башына ИДП Бишкекте Ош облусуна караганда жети эсе, Жалал-Абад жана Нарын облустарына караганда төрт эсе көп.
Өнөр жай. Республиканын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири болуп саналган өнөр жайда диспропорциялар байкалат, анын ИДПга кошкон жалпы салымы 16,0 пайызды түзөт жана 4,8 пайыз өлчөмүндө жылдык орточо өсүштү көрсөтөт. Бардык иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын дээрлик төрттөн бири (1096) Бишкек шаарында (39,5пайыз) жана Чүй облусунда (республиканын бардык ишканаларынын 624 же 22,5 пайызы) иштейт. Республиканын өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө эң көп салыштырма салмакты Чүй облусу – 45,1 пайыз, Жалал-Абад облусу – 10,9пайыз, Ысык-Көл облусу – 17,0 пайыз жана Бишкек шаары – 14,1пайыз ээлейт.
Өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүндөгү аймактык диспропорциялар абдан чоң. Алсак, Чүй облусу калктын жан башына продукциянын көлөмү боюнча Баткен жана Ош облустарынан 21 эсе, Нарын облусунан жана Ош шаарынан 10 эсе ашып түшөт.
Региондорду өнүктүрүү боюнча өнөр жай чөйрөсүндөгү негизги проблемалар болуп төмөнкүлөр саналат: бардык аймактарда заманбап өндүрүш үчүн институттук жана инновациялык иштеп чыгууларды киргизүү үчүн зарыл болгон өндүрүштөрдүн, квалификациялуу адистердин жана жумушчу күчтүн бирдей эмес бөлүштүрүлүшү; транспорттук байланыштын төмөн деңгээли жана логистиканын бузулушу; тышкы рыноктор менен интеграциялоо проблемалары, анын ичинде соода тоскоолдуктары; айрым аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн энергия ресурстарынын жетишсиздиги.
Алардын адистештирилүүсүн эске алуу менен конкреттүү региондорго даректелген тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүнүн системалуу чаралары жана өнөр жай ишканаларын түзүү жана кайра ишке киргизүү үчүн зарыл шарттар жок.
Мамлекеттик колдоонун тармактык артыкчылыктары жумуш орундарын түзүү жана урбанизация деңгээлинин өсүшү үчүн айыл калкы басымдуулук кылган региондордо кошумча наркы төмөн өнөр жайдын салттуу тармактарын (тигүү өнөр жайы, тамак-аш өнөр жайы ж.б.) өнүктүрүүгө багытталган. Көбүрөөк кошумча наркы бар экономика, баарынан мурда инновациялык жана креативдүү экономика чөйрөсүндө, ошондой эле жогорку технологиялар чөйрөсүндө региондук адистештирүү багытында мамлекеттик колдоо жок.
Айыл чарбасы. Айыл жергесинде өлкөнүн жалпы калкынын 65 пайызы жашайт, ал эми айыл чарбасында иштегендердин үлүшү экономикалык активдүү калктын болжол менен 20 пайызын түзөт. Кыргыз Республикасынын ИДПсында айыл чарбасынын үлүшү (10,9 пайыз) Россия Федерациясындагы (4,5 пайыз) жана Казакстандагы (5,3 пайыз) ушул сыяктуу көрсөткүчкө караганда эки эсе жогору, бирок Өзбекстандагыга (20,1 пайыз) караганда эки эсе төмөн жана 2019-жылдан баштап төмөндөө улантылууда.
Региондук өнүктүрүү боюнча айыл чарбасынын проблемалары өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактарда жашоо деңгээлин колдоо жана теңдештирүү үчүн өзгөчө мааниге ээ, ал жерлерде айыл чарбасы аз продуктивдүү жана атаандаштык жетишсиз бойдон калууда. Негизги экспорттук жана өздүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк проблемасы курчушу мүмкүн, айрыкча кошуна өлкөлөрдүн өздөрүнүн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн берген теңдешсиз ири инвестицияларын эсепке алганда. Тоолуу региондордо, тобокелдүү дыйканчылык зоналарында финансылык туруксуздуктун жогорку деңгээли жана чакан дыйкан (фермер) чарбаларынын кирешелүүлүгүнүн төмөндүгү, билим деңгээлинин жетишсиздиги, айыл чарба техникаларын, жогорку түшүмдүү үрөндөрдү, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди, башка адистештирилген товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана жаңылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу байкалат.
Кызмат көрсөтүүлөр жана инфраструктура. Региондорду бирдей эмес өнүктүрүү географиялык жайгашуусу, ошондой эле инфраструктураны жайгаштыруудагы айырмачылыктар, колдо болгон ресурстарга (анын ичинде финансылык) жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүнө жеткиликтүүлүктүн чектелиши менен шартталган.
2019–2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча колдонуудагы “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасы калктын саламаттыгына инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо үчүн программалык-максаттуу мамилеге негизделген, милдеттердин жана чаралардын зарыл топтомун камтыйт, бирок региондук детализацияга ээ эмес жана ден соолуктун максаттуу көрсөткүчтөрүн жана ар кандай аймактар үчүн саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камтыбайт.
Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү саясат региондорду өнүктүрүү боюнча айрым элементтерди камтыйт, мамлекеттин күч-аракетин айрым аймактардын айрым проблемаларын чечүүгө багыттайт. Бирок чечүү үчүн аймактардын артыкчылыктуу проблемаларын тандоо системалуу эмес бойдон калууда. Региондордо көптөгөн аймактар үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган стационарларга, бир багыттагы адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү проблемасы бар. Врачтык кадрлар менен камсыз болууда олуттуу аймактык дисбаланс сакталууда: 10 миң калкка врачтар менен камсыз болуунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында (тиешелүүлүгүнө жараша 22,8 жана 24,1) белгиленген. Айрым айыл жерлеринде жана жетүүгө кыйын райондордо бул көрсөткүч 10 миң калкка 7ден азды түзөт (Нарын, Жети-Өгүз, Манас райондору). Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга комплекстүү мамиле жок, анткени айрым аймактык саламаттык сактоо мекемелеринде заманбап жабдуулар бар, бирок анда иштей турган адистер жок жана тескерисинче.
Кесиптик билим берүү чөйрөсүндө орто звенодогу адистерди даярдоодо экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүндө (энергетика, айыл чарбасы, туризм ж.б.) боштуктар орун алууда. Мектептерде жаштарга суроо-талапка ээ жумуштук кесиптерге даярдоого багытталган кесиптик багыт көрсөтүү жетишсиз өнүккөн. Кесиптик билим берүү системасынын, анын ичинде аймактык олуттуу тең салмаксыздыгы байкалат: кесиптик лицейлердин көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде (56 пайыз); колледждердин көпчүлүк бөлүгү шаарларда (96 пайыз) жайгашкан, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бир катар облустарында кесиптик лицейлерде берилүүчү кесиптер ушул эле региондо кесиптик орто окуу жайлары сунуш кылган кесиптер менен улантуучулукка ээ эмес жана кийинки билим берүү деңгээлинде өз адистиги боюнча окуусун улантуу үчүн кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү адистигин/адистешүүсүн алмаштырууга же көчүп кетүүгө аргасыз болушат. Айрыкча чакан шаарларда жана айыл жерлеринде кошумча кесиптик билимге жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жетүү мүмкүндүгүнүн чектелиши калктын эмгек рыногуна чыгуусу, чакан дыйкан чарбаларынын айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, өз алдынча иш менен камсыз болуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн тоскоолдук болуп саналат.
Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө маанилүү чечим кабыл алынды – жеке ишмердүүлүк түрүндө мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн тарбиячыларды сертификаттоонун жөнөкөйлөтүлгөн системасы иштелип чыкты. Бирок мектепке чейинки билим берүү программаларына жетүү мүмкүндүгү проблемасы курч бойдон калууда – мектепке чейинки курактагы балдардын болжол менен төрттөн бир бөлүгү камтылган. Ошол эле учурда аймактык ажырым өтө чоң: эгерде Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 39,3 пайызды түзсө, Ош облусунда болгону 23,9 пайыз. Мындай жагдай мектептик билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизүүдө, мында аймактык диспропорциялар да белгиленип, камтуу деңгээли төмөндөйт. Алсак, Баткен облусу менен Бишкектин ортосундагы орто мектептик билим берүү менен камтуудагы ажырым 2017-жылы 28 пайызды түзсө, 2022-жылы ажырым дээрлик 40 пайызга чейин өстү; Ош облусу менен Бишкектин ортосундагы ажырым 2017-жылы 32 пайыздан тартып 2022-жылы 50 пайызга чейин өстү жана бул көрүнүш бардык региондордо байкалат. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугуна карата аймактык диспропорциялар белгиленген.
Чоңдорго кошумча формалдуу эмес билим берүү чөйрөсүндөгү маанилүү өзгөрүүлөр “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамында көрсөтүлгөн, атап айтканда чоңдорго билим берүүнүн формалдуу эмес провайдерлери өткөрө турган кесиптик курстардын бүтүндөй спектрин лицензиялоонун милдеттүү шарттары жокко чыгарылды. Бирок лицензияланууга тийиш болгон курстардын тизмеси дагы эле көлөмдүү бойдон калууда, ал эми лицензиялоодон бошотуу күчүнө кире элек, ошону менен чоңдорго билим берүүнүн формалдуу эмес провайдерлеринин чоң адамдардын жана жаштардын кеңири катмарлары үчүн билим берүү кызматтарынын спектрин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү чектелген.
Билим алууга жетүү мүмкүндүгүндөгү аймактык теңсиздиктин башка аспекттери жана проблемалары билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасынын эскиргендигин, окуу китептеринин жетишсиздигин, лабораториялык жана башка инновациялык жабдуулардын жетишсиздигин (жоктугун); демографиянын өсүшүнүн, региондордо жумуш орундарынын жоктугунан ата-энелердин ички жана тышкы миграциясынын, керектөөлөрдү эске албастан окуу жайларынын курулушунун натыйжасында региондор боюнча окуу жайларына (айрыкча балдар бакчаларына жана мектептерге) бирдей эмес жүктөмдү жана башкаларды камтыйт.
Турмуш-тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүнө жана бюджеттик система аркылуу жетиштүү деңгээлде теңдештирилбеген башка жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө карата аймактык диспропорциялар сакталууда. 2021-жылы жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону талдоо Кыргыз Республикасынын шаарларында турак-жай коммуналдык чарбаны жан башына каржылоонун деңгээлдеринин ортосундагы ажырым өтө эле чоң экенин көрсөттү. Мисалы, Кант шаарында бул көрсөткүч бир тургунга 3041 сомду, ал эми Көк-Жаңгак шаарында 223 сомду гана түзгөн, бул 14 эсеге аз. Мында жарандар үчүн бардык негизги кызмат көрсөтүүлөр – ичүүчү суу менен камсыздоо, жергиликтүү жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, таштандыларды тазалоо жана башкалар так ушул ТКЧ беренеси боюнча каржылана тургандыгын түшүнүү маанилүү. ЖӨБ айылдык органдарында да абал анча жакшы эмес: мисалы, Аламүдүн районунда ЖӨБ органдары бир тургунга 1216 сом суммасында ТКЧ каржылаган, ал эми Панфилов районунда – 109 сомго гана, бул 11 эсеге аз. Социалдык коргоого кеткен чыгымдарды каржылоодо кыйла олуттуу аймактык ажырымдар байкалат: Ак-Талаа районунун ЖӨБ айылдык органдарында бир тургунга чыгымдардын суммасы 221 сомду түзгөн, ал эми Кадамжай жана Манас райондорунда тийиштүү көрсөткүч бир адамга 10 сомду гана түзгөн, башкача айтканда 22 эсеге аз. Айрым маселелерди жергиликтүү маанидеги маселелерге максатка ылайыксыз киргизүү өзүнчө проблема болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети болуп мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү куруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарында электрондук башкарууну киргизүүнү тездетүү белгиленген. Экономиканын бардык тармактарын санариптик трансформациялоо жана “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик башкаруу системасын электрондук форматка өткөрүү бюрократияны кыйла кыскартууга, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштырууга, мобилдик жана ийкемдүү мамлекетти түзүүгө жана ар кандай заманбап чакырыктарга, жарандардын жана бизнестин суроо-талаптарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Региондорду тең салмактуу өнүктүрүү боюнча мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасын түзүү негизги мааниге ээ жана тиешелүү милдет 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясында белгиленген. 2024-жылдан тартып мейкиндик маалыматтарынын геопорталы иштеп жатат, бирок негизги каркастары – шаардык, транспорттук, энергетикалык, экологиялык каркастары жок, статистикалык катмарлар азырынча анча чоң эмес, ал эми региондордун өнүгүүсүн мейкиндиктик башкаруу максаттары үчүн чоң күч-аракет талап кылынат.
Региондордун өнүгүшүнө жана өнүгүүдөгү аймактык диспропорцияларга терс таасирин тийгизүүчү башка негизги фактор болуп Интернеттин жайылуу деңгээлинин төмөндүгү саналат. Мобилдик тармактар калктын 99 пайызын камтыганына карабастан, сапаттуу интернет баарына эле жеткиликтүү эмес. Айрыкча бул кең тилкелүү интернетке кирүү мүмкүндүгү чектелген айыл жерлерине жана алыскы райондорго тиешелүү. Бул санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга тоскоолдук кылат жана жалпы санариптештирүү процессин жана региондорду өнүктүрүүнү жайлатат.
Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүндө жана ЖӨБ органдарында маалыматтык технологиялар боюнча адистер да, калган персоналда санариптик көндүмдөр да өтө жетишпейт. Жергиликтүү деңгээлде өнүгүүнү пландаштыруу системасын өнүктүрүү үчүн “Санарип Аймак” АМСте пландаштыруунун жана божомолдоонун санариптик модулдары жана санариптик маалыматтар өтө эле жетишсиз. Региондорду өнүктүрүү контекстиндеги проблема “чоң маалыматтарды” пайдалануу үчүн механизмдердин жана адистердин жоктугу болуп саналат.
Региондорду тең салмактуу өнүктүрүү көз карашынан алганда, региондордун жана калктуу конуштардын транспорттук жеткиликтүүлүгү негизги мааниге ээ. Тоолуу рельефке байланыштуу Кыргыз Республикасында транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту болуп саналат жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүргүнчүлөрдүн 98 пайызга жакыны жана жүк ташуулардын 96 пайыздан ашыгы камсыз кылынат. Жыл сайын 40 млн тоннага чейин ар кандай жүктөр жана 640 млн чейин жүргүнчүлөр ташылат. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында 1 837 калктуу конуш бар, алардын ичинен 1 661 калктуу конуш автобустук каттам менен камтылган, бул 90,4 пайызды түзөт, 176 (9,6 пайыз) камтылган эмес. Бирок жүргүнчүлөрдү ташуу менен камтуу байланыштуулук критерийлерине канчалык жооп берерин баалоо талап кылынат, анын ичине жолдордун сапаты жана төшөлмөсү кирет. 2024-жылы жолдордун 20 пайыздан ашыгына кара шагыл жана топурак төшөлгөн. Региондордун транспорттук байланыштуулугу изилдене элек, анын көрүнө жетишсиздиги мамлекеттик программалык документтерде проблема түрүндө баяндалган эмес жана жол тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарына киргизилген эмес.
Транспорттук байланыштуулукка Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүчү темир жолдордун транзиттик каттамдарынын жоктугу, Кыргыз Республикасынын түндүгү жана түштүгү боюнча өткөн темир жол магистралдарынын чачыранды болушу терс таасирин тийгизет.
§ 3. Аялуулук жана тобокелдиктерге туруктуулук
Экономикалык аялуулук жана жумушчу күчтү жоготуу. Ковидден кийинки акыркы жылдардагы экономикалык өсүш көбүнчө реэкспорт менен шартталган. Геосаясий кырдаал кескин өзгөргөн учурда экономикалык төмөндөө коркунучу өтө чоң жана урбанизацияланган аймактардын жана таяныч региондордун экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү жана өзгөчө көңүл буруу аймактары үчүн колдоонун жаңы механизмдерин киргизүү жолу менен аймактардын экономикалык потенциалын бекемдөө боюнча күч-аракеттерди талап кылат.
Кыргыз Республикасы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана эмгек рыногунун өнүгүшүнүн бир бөлүгү катары олуттуу деңгээлде эмгек миграциясына көз каранды. 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны 857,6 миң адамды түзгөн. Украинанын айланасындагы жана COVID-19 пандемиясынын убагындагы кырдаал көрсөткөндөй мигранттардан түшкөн кирешелер кескин азайган же алар массалык түрдө кайтып келген учурда, миграция өлкө үчүн аялуулукту жаратат. Алсак, 2023-жылы чет өлкөлөрдөн эмгек мигранттарынын акча которууларынын агымы дээрлик эки эсеге азайып, 173,7 млрд сомду түзгөн (2022-жылы – 255,4 млрд сом).
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети миграциялык баланстын нөлдүк сальдосуна жетишүү үчүн иш-чараларды өткөрүүдө жана эмгек мигранттарын Кыргызстанга акырындык менен кайтаруу боюнча чараларды иштеп чыгууда. Ошондуктан Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында жарандардын жана мигранттардын каражаттарын жер-жерлерде инвестициялык долбоорлорго инвестициялоо үчүн негиздерди түзүү каралган.
Кайтып келген мигранттарды колдоо максатында Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) тарабынан “1+1” моделине негизделген Үлүштүк гранттар программасы ишке ашырылууда. “1 + 1” программасы туруктуу жашоо каражаттарын, экономикалык өсүштү жана социалдык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн финансылык которууларды акыл менен колдонууга жана салым салууга, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн убагында мигранттардын алган билимине менен көндүмдөрүнө негизделген. Кайтып келген мигранттардын бизнес-долбоорлорго инвестициялары донор тарабынан бирдей көлөмдө каржыланат. Биргелешкен каржылоого мындай мамиле мигранттардын инвестицияларынын таасирин күчөтүп, аларга бизнес-ишканаларын ачууга же кеңейтүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана жергиликтүү экономикага кыйла натыйжалуу салым кошууга мүмкүндүк берет. Программанын алгачкы жыйынтыктары бул механизм кайтып келген мигранттарга жашоого ыңгайлуу бизнести түзүү үчүн өз көндүмдөрүн жана тажрыйбасын ийгиликтүү колдонууга жардам берерин көрсөттү, бул болсо жумуш орундарын түзүүгө, кирешени көбөйтүүгө жана ишти кеңейтүүгө алып келет.
Климаттын өзгөрүшүнө аялуулук.Кыргызгидрометтин байкоолоруна ылайык бир нече жылдан бери Кыргызстанда регионго жана жылдын мезгилине жараша өзгөрүп турган климаттык өзгөрүүлөр байкалууда. Кыргызстанда март айында кыйла бат темп менен (ар бир 10 жылда орточо эсеп менен 0,8 градуска, ал эми айрым жерлерде 1 градустан жогору) жана февралда (ар бир 10 жылда орточо эсеп менен 0,4, ал эми айрым жерлерде 0,7 градуска чейин) жылыйт.
Жылдын жылуу мезгилинде, өзгөчө Кыргызстандын өрөөндүк зоналарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жылуулук толкундары сыяктуу жаратылыш кубулуштары кыйла көп байкала баштады.
Стресстин көптөгөн факторлоруна дуушар болгон Кыргыз Республикасынын аялуу тоо экосистемалары климаттын өзгөрүшүнө кыйла аялуу. Региондор экстремалдык аба ырайы кубулуштарынын жыштыгынын жана интенсивдүүлүгүнүн жогорулашына, жаан-чачындын өзгөрүшүнө жана кургакчылыктын күчөшүнө дуушар болот деп болжолдонууда. Бул таасирлер ансыз деле түгөнгөн жана ашыкча эксплуатацияланган жаратылыш ресурстарына оорчулук келтирет, ошону менен айылдык жамааттардын жана алардын жашоо каражаттарынын аялуулугун жогорулатат.
Өлкөдө табигый өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн азайышы байкалууда. Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн тездик менен эриши жана дарыялардын үстүңкү агымында байкалаарлык өзгөрүү болуп, ичүүчү суу менен камсыздоо тобокелдиктери көбөйүүдө. Климаттын өзгөрүшүнө кыртыштын жана жайыт жерлердин деградациясы да байланыштуу, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаратат.
Сууга болгон суроо-талаптын өсүшү жана сууну натыйжасыз пайдалануу учурдагы суу ресурстарын башкарууга оорчулук келтирет. Климаттын өзгөрүшү азык-түлүк коопсуздугунун начарлашына алып келүүдө, суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин коюуда, калктын ден соолугунун абалына жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Климаттын өзгөрүшү экономиканын өнүгүшүн начарлатып, көбүнчө аба ырайы катаклизмаларынан эң көп жапа чеккен, бирок глобалдык жылуулук проблемасынын келип чыгуусуна баарынан аз катышкан калктын жакыр катмарынын мойнуна кошумча жүк жүктөйт.
Айлана-чөйрөнүн аялуулугу. Региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорциялар жана региондорду өнүктүрүүнү башкаруунун натыйжалуу системасынын жоктугу табигый экосистемаларды, биологиялык жана генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндө тобокелдиктерди күчөтөт. Бул тобокелдиктерди башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоочу аймактары аныкталган, алар өзүнө 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын, мамлекеттик токой фондунун геологиялык парктар расмий статусу жок 2,5 млн гектар жерин камтыйт.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана экосистемаларды сактоо проблемалары башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда артыкчылыктуу болуп саналбайт, пландаштыруу системасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналбайт.
Региондорду өнүктүрүүнү пландаштырууда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ландшафттарын жана табигый экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү контекстин эске алуу проблемалары маанилүү жаратылыш объекттери үчүн туристтик жүктөмдү эсептөөнүн жоктугунда көрүнөт. Жергиликтүү өнүгүү пландарында экологиялык стандарттарды эсепке алуу жок, бул экосистемалардын бузулушуна жана туристтик жагымдуулуктун жоголушуна алып келиши мүмкүн. Туруктуу токой пайдалануу жана органикалык айыл чарба принциптерин колдонуу жок, айыл чарбасын өнүктүрүү, биотүрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү стратегияларынын ортосундагы өз ара байланыштар жетиштүү иштелип чыккан эмес. Экологиялык жактан таза продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү үчүн туруктуу жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө финансылык жана консультациялык колдоо жок; продуктуларды экологиялык стандарттарга ылайык сертификаттоо системасы жетишсиз. Жергиликтүү калктын жаратылыш ресурстарын башкарууга пассивдүү катышуусу кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана нааразычылыктарга алып келет, жаратылышты коргоо иш-чараларынын натыйжалуулугун төмөндөтөт; жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануунун натыйжалуу укуктук механизмдеринин жоктугу мыйзамсыз иштин, анын ичинде токойду мыйзамсыз кыюунун жана браконьерликтин жайылышына алып келет.
Жаратылышты коргоонун төмөн натыйжалуулугунун проблемалары курч турат: шаар куруу жана калктуу конуштарды кеңейтүү жаратылыш факторлорун жана климаттын өзгөрүшүн кошо алганда, айлана-чөйрөнүн сапатын баалоону эсепке албастан жүзөгө ашырылууда, бул экологиялык мейкиндиктин фрагментациясына жана түрлөрдүн популяцияларынын бөлүктөрү менен алардын ареалдарынын ортосундагы табигый байланыштардын жоголушуна алып келет (жаратылышты коргоо участокторунун өнүккөн тармагы түрүндөгү экологиялык каркастардын жетишсиз өнүгүшү биотүрдүүлүктүн жоголушуна жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдүн начарлашына алып келиши мүмкүн). Корголуучу суу экосистемаларынын чектелген аянты (рамсар жерлери) суунун булгануу, биотүрдүүлүктүн жоголуу, ал тургай экологиялык катастрофалар коркунучун жогорулатат; геологиялык парктардын расмий статусунун жоктугу алардын сакталышына жана өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн, анткени геологиялык парктарды башкаруудагы белгисиздик уникалдуу геологиялык түзүлүштөрдүн туура эмес пайдаланылышына жана бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдарга аялуулук. Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык жайгашуусунан улам көптөгөн табигый кырсыктарга дуушар болууда.
Адамзаттын өнүгүшүнүн азыркы этабында, калктын санынын, анын жыштыгынын өсүшүнүн шарттарында өзгөчө кырдаалдарга аялуулук маселеси авариялардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын санынын өсүшүнө пропорционалдуу болот, адамдардын өлүмүнө алып келүүчү жана өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүчү көрүнүштөрүнүн масштабы көбөйүүдө. Алсак, 2013-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде республиканын аймагында ар кандай мүнөздөгү 1480 өзгөчө кырдаал расмий катталган; каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жана жабыркагандардын саны 3444 адамга жеткен (анын ичинде 1356 – COVID-19 пандемиясынан); кырсыктардан болгон түз экономикалык жоготуулар – 13 млрд 336 млн сомду (ИДПдан 0,22%) түзгөн.
Бул мезгилде катталган өзгөчө кырдаалдар азайтуу тартибинде төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: сел жана суу ташкындары, кар көчкүлөр, ири өрттөр, катуу шамал, ири жол-транспорт кырсыктары, жер титирөөлөр, жер көчкүлөр, жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашына байланыштуу суу ташкындары жана башкалар.
Үшүк, мөндүр, эрте жааган кар сыяктуу коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштардан айыл чарбасында катталбаган жоготуулардын жана зыяндын саны да өтө жогору жана алар көпчүлүк учурларда катталбайт. Эксперттик маалыматтарга ылайык үшүктөн 2020-жылы эле айыл жана токой чарбаларындагы жоготуулар 450 млн сомдон ашып, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарына таасирин тийгизген.
Эсепке алынбаган жоготуулар жана зыяндар Кыргыз Республикасында табигый жана техногендик коркунучтарды изилдөөдө көп ведомстволук мамиленин сакталгандыгы, бардык тармактарда эсепке алуунун жана талдоонун системалаштырылбагандыгы менен байланышкан, бул тобокелдиктерди толук камтууну камсыз кылбайт. Коркунучтуу гидрометеорологиялык кубулуштарга жана табигый процесстерге, иш жүзүндө оор өзгөчө кырдаалдарга алып келбеген жана камсыздандыруу учурларына киргизилбеген техногендик жана биологиялык-социалдык коркунучтарга карата эсепке алуу жана талдоо көйгөйү өзгөчө курч турат. Эсепке алынбаган жана көзөмөлдөнбөгөн мындай көрүнүштөр келечекте олуттуу зыян алып келиши мүмкүн, бул көрүнүштөрдүн пайда болуу коркунучун азайтуу боюнча иштердин комплексин уюштуруу боюнча күч-аракетти талап кылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу кризистик жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо, коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана жашоо чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маалыматтык системалар дагы эле начар интеграцияланган.
Бул маалыматтык системалардын ар түрдүүлүгү жана көз карандысыздыгы алардын өз ара аракеттенүүсүн кыйындатат, маалыматтык-техникалык коштоого жана эксплуатациялоого жалпы финансылык чыгымдарды көбөйтөт. Ыкчамдуулук төмөндөйт, натыйжада кризиске каршы башкарууну мындай “жамаачы” маалыматташтыруу мамлекетке өтө кымбатка турат жана мүмкүн болуучу терс социалдык-экономикалык жана саясий кесепеттердин деңгээлин андан ары төмөндөтүүнү камсыз кылбайт.
Өзгөчө кырдаалдарды экономиканын бардык тармактарын жана өнүгүү чөйрөлөрүн камтыган жана геофизикалык, табигый, техногендик, социалдык жана конфликттик мүнөздөгү кооптуу процесстер жана кубулуштар менен байланышкан маселелердин кеңири спектрин козгогон өтмө багыт катары кароо зарыл.
Аймактык жана региондук деңгээлдерде тиешелүү бюджеттерди өнүктүрүүнү жана түзүүнү стратегиялык пландаштырууда өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, алдын алуу жана аларды жоюуга даярдык көрүү боюнча иш-чараларды кароо зарыл.
§ 4. Административдик-аймактык реформа
Административдик-аймактык реформа аймактык түзүлүштү рационалдаштыруу жана оптималдаштыруу, жер-жерлерде башкаруу функцияларынын кайталанышын кыскартуу, административдик- аймактык бирдиктерди ирилештирүү (консолидациялоо), региондордун социалдык-экономикалык жана жаратылыш-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде калкка сапаттуу, жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкаруу системасындагы түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында (мындан ары – Улуттук программа) административдик жана региондук түзүмдү жана башкарууну реформалоо региондорду өнүктүрүүдөгү чоң диспропорцияларды, башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы башкаруучулук ажырымдарды четтетүүгө жана региондорду өнүктүрүүгө түздөн-түз көңүл бурууга тийиш экендиги белгиленген.
Административдик-аймактык реформанын милдеттеринин арасында административдик-аймактык бирдиктердин калкынын санындагы диспропорцияларды кыскартуу болгон. Алсак, өлкөнүн аймагында калкынын саны 500 адам жана калкынын саны 45 миң жана андан көп болгон айылдык аймактар болгон. Ошондой эле аймактар курамына кирген айылдардын саны боюнча айырмаланган (бирден онго чейинки айыл).
Ирилештирүү жолу менен айылдык аймактардын жана айрым шаарлардын социалдык-экономикалык потенциалын күчөтүү талап кылынган, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгында белгиленген.
Реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” жана 2023-жылдын 3-апрелдеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыктарына ылайык пилоттук режимде башталган. Ушул Жарлыктарды аткаруу максатында Ысык-Көл облусунун Түп районунда 13 айыл аймагы беш айыл аймагына, ал эми Нарын облусунда 63 айыл аймагы ирилештирүү жолу менен 27 айыл аймагына бириктирилген.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда алынган тажрыйбаны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өлкөнүн бардык региондорунда айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде административдик-аймактык реформа жүргүзүү милдети коюлган, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынган жана пилоттук режимде айыл аймактарынын жана Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформалар жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасында башкаруу системасын реформалоону камсыз кылуучу жаңы административдик-аймактык түзүлүштү уюштурууну мыйзам менен бекитүү максатында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, аны менен административдик-аймактык реформанын натыйжалары боюнча өлкөнүн бардык региондорунда административдик-аймактык бирдиктер бекитилген.
Аталган мыйзам менен 231 бириккен айылдык аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын административдик чектери схемалык картанын жана чегинин баяндамасынын негизинде түзүлгөн жана бекитилген.
§ 5. Региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасы
“Регион” түшүнүгүнүн аныктамасы ченемдик укуктук талаада жок, бирок түшүнүктүн өзү башкаруунун бардык деңгээлдеринде кеңири колдонулат. Программа төмөнкүдөй аныктаманы киргизет: регион – окшош жана бири-бирин толуктап турган өнүгүү потенциалына, жалпы ички жана тышкы байланыштарга ээ аймактардын (облустар, райондор же айыл аймактары) жыйындысы. Регион пландаштыруу объекти болуп саналат, белгилүү бир чөйрөдө же бир нече чөйрөлөрдүн жыйындысында таасир этет.
Региондук өнүгүү мамлекеттик бийликтин, жеке сектордун жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери менен максаттуу багыттарга жетишүүнү болжолдойт.
Региондорду өнүктүрүүнү пландаштыруу жана мониторинг жүргүзүү процесси аналитикалык жана туруктуу мүнөздө болушу керек жана теория жана практика тарабынан текшерилген өнүктүрүүнүн жана системалык башкаруунун илимий негизделген методдоруна, ошондой эле жеткиликтүү жана ар түрдүү маалыматтардын массивине, анын ичинде социалдык, экономикалык, экологиялык жана мейкиндиктик маалыматтарга, ошондой эле тиешелүү аймактын калкынын артыкчылыктуу муктаждыктары жөнүндө сапаттык жана сандык маалыматтарга таянышы керек.
Реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда региондорду өнүктүрүүдө колдонулган ыкма күтүлгөн натыйжаларга алып келбейт. Ресурстарды бюджеттер аралык кайра бөлүштүрүү механизми жалпы багыттагы мамлекеттик функцияларды аткарууга жана айрым кызмат көрсөтүүлөргө карата салыштырмалуу теңдештирүүнү камсыз кылууга гана мүмкүндүк берет, бирок региондорду өнүктүрүүдө, жарандардын жашоо деңгээлинде олуттуу аймактык диспропорцияны кыскартууга мүмкүндүк бербейт.
Региондордо социалдык суроо-талаптын бир гана инфраструктуралык көйгөйлөрдөн адамдын жашоосу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, анын ичинде анын социалдык, технологиялык, маданий жана экологиялык аспектилерине жылышуусу белгиленүүдө. Көптөгөн жергиликтүү жамааттар суу, электр энергиясы, жолдор сыяктуу негизги жашоо-тиричилик кызматтарына ээ болушту жана бара-бара артыкчылыктуу муктаждыктарын экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, социалдык жана жеке өнүгүүгө, коопсуз жана туруктуу тышкы чөйрөгө буруп жатышат. Ошентип, тазалоочу курулмаларды жана айылдык канализацияны орнотуу; жеке өнүгүү үчүн жергиликтүү маданий, спорттук жана социалдык кызматтарды уюштуруу; финансылык, технологиялык жана маалыматтык ресурстарга жетүү жолу менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө көмөктөшүү боюнча суроо-талап өстү. Бул жылыш калктын бардык топторун, анын ичинде аялуу топторду экономикалык жүгүртүүгө тартууга багытталган инклюзивдик өнүгүүнү пландаштырууга өтүүнү талап кылат.
Ошону менен бирге, жашоо-турмушту камсыз кылуунун базалык кызматтары чөйрөсүндө, атап айтканда, калдыктарды утилдештирүү чөйрөсүндө инфраструктуралык маселелер чечилбеген бойдон калууда, ал иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктук жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнөн жогору турат жана башкаруунун жогору турган деңгээлдери менен бирдикте макулдашылган пландоо аракеттерин талап кылат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы үчүн региондук өнүгүүнү башкарууга жана пландаштырууга миграциялык маселелерди активдүү киргизүү актуалдуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүк өкүлдөрү (70%) өзгөчө Баткен жана Ош облустарында мигранттар менен иштөөдөгү өзүнүн ролун маанилүү жана келечектүү катары баалашат жана алардын калктуу конуштарында өнүгүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мигранттарды тартуу керектигине макул болушат.
§ 6. Мейкиндикти пландоо жана башкаруу
Өнүгүү программаларында мейкиндикти пландоо жана башкаруу элементтери жок. Кыргыз Республикасынын транспорттук, энергетикалык, урбанисттик алкактарды, жаратылышты коргоо тобокелдиктерин, маданий жана экономикалык катмарларды камтыган мейкиндик схемасы жок. Башкы пландардын болушунун сейрек учурлары алардын калктуу конушту өнүктүрүүнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык келечектери менен автоматтык түрдө айкалышуусун билдирбейт. Укуктук зоналарга бөлүү жана жер ресурстарын стратегиялык башкаруу практикасы өнүккөн эмес, калктуу конуштардын чектеринде жерди натыйжалуу пайдалануу чаралары жок. Атап айтканда, калктуу конуштардын вертикалдуу курулушуна дем берүү чаралары колдонулбайт. Мейкиндикти пландаштырууну өнүктүрүү боюнча чаралар мамлекеттик программалык документтерге бир нече жолу киргизилген. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 “Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн 2019–2023-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн 2019–2023-жылдарга программасы мейкиндикти пландаштырууну жана башкарууну өнүктүрүү боюнча чаралардын пакетин камтыйт: шаар куруу документтеринин толук пакетин даярдоону: улуттук деңгээлдеги башкы схемалар жана долбоорлор, шаарлардын жана айылдардын башкы пландары, деталдуу пландоонун долбоорлору, жер пайдалануу жана куруу эрежелери; Кыргыз Республикасынын шаарларын өнүктүрүү фондун жана шаарларды комплекстүү өнүктүрүүнүн жана алардын инфраструктурасынын илим-изилдөө институтун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүнү; аймактык мейкиндикти пландаштыруунун бирдиктүү системасы катары Кыргыз Республикасынын мейкиндикти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну жана киргизүүнү жана башкалар. Бирок бул чаралар аткарылган жок.
Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн геопорталын (Геопортал) иштеп чыгуу боюнча иштер аткарылды, персоналды порталды пайдалануу жана башкаруу боюнча окутуу жүргүзүлдү.
Бул Геопортал издөө, көрүү, метамаалыматтарды жүктөө, ошондой эле кирүү укуктарына жана материалдарды колдонууга лицензиянын түрүнө ылайык мейкиндик маалыматтарды жана веб-кызматтарды жүктөө жана жарыялоо менен камсыз кылат. Азыркы учурда Геопортал ишке киргизилди, Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүнүн негизги катышуучуларынын (ведомстволорунун) мейкиндиктик маалыматтарын жана тематикалык картографиялык катмарларын интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
§ 7. Региондорду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр
Урбанизация. Урбанизация Кыргыз Республикасы үчүн өнүгүүнүн актуалдуу багыты бойдон калууда.
Жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Чолпон-Ата, Кербен, Таш-Көмүр, Айдаркен шаарларынын административдик аймактары жакын жайгашкан айыл аймактарынын эсебинен ирилештирилди. Натыйжада республиканын шаарларынын калкынын саны 300,0 миңден ашык адамга көбөйдү жана өлкөнүн калкынын жалпы санынын 35,0 %ын түздү. Бирок урбанизация региондорду өнүктүрүү контекстинде статусу гана эмес, жашоо шарттары шаардыктарга туура келген калктуу конуштардын санынын өсүшүн билдириши керек. Ошондуктан жаңы урбанизацияланган аймактарда жашоо образын жана деңгээлин өзгөртүү үчүн чоң инвестиция жана башкаруу аракеттери талап кылынат.
Урбанизация чөйрөсүндө жашоо-тиричилик кызматтарын башкарууга жаңы технологияларды киргизүү, атап айтканда, саркынды сууларды чыгаруу системалары, материалдык эмес чөйрөнү – маданиятты, спортту, инновацияларды өнүктүрүү, ошондой эле аялуу топторду инклюзивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү чөйрөсүндө күч-аракеттер жетишсиз.
Туризм. Кыргыз Республикасы өзүнүн байыркы жана бай тарыхы, жагымдуу ландшафты, өзгөчө маданияты, көчмөн цивилизациясы, жандуу туристтик бренддери менен жыл бою олуттуу туристтик потенциалга ээ, аны туруктуу өнүгүүнүн алкагында ачып көрсөтүү зарыл жана ал бүгүнкү күндө жетиштүү пайдаланылбай жатат.
Туризмде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктун жана калктын, туристтик бизнестин, ассоциациялардын, туристтик дестинациялардын, менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын жана бирикмелердин ишинин артыкчылыктуу багыты туризмди туруктуу өнүктүрүү болуп саналат, ал туристтердин жана кабыл алуучу тараптардын керектөөлөрүн канааттандырууда анын учурдагы жана келечектеги экономикалык, социалдык жана экологиялык кесепеттерин эсепке алууну толук өлчөмдө камсыз кылууга тийиш.
Туризм тармагы экономиканын реалдуу секторунда туруктуу өсүү темпин сактап турат. Туристтердин көпчүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана Россиядан келишет, бара-бара башка өлкөлөрдөн: КМШ, Араб, Европа өлкөлөрүнөн, Түштүк-Чыгыш Азия жана Америкадан келгендер көбөйүүдө. Жыл сайын дүйнөлүк рейтингдерде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүнүн жакшыруу тенденциясы байкалууда.
Ата-мекендик жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен туризмди туруктуу өнүктүрүү принциптерине окутуу, инновациялык жана экологиялык жактан натыйжалуу технологияларды, туруктуу практикаларды жана финансылык инструменттерди киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Туризм индустриясы чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн негизги ролду ойнойт, калкты иш менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Туризмдеги бир жумуш орду Кыргыз Республикасынын экономикасынын чектеш тармактарында 3 жумуш ордун түзүүгө алып келиши мүмкүн.
Креативдүү экономика. Адамдын креативдүү (чыгармачыл) жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жумуш орундарын түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана алдынкы иштеп чыгуулар үчүн аянтчаны түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-апрелинде № 228 “2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган.
Креативдүү экономика жогорку технологиялар менен чыгармачылыктын кесилишинде турат, анын негизинде заманбап технологиялык платформага таянган адамдын жаратман потенциалы жатат. Өзүнүн өсүү темпи боюнча экономиканын салттуу тармактарынан озуп, креативдүү индустрия экономикалык өнүгүүнүн драйвери, жашоочулардын, өзгөчө жаштардын бакубаттуулугун жогорулатуунун жаңы булагы болуу потенциалына ээ. Маргиналдуулуктун деңгээли жогору сектор болуу менен креативдүү экономика региондордогу калктын кирешесин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, бул өзүн-өзү ишке ашыруунун жана экономикалык бакубаттуулуктун туруктуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт. Мындан тышкары, креативдүү индустрия калктын социалдык аялуу топтору үчүн социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, экономикалык ишке аялдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана башкаларды тартууга өбөлгө түзөт.
Креативдүү индустрияга элдик көркөм кол өнөрчүлүк, кол өнөрчүлүк, контент чыгаруу гана эмес, ошондой эле оюндарды жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу, уникалдуу архитектуралык чечимдерди иштеп чыгуу, дизайн, мода ж.б. чөйрөлөрдөгү иштер кирет.
Өнүккөн өлкөлөрдө креативдүү экономиканын ИДПдагы үлүшү 8 %дан 12 %га чейин, Россия Федерациясында 5 % га жакынды түзөт. Японияда креативдүү индустрияда иштегендердин үлүшү иштеген калктын 10–14 %, Улуу Британияда 10 %ды түзөт.
2023-жылы Кыргыз Республикасында креативдүү адистердин потенциалын ачуу жана өлкөбүздө инновациялык өсүшкө дем берүү үчүн түзүлгөн креативдүү индустриялар паркы түзүлдү. Парк үчүн салыктын өзгөчө режимине кирген 70тен ашык иш-чаралардын тизмеси бекитилди.
Электрондук коммерция. Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү чакан жана орто бизнес (ЧОБ) үчүн жаңы келечектерди сунуштайт. Акыркы беш жылдын ичинде электрондук соода сектору күчтүү ишкердик базасы, ишенимдүү Интернет инфраструктурасы, санариптик экономика чөйрөсүндө мамлекет менен жеке сектордун активдүү өз ара аракеттенүүсү менен шартталган тез өсүштү көрсөтүүдө.
Электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн кыргыз ишканаларынын продукцияларынын электрондук соодасын өнүктүрүү үчүн өзүнүн адистештирилген региондук интернет-платформасын түзүү зарылдыгы келип чыгууда.
Азыркы учурда интернет-соода жүргүзүүдө Amazon, Alibaba, Tmall, ТаоВао, JD.com, eBay, Wildberries, Ozon, freelance.com сыяктуу соода аянтчалары лидерлер болуп саналат, бул ушул улуттар аралык корпорациялар менен ата-мекендик продукцияны каттоо жана жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана макулдашууларга жетишүүнү талап кылат. Электрондук сооданы өз алдынча тармак катары өнүктүрүү максатында заманбап, натыйжалуу, эң жогорку стандарттарга жана керектөөчүнүн талаптарына жооп берген, бизнес жүргүзүүнүн алдынкы методдорунун эсебинен керектөөчүнүн акча жана убакыт сарптоолорун кыйла азайтууга мүмкүндүк берген электрондук сооданы кеңири жайылтуу чараларын жүргүзүү зарыл.
Ошондой эле жаштарды, аялдарды санариптик ишкердикти жүргүзүү көндүмдөрүнө окутууга тартуу, региондук бизнес-инкубаторлордун туруктуу иштешин камсыз кылуу, электрондук коммерция паркын түзүү, ишке, продукцияга, өндүрүш процессине, сапатка жана коопсуздукка талаптарды камтыган мыйзамдардын ченемдерин окутуу сыяктуу чараларды көрүү зарыл.
Жарандардын региондорду өнүктүрүүгө катышуусу. Региондорду өнүктүрүүгө жарандардын катышуусу, биринчи кезекте, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жергиликтүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга алардын катышуусу аркылуу ишке ашырылат. Бул талдоо, көйгөйлөрдү аныктоо жана өнүгүүнүн артыкчылыктары үчүн кошумча ресурс.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 586 токтому менен бекитилген 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулугунун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасы иштелип чыкты.
Токтомдо жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган аймактарды көрктөндүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана мындай долбоорлорду ишке ашырууга тартылган бардык катышуучуларга көмөк көрсөтүү каралган.
Программада шаарларга жана айыл аймактарына жергиликтүү жамааттардын демилгелеринин базасында иштелип чыккан долбоорлорду даярдоо боюнча техникалык жана методикалык жардам көрсөтүү каралган.
Программага ылайык ушул этапта жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик субсидиялоонун, жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тургундардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар катышуучулардын маалымдуулук даражасын жогорулатуунун эсебинен, ошондой эле алардын бул багыт боюнча потенциалын жогорулатуунун эсебинен сунушталган Мамлекеттик программа жергиликтүү коомчулук тарабынан сунушталган ишке ашырылган долбоорлордун санын көбөйтүүгө багытталган.
2-глава. Мамлекеттик программанын максаты
Мамлекеттик программанын максаты – туруктуу экономикалык өсүшкө жана калктын социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасынын региондук өнүгүүсүн натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.
Коюлган максаттарга жетишүү төмөнкү артыкчылыктардын алкагында камсыз кылынат:
– өсүүнүн драйвери катары урбанизацияланган аймактарды өнүктүрүү;
– өзгөчө көңүл буруу аймактарын өнүктүрүү;
– мейкиндикти башкаруу жана өнүктүрүү механизмдерин киргизүү;
– региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасын өркүндөтүү.
Биринчи артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу аркылуу жетишилет:
– Бишкек жана Ош шаарларын өсүүнүн драйвери катары өнүктүрүү;
– алдынкы өнүгүү аймактарын түзүү.
Экинчи артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу аркылуу жетишилет:
– өзгөчө көңүл буруу аймактарын өнүктүрүү ыкмасы катары туризмди колдоо;
– айыл чарбалуу айыл аймактарын өнүктүрүү;
– бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарды өнүктүрүү;
– чек ара аймактарын өнүктүрүү;
– жаратылышты коргоо аймактарын өнүктүрүү жана келечек муундар үчүн курчап турган чөйрөнү сактоо.
Үчүнчү артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу аркылуу жетишилет:
– мейкиндикти пландаштыруу үчүн маалыматтарды берүү;
– улуттук жана региондук мейкиндик схемаларын иштеп чыгуу;
– жергиликтүү деңгээлде мейкиндикти пландаштырууну өркүндөтүү.
Төртүнчү артыкчылыктуу багыт төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу аркылуу жетишилет:
– мамлекеттик стратегиялык башкаруу системасында региондорду өнүктүрүүнү башкаруу маселелеринин статусун жогорулатуу;
– комплекстүү көп деңгээлдүү пландаштыруу механизмин киргизүү;
– административдик-аймактык түзүлүштү трансформациялоонун натыйжаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
– өнүктүрүүнүн финансылык инструменттерин түзүү;
– региондордун экономикалык бүтүндүгүн жана байланыштуулугун камсыз кылуу;
– региондорду өнүктүрүү үчүн илимий жана кадрдык потенциалды түзүү.
3-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
§ 1. Өсүүнүн драйвери катары урбанизацияланган аймактарды өнүктүрүү
Бүткүл өлкө үчүн өсүүнүн драйвери катары Бишкек жана Ош шаарларын өнүктүрүү. Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарлары өлкөнүн экономикасынын өсүшүнүн негизги драйвери болууга тийиш. Өлкөнүн ИДПсында Бишкектин үлүшү 41%, Бишкек менен Оштун жалпы үлүшү 47% түзөт. Бул шаарлар ири логистикалык жана өнөр жай борборлору, ири агломерациялардын борборлору, капиталды жана жумушчу күчүн тартуучу жайлар.
Бишкек жана Ошту кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык региондору үчүн орто мөөнөттүү келечекте индустриялаштыруу артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналат. Индустриялаштыруу жакырчылыкты кыскартуунун, жаңы жумуш орундарын түзүүнүн жана өлкөнүн экономикасынын тышкы эмгек миграциясына көз карандылыгын азайтуунун маанилүү фактору болуп саналат. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү сактоо үчүн постиндустриалдык экономиканы өнүктүрүү зарыл.
Постиндустриалдык экономиканы өнүктүрүүнүн флагманы болуп, баарыдан мурда Бишкек жана Ош шаарлары саналат.
Ондогон жылдар мурун өнүккөн өлкөлөрдө постиндустриалдык экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктары болуп кызмат көрсөтүү секторун кеңейтүү болгон. Бирок бул этапта билим экономикасы, анын ичинде инновацияларды өнүктүрүү, ошондой эле креативдүү экономика маанилүү ролду ойнойт.
Инновациялык экономиканы өнүктүрүү бөлүгүндө инновациялык продукцияны өндүрүүчүлөр үчүн чакан инновациялык ишканаларды, технопарктарды, бизнес-инкубаторлорду, жогорку технологиялык жабдууларды жамааттык пайдалануу борборлорун, прототиптөө борборлорун жана илимий-өндүрүштүк кластерлерди түзүүгө дем берүү боюнча чараларды иштеп чыгуу зарыл. Мамлекеттик колдоо ири ишканалардын чакан инновациялык ишканалар, илимий жана билим берүү уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга колдоо көрсөтүүчү адистештирилген институттарды түзүүнүн, ошондой эле илим менен билим берүү субъекттеринин, бизнестин жана мамлекеттин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү аркылуу илимий иштеп чыгууларды жана инновацияларды коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүүнүн эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Инновациялык экономиканы өнүктүрүү квалификациялуу кадрлардын, анын ичинде жаш окумуштуулардын жана ишкерлердин болушун талап кылат. Бишкек жана Ош шаарларынын атаандаштык артыкчылыктарынын бири болуп кыйла сандагы жогорку билим берүү уюмдарынын болушу саналат. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларын аяктаган студенттердин миграциялык агымы байкалууда. Студенттердин агылып кетишине жол бербөө үчүн төмөнкүлөр керек:
– жаштардын илимий иштерин колдоо системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
– студенттердин фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөргө катышуу деңгээлин жогорулатуу;
– ЖОЖдордо студенттер үчүн бизнес-инкубаторлорду жана стартаптарды түзүү боюнча иштерди улантуу;
– университеттер аралык көп функционалдуу кампустарды уюштурууну караштыруу;
– жер-жерлерде жаш адистерди колдоо механизмдерин түзүү (турак жай, көтөрмөлөөчү каражаттарды бөлүү ж.б.) – жардамдын мындай түрлөрү мыйзам менен бекитилген, бирок иштиктүү финансылык механизмдердин жоктугунан бардык жерде практикада ишке ашырылбай келет.
Мындан тышкары, постиндустриалдык экономиканы өнүктүрүүнүн дагы бир багыты билим берүү кызматтарынын экспортун андан ары өнүктүрүү болушу мүмкүн.
Креативдүү экономика Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү багыты болуп калышы мүмкүн. Бишкек жана Ош шаарларында креативдүү индустрияда иштеген катталган компаниялардын жалпы санынын жарымынан көбү иш жүргүзөт. Бул шаарларда креативдүү экономиканы колдоонун ар кандай механизмдери сыналышы мүмкүн. Мындай механизмдердин бири ар кандай чыгармачыл топтордун ишине шарт түзүү, ошондой эле мындай топтордун калыптанышына көмөктөшүү. Бишкек шаарынын муниципалдык китепканаларын коворкингдерге айландыруу боюнча иштер азыртадан эле жүргүзүлүп жатат, Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык менчигинде турган пайдаланылбаган жайларды инвентаризациялоо жана аларды креативдүү мейкиндиктерди жана кластерлерди түзүү, ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талдоо керек. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер ээлеген мейкиндиктерде биргелешкен иш-чараларды уюштуруу үчүн мамлекеттик маданият мекемелеринин (музейлер, театрлар) жана креативдүү экономика субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга колдоо көрсөтүү керек.
Ошондой эле консультациялык, маалыматтык, методикалык колдоо көрсөтүү, анын ичинде мамлекеттик институттар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу чөйрөсүндө, креативдүү кластерлерди, акселерация программаларын түзүү, креативдүү экономиканын продукцияларын экспорттоону колдоо креативдүү экономиканы колдоонун формалары болуп саналат. Мындай колдоону камсыз кылган институтту, анын ичинде алдынкы университеттер менен өнөктөштүктө түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, ошондой эле креативдүү экономиканын продукциясын сатуу үчүн E-Commerce тибиндеги санарип платформасын түзүүгө көмөк көрсөтүү максатка ылайыктуу. Креативдүү индустрияны жана инновацияны колдоого мамлекет гана эмес, ири бизнес да тартылышы керек, атап айтканда Бишкек шаарында, ошондой эле Ош шаарында инновацияны жана креативдүү индустрияны колдоо фондун түзүүгө.
Алдынкы университеттер менен биргеликте креативдүү экономиканын ишинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү системасын түзүү зарыл. Натыйжаларды изилдөөнүн негизинде кесиптик билим берүүнүн ар кандай деңгээлдери жана креативдүү экономика чөйрөсүндөгү келечектүү кесиптер үчүн негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу, ошондой эле креативдүү экономика чөйрөсүндө иштеген ишкерлердин мектеп окуучуларын кесипке багыттоо программаларына катышуусун киргизүү максатка ылайыктуу.
Креативдүү экономиканы өнүктүрүү социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөт (жаштардын жумушсуздугун кошкондо) жана ошондой эле гендердик теңчиликке жетишүүгө өбөлгө түзөт (креативдүү экономикада иштегендердин арасында жаштардын үлүшү 40 %га жакынды, аялдардын үлүшү 60 %га жакынды түзөт).
Бишкек шаары. Постиндустриалдык экономиканы өнүктүрүү борбору баарыдан мурда Бишкек шаары болуп саналат, анткени шаар постиндустриалдык экономиканын биринчи этабын өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкен, бул негизги позицияларды соода, транспорт жана байланыш ээлеген ИДП кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшүнүн басымдуулугу менен көрүнүп турат. Кызмат көрсөтүү секторун андан ары өнүктүрүүдөн тышкары, технологиялар жана инновациялар, креативдүү экономика сыяктуу багыттарды өнүктүрүү зарыл.
Бишкек шаары региондук масштабдагы башкы логистикалык, инновациялык, билим берүү жана каржы борборунун потенциалына ээ. Шаарды өнүктүрүү максатында тейлөөчү инфраструктураны эл аралык стандарттардын деңгээлине келтирүү зарыл. Бул биринчи кезекте транспорттук, турак жай-коммуналдык инфраструктурага, көрктөндүрүүгө, коопсуздук маселелерине, сервистик кызматтардын сапатына тиешелүү.
Бишкек шаарындагы жагымсыз экологиялык кырдаал жашоочулардын ден соолугунун абалына жана жашоо сапатына гана терс таасирин тийгизбестен, шаардын инвесторлор үчүн жагымдуулугун бир кыйла төмөндөтөт, алар, анын ичинде эл аралык IQAir индексинин маалыматтарына ылайык абанын булганышынын рейтинги сыяктуу көрсөткүчкө басым жасашат. Буга байланыштуу шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарыл.
Автотранспорттон чыккан зыяндуу чыгындыларды азайтуу үчүн шаардын борборундагы жеке транспорттун санын азайтууга багытталган төмөнкү чараларды көрүү максатка ылайыктуу:
– акы төлөнүүчү паркинг тармагын кеңейтүү. Бул айдоочуларды коомдук транспортто жүрүүгө түрткү берет;
– экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүү;
– анын кыймылы үчүн атайын тилкелерди (мүмкүн болсо) түзүү;
– электромобилдер үчүн унаа токтотуучу жайларга төлөө боюнча жеңилдиктерди белгилөө, мында кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү жана аккумуляторлорду чогултуу жана утилдештирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу зарыл;
– каршерингди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле машиналардын экологиялык абалы бөлүгүндө таксилердин агрегаторлоруна катуу талаптарды киргизүү;
– күйүүчү майлоочу майлар боюнча Евро 5 стандарттарына өтүү.
Көмүр менен жылытылган жеке сектордун абанын булганышына кошкон “салымы” да чоң (болжол менен 75%).
Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл:
– калктын үнөмдүү жана экологиялык жактан таза жылытуу приборлоруна (буу казандарга) өтүүсүн субсидиялоо маселесин, ал эми кийин жеке менчик үйлөрдүн ээлеринен алардын участокторун жайлуу батирлерди берүү менен сатып алуу маселесин иштеп чыгуу (бул чара бир эле убакта реновация маселесин чечмек – эскилиги жеткен жана авариялык абалдагы турак-жайлардан көчүрүү);
– муниципалдык көмүр от казандарын альтернативдүү отундарга өткөрүү боюнча иштерди интенсификациялоо;
– жеке үйлөрдү газдаштыруу.
Бишкек шаары электр энергиясын эң ири керектөөчүлөрдүн бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, электр энергиясын иштеп чыгуунун тартыштыгынын шарттарында коомдук сектордо энергиялык натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу зарыл.
Административдик-аймактык реформанын натыйжасында кошулган жаңы аймактардагы социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу максатында Бишкек шаарына жол тармактарын, суу менен жабдуу, канализация, энергия менен жабдуу жана башка коммуналдык системаларды модернизациялоо, коомдук транспортту өнүктүрүүнүн жаңы схемасын иштеп чыгуу талап кылынат.
Бишкек шаарынын жаңы аймактарын өнүктүрүүнүн башка багыты болуп Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгуучу маркетплейс товарларын жайгаштыруу үчүн зарыл болгон кампаларды, ошондой эле азыркы учурда ишкер борборлордун функциясын аткарып, аларга жанаша жайгашкан аймактарды башаламан өнүктүрүп жаткан “дүң базарларды” алмаштыра турган логистикалык борборлорду куруу саналат.
Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандыруу болуп саналат. Эс алуучу жайларды түзүү, маданий жана массалык спорттук иш-чараларды уюштуруу үчүн парктар, скверлер, аянттар жана суу жээктери сыяктуу коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү зарыл. Мындан тышкары, бир катар объекттер тийиштүү түргө келтирилген учурда шаар ичиндеги туризмдин объекттери болуп калышы мүмкүн (мисалы, Ботаникалык бакча).
Бишкек шаарынын туристтик потенциалы толук өлчөмдө пайдаланылган эмес. Бишкек “маятник” туризминин борборуна айланышы мүмкүн, анткени көптөгөн кооз жерлерге Бишкектен бир күндүн ичинде барууга болот (Ала-Арча улуттук паркы, Аламүдүн капчыгайы, Чуңкурчак, Ысык-Ата, Бурана мунарасы ж.б.). Бишкек шаарында бир жума же андан көп убакытка отурукташып, туристтер күн сайын эртең менен жаңы жерге чыгып, кечинде шаарга кайтып келе алышат. Мындай туризмди уюштуруу үчүн туристтик бизнес-ассоциацияларга жаңы туристтик дестинацияларды түзүүдө, туристтик хабдарды жана маалыматтык борборлорду уюштурууда көмөк көрсөтүү зарыл.
Келген туристтерге да, Бишкек шаарынын тургундарына да багытталган үй-бүлөлүк типтеги этнографиялык туризм келечектүү багыт болуп саналат. Чет жакаларда жана жакын жайгашкан айылдарда улуттук ашканалар, үрп-адаттар, кол өнөрчүлүк жана маданият менен таанышуу үчүн этнографиялык турларды иштеп чыгуу максатка ылайыктуу. Ошондой эле ишкерлерге Бишкек шаарына жана анын айланасына туристтерди тартуучу кошумча пункттарды – тематикалык жеке музейлерди, инсталляцияларды, эс алуу зоналарын ж. б. түзүүдө көмөк көрсөтүү мүмкүн.
Көчмө туризмди өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр керек:
– Манас аэропортунда автомобилдерди ижарага берүү пункттарын уюштуруу боюнча чет өлкөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– такси стилинде автомобилдерди жасалгалоо боюнча такси агрегаторлору жана автопарктар менен иш алып баруу;
– туристтер үчүн маалымат кызматын жайгаштыруу.
Ош шаары.
Ош шаарынын негизги атаандаштык артыкчылыгы анын ар кандай соода жолдорунун кесилишиндеги экономикалык-географиялык жайгашуусу болуп саналат.
Даяр продукцияны жана сырьелук ресурстарды экспорттук-импорттук ташуулар боюнча транспорттук жеткиликтүүлүк позициясы менен Ош шаарынын пайдалуу географиялык жайгашуусу транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жакшы потенциалды билдирет. Буга байланыштуу жүк ташуучуларды тейлөө боюнча логистикалык борборлорду жана башка инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул тиешелүү тармактарды – сооданы, коомдук тамактанууну, мотелдерди ж.б. андан ары өнүктүрүүнүн эсебинен мультипликативдик натыйжага өбөлгө түзөт.
Кайра иштетүү өнөр жайын: текстиль өндүрүшүн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жана тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги бар.
Ош шаары потенциалдуу түрдө Фергана өрөөнүнүн региондук борборуна айланышы мүмкүн. Бул үчүн ири объекттерди: айланма жолду, аэропортту, региондук билим берүү жана медициналык борборлорду курууга жана модернизациялоого инвестицияларды тартуу талап кылынат.
Ошондой эле шаарда жүктөрдү консолидациялоо үчүн соода-логистикалык борборлорду, товардык-сырьелук онлайн биржаларды өнүктүрүү, ошондой эле ички жана тышкы маркетплейстер үчүн дистрибуция боюнча потенциал бар.
Ош шаарында жана Ош облусунда жергиликтүү жана чет элдик зыяратчыларды өзүнө тарткан ыйык жерлер абдан көп, бул туризмди андан ары өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт.
Ош шаары “Фергана өрөөнүнүн шаарлары” трансчек аралык туристтик дестинациясынын борбору болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал Ош, Жалал-Абад, Өзгөн, Ноокат, ошондой эле Өзбекстандын Фергана, Анжиян, Наманган шаарларын бирдиктүү туристтик каттамга бириктирүүгө тийиш. Шаарлардын деңгээлиндеги бир кыйла тыгыз жана стратегиялык кооперация “Фергана өрөөнүнүн шаарлары” уникалдуу туристтик продуктун түзүүгө мүмкүндүк берет, ал тышкы туристтердин да, коңшу өлкөлөрдүн туристтеринин да (ажылык, гастрономия, маданият, тарых, кол өнөрчүлүк ж.б.) ар кандай туристтик керектөөлөрүн канааттандыра алат. Мисал катары “Ганзея шаарлары”, “Дунай шаарлары”, “Балтика изи” сыяктуу продукттарды жаратуунун ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөөгө болот.
Ош шаары маятник туризминин борбору катары кызмат кыла алат (бир күндүк турлар: Кыргыз-Ата улуттук паркы, Өзгөн, Кызыл-Кыя, Ноокат жана Араван райондору ж.б.).
Ош шаарында туризмди андан ары өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
– эл аралык мейманкана тармактары менен шаардын борборунда мейманкана объекттерин жайгаштыруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Мындан тышкары ири эл аралык хабдардан түз авиарейстерди уюштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатка ылайыктуу;
– Өзбекстанга трансчек аралык туризмди өнүктүрүү;
– Өзбекстандын аймагында Фергана өрөөнүнүн шаарларынын башкаруу органдары менен “Фергана өрөөнүнүн шаарлары” туристтик дестинациясын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– туристтик дестинациялардын санын, анын ичинде өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү.
Туризмди өнүктүрүү шаардык инфраструктурадагы өзгөртүүлөрдү талап кылат – жергиликтүү калк тарабынан өндүрүлгөн сувенирлер сатылуучу жөө адамдар үчүн көчөлөрдү түзүү максатка ылайыктуу.
Ош шаарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары:
– креативдүү экономиканы өнүктүрүү;
– өнөр жай кластерин өнүктүрүү;
– чектеш мамлекеттердин жарандары үчүн медициналык туризмди өнүктүрүү;
– “Фергана өрөөнүнүн шаарлары” туристтик дестинациясын жана трансчек аралык туризмди өнүктүрүү.
Туризмди өнүктүрүү меймандостук индустриясы үчүн кадрларды даярдоо боюнча чараларды талап кылат, бул кесиптик билим берүү мекемелеринде билим берүү программаларын жана пландарын кайра кароону талап кылат.
Туристтер үчүн туристтик объекттер гана эмес, шаардын ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөсү да маанилүү. Ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү жагында коомдук мейкиндиктерди, баарынан мурда парктарды, суу жээктерин, башка эс алуу зоналарын реконструкциялоо зарыл. Коопсуздукту камсыз кылуу жаатында ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, туристтердин коопсуздугун камсыздаган атайын кызматкерлерди бөлүү жөнүндө макулдашууларга кол коюу зарыл.
Ош шаарында эмгек рыногу жетишсиз, бул коңшу калктуу конуштардын маятник жумушчу күчүн тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бирок биринчи кезекте квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу даярдалган кадрлар эмгек рыногунун керектөөлөрүн канааттандырышы үчүн баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жана ишкерлердин кооперациясын андан ары өнүктүрүү зарыл.
Коңшу өлкөлөргө, ошондой эле Индияга жана Пакистанга билим берүү кызматтарын экспорттоону камсыз кылган билим берүү кластери катары Ош шаарын андан ары өнүктүрүү зарыл.
Ош шаарында өнөр жай өндүрүшүн кеңейтүү потенциалы бар. Атап айтканда текстиль жана тамак-аш (эт-сүт) өнөр жай ишканаларын түзүүгө болот. Келечекте шаарда “Кыргыз унаа курулуш” ЖЧК машина куруу заводунун базасында өнөр жай кластери түзүлүшү мүмкүн, ал чакан ГЭСтер үчүн шамал орнотмолорун жана жабдууларды чыгарууну пландоодо. Бул жабдуу шаарда жайгаштыруу пландалган ЭКБ объекттеринде колдонулат.
Реновация – тактап айтканда көп батирлүү турак үйлөрдү жана бизнес-борборлорду авариялык жана эскирген турак жай фондунун жайгашкан объекттеринин, ошондой эле жоюлуп жаткан муниципалдык ишканалардын ордуна куруу боюнча олуттуу потенциал бар.
Маркетплейстерди өнүктүрүү, анын ичинде чет өлкөлүк ири тармактарды (Ozon, Wildberries ж.б.) кеңейтүү Ош шаарынын четине кампа жайларын курууну талап кылат.
Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, калдыктарды кайра иштетүү, ошондой эле суу жээктерин реконструкциялоо да Ош шаарын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Ак-Буура дарыясынын жээгин шаардык жашыл аймактардын тармагын түзүү үчүн система түзүүчү фактор катары жана шаардын жашыл каркасын түзүүдө “таяныч” катары пайдалануу шаардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Орто мөөнөттүү келечекте жакынкы айыл аймактарын кошуу жана урбанизациялоо аркылуу Ош агломерациясын түзүүнү кароо, ошондой эле Бишкек-Ош автомобиль жолунун боюндагы аймактарды мейкиндикти жана социалдык-экономикалык пландоодо бириктирүүчү “Бишкек-Ош огу” пландоо регионун түзүүнүн келечегин изилдөө зарыл.
Алдынкы өнүгүү аймактарын түзүү. Алдынкы өнүгүү аймагы – бул инвестицияларды тартуу, экономиканы тез өнүктүрүү жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн түзүлгөн жеңилдетилген салыктык шарттар, жөнөкөйлөтүлгөн административдик жол-жоболор жана башка артыкчылыктары бар аймак. Ал жерде негизги ишкердик борборлору менен атаандашкан бизнести жүргүзүү шарттары түзүлүүгө тийиш.
Административдик борборлорду көчүрүү. Бишкек жана Ош өз алдынча өнүгүү үчүн зор потенциалга ээ болгон өнүгүү борборлору болуп саналат. Буга байланыштуу Чүй жана Ош облустарынын облустук борборлорун көчүрүү максатка ылайыктуу. Облустук борборлордун функцияларын аткаруу шаарлардын – жаңы облустук борборлордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет. Облустук борборлордун ролуна конкреттүү шаарларды тандоо жөнүндө маселе андан ары чечилет. Борбор шаарларды административдик бирдиктерге которуу практикасы кеңири жайылгандыгын, мисалы АКШда, Россия Федерациясында, Казакстанда ийгиликтүү болгондугун белгилей кетүү керек.
Алдынкы өнүгүү аймактарында экономиканы өнүктүрүүнү колдоо чаралары.
Инвесторлор үчүн преференцияларды караган өзгөчө статусу бар аймактарды түзүү. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй бул жеке капиталдын олуттуу келишине өбөлгө түзөт, инвестициялардын көлөмү салыктык жеңилдиктерди берүүнүн эсебинен бюджеттин жоготууларынан эселеп ашат. Мында негизги ролду бюджеттик натыйжа ойнобойт (б.а. аймактын резиденттеринен бюджеттик түшүүлөрдүн көлөмүнүн берилүүчү салыктык жеңилдиктердин көлөмүнөн ашып кетиши), анткени өзгөчө статусу бар аймакты түзүүгө чейин анда экономикалык активдүүлүк дээрлик жок болчу, ал эми экономикалык натыйжа жумуш орундарын түзүүдө түздөн-түз, кыйыр түрдө – керектөөнүн өсүшүндө чагылдырылат, бул мультипликативдик натыйжага алып келет.
Артыкчылыктуу продукцияны чыгарууну субсидиялоо. Артыкчылыктуу продукцияны өндүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу өнөр жай ишканалары жеңилдетилген пайыздык ставка менен кредит алууга талапкер боло алат.
Салыктык жеңилдиктер. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин аймагынын чегинде жүргүзүлүүчү, жеңилдетилген салык салынууга тийиш өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнүн тизмегин бекитет. Мындай продукцияга эреже катары артыкчылыктуу продукцияны чыгарууга, импортту алмаштырууга, өнөр жайдын ар кандай тармактарына таасирин тийгизүүчү технологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган продукция кирет (мультипликативдик натыйжа).
Салыктар боюнча жеңилдиктер салык органдарында салыктык каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон салык төлөөчүлөргө берилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди берүү тартибин да бекитет.
Өнөр жай ипотекасы. Өнөр жай ипотекасы – бул ишкер өндүрүштү өнүктүрүүнү көздөгөн өнөр жай аянтчасынын күрөөсү менен банктан акчалай карыз алуу. Аны бизнес даяр өнөр жай аянтчасын сатып алуу жана өндүрүштү тез ишке киргизүү үчүн алышы мүмкүн. Өнөр жай ипотекасы боюнча пайыздык төлөмдөр мамлекет тарабынан субсидияланат. Айрым учурларда өнөр жай ипотекасын ишинин түрү шаарды/регионду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына дал келген ишканалар жана жеке ишкерлер гана ала алат, башка учурларда чектөөлөр белгиленбейт. Айрым учурларда өндүрүштү жаңы аянтчада (greenfield) уюштуруу пайдалуураак, башка учурларда мурда өнөр жай ишканалары жайгашкан жана колдонуудагы инфраструктура (электр, жылуулук, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу) реабилитацияланышы мүмкүн болгон аянтчаларда өндүрүштү уюштуруу (brownfield) максатка ылайыктуу.
Дүйнөлүк практикада бир катар учурларда өнөр жай ипотекасы боюнча дифференцияланган ставкалар каралган, мисалы жогорку технологиялуу компаниялар же артыкчылыктуу адистештирилген компаниялар үчүн пайыздык ставка төмөн болушу мүмкүн.
Индустриялык парктар жана технопарктар. Индустриялык (өнөр жай) парк – бул башкаруучу компания тарабынан башкарылуучу, өндүрүштүк, административдик, кампалык жана башка имараттары, курулуштары жана курулмалары бар жер участогунан (участокторунан) турган, жаңы өнөр жай өндүрүшүн түзүү үчүн зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз болгон, ошондой эле өндүрүштүк ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон укуктук режимге ээ кыймылсыз мүлк объекттеринин комплекси.
Заводду “нөлдөн баштап” куруу үчүн инвестор индустриялык парктын аймагынан жер участогун сатып ала алат, ага бардык зарыл болгон инфраструктура объекттери: жолдор, электр берүү линиялары, газ түтүктөрү, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттери киргизилген. Көбүнчө компаниялар, өзгөчө чакан жана орто бизнес курулуш маселелерин чечүүгө даяр эмес же чечүүнү каалабайт. Мындай учурларда алар индустриялык парктын башкаруучу компаниясынан универсалдуу даяр жайларды ижарага алышы мүмкүн.
Индустриялык парктар менен технопарктардын негизги айырмасы алардын резиденттеринин ишинин мазмунунда. Индустриялык парктар массалык өндүрүштү жайгаштыруу үчүн арналган, ал эми технопарктардын резиденттери жаңы продуктуларды иштеп чыгат жана аларды сынап, чакан партия менен өндүрөт. Натыйжада индустриялык парктар жана технопарктар эреже катары ар кандай багыттагы инфраструктурага ээ болот. Эгерде индустриялык парктар эреже катары инженердик жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрсө, даяр өндүрүштүк жайларды ижарага бере алса, анда технопарктарда резиденттер үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү жана чакан өлчөмдөгү өндүрүштөрдү уюштуруу үчүн кеңсе-лабораториялык аянтчалар жеткиликтүү болот.
Индустриялык парктарды жана технопарктарды өнүктүрүү МЖӨ инструменттерин активдүү колдонууну талап кылат – мамлекеттин салымы жер участокторун бөлүп берүү жана тиешелүү инфраструктураны (жолдорду, электр берүү линияларын, газ түтүгүн, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин) түзүү болууга тийиш.
Индустриялык парктарды түзүүдө ижарачылардын өзгөчө муктаждыктарын эске албастан, жалпы багыттагы универсалдуу имараттарды куруу өтө кооптуу экендигин эстен чыгарбоо керек, анткени көптөгөн потенциалдуу резиденттердин өздөрүнүн муктаждыктары бар. Буга байланыштуу индустриялык парктардын белгилүү бир бөлүгүн кардарлардын техникалык жана логистикалык талаптарын (build-to-suit) эске алуу менен “толук бүткөн” объекттерди куруу үчүн бош калтыруу керек. Бул форматтагы жер участоктору жана имараттар жеке менчикке өтөт, бул бизнести капиталдаштырууну күчөтөт.
Өнөр жай кластерлери. Өнөр жай кластери – аймактык жакындыктын жана функциялык көз карандылыктын натыйжасында экономикалык мамилелерге байланышкан ишканалардын жыйындысы. Функциялык көз карандылык – өнөр жай кластеринин катышуучулары тарабынан өнөр жай кластеринин продукциясын берүү жана (же) сатып алуу боюнча милдеттенме.
Кластерлештирүүнүн артыкчылыктары өнөр жай ишканаларынын учурдагы потенциалын пайдалануу болуп саналат. Ошол эле учурда аларды географиялык жакындыктын жана функционалдык көз карандылыктын негизинде кластерлерге бириктирүү өндүрүштүн жаңы чынжырчаларын, кошумча наркты түзүүгө, инновацияларга жана технологияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, транзакциялык чыгымдарды азайтууга жана жогорку өндүрүмдүү жумуш орундарынын санынын көбөйүшүнө алып келет.
Аймактык өнөр жай кластерлерин түзүү өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө дем берүүгө, экономиканын түзүмүн диверсификациялоого жана региондогу инвестициялык климатты жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мындай долбоорлор чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнү камсыз кылууга, жаңы инвесторлорду тартууга, региондогу ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жогорку технологиялуу продукцияны өндүрүүнүн өсүү темпин жана чийки заттык эмес экспорттун көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Өнөр жай кластерлерин мамлекеттик колдоо ар кандай формада, анын ичинде импортту алмаштырууга, технологиялык коопсуздукту камсыздоого ж.б. багытталган артыкчылыктуу өнөр жай продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда чыгымдардын бир бөлүгүн бюджеттен төлөө менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Колдоонун башка чараларына кепилденген мамлекеттик сатып алуулар, өндүрүлгөн продукциянын биринчи партиясын сатып алууну субсидиялоо, жеңилдетилген ставка боюнча кредиттерди берүү, салыктык жеңилдиктер кирет.
Урбанизация жана инфраструктураны өнүктүрүү. Алдынкы өнүгүү аймактары баарынан мурда облустук маанидеги шаарларда түзүлөт. Жетиштүү сандагы жаңы жумуш орундары түзүлгөн учурда коңшу калктуу конуштардын тургундарын тартуу зарыл болушу мүмкүн. Бул облустардын борборлорунун базасында шаардык агломерацияларды түзүү үчүн шарттарды түзөт, бул жол тармагын, транспорттук байланышты өнүктүрүүнү талап кылат.
Шаарларды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында максаттуу трансферттердин эсебинен Каракол, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү пландарын каржылоого 1,0 млрд сом жана андан ашык каражат каралган. Талас шаарын өнүктүрүү планын каржылоого 300,0 млн сом каралган.
Максаттуу трансферттердин эсебинен Каракол жана Жалал-Абад шаарларында бюджет түзүүчү, инфраструктуралык, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Асфальт-бетон жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча иштер каржыланды.
Токмок, Кара-Балта жана Талас шаарларына өнөр жай зонасы (Токмок) үчүн инфраструктураны түзүүгө, асфальт-бетон жана темир-бетон заводдорун, транспорттук-логистикалык хабды курууга, жолдорду оңдоого, түнкү жарык менен камсыз кылууга, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза шаарды түзүү боюнча иш-чараларга каражаттар каралган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан облустук жана райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо улантылат.
Алдынкы өнүгүү аймактарында биринчи кезекте региондорду өнүктүрүү үчүн ресурстук жана инфраструктуралык чектөөлөрдү алып салууга өбөлгө түзгөн артыкчылыктуу проблемаларды чечүү зарыл.
Демографиялык болжолду, эмгек ресурстарынын тармактар аралык жана региондор аралык агымын эске алуу менен социалдык инфраструктура менен камсыз кылуу маселесин чечүү талап кылынат. Калктын саны өсүп жаткан шаарларда инженердик инфраструктураны жаңыртууга инвестицияларды артыкчылыктуу тартипте багыттоо зарыл.
Инженердик инфраструктураны өнүктүрүүдө башкарылуучу урбанизация саясаты жана ички эмгек мигранттарынын келишинин натыйжасында агломерациялардын четтеринин башаламан таралышынын алдын алуу эске алынууга тийиш.
Шаарларды өнүктүрүү боюнча чаралар биринчи кезекте алардын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги, региондун экономикасына кошкон салымы, калктын санынын динамикасы менен байланыштырылууга тийиш.
Негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
– алдынкы өнүгүү аймактарында түзүлгөн ишканаларда иштөө үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, анын ичинде мурдагы СССРдин республикаларынын практикасы көрсөткөндөй квалификациялуу кадрлардын жоктугу жаңы бизнести ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн эң олуттуу тоскоолдуктардын бири болуп саналат;
– иш берүүчүлөрдүн жана баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга, дуалдык кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин ишке киргизүү;
– эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен билим берүүнү өнүктүрүүнүн региондук программаларын иштеп чыгуу;
– санариптик технологияларды пайдалануучу заманбап адистиктер боюнча жаштарды даярдоо мөөнөтүн кыскартуу жана эмгек рыногуна тез чыгаруу менен ылдамдатылган даярдоонун билим берүү уюмдарынын тармагын түзүү. Кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга кесиптик билим берүү уюмдарынын ишкердик активдүүлүгүнө дем берүү да өбөлгө болот.
Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасынын ресурстары ички эмгек рыногу үчүн бир гана кадрларды даярдоого багытталбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын экономикасында эмгек миграциясы маанилүү ролду ойнойт. Буга байланыштуу баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын базасында келечектеги эмгек мигранттарынын квалификациясын, ошондой эле алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган миграцияга чейинки даярдоо борборлорун түзүү боюнча иштерди улантуу зарыл. Бул мигранттарга өз укуктарын түшүнүүгө жана коргоого, ошондой эле бир кыйла көп киреше алууга мүмкүндүк берет, бул акча которуулардын өсүшүнө алып келет.
Кайтып келген мигранттарды колдоо максатында Миграция боюнча эл аралык уюмдун тажрыйбасын эске алуу менен, 1+1 принциби боюнча пилоттук режимдеги программаны ишке ашырууну баштоо зарыл, анда 3 жылга чейинки мөөнөттө эмгек миграциясында болгон мигранттар камтылат. Бул топ эң аялуу, каржылык колдоого муктаж.
1+1 принциби боюнча гранттык колдоо экономикалык максаттар менен бирге социалдык милдеттерге да ээ. Бул мигранттардын мекенине кайтып келишине көмөк көрсөтүү, коомго натыйжалуу реинтеграцияланышы үчүн шарттарды түзүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга көмөк көрсөтүү аркылуу коомдогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү.
Мигранттардын эң көп саны республика боюнча жалпы сандын 61,2 % – түштүк региондордо белгиленгендигине байланыштуу, пилоттук режимдеги программаны ишке ашырууну Баткен облусунан, Баткен облусун өнүктүрүүгө каралган каражаттардын, ошондой эле өнүктүрүү фонддорунун эсебинен баштоо зарыл.
Программаны ишке ашыруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана ЖӨБО 1+1 программасына катышууга өтүнмөлөрдүн бирдиктүү формасын иштеп чыгат, өтүнмөлөрдү кабыл алуу датасын белгилейт.
Өтүнмө ээси (кайтып келген мигрант) “1+1” программасына катышуу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде жергиликтүү өнүгүү стратегиясына шайкештикке экспертиза жүргүзүү үчүн ЖӨБОго жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө өтүнмөнү жана бизнес-планды берет.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жана Региондорду өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши өтүнмө ээлерин тандоо критерийлерин иштеп чыгат.
Бизнес-долбоор боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш жана Региондорду өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлөт.
§ 2. Өзгөчө көңүл буруу аймактарын өнүктүрүү
Өзгөчө көңүл буруу аймактарын өнүктүрүү методу катары туризмди колдоо. Өзгөчө көңүл буруу аймактарын өнүктүрүү милдети биринчи кезекте экономикалык жана социалдык өнүктүрүү аркылуу бул жана чектеш аймактардын калкынын бакубаттуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн чечилүүгө тийиш. Ошондой эле туризмдин айрым түрлөрү жергиликтүү калктын маданий мурастарын жана каада-салтын: тарыхты, маданиятты, элдик кол өнөрчүлүктү жана жергиликтүү маданияттын башка аспектилерин сактоого жана жайылтууга мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда туризм чөйрөсүндөгү саясат төмөнкү шарттарды сактоого умтулууга тийиш:
- “туруктуу” туризм принциптерин ишке киргизүү;
- туруктуу өнүгүү критерийлерине шайкештик жана “жашыл” технологияларды, “туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү” кеңири колдонуу;
- өзгөчө эгерде туристтик иш өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарында, токой чарбаларында же аларга жанаша жайгашкан жерлерде жүргүзүлсө айлана-чөйрөнү коргоону колдоо, биотүрдүүлүктү жана жаратылыш экосистемаларын сактоо;
- майыптыгы бар адамдар жана мобилдүүлүгү чектелген адамдар үчүн жагымдуу чөйрөнү (жумушчу жана туристтик) түзүү менен бирге аялдардын, балдардын жана жаштардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга салым кошуу;
- айлана-чөйрөнү сактоого жана калыбына келтирүүгө жашыл инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
- жергиликтүү маданиятты, салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү ж.б. сактоо.
Жеринде жүргүзүлгөн жана керектелген экономикалык иштин формасы катары туризм түздөн-түз аймакка пайда алып келүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жергиликтүү коомчулуктар жумушка орношуу жана бизнес түрүндө алуучу түз пайдадан тышкары, алар башка пайдаларды ала алат:
– туризмдин өнүгүшү менен дем берилген, кээде анын эсебинен каржыланган инфраструктурага инвестициялар;
– жергиликтүү коомчулуктарда же туристтик бизнестин демөөрчүлүгүнүн, өкмөт менен өнөктөштүктүн натыйжасында же келгендердин кайрымдуулуктарынын эсебинен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү – билим берүүнү, саламаттык сактоону жана башкаларды өнүктүрүү;
– туризмден түшкөн жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо үчүн пайдалануу.
Өзгөчө көңүл буруу аймактарында туризмди өнүктүрүүнү жөнгө салуу жергиликтүү калкка пайда алып келүүгө, калктын бардык топторунун, өзгөчө четтетилген жана маргиналдашкан топторунун туристтик ишти пландоого жана уюштурууга катышуусуна кепилдик берүүгө тийиш.
Өзгөчө көңүл буруу аймактары өнүгүү үчүн өнүккөн туристтик аймактардан мамлекет жана жеке сектор алган пайданы кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен жанаш жайгашкан, бирок туристтик ишке түздөн-түз тиешеси жок аймактарды өнүктүрүү үчүн дем берүүнү жана ресурстарды ала алат.
Өзгөчө көңүл буруу аймактарында туризмди өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чаралардын төмөнкү топтору сунушталат:
– институттук чөйрөнү түзүү үчүн улуттук деңгээлдеги чаралар, анын ичинде туризмдин региондук статистикасын жакшыртуу, туризмдин бардык чакан тармактарынын стандарттарын иштеп чыгуу жана оптималдуу баа саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, секторду каржылоону, коммуникациялык жана адвокациялык иш-чараларды жакшыртуу боюнча чаралар;
– туристтик инфраструктуранын бардык спектрин: транспорттук, мейманкана, коомдук тамактануу, байланыш ж.б. өнүктүрүү боюнча чаралар;
– гиддерди, мезгилдүү кызматкерлерди, кол өнөрчүлөрдү, маданият кызматкерлерин ж.б. кошкондо жергиликтүү кадрдык потенциалды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон квалификациялык талаптарды түзүү, социалдык коргоо жана киргизүү боюнча чаралар.
Айыл чарба айыл аймактарын өнүктүрүү. Айыл чарбага адистешкен айыл аймактарын өнүктүрүү үчүн ушул Программа комплекстүү ыкманы колдонууну карайт, анын чараларынын бир бөлүгү ишке ашырылууда жана андан ары орто мөөнөттүү келечекте ишке ашырылат. Комплекстүү ыкма ар кандай факторлорду эсепке алууга негизделет, аларды өнүктүрүүнүн кумулятивдик натыйжасы тармактын узак мөөнөттүү өсүшүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.
Агроөнөржай интеграциясы жана кластерлер: тармактык айыл чарба саясатынын алкагында дыйкан (фермердик) чарбаларына жана калктын жеке көмөкчү чарбаларына ар кандай жеңилдиктерди жана кызматтарды көрсөтүүнүн колдонуудагы саясатынын алкагында колдоо көрсөтүү сакталат. Алар ыктыярдуу кооперацияны кошкондо, агроинтеграцияга катышууга, кайра иштетүүчү ишканалардын, соода жана логистикалык борборлордун негизинде соода жана сервистик кооперативдерди түзүүгө, кооперативдердин облустук жана республикалык рынокторго, ошондой эле соода тармактарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга дем берет. Кооперацияны өнүктүрүү оң тажрыйбаны активдүү жайылтуу менен методикалык жана техникалык жактан колдоого алынат. Ошондой эле мамлекеттин колдоосу, ар кандай айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн катышуусу менен кошумча нарк чынжырчасын түзүү каралган. Кластерлер дыйкан (фермердик) чарбаларын, кооперативдерди жана кайра иштетүүчү ишканаларды тартуу менен улуттук жана облустук деңгээлдерде ыктыярдуу түрдө түзүлөт. Кластерлерди өнүктүрүү маселелерин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында Кластердик өнүгүү кеңеши иштөөдө. Өндүрүштүк-сатуу чынжырчаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу логистикалык борборлорду түзүү жана алардын пайда болушу үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо, анын ичинде МЖӨ алкагында жүргүзүлөт.
Арзан кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү: айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттерди берүүнү көлөмүн көбөйтүүнүн пландуу процессинин фонунда орто мөөнөттүү мезгилде банктардын бөлүмдөрүн ачууга дем берүү, онлайн сервистерди өнүктүрүү жана тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу кредиттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана жеңилдетүү боюнча иштерди кароо зарыл.
Инвестицияларды комплекстүү башкаруу: өзүнө инвестициялардын натыйжалуулугун жакшыртылган болжолдоону жана башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда инвестициялык муктаждыктар жөнүндө маалымат алмашууну камтыган социалдык-экономикалык пландоонун комплекстүү системасын ишке киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда аналитикалык потенциалды түзүү, региондук деңгээлде өнүктүрүү бюджетин калыптандыруу механизмдерин түзүү максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү болжолдонууда. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн долбоорлорун координациялоо жана шайкеш келтирүү, мисалы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, эл аралык финансы институттарынын жана айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү боюнча КЭУлардын долбоорлорун сугат системаларын реконструкциялоо, логистикалык борборлорду куруу, энергетикалык жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү, ирригация, жерлердин деградациясына каршы күрөшүү боюнча долбоорлору менен программалык пландоо жана координациялоо да талап кылынат. Ошол эле учурда республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, региондорду өнүктүрүү фонддорунан капиталдык салымдарды пландоо системасы аймактарды мейкиндикти өнүктүрүү пландары менен байланыштуу болууга тийиш.
Айыл чарбасындагы ишкердик активдүүлүккө жаштардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыгуусун арттыруу: айыл чарба региондорунан жаштардын кетүүсүн азайтуу жана алардын айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттыруу региондордо келечектеги жаш фермерлерди окутууну жана кесиптик багыт алууну жүргүзгөн агроборборлорду (КЭУ өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана региондук окуу жайлардын долбоорлорунун көмөгү менен) түзүү саясатына өбөлгө түзөт. Бул практика улантылат жана кеңейтилет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен айылдык жаш ишкерлерге гранттар бөлүнөт.
Ишкердик активдүүлүккө дем берүү жана калктын жашоосунун сапатын жакшыртуу максатында жарандарга, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айыл чарба чөйрөсүндөгү ишканаларды ачууга жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөт. Колдоо жабдууларды, үрөндү, сырьену, малды ж.б. сатып алууну же жергиликтүү сырьену кайра иштетүү боюнча бизнести (сафлор майын өндүрүү, койдун жүнүн кайра иштетүү боюнча чакан цехтерди, мобилдүү саан пункттарын уюштуруу, союу цехтеринде терини сыйруу аппараттарын орнотуу, чакан канаттуулар фермаларын уюштуруу) ишке киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү камтыйт.
Стартап-долбоорлорду тандоо жана коштоо “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фонду аркылуу жүргүзүлөт, анын милдеттери Кыргыз Республикасынын региондорунда долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.
Мейкиндикти пландоо жана башкаруу: ГИС-платформалар менен интеграцияланган, эгилүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү, кыртыштын мүнөздөмөлөрү боюнча санариптик айыл чарба карталарын, сугат жана ирригациялык системалардын карталарын (суунун жеткиликтүүлүгү, сугат схемалары), рыноктордун жана логистиканын карталарын түзүү пландалууда. Бул жер участокторун оптималдуу пландоого жана пайдаланууга, трансформациялоого жана пайдаланылбаган жерлерди ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мейкиндикти өнүктүрүү схемалары социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жергиликтүү программаларында белгиленген пландарга жана артыкчылыктарга жараша өзгөрүүгө тийиш.
Инновациялык методдорду өнүктүрүү: жергиликтүү фермерлердин квалификациясын жогорулатуу жана айыл чарбасында, анын ичинде органикалык продукциянын экологиялык таза өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары боюнча инновацияларды ишке киргизүү үчүн айыл чарба райондорунда адистештирилген билим берүү жана илимий-изилдөө борборлорун этап-этабы менен түзүү болжолдонууда.
Азыркы учурда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана КЭУлардын жардамы менен региондордо фермерлерге жана фермердик чарбаларга маалыматтык колдоо (айыл чарба практикалары, жаңы технологиялар, агроклиматтык шарттар жана базарлар жөнүндө маалыматты алуу), билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү жана консультациялар, техникалык маселелер боюнча колдоо, сатуу рынокторун издөөгө көмөктөшүү, маркетинг жана сатуу маселелеринде колдоо көрсөтүүчү агрохабдар түзүлө баштады. Агрохабдар айыл чарба методдорун, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жана продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга катышат.
Айыл чарбаны санариптик өнүктүрүү: санариптик айыл чарба мейкиндигинин схемаларын түзүүдөн тышкары, айыл чарба секторунда маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу системаларын ишке киргизүү, анын ичинде фермерлер үчүн маалымат алмашуу жана отчеттуулук платформаларын түзүү боюнча чараларды көрүү зарыл. Маалыматтарды так жана өз убагында алуу мүмкүнчүлүгү айыл чарба жүргүзүүнүн иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген методдорун колдонууга жана айыл чарбада натыйжалуу саясатты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Маалыматтардын тактыгын жогорулатуу үчүн талаалардын абалын контролдоого, сугаруу жана түшүм жыйноо үчүн оптималдуу учурларды аныктоого, ошнодой эле зыянкечтердин жана оорулардын бар экендиги жөнүндө өз убагында маалымдоого жардам берген айыл чарба дрондорун жана спутниктик байкоо системасын колдонуу зарыл. Ар кандай өсүмдүктөр үчүн сууга болгон муктаждыкты так аныктоо, суу ресурстарын, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура объекттерин башкарууну, мониторинг жүргүзүүнү жана алардын абалын жөнгө салууну камсыз кылуу максатында ирригациялык системаларды контролдоо боюнча маалыматтык системаны (датчиктерди колдонуу менен) түзүү зарыл.
Комплекстүү мамиле айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө гана эмес, өндүрүштүк кубаттуулуктарды долбоорлоодо да инновациялык чечимдерди талап кылат. Мында орто мөөнөттүү келечекте мейкиндикти пландоого байланышкан чаралардын комплексин аткаруу зарыл болот:
– оптималдуу пландоону, заманбап технологияларды колдонууну жана тиешелүү ченемдерди сактоону эске алуу менен заманбап фермердик чарбалардын жана агроөнөр жай комплекстеринин архитектуралык-шаар куруу долбоорлорун иштеп чыгуу;
– айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн инфраструктураны иштеп чыгуу: жолдорду, сугат системаларын, кампа жайларын жана продукция рынокторун куруу жана модернизациялоо;
– турак жай шарттарын жакшыртуу, айыл тургундарынын жашоосу жана иши үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүү максатында айылдагы калктуу конуштарды реконструкциялоо жана реставрациялоо.
Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү. Кыргыз Республикасынын аймагынын 94 пайызын тоолор ээлейт, ал эми анын болжол менен жарымы деңиз деңгээлинен 1500 метрден жогору жайгашкан, бул бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жерлерде жайгашкан калктуу конуштардын болушун шарттайт. Өлкөнүн 6 облусунда 800гө жакын ушундай айыл бар. Алардын көбү бара-бара азайууда. Мындай аймактардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө бир катар факторлор, анын ичинде калк үчүн жагымсыз, курулуштун татаалдыгы жана кымбаттыгы, транспорттук жана энергетикалык тармактын жоктугу, айыл чарбасын жүргүзүү үчүн жогорку тобокелдиктеги шарттар тоскоол болууда. Кадрдык проблема курч турат – квалификациялуу адистер мисалы, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы адистер жетүүгө кыйын жерлерде иштөөнү каалабайт. Ошол эле учурда маданий жана уруулук салттарга байланыштуу бул калктуу конуштар сакталууга тийиш. Ошондуктан мындай аймактарга карата “өнүгүү” негизинен кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну билдирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында бийик тоолуу, жетүүгө кыйын, алыскы жана чек арага чектеш аймактарды башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү каралган.
Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн контекстинде бул Программа минималдуу стандарттарды сактоо үчүн теңдөөнүн төмөнкү ыкмаларын карайт.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Бул үчүн базалык социалдык инфраструктуранын таяныч калктуу конуштарын жайгаштырууга мейкиндик талдоо зарыл.
Калк аз жайгашкан аймактарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, саламаттык сактоо жана маданият чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн көчмө (мобилдүү) формалары.
Санариптик жеткиликтүүлүк: жарандардын документтерди алуусуна карата кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү улантуу, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын бардык аймагын сапаттуу мобилдик жана интернет-байланыш менен камтууну контролдоо, телемедицинаны өнүктүрүү (жерине баруу зарылдыгысыз борбордук медициналык мекемелерден адистердин консультациясын алуу), аралыктан окутуу (дистанттык билим берүү платформалары жана чоңдор үчүн онлайн-курстар, анткени балдар мектепте толук кандуу билим алышы керек). Санариптик жеткиликтүүлүк чаралары башкаруудагы теңсиздиктин жана четтетүүнүн санариптик тобокелдиктерин баалоонун негизинде иштелип чыгышы керек.
Транспорт кызматтарынын жеткиликтүүлүгү: жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарга коомдук транспорттун үзгүлтүксүз (мезгилге жараша) жүгүртүлүшүн камсыз кылуу. Чаралар жолдогу орточо убакыттын же кыймылдын маршруттук ылдамдыгынын критерийлерин, ташуунун наркын жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аймактын транспорттук байланыштуулугун баалоонун базасында иштелип чыгышы керек.
Финансылык дем берүү:бийик тоолуу райондордо иштеген медициналык жана билим берүү адистери үчүн финансылык сыйлыктарды жана олуттуу үстөктөрдү берүү (учурдагы бийик тоолуу коэффициенттерден тышкары) квалификациялуу адистерди тарта алат жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатат.
Бийик тоолуу калктуу конуштардын белгилүү бир бөлүгү региондук өнүктүрүүнүн кеңири контекстинде да маанилүү роль ойной алат. Бул үчүн ушул программа орто мөөнөттүү мезгилде жетүүгө кыйын болгон аймактардын резервдери жөнүндө колдо болгон изилдөөлөрдү пайдаланууну же жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүүнү кароого жана алардын натыйжалары боюнча иштин тийиштүү орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү багыттарын кароого тийиш: инфраструктурага бюджеттик инвестициялар; ишкердикке дем берүү; туризмге дем берүү; айыл чарбасын жана экологиялык жактан таза өндүрүштү колдоо; эл аралык жеке инвесторлор менен өнөктөштүк.
Чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү. Кыргыз Республикасы төрт өлкө менен чектешет, анын мамлекеттик чек арасынын узундугу 4786 км түзөт. Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактар, биринчиден, алардын коопсуздугун камсыз кылууну, экинчиден, социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү болжолдогон ченемдик жактан бекемделген өзгөчө статуска ээ. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактардын тизмегине 132 айыл жана өлкөнүн 5 облусундагы 10 участок кирет.
Улуттук коопсуздук көз карашынан алганда, чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштар бийик тоолуу аймактар үчүн мурунку бөлүмчөдө саналган туруксуз өнүктүрүү факторлорунан улам жок болуп кетпеши үчүн колдоого муктаж, анткени мамлекеттик чек аранын чоң узундугунда чек арага чектеш аймактар бийик тоолуу белгилерге ээ.
Мындан тышкары калктын чек арага чектеш аймактардан чыгып кетүүсүн алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүү зарыл. Ошондуктан мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча гана эмес, чек арага чектеш аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча да чараларды кароо маанилүү.
Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында 2013-жылдан баштап жергиликтүү инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде жолдорду, электр менен камсыздоону, ичүүчү сууга жетүүнү, билим берүүнү жана саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Мамлекеттик программа үчүнчү фазада (2021–2025-жылдар) уланууда жана чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, чек ара инфраструктурасы өнүктүрүү, инженердик тосмолорду куруу жана чек арага чектеш аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча чаралардын кеңири топтомун карайт.
Жогоруда аталган Мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген, иш-чаралар планында 31 иш-чара каралган, 2024-жылы бул планды ишке ашырууга – 136,8 млн сом, 2025-жылга – 232,0 млн сом.
Жогоруда аталган Мамлекеттик программада каралган социалдык чөйрөнү өнүктүрүү чараларынан тышкары чек арага чектеш калктуу конуштарда таяныч калктуу конуштардын базасында базалык социалдык инфраструктураны түзүүнү, ошондой эле калктын маданият, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн көчмө (мобилдүү) формаларын пайдалануусун камсыз кылуу керек.
Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө үй-бүлөлүк балдар бакчаларын (үй тибиндеги балдар бакчаларын) түзүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү зарыл. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай альтернативдүү варианттарын – мисалы, мобилдик бала бакча-автобустарды киргизүүгө, китепканалардын базасында Балдарды өнүктүрүү борборлорун андан ары өнүктүрүүгө, “бала бакча-мектеп” мекемелерин түзүүгө болот.
Башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү чөйрөсүндө мектеп автобустарынын кызмат көрсөтүүлөрү камсыздалышы керек. Башталгыч жана жалпы кесиптик билим берүү чөйрөсүндө чек арага чектеш шаарлардагы билим берүү уюмдарынын же алардын филиалдарынын маселесин кароо максатка ылайыктуу (бул аларда жумуш орундарын параллелдүү түзүүдө жогорку натыйжалуулукка ээ болот).
Чек арага чектеш аймактардын калкы менен иштеген медициналык жана педагогикалык кызматкерлер үчүн дем берүү системасын өнүктүрүү зарыл (эмгек акысына үстөктөр, акысыз турак жай берүү ж.б.). Ошондой эле фельдшердик, фельдшердик-акушердик пункттардын, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүнүн мобилдүү комплекстеринин тармагын түзүүгө мамлекеттик инвестициялар зарыл. Ошол эле учурда чек арага чектеш аймактарда артыкчылык мекемелер тармагын оптималдаштыруу эмес, бюджеттик сектордо кошумча жумуш орундарын түзүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программанын алкагында коңшу өлкөлөр менен соода жүргүзүү үчүн экспорттук потенциалды (мисалы, айыл чарбасынын продуктуларын) түзүү боюнча база катары чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Мында күч-аракеттерди трансчек аралык экономиканы өнүктүрүүчү төмөнкү негизги багыттарга топтоо керек:
– коңшу өлкөлөр менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашууга өбөлгө түзүүчү бажы, транспорттук жана логистикалык инфраструктураларды түзүүнү кошкондо, чек арага чектеш аймактардын экономикасын өнүктүрүү үчүн адистештирилген аймактарды түзүү;
– өзгөчө салыктык жана жөнгө салуучу режимдери бар бийик тоолуу аймактарда инвестицияларды тартуу жана өндүрүштү жана сооданы өнүктүрүүгө дем берүү үчүн атайын экономикалык зоналарды түзүү;
– бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарды өнүктүрүү боюнча чараларга окшош инфраструктурага (жолдорго, энергетикага, байланышка) бюджеттик инвестициялар зарыл болот, бул бизнести өнүктүрүүгө жана жашоо-турмуштун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү менен алыскы аймактардын жеткиликтүүлүгүн жана байланышын жакшыртууга мүмкүндүк берет;
– коңшу өлкөлөр менен трансчек аралык кызматташуу практикасын кеңейтүү зарыл. Мисал катары 2023-жылы кыргыз жана кытай тараптары кабыл алган 2023–2027-жылдары чек ара кызматташтыгынын программасы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү, транзиттик ташууларды, эл аралык почта байланышын өнүктүрүү жана өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кызматташтыкты, бажы кызматташтыгын, айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты, тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайындагы кызматташтыкты, энергетика, туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты, финансылык кызматташтыкты карайт.
Жогоруда аталган программада көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, трансчек аралык ташуулар ишке ашырылган райондордо чектеш өлкөлөр менен чек арага чектеш аймактардын кызматташтыгына түрткү берүүнүн формаларынын бири болуп мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында кампа жана логистикалык комплекстерди түзүүнү колдоо боюнча чаралар жана жүк ташуучуларды тейлөө боюнча инфраструктураны түзүү (унаа токтотуучу жайлар, мотелдер, коомдук тамактануу кызматтары, май куюучу жайларды, дүкөндөрдү, дааратканаларды, душ бөлмөлөрүн, коомдук тамактануу пункттарын ж.б. камтыган “эс алуу зоналарын” куруу) боюнча мамлекеттик колдоо чаралары саналат.
Жаратылыштын кооз жерлери жайгашкан чек арага чектеш аймактарда туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо чараларын кароо, ошондой эле мамлекеттер аралык деңгээлде кыска мөөнөттүү трансчек аралык турларды уюштуруу маселелерин иштеп чыгуу зарыл (мисалы, Ош – Фергана, Ош – Наманган), бул чек ара өткөөлдөрүндө тейлөөчү инфраструктураны өнүктүрүүгө дем берет. Чектеш мамлекеттер менен кирүү туризмин өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл, мисалы “Фергана өрөөнүнүн шаарлары” жана башкалар.
Чек арага чектеш айыл аймактарында резиденттер үчүн преференциалдуу (башка калктуу конуштардагы алдынкы өнүгүү аймактарына салыштырмалуу) шарттары менен алдынкы өнүгүү аймактары түзүлүшү мүмкүн. Бул ошондой эле жол жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү талап кылат, бул чек арага чектеш калктуу конуштардагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына да жагымдуу таасирин тийгизет.
Чек арага чектеш аймактардагы геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдарды көбөйтүү маселесин кароо керек.
Айыл чарбасын колдоо боюнча долбоорлордун алкагында чек арага чектеш аймактардын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын кароо зарыл (мамлекеттик колдоо чараларын, кредиттер жана лизинг боюнча ставкаларды алган башка айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө салыштырмалуу кыйла төмөн). Ошол эле учурда колдоо чараларынын натыйжалуулугунун негизги критерийлеринин бири жумуш орундарын түзүү болушу керек.
Социалдык биримдикти чыңдоо жана чыр-чатак потенциалын төмөндөтүү үчүн жарандык коом жана ЖӨБ органдары менен бирдикте чек арага чектеш аймактардагы жаштарды бириктирүүгө жана биргелешип иштөөгө багытталган долбоорлорду, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлорду, мисалы жаштардын трансчек аралык иш-чараларын (хакатондор) ишке ашыруу зарыл.
Чек арага чектеш аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган кошумча мамлекеттик инвестицияларды кароо зарыл.
Биринчи этапта инвестициялар региондорду/райондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу дем берүүчү гранттар берилиши мүмкүн, мында чек арага чектеш аймактар үчүн региондорду/райондорду өнүктүрүү фонддорунан долбоорлорду конкурстук тандоодо жана дем берүүчү гранттарды берүүдө артыкчылыктар каралууга тийиш.
Жаратылышты коргоо аймактарын өнүктүрүү жана келечек муундар үчүн айлана-чөйрөнү сактоо. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨКЖА), мамлекеттик токой фондунун жерлерин (МТФ), геологиялык парктарды (ГП) өзүнө камтыган коргоого алынган жаратылыш аймактарын (КЖА) өнүктүрүү региондук мааниде өнүктүрүүдө ар кандай кызыкчылыктарды эске алууну талап кылган татаал көйгөйдү билдирет.
КЖА биотүрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоодо, табигый экосистемалардын деградациясын алдын алууда жана өлкөлүк жана глобалдык масштабда экологиялык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Алар экологиялык жактан маанилүү функциялары бар экосистемалары сакталган жогорку даражадагы кайталангыс табыгый жерлер болуп саналат. Ошондуктан регоиондорду өнүктүрүүдө туруктуу өнүктүрүү жана жаратылыш мурастарын сактоо принциптерин эске алуу маанилүү.
Өнүгүүдөгү татаал маселе болуп жаратылышты коргоо максаттары менен экономикалык өнүктүрүүнүн ортосундагы карама-каршылыктар болуп саналат. КАА жайгашкан көптөгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖӨБ органдары жаратылышты сактоо жана экономикалык өсүштү камсыз кылуу максаттарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо зарылдыгына туш болушат. Көйгөй жаратылыш ресурстарын, анын ичинде рекреациялык ресурстарды туруктуу пайдаланууну комплекстүү пландоо аркылуу табигый экосистемаларды жана ландшафттарды сактоого жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кепилдик берүү менен чечилүүгө тийиш.
Жаратылышты коргоо аймактарын өнүктүрүү чаралары Кыргыз Республикасынын жаратылыш ландшафттарын жана табигый экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү контекстинде региондордун гармониялуу өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталууга тийиш.
Чаралардын биринчи тобу КААнын ресурстарына экономиканын терс таасирин азайтууга жана алар жайгашкан региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Жумшартуу натыйжасы туруктуу жана экологиялык чарба жүргүзүү ыкмаларын (туризм, айыл чарба, агро токой чарбасы) киргизүү, КААнын жанындагы жана ичиндеги ишкердик ишти экологиялык критерийлерге бекем байланыштыруу жана жаратылыш ландшафттарын жана табигый экосистемаларды сактоо жана калыбына келтирүү, салттуу жана экологиялык кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, экологиялык стандарттарды сактоо менен ӨКЖАга жакын өндүрүлгөн продукцияны сертификациялоо аркылуу жетишилет. Жергиликтүү калкты жаратылышты сактоого жана КЖАнын ресурстарын туруктуу пайдаланууга үндөгөн экономикалык механизмдерди жана дем берүүлөрдү иштеп чыгуу маанилүү. Башкаруу жагынан алганда, КЖАны башкаруу маселелерин жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына интеграциялоо маанилүү, ошол эле учурда КЖАны башкарууга жергиликтүү калктын катышуусун жогорулатууга умтулуу керек. Мыйзамсыз ишти токтотуу жана бузуучуларды жазалоо үчүн ӨКЖА ресурстарынын туруктуу пайдаланылышын контролдоо үчүн натыйжалуу укуктук механизмдерди иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү талап кылат (мисалы айып пулдарды күчөтүүнү камтышы мүмкүн).
Кыргызстан үчүн КЖАнын маанилүүлүгү, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн аларды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө билим берүүчү маалыматтык кампанияларга муктаждык курч. Негизги темалар төмөнкүлөр болууга тийиш: тобокелдиктерди башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн КААнын маанилүүлүгү, КЖАны жана калктуу конуштарды интеграцияланган башкарууга калктын катышуусу, жаратылышты туруктуу пайдалануу методдору.
Жаратылышты коргоо аймактарын биргелешип башкаруу жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдардын, бизнестин, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү калктын ортосунда өнөктөштүктү белгилөө жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун альтернативдүү натыйжалуу финансылык чечимдерин киргизүү зарыл.
Чаралардын экинчи тобу Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ишти бириктирет. КАА, айрыкча токойлор жана ӨКЖАлар флора жана фауна үчүн баш калкалоочу жай болуп саналат, бул экосистемалардын климаттын өзгөрүшүнө: экстремалдык аба ырайына жана башка климаттык стресстерге туруктуулукту шарттайт. Алар суунун циклин жөнгө салуу, абанын жана топурактын сапатын сактоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн маанилүү болгон ресурстарды берүү сыяктуу маанилүү экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат. КААнын токойлору, саздары жана башка экосистемалары көмүртекти сиңирет жана сактайт, атмосферадагы парник газдарынын концентрациясын азайтууга жана климаттын өзгөрүү ылдамдыгын азайтууга жардам берет. Алар экстремалдык температураны төмөндөтүү жана жергиликтүү климаттык шарттарды жакшыртуу аркылуу жагымдуу микроклиматты түзүүгө өбөлгө түзөт. Климаттын өзгөрүү шарттарында жаратылышты коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууда маанилүү инструмент болуп саналган экологиялык каркастарды (ЭК) түзүү жана суулуу-саздак жерлерди кеңейтүү зарыл.
Комплекстүү өзгөчө коргоого алынган статуска ээ болгон региондорду – геологиялык парктарды калыптандыруу жана түзүү зарыл, анын аймагында жердин геологиялык тарыхы жана жергиликтүү ландшафт, көрүнүп турган геологиялык түзүлүш, казылуучу фаунанын катмарлары ачып көрсөтүлөт. Ар бир аймак (КАА, ЖӨБО органы, район же андан жогору) табигый жана климаттык тобокелдиктерди башкаруу пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу практикасын ишке киргизүүгө тийиш: коркунучтарды идентификациялоо жана экосистема менен коомчулуктун аялуу жерлерин талдоону камтыган тобокелдикти жана аялуу жерлерди баалоо. Ушул баалоонун негизинде алдын алуучу жана адаптациялык иш-чаралар иштелип чыгат. Комплекстүү мамиле алардын узак мөөнөттүү жыргалчылыгын камсыз кылуу менен аялуулукту азайтат жана экосистемалардын жана коомчулуктун туруктуулугун жогорулатат.
§ 3. Мейкиндикти башкаруу жана өнүктүрүү механизмдери
Мейкиндикти пландоо үчүн маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу. Улуттук мейкиндик маалымат инфраструктурасы. Акыркы жылдары мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары мейкиндик маалыматтарынын улуттук түзүмүн (ММУТ) – жарандардын, чарбалык субъекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын аймактык бөлүштүрүлгөн мейкиндик маалымат ресурстарына жетүүсүн камсыз кылуучу татаал маалыматтык-телекоммуникациялык системаны өнүктүрүүгө, ошондой эле маалыматтарды жайылтууга жана алмашууга көбүрөөк талаптагыдай көңүл бура баштады. ММУТ статистикада, башкарууда, талдоодо, моделдөөдө жана жерди пландоодо, жер, инфраструктуралык, экологиялык, экономикалык тармактарга инвестицияларды пландоодо негизги курал болууга тийиш. ММУТ үчүн база катары геопортал түзүлгөн, ал мамлекеттик органдарга жана жеке секторго колдо болгон мейкиндик маалыматтарын максималдуу пайдалануу жана жаңыларын түзүү менен калкка жаңы кызмат көрсөтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
ММУТту өнүктүрүүнүн колдонуудагы стратегияларынын жана концепцияларынын алкагында жана ушул Программанын алкагында комплекстүү пландоо максаттары үчүн Геопорталды “Санарип Аймак” АМС менен интеграциялоону камсыз кылуу зарыл.
Мейкиндикти пландоо үчүн маалыматтын экинчи негизги булагы болуп өзгөчө оперативдүү милдеттерди чечүү үчүн “чоң маалыматтар” болуп саналат, аларды калктын мобилдүүлүгүн, транспорттук жана социалдык инфраструктурага карата жүктү, калктын маданий жана керектөө артыкчылыктарын, калктын жашоо сапатына канааттануусун, коммерциялык кыймылсыз мүлктүн жана жердин наркын баалоону, статистикалык базаны өнүктүрүүнү ж.б. талдоо үчүн киргизүү зарыл.
Региондорду өнүктүрүүнү комплекстүү пландоо максатында “чоң маалыматтардын” ар кандай булактарын, анын ичинде мобилдик байланыш операторлорун; GPS сигналдарынын интеграторлорун; фискалдык маалымат операторлорун; социалдык тармактарды; транспорт жана мейманканаларга билеттерди брондоо системаларын; коммуналдык төлөмдөрдү чогултуу системаларын; үзгүлтүксүз космостук сүрөттөрдү кошкондо Интернет-ресурстарын уюштуруу зарыл. Бул булактардын бардыгы Кыргыз Республикасында пайдалануу үчүн жеткиликтүү жана азыр улуттук, региондук жана шаардык стратегияларды иштеп чыгууда ийгиликтүү колдонулушу мүмкүн.
Ар кандай милдеттер ар кандай маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. Алсак, коомдук транспорт тармагын пландоо GPS-сигналдардын интеграторлорунун маалыматтарына таяна алат, ал эми шаарлардын мейкиндик схемаларын иштеп чыгуу үчүн геолокациялык мүнөздөмөлөрдөн тышкары колдонуучулардын социалдык-демографиялык параметрлерин дагы камтыган мобилдик операторлордун маалыматтарын колдонуу керек. Социалдык тармактардын семантикалык маалыматтары жарандардын көрктөндүрүү жана социалдык өнүктүрүү программаларына канааттануусун талдоо үчүн колдонулушу керек.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн эл аралык жардамдарынын бир бөлүгүн улуттук, региондук жана шаардык стратегияларды иштеп чыгууга, альтернативдик статистикалык базаны түзүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык статистиканы өнүктүрүүгө “чоң маалыматтарды” киргизүү багытына кайра багыттоо керек.
Региондорду өнүктүрүү үчүн “чоң маалыматтар” шаар ичиндеги жана шаарлар аралык коомдук транспорт тармактарын долбоорлоо жана оптималдаштыруу; жердин жана кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын баалоо методологиясын колдоо датасы; туризм үчүн жагымдуу райондордогу социалдык жана транспорттук инфраструктуранын зарыл кубаттуулуктарын эсептөө; керектөө бааларынын индексин эсептөөнүн альтернативдүү методдорун колдоо датасы; шаарлардын жана алардын райондорунун мастер-пландарын колдоо датасы, турак жай райондорунда кызмат көрсөтүүлөрдүн керектүү функционалдык түзүмүн эсептөө, коммерциялык аянттарды жайгаштырууну жана алардын өлчөмүн оптималдаштыруу, ошондой эле “чоң маалыматтарды” колдонгон имитациялык моделдердин жардамы менен жаңы шаар пландарынын ар кандай сценарийлерин эсептөө.
Реалдуу убакыт режиминде түзүлгөн жана түзүлүүчү метрикалардын ийкемдүүлүгүнүн жыйынтыгында тарыхый маалыматтарды топтоого мүмкүндүк берген “чоң маалыматтардын” артыкчылыктарын эске алуу менен улуттук, региондук жана шаардык программалардын, ошондой эле айрым долбоорлордун натыйжалуулугунун индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү процесстерине “чоң” маалыматтарды киргизүү зарыл.
Улуттук жана региондук мейкиндик схемаларын иштеп чыгуу. Улуттук мейкиндик схемасы комплекстүү пландын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын аймактарын жайгаштыруу жана уюштуруу, аймактарды зоналаштыруу жаатындагы мамлекеттик саясатка ылайык аймактарды аймактык-мейкиндик пландоону (жайгаштыруу системаларын) өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, аймактык уюштуруунун жана маанилүү региондор аралык объекттердин жана шаар куруу ишин өзгөчө жөнгө салуучу аймактардын чектерине жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрүнө негиздеме берет, региондук деңгээлде аймакты жайгаштыруу жана уюштуруу жаатындагы саясатты жүргүзүүнүн негизги принциптерин аныктайт.
Улуттук мейкиндик схемасы өлкөнүн ар бир бөлүгүндө инвестициялардын бардык түрлөрүнүн артыкчылыктарын аныктайт жана бир нече жыл алдыга республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды бөлүштүрүү жөнүндө чечимдер үчүн негиз болуп кызмат кылат. Улуттук мейкиндик схемасы улуттук парктар, айлана-чөйрөнү коргоо жана суу ресурстарын коргоо үчүн резервделиши керек болгон аймактарды; жана улуттук коргонуу жана коопсуздук максаттары үчүн мамлекет (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети) тарабынан өнүгүүнү аныктаган аймактарды аныктайт.
Улуттук мейкиндик схемасы аймактарды аймактык-мейкиндик пландоону иштеп чыгуу үчүн негизги параметрлерди, жайгаштыруунун, жаратылышты пайдалануунун схемаларын жана пландоонун региондук жана жергиликтүү тармактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык уюштурулушун, алардын жаратылышты коргоонун жана жаратылышты пайдалануунун схемаларын; инженердик-транспорттук инфраструктуранын тармактык схемаларын жана долбоорлорун; региондор аралык жана региондук маанидеги башка документтерди белгилейт.
Улуттук мейкиндик схемасы мейкиндиктин чектөөлөрүн эске алган региондук мейкиндик схемаларына (облустардын же региондордун пландоо деңгээлинде) карата жетектөөчү документ катары кызмат кылат, анда төмөнкү мейкиндик чектөөлөрү эске алынат: жаратылыш парктары, айлана-чөйрөнү коргоо аймактары жана сууну коргоо зоналары үчүн бөлүнгөн жерлер аныкталат жана чектелет. Ошондой эле региондук мейкиндик схемаларында табигый жана техногендик кырсыктардын жогорку тобокелдик зоналары аныкталууга тийиш; бул аймактарды курулуш жана башка өнүгүү максаттары үчүн пайдаланууга колдоого алынбайт, жергиликтүү деңгээлде бекитилген критерийлер жана стандарттар сакталган учурда гана уруксат берилет. План зарыл болгон чыгымдарды баалоону жана болжолдонгон каржылоо булактарынын тизмесин камтышы керек. Пландын ушул эле деңгээлинде каржылоону кантип тартуу жана МЖӨнүн зарылдыгы жөнүндө конкреттүү сунуштар бекитилет. Бул план сунуш кылынган иш-чаралардын графигин жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алгачкы баалоону камтыйт.
Региондук мейкиндик схемасынын курамында аймакты заманбап пайдалануу планын, аймакты комплекстүү баалоо схемасын жана долбоордук планды камтыган графикалык материалдар иштелип чыгышы керек.
Региондук мейкиндик схемаларында жаратылышты коргоо жана экологиялык тобокелдиктерге жана өзгөчө кырдаалдар тобокелдиктерине туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Улуттук жана региондук деңгээлдеги мейкиндик схемаларынын системасынын стратегиялык мүнөзүн эске алуу менен аларды иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды түзүү боюнча ыйгарым укуктар болжолдоо жана пландоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилиши керек.
Жергиликтүү деңгээлде мейкиндик пландоону өркүндөтүү. Жергиликтүү мейкиндик пландары. Муниципалдык инфраструктураны жана экономикалык өнүгүүнү натыйжалуу башкаруу үчүн маалыматташтыруунун жогорку деңгээлинин санариптик жергиликтүү мейкиндик пландарын түзүү зарыл – мааниси боюнча бир географиялык зонанын алкагында ар кандай тармактык министрликтер менен ведомстволордун маалыматтарын интеграциялоо жолу менен реалдуу аймактын виртуалдык модели. Учурдагы санариптик платформалардын негизинде мейкиндик схемасынын ар кандай “каркастарын” же “катмарларын” интеграциялоо боюнча иштер улантылат.
Чогулган маалыматтардын негизинде визуалдаштыруу, талдоо, жергиликтүү өнүгүүнү пландоо жана аймакты башкаруу процесстерин автоматташтыруу жүргүзүлүшү керек.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик бириктирүү аяктагандан кийин түзүлгөн жаңы чек аралардагы айыл аймактары үчүн мейкиндик схемаларын иштеп чыгууда. Бул мейкиндик схемалары аймакты өнүктүрүүнүн башкы пландары үчүн негиз болот. Жаңы башкы пландарда экономикалык тармактарды жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүдөн (укуктук жана функциялык зоналарды трансформациялоо) жер категорияларынын балансынын өзгөрүүсүн көз карандылыктан чыгаруу аркылуу социалдык-экономикалык жана мейкиндик пландоонун байланышын камсыздоо маанилүү.
Укуктук зоналаштыруу шаар курууну өнүктүрүү пландарын, жергиликтүү коомчулуктун жана жарандардын жагымдуу жашоо чөйрөсүн түзүү боюнча ниеттерин ишке ашыруу механизми катары иштейт жана шаар курууну жөнгө салуунун инструменти болуп саналат. Анда ЖӨБ органдары тарабынан ар бир участок үчүн кыймылсыз мүлктү пайдалануу жана курулуштук өзгөртүү эрежелерин көрсөтүү менен аймакты зоналаштыруу жөнүндө жергиликтүү мыйзамдардын кабыл алынышы каралат. Укуктук зоналаштыруу эрежелеринин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн түздөн-түз жоопкерчилик чөйрөсүн бөлүп, аны системанын минималдуу зарыл болгон объекттеринин топтому менен чектейт. Ошол эле учурда ЖӨБ органы жеке жактардын демилгелерин жана каражаттарын пайдалануу менен шаарды өнүктүрүү процесстерине кыйыр таасир этүүнүн иштиктүү механизмдерин иштеп чыгат жана өзүндө сактап калат. Эрежелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жеке адамдардын – кыймылсыз мүлк ээлеринин жана потенциалдуу инвесторлордун ортосундагы өнөктөштүк системасын түзөт. Ошол эле учурда эрежелер шаар коомчулугунун узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын жеке менчик ээлеринин өзүн-өзү башкаруусунан жерди жана кыймылсыз мүлктү санкцияланбаган пайдалануудан коргойт.
Азыркы учурда укуктук зоналаштыруу эрежелерин иштеп чыгуу процесси жөнгө салынган эмес, бул коррупциялык көрүнүштөргө жана мыйзамдарды жана жарандардын укуктарын бузууга алып келиши мүмкүн жана жалпысынан калктуу конуштардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратат. Укуктук зоналаштыруунун типтүү эрежелерин, аларды иштеп чыгуу жана андан ары колдонуу боюнча тиешелүү ченемдик документтерди кабыл алуу талап кылынат.
Функционалдык зоналаштыруу. Пландоо региондорун киргизүү, айыл аймактарынын мейкиндик схемаларын иштеп чыгуу жана алардын аймактык чектерин тактоо үчүн, ошондой эле администрациялык бөлүнүүнү жана райондордун бир бөлүгүнүн аймактык чектерин тактоо үчүн функционалдык зоналаштыруу методдорун киргизүү талап кылынат, бул мейкиндикте ар кандай мейкиндик агымдары же өз ара аракеттенүүлөр (адамдар, товарлар, материал, энергия, маалымат ж.б.) формасында горизонталдык байланыштары бар функционалдык зоналарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Функционалдык зоналарды аныктоо үчүн иш менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, керектөө, билим берүү (орто мектептер жана кесиптик-техникалык билим берүү мекемелери), эс алуу, туризм, муниципалитеттер аралык кызматташуу чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү аспекттери каралат. Ишке киргизүү мейкиндик агымдарын аныктоо үчүн “чоң” маалыматтарды жана GPS-маалыматтарды колдонууну талап кылат.
§ 4. Региондорду өнүктүрүүнү башкаруу системасын өркүндөтүү
Мамлекеттик стратегиялык башкаруу системасында региондорду өнүктүрүүнү башкаруу маселелеринин статусун жогорулатуу. Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруунун тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген, ал мамлекеттик стратегиялык башкаруунун алкагында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоонун укуктук негиздерин белгилейт. Бекитилген Тартипке жана ушул Программанын максаттарына ылайык ишке ашыруунун негизги принциптери, артыкчылыктары жана багыттары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген башкы мамлекеттик стратегиялык документ болуп саналган улуттук стратегияга кириши зарыл.
Региондорду өнүктүрүү маселелеринин статусун жогорулатуу “регион” түшүнүгүн ченемдик укуктук базага киргизүү жана ар кандай максаттарда (климаттык, социалдык, маданий, аскердик ж.б.) ийкемдүү башкаруу үчүн региондордун ар кандай формаларын киргизүү жолу менен; социалдык-экономикалык өнүгүүнү тармактык жана мейкиндик пландоо менен аймактык (облустук, райондук, муниципалдык) пландоонун механизмдерин жана методдорун бириктирүүчү комплекстүү пландоо системасын түзүү жолу менен ишке ашырылат.
Региондорду өнүктүрүү маселелеринин статусун жогорулатуу стратегиялык башкаруунун тармактык программалык документтерине колдонуудагы административдик-аймактык түзүлүш боюнча ар бир аймак (облус, район, шаар, айыл аймагы) үчүн өнүктүрүү максаттарын, көрсөткүчтөрүн жана чараларын киргизүүнүн милдеттүү талаптарын киргизүү жолу менен да ишке ашырылат.
Комплекстүү көп деңгээлдүү пландоо механизмин киргизүү. Механизм башкаруунун бардык деңгээлдеринде пландарды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун биримдигине жана бүтүндүгүнө, ошондой эле социалдык, экономикалык мейкиндик жана экологиялык талаптарды интеграциялаган комплекстүү мамилеге негизделиши керек. Механизм өнүгүү пландарынын улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлин камтыйт жана социалдык, экономикалык, экологиялык жана саясий натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк бере турган комплекстүү пландоо жана мейкиндикти башкаруу жөнүндө атайын мыйзамды кабыл алуу жолу менен башкаруу системасына киргизилиши керек. Кыска жана орто мөөнөттүү келечекте бардык механизмдин жалпы методикалык сыпаттамасын ага башкаруунун бардык деңгээлдерин киргизүү менен жеткире иштеп чыгуу зарыл болот.
1-таблица. Комплекстүү пландоо системасынын алкагында өз ара аракеттенүү
Пландоо тармактарынын жана пландардын иерархиясы | Пландардын өз ара аракеттенүүсү | |
1 | Республика: Региондорду социалдык-экономикалык комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы; улуттук деңгээлдеги стратегиялар; жалпы мамлекеттик программалар | Жогорудан төмөнгө: - улуттук артыкчылыктар жана долбоорлор; - региондорду өнүктүрүүнүн программалык багыттары; - ресурстук чектөөлөр; - улуттук мейкиндик схемасы жана анын чектөөлөрү
|
2 | Республика: Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгуучу өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары, анын ичинде тармактык программалар | Жогорудан төмөнгө: - улуттук долбоорлор; - мамлекеттик тармактык саясат жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары; - региондук тармактык профилдер үчүн маалымат; - ресурстук жана мейкиндик артыкчылыктар жана чектөөлөр. Төмөндөн жогору - комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы үчүн өнүктүрүү көрсөткүчтөрү; - калктын жана жергиликтүү коомчулуктардын ирилештирилген муктаждыктары |
3 | Региондук пландоо деңгээли: Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн региондук комплекстүү программасы, анын ичинде региондук тармактык профилдер; облустун, райондун СЭӨП | Жогорудан төмөн: - улуттук артыкчылыктар жана долбоорлор; - региондук экономикалык адистештирүү; - интеграциялык пландар, артыкчылыктар жана долбоорлор; - ресурстук чектөөлөр; - региондук мейкиндик схемасы Төмөндөн жогору - мамлекеттик программалар үчүн өнүгүү көрсөткүчтөрү; - жарандардын жана жергиликтүү коомчулуктардын муктаждыктары жөнүндө системалаштырылган маалымат; - региондук комплекстүү өнүктүрүү программасынан региондук тармактык профилдер; - комплекстүү пландаштыруу модели үчүн маалыматтар |
4 | Жергиликтүү пландоо деңгээли (ЖӨБ): СЭӨП аймактары | Төмөндөн жогору - региондук программалар үчүн өнүгүү көрсөткүчтөрү; - аялуу топторду кошкондо, жергиликтүү коомчулуктардын артыкчылыктуу муктаждыктары; - аймактын экономикалык адистешүүсү жөнүндө маалымат; - комплекстүү пландоо модели үчүн маалыматтар; - горизонталдык өз ара аракеттенүү жөнүндө маалымат (муниципалитеттер аралык кызматташтык, интеграциялык процесстер, ресурстар менен алмашуу, аймактар ортосунда тажрыйба алмашуу) |
Бул өз ара байланыштарды санариптештирүү жана маалыматташтыруу процесстерисиз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Азыркы учурда өнүгүп жаткан “Санарип Аймак” автоматташтырылган системасы жакын арада “Социалдык-экономикалык пландоонун комплекстүү системасы: пландоонун жергиликтүү тармагы” жаңы модулун алышы керек, ал эми орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте маалыматтар базасынан өнүгүүнүн толук кандуу көп деңгээлдүү автоматташтырылган башкаруу системасына айланышы керек. Анын маалыматтары социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоонун комплекстүү системасынын ар кандай деңгээлдериндеги процесстерди талдоо, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн пайдаланылат.
Облустун, райондордун СЭӨП иштеп чыгуунун жаңы методикаларына мындай өз ара аракеттенүүнүн принциптери жана механизмдери киргизилген. Райондук мамлекеттик администрациялардын жана координациялык кеңештердин аналитикалык потенциалын күчөтүү менен бир убакта аларды практикада өнүктүрүү керек.
Ошондой эле системаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү талап кылат:
– региондук адистештирүү жана региондорду интеграциялоону (бир облусту өнүктүрүүнүн үч же төрт артыкчылыгынан көп эмес) эске алуу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландаштыруу үчүн
потенциалды (методикалык, адамдык жана маалыматтык) облустун деңгээлинде түзүү, ошондой эле өнүгүүнүн таяныч борборлорун түзүү перспективалары; анын ичинде региондордогу академиялык чөйрөлөрдү жана университеттерди пландоо процессине тартуу;
– орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте региондук деңгээлде чечим кабыл алуу үчүн маалыматтарды натыйжалуу пайдалануу жана моделдөө максатында социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасын тейлеген колдонуудагы жана жаңы маалыматтык системалардын функционалдык камтылышын кеңейтүү;
– санариптик маалымат базасын (Санарип Аймак) актуалдаштыруу (атап айтканда, райондук жана/же облустук мамлекеттик администрациялар тарабынан мамлекеттик заказды тариздөө жолу менен санариптик маалымат базалары менен иштөө үчүн региондук университеттердин жана колледждердин интеллектуалдык потенциалын пайдалануу).
Административдик-аймактык түзүлүштү трансформациялоонун жыйынтыктарынын натыйжалуулугун жогорулатуу. Бул милдет мейкиндикти пландаштыруунун аналитикалык, анын ичинде санариптик жана коммуникациялык инструменттерин киргизүү жолу менен чечилет, бул региондук экономикалык адистиктерге талдоо жүргүзүүнү, тобокелдиктерди болжолдоону жана функционалдык зоналарга бөлүүнү, анын ичинде төмөнкү административдик-аймактык кайра түзүүлөргө карата сунуштарды иштеп чыгуу үчүн “чоң маалыматтардын” жардамы менен жүргүзүүнү карайт:
Мамлекеттик инвестициялар программасын мамлекеттик секторго бюджеттик инвестицияларды пландаштыруунун жана ишке ашыруунун бардык механизмдерин жана артыкчылыктарын камтыган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин документи катары иштеп чыгуу практикасын жандандыруу. Мамлекеттик инвестициялар программасы Улуттук мейкиндик схемасына негизделиши керек. Жаңы программада борбордук деңгээлдеги тармактык программалардын инвестициялык компоненттери менен региондорду өнүктүрүү программаларынын ортосундагы байланыш методикалык жана иш жүзүндө камсыздалышы керек. Бюджеттик инвестициялардын региондорго таасирин талдоо бардык деңгээлдерде жүзөгө ашырылууга тийиш. Программада бюджеттик инвестициялардын долбоорлору өнүгүүнүн мейкиндик пландарына ылайык келет жана республикалык жана жергиликтүү маанидеги долбоорлорго маанисине жараша категорияларга бөлүнөт (схемасына жана каржылоо булагына карабастан).
Республикалык бюджеттен жана жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландоо системасын жакшыртуу. Капиталдык салымдардын жалпы суммасын республикалык бюджетте бир сап менен бекитүү практикасын жана республикалык бюджет жөнүндө мыйзам бекитилгенден кийин бир айдан кечиктирбестен курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесин андан ары бекитүү практикасын мыйзам менен токтотуу зарыл. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды башкарууну реформалоо Улуттук мейкиндик схемасына негизделип, ички капиталдык салымдарды, анын ичинде программалык тармактык жана региондук талдоону пландоонун жана ишке ашыруунун түшүнүктүү жана ачык эрежелерине өтүүнү камсыз кылууга тийиш. Бүгүнкү күндө колдонуудагы система республикалык бюджеттен мындай каражаттарды бөлүү пландарынын белгисиздигинен улам райондордун жана ЖӨБдүн орто мөөнөттүү СЭӨП капиталдык салымдарынын объекттерин кошууга мүмкүндүк бербей жатат.
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын райондук СЭӨП менен бөлүштүрүү аспекттеринин байланышын күчөтүү зарыл, алар бул фонддорду райондун өнүктүрүү бюджети үчүн булак катары кароого, районго кирген аймактардын тармактык жана инвестициялык муктаждыктарын синтездөө принцибинде түзүлгөн СЭӨПтүн артыкчылыктарына ылайык ресурстарды пландаштырууга жана бөлүштүрүүгө тийиш. Башкача айтканда, райондун СЭӨПү региондун өнүктүрүү фондун артыкчылыктуу багыттар боюнча бөлүштүрүүгө квоталарды де-факто белгилеши керек. Мындай инструменттер райондордун СЭӨПүн иштеп чыгуунун жаңы методикаларында сунушталган, эми аларды практикада өнүктүрүү зарыл. Долбоорлорду иштеп чыгууга ушул Мамлекеттик программанын алкагында илимий жана изилдөө потенциалын тартуу керек.
Узак мөөнөттүү келечекте региондорду өнүктүрүү фонддорунун бөлүгүн чыгымдоо менен долбоордук эмес, программалык-максаттуу принцип боюнча каржылоонун түрлөрүнүн ар түрдүүлүгүн кеңейтүү, тактап айтканда региондорду өнүктүрүү фонддору аркылуу Мамлекеттик программада жогоруда баяндалган бюджеттер аралык программалык трансферттердин практикасын киргизүү зарыл.
Келечекте региондордун экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн региондорду өнүктүрүү фонддорунун базасында өнүктүрүү институттарын түзүү зарыл.
Өнүктүрүү институттары экономикалык өсүшкө көмөктөшүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана экономиканын ар кайсы тармактарындагы структуралык көйгөйлөрдү чечүү үчүн түзүлөт. Мындай институттардын негизги максаты – инновацияларды колдоо, өндүрүштү модернизациялоо, чакан жана орто бизнестин инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле ири улуттук жана региондук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык, консультациялык жана уюштуруучулук ресурстар менен камсыз кылуу.
СЭӨПтүн жана жергиликтүү бюджеттердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык аймактык СЭӨПтүн болжолу жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиз болууга тийиш. Иш жүзүндө аймактардын СЭӨПү менен жергиликтүү бюджеттердин ортосунда туруктуу байланыш жок. Муниципалитеттер өз кезегинде СЭӨПкө ресурстук баалоону болжолдуу түрдө жүзөгө ашырышат, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мындай СЭӨПтүн мазмунуна дээрлик кызыкдар эмес. Аймакты өнүктүрүүнү башкаруунун маанилүү куралы катары СЭӨПтүн артыкчылыгы жоголот. Бул байланышты калыбына келтирүү, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарын ишке ашырууну камсыз кылуу жана СЭӨПтү башкаруунун натыйжалуу инструментине айландыруу үчүн СЭӨП жергиликтүү бюджетти даярдоо циклинин ажырагыс бөлүгү катары аныктоочу санариптик механизмдерди андан ары киргизүү зарыл. Жергиликтүү бюджеттерди башкаруунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилиши керек, анын алкагында бюджетти бекитүү жана СЭӨПтүн болгон стандарттары боюнча иштелип чыкмайынча каржылоону жүзөгө ашыруу мүмкүн болбойт. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттер үчүн программалык негизде бюджеттөө принциптерин андан ары жана бардык жерде киргизүү зарыл, мында СЭӨП бюджеттик программалар жана чаралар үчүн негиз болот.
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин (мындан ары ЖКД) мамлекеттик субсидиялоо. 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири ар бир мүчөсү өз аймагын өнүктүрүүгө квалификациялуу түрдө катышууга жөндөмдүү болгон жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулукту түзүү болуп саналат. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгында каралган. Аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууда материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик, социалдык жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында шаарлар жана айылдык калктуу конуштар үчүн аймактарды абаттоо жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча кыйла маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо системасын киргизүүнү камсыздоо зарыл.
Азыркы учурда ЖКДнын алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашырууну мамлекеттик субсидиялоонун бирден-бир булагы региондорду/райондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттары болушу мүмкүн. Мындан ары бул булактардын тизмеси аймактарды өнүктүрүүнүн колдонуудагы инструменттерин өркүндөтүүнүн (дем берүүчү гранттар, капиталдык салымдар, республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер) же ЖКДны мамлекеттик субсидиялоонун жаңы булактарын түзүүнүн эсебинен кеңейтилиши мүмкүн.
ЖКДны мамлекеттик субсидиялоону ишке киргизүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ЖКДнын долбоорлорун региондорду/райондорду өнүктүрүү фонддоруна көрсөтүү, тандоо жана конкурска берүү үчүн укуктук жана институционалдык шарттарды түзүүгө, ошондой эле ЖКДнын долбоорлорун пилоттоштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
- ЖКД механизмин ишке ашыруу маселелери боюнча ЖӨБ органдарынын, жамааттардын, региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу, ошондой эле ЖКД долбоорлорун көрсөтүүгө, тандоого жана ишке ашырууга катышуунун артыкчылыктары жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу;
- ЖКД долбоорлорун туруктуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
ЖКДнын долбоорлорун мамлекеттик субсидиялоо төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзөт: ЖКД долбоорлорунун алкагында объекттерди куруунун же оңдоонун эсебинен жергиликтүү деңгээлде инфраструктураны жакшыртуу; жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.
Региондордун экономикалык бүтүндүгүн жана байланышын (интеграциясын) камсыз кылуу. Бул маселени чечүү өз ара сооданы, инвестицияларды, финансылык агымдарды жана экономикалык саясатты координациялоону жакшыртуу максатында өлкөнүн бир нече региондорунун экономикаларынын ортосунда өнөктөштүктүн жана эмгекти бөлүштүрүүнүн жогорку деңгээлине жетишүү аркылуу мүмкүн болот. Интеграциялык процесстерди толук күч менен ишке ашыруу – бул узак мөөнөттүү милдет, аны чечүүнүн жүрүшүндө алгач интеграцияны өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу факторлорду күчөтүү зарыл, алардын катарына төмөнкүлөр кирет.
Региондук экономикалык адистештирүү – аймактын/региондун экономикалык ишин өндүрүштүн жергиликтүү факторлору менен аныкталуучу конкреттүү тармактык багыттарга же продукциянын түрлөрүнө топтоо. Аймактардын жана райондордун СЭӨПүн иштеп чыгуунун жаңы методикасына регионду алдыга жылдыруу үчүн негиз катары экономикалык адистештирүүнү аныктоо жана координациялоо механизмдери камтылган. Мамлекеттик программанын алкагында региондук экономикалык адистештирүүнү өнүктүрүү үчүн чаралар каралган.
Логистика жана финансылык агымдар жагынан алганда өлкөлүк интеграцияны кыйла натыйжалуу башкаруу үчүн пландоо регионун түзүү аркылуу “Бишкек – Ош – облустардын борборлору” таяныч каркасын түзүү.
Транспорттук инфраструктураны, анын ичинде региондор ортосунда тоскоолсуз байланышты камсыз кылуучу автожолдорду жана темир жолдорду өнүктүрүү.
Өлкөдөгү ички соодага дем берүү: региондор аралык сооданы колдоо товарларды региондор арасында ташуу жана логистикалык инфраструктураны түзүү үчүн бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү камтышы керек.
Чакан жана орто бизнести колдоо: өлкөнүн ар кайсы региондорунда чакан жана орто ишканалар үчүн колдоо программаларын жана механизмдерин ишке ашырууну улантуу экономикалык активдүүлүктү бир калыпта бөлүштүрүүгө жана интеграцияны күчөтүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Мисалы, финансылык колдоо, консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана жаңы рынокторго жетүү жергиликтүү ишкерлерге бизнесин өз аймагынан тышкары кеңейтүүгө жардам берет.
Билим берүүнү жана технологияны өнүктүрүү: билим берүүгө жана технологияга инвестиция кылуу өлкөнүн ар кайсы аймактарында инновациянын жана өнүгүүнүн кыймылдаткычы боло алат. Бул инновациялык борборлорду курууну, стартаптарды колдоону жана санариптик экономика үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган окутуу программаларын камтышы мүмкүн. Мисалы, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүү өндүрүмдүүлүктү жогорулатышы жана региондордун экономикалык адистешүүсүнүн жана интеграциясынын факторлорун күчөтүшү мүмкүн.
Ички туризмди өнүктүрүү: ички, анын ичинде экологиялык туризмдин формаларын өнүктүрүү экономикалык интеграциянын драйвери болуп калышы мүмкүн, өзгөчө туризмди өнүктүрүү үчүн потенциалы бар аймактарда. Бул туристтик инфраструктураны, туристтик маршруттарды өнүктүрүүнү жана жергиликтүү маданий кооз жерлерди жайылтууну камтышы мүмкүн. Колдоо көрсөтүү аркылуу ички туристтерди тартуу программаларын иштеп чыгуу (мисалы, сыйлыктардын ордуна тажрыйба топтоо), туристтик кластерлерди түзүү же региондор аралык маданий фестивалдарды өткөрүү туристтерди көбүрөөк тартып, региондор ортосундагы каржылык агымдарды жакшыртууга жардам бериши мүмкүн.
Бул факторлор өнүктүрүлгөндөн кийин ички экономикалык мамилелердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен региондорду интеграциялоонун атайын формаларын комплекстүү өнүктүрүүгө өтүүгө болот.
Региондук экономикалык зоналар: инвестицияларды тартуу жана белгилүү бир аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн атайын экономикалык эрежелер жана жеңилдиктер менен өлкө ичинде атайын зоналарды түзүү. Мисалы, стратегиялык маанилүү райондордо өнөр жай парктарын же эркин соода зоналарын орнотуу.
Региондук соода жана инвестициялык өнөктөштүк: региондук инфраструктураны өнүктүрүү жана инвесторлорду тартуу боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгуу.
Региондук индустриялык кластерлер: ресурстарды биргелешип пайдалануу, өндүрүш процесстерин өркүндөтүү жана рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн белгилүү бир региондорго ишканаларды жана тармактарды топтоо. Мисалы, автомобиль өнөр жайынын, IT-технологиясынын же айыл чарбасынын кластерлерин түзүү.
Региондук транспорттук жана логистикалык коридорлор: региондор арасында товарларды жана сырьёлорду ташууну жеңилдетүү үчүн өлкө ичинде транспорттук жана логистикалык маршруттардын инфраструктурасын өнүктүрүү. Мисалы, товарларды өндүрүш борборлорунан соода жана керектөө региондоруна жеткирүү үчүн темир жол жана автомобиль каттамдарын түзүү.
Региондук инновациялык экосистемалар: илимий изилдөөлөрдү өбөлгөлөө, стартаптарды түзүү жана жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүү үчүн белгилүү бир региондордо инновациялардын жана технологиялык өнүгүүнүн экосистемасын түзүү. Мисалы, илимий-техникалык парктарды, инновациялык борборлорду жана технопарктарды өнүктүрүү.
Региондорду интеграциялоонун бул түрлөрү экономиканы кыйла бир калыпта өнүктүрүүгө, региондук рыноктордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында жумуш менен камсыз кылууга жардам берет.
- региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы региондорду өнүктүрүүнү болжолдоо жана пландоо аналитикалык борборун;
- математикалык моделдөөнүн “чоң маалыматтарын” колдонуу менен жогорку технологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жеке жана жеке-мамлекеттик аналитикалык борборлорду;
- региондорду өнүктүрүүнү болжолдоо жана пландаштыруу процессинде маалыматтык, консультациялык, методикалык колдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана жеке-мамлекеттик аналитикалык борборлорду;
- экономиканын инновациялык жана креативдүү субъекттери үчүн экспортту илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүчү маалыматтык, консультациялык, методикалык колдоо көрсөтүүчү жеке жана жеке-мамлекеттик аналитикалык борборлорду.
Региондорду өнүктүрүүнү болжолдоонун жана пландоонун аналитикалык борбору өз ишинде пландоочулар, экономисттер, социологдор, экологдор, картографтар, геологдор, ӨКМ аналитиктери (жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине мониторинг), транспорт боюнча адистер, гидрологдор, рынок жана финансы адистери кирген жеке дисциплиналар аралык командалардын кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ошондуктан, дисциплиналар аралык пландаштыруу топтору пайда болушу керек. Мындай командаларды өзүнчө консалтинг/долбоордук компаниялар уюштурушу мүмкүн.
Кадрларды даярдоо чөйрөсүндө региондорду өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо максаттарына жетүү үчүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин потенциалын тартуу керек, анын ичинде облустук мамлекеттик университеттерде региондорду өнүктүрүү кафедраларын түзүү, алардын милдети региондорду өнүктүрүү кызыкчылыгында илимий жана окуу иштерин уюштуруу милдетин коюу.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы ЖМАнын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн региондорду өнүктүрүү темалары боюнча квалификацияны жогорулатуу программаларын даярдасын.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аймактарды өнүктүрүүнү комплекстүү пландаштыруу боюнча жогорку кесиптик билим берүү адистерин даярдоо программаларын даярдасын.
Комплекстүү пландаштыруунун татаал жана дисциплиналар аралык процессин, акыркы продуктылар үчүн – комплекстүү пландар үчүн жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин эске алуу менен кесиптик регламенттерди жана стандарттарды иштеп чыгуу жана дайыма жаңылоо талап кылынат.
Мамлекеттик программа жарандардын катышуусунун ар кандай формаларын колдоону карайт:
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин жана региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жетекчилигинин алдында 1+1 принциби боюнча Баткен облусунда мигранттарды гранттык колдоо программасын киргизүү;
- аймактардын жана райондордун СЭӨПүн иштеп чыгуунун жана мониторингинин жаңы методикалары, ага ЖӨБ жана райондордун деңгээлинде координациялык кеңештерди тандоо боюнча ар кандай формаларды колдонуу менен жарандык катышуунун механизмдери киргизилген. Бул методикаларды жер-жерлерде ишке киргизүүгө мониторинг жүргүзүү жана методикалык колдоо көрсөтүү, кызыкдар тараптарды окутуу керек болот;
- ЖКДнын салымдарын эске алуу менен алардын демилгелерин колдоо, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан финансылык ресурстарды кеңейтүү;
- өнүгүүнүн артыкчылыктарын талкуулоого жана аларды ишке ашыруунун мониторингине катышуу гана эмес, Мамлекеттик программанын бир бөлүгүн аткарууну бизнеске жана жарандык коомго өткөрүп берүү аркылуу жоопкерчиликти бөлүштүрүү жолу менен өнүгүүгө материалдык катышуу жарандык катышуунун маанилүү формасы болуп саналат. Бул инструменттерди колдонуу жаңы методикаларда белгиленген, бирок фрагментардык түрдө ишке ашырылып келет жана орто мөөнөттүү мезгилде андан аркы методикалык жана практикалык иштеп чыгууларды талап кылат.
- жергиликтүү деңгээлде мейкиндикти пландаштыруу чөйрөсүндө жарандардын мейкиндик артыкчылыктарын, укуктук жана функционалдык зоналарын аныктоого түздөн-түз катышуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл, анын ичинде апелляция механизмин, мейкиндик пландары жана ири инфраструктуралык жана архитектуралык долбоорлор боюнча милдеттүү коомдук угууларды киргизүү жолу менен.
4-глава. Күтүлгөн натыйжалар
Социалдык натыйжалар: жалпы улуттук кызыкчылыктар менен жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарынын ортосундагы натыйжалуу тең салмактуулук; жарандардын муктаждыктарына негизделген пландоону социалдык багыттоо (тармактык дүң көрсөткүчтөрдүн артыкчылыгынын ордуна); оптималдуу мейкиндикте жайгаштыруунун эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ресурстук пландаштыруунун эсебинен алардын сапатын жогорулатуу; өнүктүрүү максаттарын шайкеш келтирүү жана башкаруунун бардык деңгээлдеринин катышуусу аркылуу ресурстардын чачылышына жол бербөө жана өнүктүрүү пландарынын вертикалдык байланышын чыңдоо; көрктөндүрүү талаптарын, демографиялык перспективаларды, региондук экономикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрдү жана макроэкономиканын реалдуулугун эске алуу менен калкты жайгаштырууну так пландаштыруу.
Экономикалык натыйжалар: улуттук, региондук жана жергиликтүү өз ара байланышкан комплекстүү пландардын иерархиясын түзүү аркылуу жоопкерчиликтин кайталанышын жана күч-аракеттердин жана натыйжалардын синергиясын жоюу; универсалдуу жана бир түрдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу аймактарды өнүктүрүүнү пландоо системасынын ачыктыгы; өнүгүүнү так болжолдоо жана талдоо, бирдиктүү системанын алкагында пландардын аткарылышына көз салуу аркылуу иш процесстерин автоматташтырууну жөнөкөйлөтүү; аймактар аралык жана региондор аралык экономикалык интеграцияга катышуу менен ар түрдүүлүктү, өзүн актоочулукту жана өзүн-өзү камсыз кылууну камсыз кылган чакан жамааттардын жана чакан бизнестин алкагында толук кандуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; мейкиндик жана социалдык-экономикалык пландоонун байланышы аркылуу инвестицияларды жана жеке, ошондой эле мамлекеттик капиталдык салымдарды жакшыртуу.
Экологиялык натыйжалар: жаратылышта адамдын катышуусунун мейкиндиктик (экстенсивдүү) жана экономикалык (интенсивдүү) таралышына байланыштырууда экологиялык системаларды колдоо жана өнүктүрүү, өнөр жай жана тиричилик калдыктарын утилдештирүү, сорттоо жана кайра иштетүү көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү, пайдаланылган сууну рециркуляциялоонун, чарбалык максаттарда пайдаланылган сууларды тазалоонун локалдуу системалары менен комплексте суу менен жабдуунун жана саркынды сууларды чыгаруунун натыйжалуу системасын түзүү.
Мамлекеттик программа максаттары, принциптери, артыкчылыктары жана чектөөлөрү бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилет.
Мамлекеттик программа 20 жыл иш-аракетин улантат, анын ичинде программанын артыкчылыктары жана маанилүү параметрлери ар бир беш жылда кайра каралып турат.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтер боюнча координациялык кеңешине (мындан ары – координациялык кеңеш) караштуу болот, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын деңгээлинде түзүлүүчү мамлекеттик стратегиялык башкаруунун катышуучуларынын ишин координациялоо үчүн платформа болуп саналат.
Региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган координациялык кеңештин жумушчу органы боло алат.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууну башкаруу социалдык-экономикалык пландаштыруунун комплекстүү системасы аркылуу региондук өнүгүүнү башкаруудан өзүнчө процесс катары каралбашы керек, бирок ошого карабастан бул процесстин негизги курамдык бөлүктөрүн бөлүп көрсөтүү керек: ишке ашыруу институттары жана алардын өз ара аракеттенүүсү; ченемдик база (ченемдик укуктук актылар жана методикалык документтер), ресурстар.
Мамлекттик программа региондук өнүгүүнүн бардык маселелерин чечпейт жана Кыргыз Республикасынын ар бир регионун толук сүрөттөбөйт, бирок алардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлине чейин башкаруунун ар кандай деңгээлдерине тиешелүү комплекстүү чаралар иштелип чыга турган башкы багыттарды белгилейт. Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик программаны ишке ашырууга көптөгөн түрдүү институттар тартылат, ошондуктан башкы катышуучуларды жана алардын өз ара аракеттенүү ыкмаларын аныктоо зарыл.
Башкы роль региондорду өнүктүрүүнү болжолдоонун жана пландаштыруунун аналитикалык борборуна (мындан ары – Аналитикалык борбор) таандык болушу керек, ал бардык катышуучулардын салымын камсыз кылат жана Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасында таасирлерди жана өзгөрүүлөрдү болжолдойт. Аналитикалык борборго Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча функциялардын көпчүлүк бөлүгү жүктөлөт. Аналитикалык борбор экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында агенттик түрүндө түзүлүшү керек, анда көз карандысыз эксперттердин колдоосу менен күчөтүлгөн координациялык кеңешүүчү орган камтылат. Аналитикалык борбор улуттук жана региондук деңгээлдеги божомолдорду жана пландарды иштеп чыгууга тапшырыктарды жайгаштыруу менен пландоочулардын командалары, илимий уюмдар менен кызматташууну жөнгө салууга тийиш.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун кийинки кадамынын милдети – республиканын ар бир тармагы үчүн комплекстүү өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу. Бул үчүн атайын методикаларды иштеп чыгуу жана апробациялоо, ошондой эле облустук деңгээлде аналитикалык потенциалды түзүү керек.
Аналитикалык борбор Мамлекеттик программаны ишке ашырууну координациялоонун жана катышуучулардын: ыйгарым укуктуу тармактык мамлекеттик органдардын, облустук жана райондук деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ЖӨБ органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, өнүктүрүү институттарынын, жарандык коомдун ортосундагы отчеттуулуктун тартибин жана инструменттерин сунуштайт.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу планын түзүүдө аны ишке ашыруу процесси үч этапка бөлүнөт:
I этап. “Чечимдерди даярдоо жана тартип” (зарыл ЧУАларды кайра кароо, механизмдерди иштеп чыгуу жана апробациялоо, бардык тараптардын толук жана жоопкерчиликтүү катышуусу) (2025–2026-жылдар);
II этап. “Ишке ашыруу жана туруктуулук” (негизги чараларды пилоттоо, жайылтуу жана ишке ашыруу, механизмдердин туруктуулугун тестирлөө, чаралардын натыйжалуулугуна орто аралык мониторинг жүргүзүү, Мамлекеттик программаны оңдоо) (2026–2027-жылдар);
III этап. “Натыйжалуу өнүгүү жана кызматтар” (ишке ашырууну улантуу, биринчи акыркы натыйжаларды баалоо, Мамлекеттик программанын кийинки фазаларын пландаштыруу) (2027–2030-жылдар).
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу мезгилинде Аналитикалык борбордун чечиши керек болгон биринчи кезектеги милдеттери:
– региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндө изилдөөлөрдү, анын ичинде жогорку технологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана мамлекеттик тапшырыктын натыйжалуу механизмин уюштуруу;
– райондордун, ирилештирилген айылдык аймактардын жана потенциалдуу шаардык агломерациялардын административдик чек араларын тактоо үчүн изилдөөлөрдү уюштуруу;
– пландоо облустарын жана региондорун өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну уюштуруу;
– регион жана тармактар боюнча эмгек рыногун болжолдуу изилдөөнү уюштуруу;
– өнүгүүдөгү региондук диспропорцияларга санариптик тобокелдиктерди изилдөөнү уюштуруу;
– жаратылышты коргоо аймактарынын туристтик сыйымдуулугун изилдөөнү уюштуруу;
– өзгөчө көңүл буруу аймактарына жаш адистерди тартуу боюнча улуттук долбоорлорду иштеп чыгууну уюштуруу, маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана башкалар.
Ченемдик-укуктук база. Аналитикалык борбор комплекстүү пландаштыруу жана мейкиндикти башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгат, Мамлекеттик программаны ишке ашыруу максаттары үчүн өзгөртүлүүгө тийиш болгон мыйзамдык жана ченемдик актыларга талдоо жүргүзөт жана так тизмесин түзөт. Аналитикалык борбордун өзгөчө милдети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чечимдерди жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жол-жоболорун тездетүү боюнча иш алып баруу болот.
Ресурстар.Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн агенттиктери, өнүктүрүүнүн улуттук институттары жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Аналитикалык борбор программаны ишке ашыруунун биринчи этабынын ичинде бардык мүмкүн болгон булактарды, анын ичинде мамлекеттик инвестициялар программасынын каражаттарын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамынын гранттарын, республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды, жергиликтүү бюджеттердин, РӨФтүн (райондук жана облустук) капиталдык салымдарын, бюджеттик насыяларды, түз инвестицияларды, ата мекендик өнүктүрүү институттарынын техникалык жана материалдык салымын, башка бюджеттен тышкаркы булактарды эске алуу менен Мамлекеттик программанын бюджетинин натыйжага багытталган толук болжолун түзөт.
Аналитикалык борбор ошондой эле Мамлекеттик программаны ишке ашырууда тобокелдиктерди башкаруу планын, мониторинг планын иштеп чыгат жана жарандарды тартуу үчүн программанын пландарын жана аны ишке ашыруунун аспектилерин талкуулоо үчүн ачык санариптик аянтчаларды түзүүнү камсыз кылат.
6-глава. Мониторинг жана баалоо
Коюлган милдеттерге ылайык мониторинг жана баалоо системасы (МжБ) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу процессин мүнөздөгөн индикаторлорго негизделет. Индикаторлор матрицасы ушул Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген (индикаторлор матрицасы 3-тиркемеде).
Жыл сайын 15-июлга чейинки жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө жооптуу аткаруучулар өз компетенциясынын чегинде иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берет.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун мониторинги аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын жана Мамлекеттик программада каралган индикаторлорго жетишүүнү талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
МжБ натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Мамлекеттик программага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат.
Экономиканын стратегиялык артыкчылыктуу тармактары ар кандай документтерде ар кандай тармактарды камтыйт. 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын улуттук өнүктүрүү стратегиясы төрт секторду бөлүп көрсөтөт: өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, жеңил өнөр жай кластерлери жана туризм. Орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасында көбүрөөк секторлор бөлүнгөн: агроөнөр жай сектору, туризм жана кызмат көрсөтүү индустриясы, жеңил өнөр жай, курулуш, өнөр жай, энергетика, транспорт жана жол сектору, тоо-кен казып алуу. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын райондорун алдын ала экономикалык адистештирүү максаттары үчүн үч сектор тандалып алынган – айыл чарба, өнөр жай жана туризм, анткени дал ушул үч сектор төмөнкүдөй критерийлердин бир катарын канааттандырган:
- стратегиялык документтердин экөөндө тең артыкчылыктуу сектордун болушу;
- өлкөнүн бардык региондоруна колдонулушу, мисалы жеңил өнөр жайы өлкөнүн бардык региондору үчүн өнүгүүнүн артыкчылыгы боло албайт;
- жергиликтүү деңгээлде көп сандагы жумуш орундарын түзүүгө багытталгандык, бул да региондордун деңгээлинде өнөр жай секторлорун тандоодо чектөөлөрдү талап кылды;
- өлкөлүк мамилени талап кылган атайын инвестициялык талаптардын жоктугу, ошондой эле коомдун ар кандай деңгээлдеринде, мисалы, тоо-кен казып алуу секторунда саясий процесстин катышуусу.
- Төмөндө берилген адистештирүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 19-февралындагы № 1 буйругу менен бекитилген райондук деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча стратегиялык пландоонун методологиясын кабыл алуу менен Кыргыз Республикасында башталган райондук СЭӨПтөрдү иштеп чыгуунун алкагында андан ары иштеп чыгуулар үчүн негиз болот.
1-таблица. Атаандаштык артыкчылыктары бар сектордук продукттарды адистештирүү матрицасы – учурдагы жана потенциалдуу кластерлер/ өндүрүштүк-сатуу чынжырчасы
Экономиканын секторлору | ||
Айыл чарбасы | Өнөр жай
| Туризм |
Баткен облусу | ||
Данектүү мөмө берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүү: өрүк, алча, шабдалы. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, күрүч, беде. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, тыбыт жана жүн багытындагы кой, эчки | Травертинден, доломиттен жана мрамордон каптоочу таштарды жана жасалгалоочу-каптоочу материалды өндүрүү. Жашылча-жемиш жана эт-сүт кластерлерин түзүү | Экотуризм жана альпинизм: “Пирамида-Өрөөн”, “Ак-Суу”, “Өзгөрүш”, “Дугаба” туристтик жана альпинисттик базалары, Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругу, “Саркент” улуттук жаратылыш паркы |
Жалал-Абад облусу | ||
Жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү: эрте жана орто эрте бышкан жашылчалар, жемиштер/кара өрүк, жаңгак. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, пахта. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой | Курулуш материалдарын, электр изоляциялоочу фарфорду даярдоо, лак-боёк өнөр жайы үчүн кошумча толтургучтарды өндүрүү. Пахтаны, жашылча, жемиштерди өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө негизделген кластерлерди түзүү | Рекреациялык туризм жана экотуризм: Жалал-Абад курорттору, Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу, Дашман, Беш-Арал Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коруктары, “Узунакмат” мамлекеттик жапайы жаныбарлардын коругу, “Чычкан” мамлекеттик зоологиялык заказниги, “Алатай”, “Саймалуу-Таш” жана “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш парктары |
Ысык-Көл облусу | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: силос үчүн жүгөрү, беде, эспарцет. Картошка өндүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү: алма бактар, өрүк, карагат, малина. Мал чарбасы: сүт жана эт багытындагы бодо мал | Көп кабаттуу үйлөр үчүн “300” кирпич, каптоочу материал өндүрүү. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү. Картошка кластерин түзүү. | Дарылоо-рекреациялык туризм жана экотуризм, окуялуу туризм, альпинизм: туризм ишканалары, эс алуу мекемелери, санаториялык-курорттук мекемелер; “Ысык-Көл” жана “Сарычат-Эрташ” мамлекеттик коруктары, “Хан-Теңири” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы, “Каракол” мамлекеттик паркы, Ак-Суу, Жыргалаң, Жети-Өгүз, Чолпон-Ата минералдык суулардын кени |
Нарын облусу | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет, силос үчүн жүгөрү, арпа картошка өндүрүү. Мал чарбасы: кой, эт багытындагы бодо мал | Баалуу таштарды иштетүү боюнча ишканалар. Фарфор, фаянс, ошондой эле каптоочу плиткаларды өндүрүү. Этти өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү | Экотуризм, тоо туризми, окуялуу туризм: Каратал-Жапырык жана Нарын мамлекеттик коруктары, “Салкын-Төр” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы |
Ош облусу | ||
Жашылча жана тоют өсүмдүктөрүн (дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, эспарцет) жана чийки пахта өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал | Төмөн вольттуу калканчтарды, рубильниктерди, каптоочу материалдарды, кирпичтерди өндүрүү. Чийки пахтаны, жашылчаларды жана жемиштерди кайра өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерлер | Рекреациялык туризм жана экотуризм, окуялуу туризм, альпинизм: Улуу Жибек Жолу, “Чил-Устун” үңкүрү, “Кулун-Ата” мамлекеттик жаратылыш коругу, “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы, “Туя-Муюн” массиви, Өзгөн архитектуралык комплекси, “Кара-Шоро” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы, “Манас” чокусу |
Талас облусу | ||
Төө буурчак, картошка жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү (силос жана дан үчүн жүгөрү, беде). Мал чарбасы: кой, сүт жана эт багытындагы бодо мал | Каптоочу материалдарды жана темир-бетон буюмдарын өндүрүү. Төө буурчакты жана эт-сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерлер | Экотуризм: “Кара-Буура” мамлекеттик коругу. “Манастын күмбөзү”, “Беш-Таш” улуттук паркы |
Чүй облусу | ||
Жашылча өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын, ошондой эле тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү (дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, соя). Мал чарбасы: сүт жана эт багытындагы бодо мал | Курулуш материалдарын, темир-бетон буюмдарын, кирпичтерди жана жеңил бетон үчүн агрегаттарды өндүрүү. Кант кызылчасын, жер-жемиштерди, жашылчаларды жана эт-сүт продукциясын өндүрүү боюнча кластерди түзүү | Дарылоо-рекреациялык туризм жана экотуризм: Ысык-Ата, Аламүдүн жана Ак-Суу минералдык суулардын кени, “Ала-Арча” жана “Чоң-Кемин” улуттук парктары, “Аламүдүн”, “Кара-Балта”, “Ак-Суу”, “Кегети” тоо капчыгайлары |
2- таблица. Адистештирүү матрицасы – Баткен облусу райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика сектору | ||
Айыл чарбасы | Өнөр жайы | Туризм |
Баткен облусу | ||
Данектүү мөмө берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүү: өрүк, алча, шабдалы. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, күрүч, беде. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, тыбыт жана жүн багытындагы кой, эчки | Травертинден, доломиттен жана мрамордон каптоочу таштарды жана жасалгалоочу-каптоочу материалды өндүрүү. Жашылча-жемиш жана эт-сүт кластерлерин түзүү | Экотуризм жана альпинизм: “Пирамида-Өрөөн”, “Ак-Суу”, “Өзгөрүш”, “Дугаба” туристтик жана альпинисттик базалары, Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругу, “Саркент” улуттук жаратылыш паркы |
Баткен району | ||
Мөмө-жемиш жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү. Мал чарбасы: тыбыт жана жүн багытындагы кой, эчки
| Жасалгалоочу- каптоочу материал катары доломит, акиташ өндүрүү. Жасалгалоочу- каптоочу материал катары мрамор өндүрүү. Мөмө-жемиш кластерин түзүү. Эт-сүт кластерин түзүү | “Пирамида-Өрөөн” туристтик базасы
|
Кадамжай району | ||
Данектүү мөмө берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүү: алча, шабдалы, алмурут. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, күрүч. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой | Мөмө-жемиш кластерин түзүү. Эт-сүт кластерин түзүү | “Дугаба” альпинисттик базасы. Сурматаш мамлекеттик жаратылыш коругу |
Лейлек району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан үчүн жүгөрү, беде, эспарцет. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү: алма, алмурут. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой | Жасалгалоочу- каптоочу материал катары травертин өндүрүү. Эт-сүт кластерин түзүү. | “Ак-Суу” жана “Өзгөрүш” туристтик базалары, “Саркент” улуттук жаратылыш паркы |
3-таблица. Адистештирүү матрицасы – Жалал-Абад облусу, райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика сектору | ||
Айыл чарбасы | Өнөр жай | Туризм |
Жалал-Абад облусу | ||
Жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн: эрте жана орточо эрте бышуучу жашылчаларды өстүрүү. Данектүү жемиш өсүмдүктөрүн: жемишти/кара өрүктү, жаңгакты өстүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн: данга жана силоско жүгөрүнү, бедени, пахтаны өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой | Курулуш материалдарын, электр изоляциялоочу фарфорду даярдоо, лак-сырдоо өнөр жайы үчүн кошумча толтургучтарды өндүрүү. Пахтаны, жашылчаны, жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерлерди түзүү | Рекреациялык туризм жана экотуризм: Жалал-Абад курорту, Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу, Дашман, Беш-Арал жана Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коруктары, “Алатай”, “Саймалуу-Таш” жана “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш парктары |
Аксы району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: данга жана силоско жүгөрүнү, бедени өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: кара өрүктү, алманы, дарбызды, жаңгакты өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой, тыбыт жана жүн багытындагы эчки | Фарфорду, фаянсты, жука электротехникалык керамиканы өндүрүү. Мөмө-жемиш кластерин түзүү | Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу |
Ала-Бука району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: данга жана силоско жүгөрүнү, бедени өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: кара өрүктү, орточо эрте бышуучу жашылчаларды өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой | Мөмө-жемиш кластерин түзүү | “Шах-Фазиль” мавзолейи |
Базар-Коргон району | ||
Жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн: эрте жана орточо эрте бышуучу жашылчаларды өстүрүү. Чийки пахтаны, жаңгакты өстүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн: данга жана силоско жүгөрүнү, бедени өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой | Жашылчаларды кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү | Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу |
Ноокен району | ||
Жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү. Чийки пахтаны, данды, бедени жана эспарцетти өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой | Жашылчаларды кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү |
|
Сузак району | ||
Жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн: эрте жана орточо эрте бышуучу жашылчаларды өстүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн: данга жана силоско жүгөрүнү, бедени өстүрүү. Чийки пахтаны өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой | Дубал үчүн жана каптоочу материалдарды, ар түрдүү багыттагы кынама ташты, шагылды өндүрүү. Жашылчаларды, пахтаны кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү
| Жалал-Абад курорту |
Токтогул району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: данга жүгөрүнү, эспарцетти, бедени өстүрүү. Картошканы өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой |
| Алатай мамлекеттик жаратылыш паркы, Узун Акмат жапайы жаныбарлар мамлекеттик коругу, Чычкан мамлекеттик зоологиялык корукчасы |
Чаткал району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: бедени, эспарцетти өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, эт багытындагы кой | Пластмассада, түстүү металлургияда, шина, асбоцемент жана лак-сырдоо өнөр жайында кошумча толтургучтарды өндүрүү. Санитардык фарфорду жана фаянсты, майоликаны, электр изоляциялоочу фарфорду өндүрүү | Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу, Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу |
4-таблица. Адистештирүү матрицасы – Ысык-Көл облусу, райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика сектору | ||
Айыл чарбасы | Өнөр жай | Туризм |
Ысык-Көл облусу | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: силоско жүгөрүнү, бедени, эспарцетти өстүрүү. Картошканы өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: алманы, өрүктү, карагатты, малинаны өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал | Бийик үйлөр үчүн “300” кирпичин, каптоочу материалды өндүрүү. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү. Картошка кластерин түзүү | Дарылоо-рекреациялык туризм жана экотуризм, альпинизм. Туризм ишканалары, эс алуу мекемелери, санаториялык-курорттук мекемелер, Ысык-Көл жана Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коруктары, “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркы жана “Каракол” мамлекеттик улуттук паркы, Ак-Суу, Жыргалаң, Жети-Өгүз, Чолпон-Ата минералдык суу кендери |
Ак-Суу району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: силоско жүгөрүнү, тоют чөбүн өстүрүү. Картошканы өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: алманы, алмурутту, жемиш өсүмдүктөрүн (карагатты, малинаны) өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой | Бийик үйлөр үчүн “300” кирпичин өндүрүү. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү. Картошка кластерин түзүү | “Хан-Теңири” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы (альпинизм). “Каракол” мамлекеттик улуттук паркы, Ак-Суу жана Жыргалаң минералдык суу кендери |
Жети-Өгүз району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: силоско жүгөрүнү, тоют чөбүн өстүрүү. Картошканы өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: алманы, алмурутту, жемиш өсүмдүктөрүн (карагатты, малинаны) өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал | Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү. Картошка кластерин түзүү | Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругу, Жети-Өгүз минералдык суу кени |
Ысык-Көл району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: эспарцетти, бедени өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: алманы, алчаны, өрүктү өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой |
| Туризм ишканалары жана эс алуу мекемелери, санаториялык-курорттук мекемелер, Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу, Чолпон-Ата минералдык суу кени |
Тоң району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: эспарцетти, бедени өстүрүү. Данектүү жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой | Каптоочу материалды өндүрүү. Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү | Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу |
Түп району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн: бедени, эспарцетти өстүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн: алманы, алмурутту өстүрүү. Картошканы өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал | Чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү | Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругу |
5-таблица. Адистештирүү матрицасы – Нарын облусу, райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика сектору | ||
Айыл чарбасы | Өндүрүш | Туризм |
Нарын облусу | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет, силоско жүгөрү, арпа. Картошка өстүрүү. Мал чарбасы: кой чарбасы, эт багытындагы бодо мал | Баалуу таштарды кайра иштетүү боюнча ишканалар. Фарфор, фаянс, ошондой эле каптоочу плиткаларды чыгаруу. Эт өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластер түзүү | Экотуризм: Каратал-Жапырык жана Нарын мамлекеттик коруктары, “Салкын-Төр” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы |
Ак-Талаа району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет, концентрацияланган тоюттар (арпа). Мөмө-жемиш өстүрүү: карагат, чычырканак, малина ж.б. Мал чарбасы: эт багытындагы кой, бодо мал |
| Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу |
Ат-Башы району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет. Картошка (үрөн) өндүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы кой, бодо мал, топоз. Мөмө-жемиш өстүрүү: карагат, чычырканак, малина ж.б. | Этти өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү. Айыл чарба үчүн үч жана эки бут мотор өндүрүү заводу | Каратал-Жапырык жана Нарын мамлекеттик коруктары |
Жумгал району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде жана эспарцет, концентрацияланган тоюттар (арпа). Мал чарбасы: эт багытындагы кой, бодо мал. Мөмө-жемиш өстүрүү: карагат, чычырканак, малина ж.б. | Фарфор, фаянс, жука электротехникалык керамика өндүрүү | Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу, |
Кочкор району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде жана эспарцет. Картошка, арпа өстүрүү. Мөмө-жемиш өстүрүү: карагат, чычырканак, малина ж.б. Мал чарбасы: эт багытындагы кой, бодо мал | Жылтылдаган талаа шпатынан зергер жана зергердик-жасалгалоочу таштарды өндүрүү. Көңдөй блокторду, арматураланган керамикалык устундарды жана панелдердин кабаттар ортосундагы каптоолорду, кирпич, черепица, дренаждык жана канализациялык түтүктөрдү, көпүрө клинкерди, каптоочу плиткаларды, карапа идиштерди ж.б. өндүрүү. Этти өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү. Жүндү кайра иштетүүчү ишкана. Картошканы кайра иштетүүчү завод | Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу |
Нарын району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет, арпа. Мал чарбасы: эт багытындагы кой, бодо мал, топоз | Автомобиль заводу, светодиоддук лампа өндүрүү заводу, кагаз фабрикасы, айыл чарба багытындагы “Дрон” заводу | Нарын мамлекеттик коругу, “Салкын-Төр” улуттук мамлекеттик жаратылыш паркы |
6-таблица. Адистештирүү матрицасы – Ош облусу райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика сектору | ||
Айыл чарбасы | Өндүрүш | Туризм |
Ош облусу | ||
Жашылча-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү: жашылча, чийки пахта. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, эспарцет. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал | Каптоочу материалдарды, кирпичтерди өндүрүү. Пахтаны, жашылчаларды жана жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерлерди түзүү | Рекреациялык туризм жана экотуризм: Улуу Жибек жолу, “Чил-Устун” үңкүрү, Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругу, “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы, “Туя-Муюн” массиви, Өзгөн архитектуралык комплекси, “Кара-Шоро” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы, “Манас” чокусу |
Алай району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет. Картошка, арпа өстүрүү |
| Улуу Жибек жолу, Ош – Сары-Таш – Иркештам – Кашгар жолу |
Араван району | ||
Жашылча-мөмө өсүмдүктөрүн, картошка жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү. Бакча өсүмдүктөрүн, чийки пахта өстүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал | Пахта өндүрүү жана кайра иштетүү кластери. Жашылчаларды кайра иштетүү кластери | “Чил Устун” үңкүрлөрү |
Кара-Кулжа району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет, арпа, дан. Картошка өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой чарбасы | Декоративдик-каптоочу материалдарды өндүрүү | Кулуната мамлекеттик жаратылыш коругу |
Кара-Суу району | ||
Жашылча-мөмө өсүмдүктөрүн өстүрүү: эрте жана орточо эрте быша турган жашылчалар. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, эспарцет. Эрте жана кеч быша турган картошка, чийки пахта өндүрүү. Мал чарбасы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой чарбасы | Мрамор өндүрүү. Пахтаны өндүрүү жана кайра иштетүү, жашылчаларды кайра иштетүү кластери |
|
Ноокат району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, дан үчүн жүгөрү. Кеч быша турган, картошка өстүрүү. Мөмөлүү өсүмдүктөрдү өстүрүү: алма. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой чарбасы | Мрамор өндүрүү. Мөмө-жемиш кластерин түзүү | “Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы, “Туя-Муюн” массиви |
Өзгөн району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, арпа, дан үчүн жүгөрү, жашылчалар. Кеч быша турган картошканы, данектүү өсүмдүктөрдү өстүрүү: алма. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой чарбасы | Кирпич өндүрүү | Өзгөн архитектуралык комплекси, “Кара-Шоро” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы |
Чоң-Алай району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, эспарцет. Картошка, арпа өстүрүү. Мал чарбасы: эт багытындагы бодо мал, кой чарбасы, топоз |
| Ленин чокусу |
7- таблица. Адистештирүү матрицасы – Талас облусу, райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика секторлору | ||
Айыл чарбасы | Өнөр жай | Туризм |
Талас облусу | ||
Буурчак, техникалык өсүмдүктөрдү өндүрүү: буурчак, картошка. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: силос жана дан үчүн жүгөрү, беде. Мал чарбачылыгы: кой чарбасы, сүт жана эт багытында бодо мал | Каптоочу материалдарды жана темир-бетон буюмдарын өндүрүү. Буурчак, эт жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерлер | Экотуризм: Кара-Буура мамлекеттик коругу. Манастын күмбөзү, “Беш-Таш” улуттук паркы |
Бакай-Ата району | ||
Буурчак, техникалык өсүмдүктөрдү, тоют чөптөрүн өндүрүү. Мал чарбачылыгы: эт багытында бодо мал, кой багуу | Декоративдик каптоочу материалды өндүрүү. Буурчакты өндүрүү жана иштетүү боюнча кластер |
|
Айтматов району | ||
Буурчак өсүмдүктөрүн, тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү (беде, эспарцет, силос жана дан үчүн жүгөрү. Картошка өндүрүү. Мал чарбачылыгы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой чарбасы | Мрамор өндүрүү. Эт жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү кластери. Буурчакты өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластер | Кара-Буура мамлекеттик коругу |
Манас району | ||
Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, эспарцет. Жашылча, буурчак өстүрүү. Дан жана силос үчүн жүгөрү өстүрүү. Мал чарбачылыгы: эт жана сүт багытындагы бодо мал, кой чарбасы | Кирпич өндүрүү |
|
Талас району | ||
Буурчак жана техникалык өсүмдүктөрү өстүрүү: буурчак, картошка. Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү: беде, дан үчүн жүгөрү, арпа. Мал чарбачылыгы: эт багытында бодо мал, кой чарбасы | Темир-бетон буюмдарын өндүрүү. Эт жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластер | Манастын күмбөзү, “Беш-Таш” улуттук паркы |
8-таблица. Адистештирүү матрицасы – Чүй облусу, райондор боюнча деталдаштыруу менен
Экономика секторлору | ||
Айыл чарбасы | Өнөр жай | Туризм |
Чүй облусу | ||
Жашылча өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын өндүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: дан жана силос үчүн жүгөрү, беде, соя. Мал чарбачылыгы: сүт жана эт багытында бодо мал | Курулуш материалдарын, темир-бетон буюмдарын, кирпичтерди жана жеңил бетон үчүн толтургучтарды өндүрүү. Кант кызылчасын, жер-жемиштерди, жашылчаларды сүт жана эт азыктарын өндүрүү оюнча кластерди түзүү | Дарылоо-рекреациялык туризм жана экотуризм: Ысык-Ата, Аламүдүн жана Ак-Суу минералдык суу кендери, “Ала – Арча”, “Чоң-Кемин” улуттук парктары, “Аламүдүн”, “Кара-Балта”, “Ак-Суу”, “Кегети” капчыгайлары |
Аламүдүн району | ||
Жашылча өсүмдүктөрүн өндүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде, дан жана силос үчүн жүгөрү. Мал чарбачылыгы: сүт жана эт багытында бодо мал | Эт жана сүт азыктарын, кондитердик азыктарды, курулуш материалдарын өндүрүү | Аламүдүн минералдык суу кени, “Ала-Арча” улуттук паркы, “Аламүдүн” капчыгайы |
Жайыл району | ||
Кант кызылчасын өндүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде, дан жана силос үчүн жүгөрү. Эт багытында бодо мал, кой багуу | Эт жана сүт азыктарын, курулуш материалдарын өндүрүү, рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү | “Кара-Балта” капчыгайы |
Кемин району | ||
Кант кызылчасын, соя өндүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде. Мал чарбачылыгы: эт багытында бодо мал, кой багуу | Кант кызылчасын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү | “Чоң-Кемин” улуттук паркы |
Москва району | ||
Жашылча өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын өндүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүү: кулпунай, дан куурай. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде, дан жана силос үчүн жүгөрүү. Мал чарбачылыгы: эт жана сүт багытында бодо мал | Сүт азыктарын, курулуш материалдарын өндүрүү | Ак-Суу минералдык суулар кени, “Ак-Суу” капчыгайы |
Панфилов району | ||
Кант кызылчасын, арпа өндүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде, дан жана силос үчүн жүгөрү. Мал чарбачылыгы: эт жана сүт багытында бодо мал, кой багуу | Темир-бетон буюмдарын өндүрүү. Кант кызылчасын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү | “Жарды-Кайыңды” капчыгайы |
Сокулук району | ||
Жашылча өсүмдүктөрүн, кант кызылчасын өндүрүү. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүү: кулпунай, дан куурай. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде, дан жана силос үчүн жүгөрү. Мал чарбачылыгы: эт-сүт багытында бодо мал | Жеңил бетон жана жылуулукту изоляциялоочу материал үчүн көзөнөктүү толтургуч катары керамзит өндүрүү. Эт жана сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү | “Сокулук” капчыгайы |
Ысык-Ата району | ||
Кант кызылчасын өндүрүү. Тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү: беде, дан жана силос үчүн жүгөрү, соя. Мал чарбачылыгы: эт багытында бодо мал | “175” кирпичин, “700” аглопоритин өндүрүү. Кант кызылчасын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кластерди түзүү | “Кегети” тоо капчыгайы |