Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 60
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 16-февралындагы № 66 “Карантиндик
фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча
кошумча чаралар жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүүнү тартипке келтирүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 66 “Карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби 5-тиркемеге ылайык.”;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 5-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме “5-тиркеме |
Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык
контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органынын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) контролунда турган карантинге алынуучу өндүрүмгө, транспорт каражаттарына, жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдарга (мындан ары – карантинге алынуучу өндүрүм) карата карантиндик фитосанитардык контролдоо чараларын колдонуу жана үлгүлөрдү көрүп чыгууну, кароону, тандап алууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Тартиптин максаты фитосанитардык контролдоо жол-жоболорунун бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) жана Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык конвенциянын алкагында эл аралык милдеттенмелерди сактоо болуп саналат.
3. Тартип “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү чечимдерине, анын ичинде ЕАЭБ жөнүндө келишимдин XI “Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар” бөлүмүнө, ЕАЭБдин бажы чек арасында жана ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобого, ЕАЭБдин бажы чек арасында жана ЕАЭБдин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон карантинге алынуучу өндүрүмдүн (карантинге алынуучу жүктөрдүн, карантинге алынуучу материалдардын жана карантинге алынуучу товарлардын) тизмегине (Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими), ЕАЭБдин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына (ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими), ЕАЭБдин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмегине (ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 чечими), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 “Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик тастыктамаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана ГОСТ 12430-2019 “Өсүмдүктөрдүн карантини. Карантиндик фитосанитардык кароодо жана лабораториялык изилдөөлөрдө карантинге алынуучу өндүрүмдүн үлгүлөрүн тандоо методдору жана ченемдери”, ошондой эле фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарга (МСФМ 12, 14, 15, 20, 23, 31 жана 41) жана Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык конвенцияга ылайык иштелип чыкты.
4. Тартип карантиндик фитосанитардык контролду жана фитосанитардык тастыктамалоону жүзөгө ашырууга катышкан ыйгарым укуктуу органдын бардык кызмат адамдары аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат, ошондой эле бажы ишинин, салык контролунун, мамлекеттик чек араны кайтаруунун, санитардыкэпидемиологиялык жана ветеринардык контролдоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө колдонулат.
5. Тартип төмөнкү учурларда колдонулат:
1) карантинге алынуучу өндүрүмдү ташып кирүүдө, ташып чыгууда жана транзиттөөдө;
2) карантинге алынуучу өндүрүмдү ички жүгүртүүгө чыгарууда жана сактоодо;
3) өндүрүмдү экспорттоого тастыктамалоодо;
4) транспорт каражаттарын жана таңгактоочу материалдарды кароодо.
6. Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
көрүп чыгуу (кароо) акты – карантинге алынуучу өндүрүмгө, транспорт каражаттарына, жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдарга жүргүзүлгөн көрүп чыгуунун (кароонун) натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан түзүлүүчү белгиленген формадагы документ.
Көрүп чыгуу (кароо) актында максаттары жана жүргүзүлгөн жери, аныкталган бузулуулар же жуктуруу белгилери, кабыл алынган чечимдер жана чаралар белгиленет, ошондой эле кызмат адамынын жана өндүрүм ээсинин өкүлүнүн колдору коюлат.
Көрсөтүлгөн акт жазуу жүзүндө же электрондук түрдө таризделет жана ведомствонун ички маалымат системасында катталат;
карантинге алынуучу өндүрүмдү кароо – карантинге алынган объекттердин бар же жок экендигин табуу жана (же) сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү ылгап алуу мүмкүнчүлүгү менен карантиндик фитосанитардык талаптардын сакталышын текшерүү максатында карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди текшерип кароо;
жыгачтан жасалган таңгактоочу материал – Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык конвенциянын № 15 “Эл аралык соодада жыгач таңгактоочу материалды жөнгө салуу” Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарттарынын (мындан ары – ФЧЭС) талаптарына ылайык келген жыгачтан жасалган таралар, поддондор, ящиктер, прокладкалар жана башка элементтер;
карантинге алынуучу өндүрүмдү жана транспорт каражаттарын көрүп чыгуу (көз чаптырып кароо) – карантиндик объекттерди табуу максатында сынамдарды жана (же) үлгүлөрдү тандап албастан, карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди өткөрүү пункттарында көз чаптырып кароо;
транспорт каражаттары – карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясын алып өтүү үчүн колдонулган транспорт каражаттары;
ТБС – тобокелдиктин категориясын жана контролду жүргүзүүнүн интенсивдүүлүгүн аныктаган фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу системасы.
2-глава. Көрүп чыгууну (кароону) уюштуруу
7. Көрүп чыгуу (кароо) контролдук фитосанитардык иш-чараларды аткарууга дайындалган өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан алардын кызматтык милдеттерине жана ыйгарым укуктуу органдын буйругуна ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Эгерде карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясы фитосанитардык тастыктаманы берүүгө өтүнмөнү карап жаткан кызмат адамы турган жерден кыйла алыс аралыкта турса, контролдук иш-чараларды жүргүзүүнүн ыкчамдуулугун камсыз кылуу үчүн көрүп чыгууну (кароону) контролдук иш-чараларды жүргүзүүгө уруксаты бар жана өндүрүмдүн партиясы жайгашкан жерге жакын болгон ыйгарым укуктуу органдын башка кызмат адамына өткөрүп берүүгө уруксат берилет.
9. Өткөрүп берүү өткөрүп берүү журналында таризделет, өткөрүп берүү жөнүндө жазма төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) тапшырма берилген датаны жана убактыны;
2) өтүнмөнүн номерин;
3) тапшырманы берген жана кабыл алган кызмат адамынын фамилиясын, инициалдарын жана кызмат ордун;
4) жүктүн партиясы жайгашкан даректи;
5) тапшырылып жаткан иш-чаранын түрүн (көрүп чыгуу, кароо);
6) берилген натыйжалардын убактысын жана датасын.
Өткөрүп берүүнү кабыл алган кызмат адамы көрүп чыгууну (кароону) иш жүзүндө аткарылышы, киргизилген маалыматтардын аныктыгы жана натыйжалардын өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.
10. Көрүп чыгуунун (кароонун) натыйжалары фитосанитардык тастыктаманы тариздөөгө жооптуу кызмат адамына байланыштын каалаган жеткиликтүү каражаты (ведомстволук ички система, электрондук почта, кызматтык мессенджерлер жана башкалар) аркылуу ыкчам берилет, андан кийин маалымат өткөрүп берүүнү каттоо журналына киргизилет.
11. Өткөрүп берүүнү каттоо журналын жүргүзүү жана актуалдаштыруу үчүн жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы тартат.
Киргизилген жазмалардын толуктугун жана аныктыгын текшерүү мезгил-мезгили менен, бирок кварталда бир жолудан кем эмес аймактык башкармалыктын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн натыйжалары кызматтык кат же ички контролдоо акты менен таризделет.
12. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) төмөнкү жерлерде жүзөгө ашырылат:
1) фитосанитардык контролдоо постторунда;
2) өндүрүмдү сактоо, кайра иштетүү, өндүрүү, жүктөө жана сатуу жерлеринде;
3) убактылуу сактоо кампаларында жана карантиндик аянтчаларда;
4) ишканаларда, ошондой эле өндүрүш жана жүктөрдү консолидациялоо жерлеринде.
13. Фитосанитардык тастыктамалоо учурунда көрүп чыгуу (кароо) карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясы иш жүзүндө жайгашкан жер (кампада, өндүрүш жеринде, сорттоо пунктунда, терминалда же башка объектте) боюнча көчмө тартипте жүргүзүлөт. Эгерде партияны каттоо жана фитосанитардык тастыктаманы тариздөө үчүн берүү кыйын болсо же техникалык, технологиялык, логистикалык, өндүрүштүк шарттардын натыйжасында максатка ылайыксыз болсо, контролдоонун көчмө методдорун колдонуу менен жеринде жол-жобону жүргүзүүгө уруксат берилет.
Көчмө көрүп чыгууну (кароону) уюштуруу жана жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар (кызмат адамдарын ташуу, жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, кароо үчүн шарттарды түзүү, техниканы жана жабдууларды колдонуу, ошондой эле үлгүлөрдү лабораторияга чейин жеткирүү) жүк ээсинин (өкүлүнүн) эсебинен жүзөгө ашырылат.
14. Импорттолуучу карантинге алынуучу өндүрүмгө мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында, товарларды эсепке алуу пункттарында же бажылык тазалоо жүргүзүлгөн жерлерде башка контролдоочу мамлекеттик органдар менен биргеликте контролдоо иш-чаралары жүргүзүлүүгө жатат. Мындай биргелешкен аракеттер мамлекеттик контролдун бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга жана жол-жоболордун кайталанышын болтурбоого багытталган.
3-глава. Көрүп чыгууну (кароону) жүргүзүүгө даярдануу
15. Үчүнчү өлкөлөрдөн карантинге алынуучу өндүрүм импорттолгон учурда өндүрүмдүн партиясы бажы кызматынын ыйгарым укуктуу органынын “Алдын ала кабарлоо” маалыматтык системасында катталууга тийиш.
16. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден карантинге алынуучу өндүрүмдү алып өтүүдө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык системаларынын интеграциясы болсо, фитосанитардык тастыктамаларды электрондук алмашуу каналдары боюнча алынган өндүрүмдүн партиясы жөнүндө алдын ала маалыматтарды пайдаланат.
17. Көрүп чыгууну (кароону) баштоонун алдында ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынуучу өндүрүмдү документтик текшерүүнү жүргүзөт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өтүнмөнүн, фитосанитардык, транспорттук жана коштоочу документтердин бар экендигин жана түп нускалыгын текшерүүнү;
2) документтердеги маалыматтарды карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясынын иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрү менен (чыгарылган өлкөсү, көлөмү, таңгагы, абалы) салыштырууну;
3) карантинге алынуучу өндүрүмдү ташып кирүүгө, ташып чыгууга же транзиттөөгө, анын ичинде эл аралык макулдашууларга жана ЕАЭБ укугуна ылайык колдонулуп жаткан чектөөлөр жана тыюу салуулар бар экендигин аныктоону;
4) экспорттоо учурунда – эл аралык протоколдордо, макулдашууларда жана каттоо тизмектеринде белгиленген шарттарды кошо алганда, импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарынын сакталышын текшерүүнү;
5) фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу системасынын негизинде фитосанитардык тобокелдиктин категориясын аныктоону;
6) сактоо шарттарын жана таңгактын ачылганга чейинки бүтүндүгүн көз чаптырып баалоону.
18. Документтер жок болгон, маалыматтар дал келбеген же тастыктамалардын түп нускалыгынан күмөн саноолор болгон учурда кызмат адамы:
1) экспорттоо учурунда – фитосанитардык тастыктамалоону жүргүзүүнү токтотот;
2) импорттоо учурунда – жагдайлар такталганга чейин өндүрүмдү чыгарууну токтото турат;
3) ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгына кабарлайт.
19. Көрүп чыгуу (кароо) төмөнкүлөр менен камсыздалган, жабдылган зонада жүргүзүлөт:
1) жетиштүү жарыктандырылган жана желдетилген;
2) инструменттер (лупалар, чырактар, бычактар, щуптар, мүшөктөр, сейф-пакеттер) менен;
3) жеке коргонуу каражаттары менен;
4) фото жана видеотехника менен.
20. Көрүп чыгууга (кароого) тийиштүү болгон өндүрүм жүктүн бүткүл партиясына, ар бир таңгактоо бирдигине жана транспорттук тарага, анын ичинде кампаларда, транспорт каражаттарында, сактоочу же убактылуу сактоочу жайларда турган өндүрүмгө эркин жана коопсуз жетүүнү камсыз кыла тургандай кылып жайгаштырылууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары жетүү мүмкүндүгү чектелбестен жана жүктүн бузулуу тобокелдиги болбостон көз чаптырып көрүп чыгууну жана үлгүлөрдү тандап алууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
Жүктүн ээси (кармоочусу) же кампанын администрациясы контролду жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
– жарыктандырууну жана жүктү түшүрүүнү;
– жабдууларга жеткиликтүүлүктү;
– партия жөнүндө маалыматка ээ болгон жооптуу адамдын катышуусун.
21. Ар бир аракет, анын ичинде ачуу, жуктурууну аныктоо, үлгүлөрдү тандап алуу, таңгактоо жана маркалоонун болушун фото жана видеофиксациялоо менен коштолот.
4-глава. Транспорт каражаттарын көрүп чыгуу (кароо)
22. Транспорт каражаттарын көрүп чыгуу (кароо) карантиндик зыяндуу организмдердин киришин жана жайылышын алдын алуу, ошондой эле транспорт каражаттарынын белгиленген фитосанитардык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Транспорт каражаттарын көрүп чыгуу (кароо) төмөнкүлөрдү көз чаптырып текшерүүнү камтыйт:
– транспорт каражатынын кузовун, контейнерин, полун, дубалдарын, люктарын, эшиктерин, жүрүү бөлүгүн, рамаларын, дөңгөлөк аркаларын жана башка элементтерин;
– үстүнкү беттердин тазалыгын жана санитардык абалын, булгануулардын, топурак калдыктарынын, өсүмдүк калдыктарынын, уруктардын, таштандылардын жана башка биологиялык материалдардын бар экендигин;
– транспорт каражатынын каттоо номеринин жана башка идентификациялык маалыматтарынын коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин.
23. Аныкталган булгануулар, топурак же өсүмдүк материалдарынын калдыктары аныкталса, транспорт каражатынын же жүк ээсинин (кармоочусунун) эсебинен дароо тазаланууга, жуулууга же дезинфекцияланууга тийиш.
5-глава. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо)
24. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуунун (кароонун) максаты жуктуруу белгилерин, сактоо жана ташуу шарттарынын бузулушун, ошондой эле фитосанитардык талаптарга шайкеш эместикти аныктоо.
25. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) төмөнкү принциптерди сактоо менен жүзөгө ашырылат:
1) объективдүүлүк, жетиштүүлүк жана байкоого алуу;
2) визуалдык көрүп чыгуу өндүрүмгө зыян келтирбестен жүргүзүлөт;
3) жугузууга шек жаралганда, алдын ала идентификациялоо үчүн микросынамдарды тандап алууга жол берилет;
4) көрүп чыгуу кол кап менен жүргүзүлөт, өндүрүмгө түздөн-түз тийүүгө тыюу салынат.
26. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) этаптары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) фитосанитардык сертификаттагы маалыматтарды жүктүн иш жүзүндөгү мүнөздөмөлөрү менен (салмагы, саны, келип чыгышы, маркалоо) салыштыруу жолу менен документтерди текшерүүнү;
2) таңгакты жана маркалоону визуалдык көрүп чыгууну, анын ичинде:
– таңгактын жылчыксыздыгын, көгөрүүнүн, чириктин болушун, курт-кумурскалардын коңулдарын жана булганууларды текшерүүнү;
– маркалоону окууга мүмкүндүгүн, штамптардын, IPPCбелгилеринин жана ярлыктардын болушун текшерүү;
3) ичиндегисин (таңгакты ачпастан) көрүп чыгуу, анын ичинде:
– өндүрүмдүн абалын тышкы белгилери (жыты, түсү, нымдуулугу, зыянга учуроосу, зыянкечтердин издери жана топурак калдыктары) боюнча баалоону;
– зарыл болгон учурда чоңойтуучу инструменттерди (лупа, эндоскоп) колдонууну.
27. Уруктар жана көчөт материалдары:
1) милдеттүү кароого жана лабораториялык текшерилүүгө тийиш;
2) текшерүү өзүнө тазалыкты баалоону, отоо чөптөрдүн уруктарынын, зыянкечтердин, грибок менен жабыркоонун, жыттын жана нымдуулуктун болушун баалоону камтыйт;
3) үлгүлөрдү тандап алуу ГОСТ талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат жана лабораторияга жөнөтүлөт;
4) партия лабораториялык корутунду алынганга чейин кармалат;
5) жугузуу ырасталган учурда партияны зыянсыздандыруу, кайра иштетүү, жок кылуу же кайтарып берүү чаралары колдонулат.
28. Жыгач жана жыгачтан жасалган таңгактоо материалы:
1) IPPC (HT, MB, DB) маркалоосунун болушу текшерилет;
2) сырткы бетинде кабыктын, курт-кумурскалардын издери, тешиктер, көгөрүү же көк тактардын болушу каралат;
3) маркалоо жок болсо же жугузуу аныкталса, материалдар зыянсыздандырылууга же жок кылынууга тийиш;
4) көрүп чыгуу ФЧЭС № 15 жана ЕАЭБдин ченемдик талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
29. Дан, буурчак жана май өсүмдүктөрү төмөнкүлөргө карата бааланат:
1) амбар зыянкечтеринин (дан курту, узун муруттуу кумурска, күбө курту) болушуна;
2) отоо өсүмдүктөрүнүн аралашмасынын, чаңдын, өзүнөн-өзү ысуу же көгөрүү белгилеринин болушуна.
30. Жемиштер, жашылчалар жана мөмөлөр төмөнкүлөргө карата текшерилет:
1) чириктин, көгөрүүнүн, зыянга учуроонун жана курткумурскалардын издеринин болушуна;
2) сактоо температурасына жана нымдуулук шарттарына.
31. Өсүмдүк тектүү тоюттар, чөп жана саман төмөнкүлөргө карата текшерилет:
1) тазалыгына, отоо чөптөрдүн уруктарынын жана топурактын аралашмасынын калдыктарынын жоктугуна;
2) курт-кумурскалардын издеринин жана башка аралашмалардын жоктугуна.
32. Фитосанитардык сертификаттын жана коммерциялык же транспорттук (ташуучу) документтердин дал келбестиги аныкталганда кызмат адамы бузуулар жоюлганга чейин же экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү органынан ырастоо алынганга чейин карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясын ташып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Фитосанитардык сертификаттоодо маалыматтардын дал келбестиги аныкталган учурда кызмат адамы аныкталган дал келбестиктер жоюлганга жана тактоочу документтер берилгенге чейин фитосанитардык сертификатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
33. Транспорт каражатынын номери фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбеген учурда кызмат адамы жарым чиркегичтин же чиркегичтин номерлери фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келген учурларды кошпогондо, карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясын анын ээсинин эсебинен кайтарып берүү же жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алат.
34. Көрүп чыгуунун (кароонун) натыйжалары карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) актысында жазылат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) көрүп чыгуу (кароо) өткөрүлгөн датасы, орду, убактысы;
2) өндүрүм жөнүндө маалыматтар (аталышы, көлөмү, келип чыккан өлкөсү);
3) документтердин реквизиттери;
4) жугузуунун же бузуунун табылган белгилери;
5) кийинки иш-аракеттер жөнүндө чечимдер (кароо, үлгүлөрдү тандап алуу, лабораторияга жөнөтүү жана башкалар).
35. Актынын бир нускасы жүктүн ээсине, экинчиси аймактык башкармалыктын архивине берилет, үчүнчүсү ички ведомстволук маалымат системасына киргизилет.
Материалдар архивде 3 (үч) жылдан кем эмес сакталат.
6-глава. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу
(кароо)
36. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик зыяндуу организмдер жуккандыгын ырастоо же жокко чыгаруу үчүн жүргүзүлөт жана төмөнкү негиздердин бири же бир нечеси болгон учурда дайындалат:
1) көрүп чыгуунун жүрүшүндө жугузуунун, анын ичинде тирүү курт-кумурскалардын, личинкалардын, көгөрүп кетүүнүн спораларынын, топурак калдыктарынын, өсүмдүк ткандарынын бузулушунун, зыяндуу организмдердин болушунун белгилерин аныктоо;
2) фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу системасынын маалыматтары боюнча жагымсыз фитосанитардык абалдагы же фитосанитардык тобокелдиги жогору категориясына кирген өлкөлөрдөн же региондордон өндүрүмдүн келип түшүшү;
3) фитосанитардык, коммерциялык же транспорттук документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өндүрүмдүн партиясы тууралуу – келип чыккан өлкөсү, саны, массасы, таңгагы, маркалоосу же башка параметрлери боюнча иш жүзүндөгү маалыматтарга дал келбестиги;
4) фитосанитардык сертификаттын жоктугу, жасалма, бузуу белгилеринин болушу же жарактуулук мөөнөтүнүн аякташы;
5) фитосанитардык тобокелдиктерди башкаруу системасынын өндүрүмдүн конкреттүү партиясы, түрү же келип чыккан өлкөсү боюнча фитосанитардык тобокелдиктин жогору деңгээлин көрсөтүүсү;
6) өндүрүмдүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон түрлөрүнө кириши (уруктар, көчөт материалдары, жаңы мөмөжемиштер, жыгач жана өсүмдүк тектүү башка чийки зат материалдары);
7) өндүрүмдүн фитосанитардык абалын лабораториялык ырастоо зарылчылыгы, анын ичинде көрүп чыгуунун натыйжалары өндүрүмдүн фитосанитардык абалын бир жактуу аныктоого мүмкүндүк бербеген же фитосанитардык сертификат берүүнүн алдында ырастоо талап кылган учурлар;
8) ыйгарым укуктуу органдан мүмкүн болгон фитосанитардык тобокелдиктер жөнүндө көрсөтмөлөрдү камтыган маалымат, тапшырма же башка материалдар келип түшкөндө, кароо өндүрүмдүн фитосанитардык абалын тактоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
9) партиянын ар кандай булактардан же өндүрүлгөн жерлеринен түзүлүшү, ошондой эле мурда аныкталган фитосанитардык дал келбестиктер же бул өндүрүмдөгү жугузуу учурлары жөнүндө маалыматтардын болушу.
37. Көрүп чыгууну (кароону) жүргүзүү жөнүндө чечим тиешелүү маалыматты ички ведомстволук маалымат системасына киргизүү менен көрүп чыгуу (кароо) актысында милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.
38. Көрүп чыгуу (кароо) карантиндик фитосанитардык лабораторияда фитосанитардык экспертиза жүргүзүү үчүн карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясынан үлгүлөрдү тандап алууну камтыйт.
Үлгүлөрдү тандап алуунун саны, ыкмасы жана орду кызмат адамы тарабынан ГОСТ 12430-2019 талаптарына ылайык аныкталат.
39. Көрүп чыгуу (кароо) жол-жобосу өндүрүмдүн ээсинин (өкүлүнүн) катышуусунда, фото жана видео фиксациялоочу каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
Тандап алынган үлгүлөр сейф-пакеттерге же ачылганда из көрүнбөгөн жылчыксыз таңгактарга салынат.
Ар бир үлгүгө тиркелген этикетка чапталып, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) сейф-пакеттин номери;
2) өндүрүмдүн аталышы;
3) чыккан жери жана тандап алынган датасы;
4) кызмат адамынын фамилиясы жана колу.
40. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынуучу өндүрүмдөн тандап алынган үлгүлөрдү көрүп чыгуу (кароо) жүргүзүлгөн жерде алгачкы изилдөөнү бир эле учурда төмөнкү шарттарды сактоо менен жүргүзүүгө укуктуу:
1) изилдөө объектин талаа методдорун пайдалануу менен визуалдык же инструменттик идентификациялоого болот;
2) колдонулуучу методдор микробиологиялык, молекулярдык же башка лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылбайт;
3) кызмат адамы зарыл квалификацияга ээ жана карамагында тиешелүү жабдуулар жана инструменттер бар;
4) изилдөөнүн натыйжалары карантиндик объекттердин жоктугун бир жактуу аныктоого же табылган объекттердин карантиндик объекттерге кирбей тургандыгын ырастоого мүмкүндүк берет.
Эгерде өсүмдүктөрдүн грибоктук, бактериялык жана вирустук патогендерин идентификациялоо талап кылынса же лабораториялык талдоосуз бир жактуу корутунду чыгаруу мүмкүн болбосо, көрүп чыгуу (кароо) жеринде алгачкы изилдөө жүргүзүлбөйт.
Алгачкы изилдөөнү жүргүзүүдө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо, лаборатория менен ыкчам байланышты консультациялык максаттарда гана пайдаланууга жол берилет.
Кызмат адамы карантиндик объекттер жок болгондо жана милдеттүү лабораториялык ырастоонун талаптары жок болгондо гана карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясын чыгаруу жөнүндө же алгачкы изилдөөнүн натыйжалары боюнча фитосанитардык сертификат берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
Бардык башка учурларда үлгүлөр лабораторияга милдеттүү түрдө жиберилүүгө тийиш.
Алгачкы изилдөөнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечим карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) актысында чагылдырылат жана ички ведомстволук маалымат системасына киргизилет. Лабораториялык изилдөөлөргө акы төлөө бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантына ылайык жүргүзүлөт.
41. Үлгүлөрдү лабораторияга жеткирүү төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) көрүп чыгуу (кароо) жүргүзгөн кызмат адамы;
2) жүктүн ээси (өкүлү);
3) же биологиялык материалдарды ташууга ыйгарым укуктуу уюм.
Ташуу процессинде үлгүлөрдүн таңгагы жана идентификациялоо сакталган шартта, алардын бүтүндүгүн жана лабораторияга ыкчам жеткирилишин камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
42. Лаборатория үлгүлөрдүн келип түшүүсүн каттайт жана изилдөөлөрдү ченемдерде белгиленген (3 (үч) жумуш күндөн ашпаган) мөөнөттө жүргүзөт.
43. Корутундуга лабораториянын жетекчиси кол коёт жана көрүп чыгууну (кароону) демилгелеген кызмат адамына кыска мөөнөттө кайсы болбосун жеткиликтүү ыкма менен жөнөтүлөт.
44. Лабораториянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) өндүрүмдү чыгарууга уруксат берүү же фитосанитардык сертификат берүү – эгерде жугузуу аныкталбаса;
2) өндүрүмдү иштетүү – жугузууну жок кылуу мүмкүн болгондо;
3) өндүрүмдү кайра иштетүү – технологиялык кайра иштетүү процессинде зыянкечтерди зыянсыздандыруу мүмкүн болсо;
4) өндүрүмдү жок кылуу – эгерде жугузууну жок кылуу мүмкүн болбосо же өндүрүм карантиндик объекттерге жайылып кетүү коркунучун жаратса;
5) өндүрүмдү кайтарып берүү – документтин талаптары бузулган, ташып келүүгө тыюу салынган же ээси аны иштетүүдөн баш тарткан учурда.
45. Бардык чечимдер белгиленген формадагы актылар менен таризделет жана ички ведомстволук маалымат системасында жазылат.
7-глава. Натыйжаларды тариздөө
46. Көрүп чыгуунун (кароонун), үлгүлөрдү тандап алуунун, лабораториялык изилдөөлөрдүн жана чараларды колдонуунун бардык натыйжалары белгиленген үлгүдөгү документтерде таризделет.
47. Көрүп чыгуунун (кароонун) натыйжаларын тариздөө кызмат адамынын иш-аракеттеринин ачыктыгын, жүргүзүлгөн жол-жоболорго байкоо жүргүзүүнү жана алардын далилдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
48. Бардык актылар, корутундулар жана кабарлоолор уникалдуу идентификациялык номер ыйгаруу менен ички ведомстволук маалымат системасында милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
49. Ар бир документке төмөнкүлөр тиркелет:
1) кол коюлган түп нускалардын сканерлерген көчүрмөлөрү;
2) фото жана видеоматериалдар;
3) PDF форматындагы лабораториялык корутундулар.
50. Киргизилген жазуулар кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен ырасталат.
51. Актылардын, жазма буйруктардын жана корутундулардын кагаз жүзүндөгү түп нускалары аймактык башкармалыктын архивинде 3 (үч) жылдан кем эмес сакталат.
52. Документтердин электрондук версиялары ички ведомстволук маалымат системасында мөөнөтсүз сакталат. Фото жана видео материалдар 3 (үч) айдан кем эмес сакталат.
53. Кагаз жүзүндөгү көчүрмөлөрдү белгиленген сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин гана жана бекитилген акт боюнча жок кылууга жол берилет.
54. Аймактык башкармалык ыйгарым укуктуу органга ай сайын төмөнкүлөрдү камтыган жыйынды отчетту берет:
1) жүргүзүлгөн көрүп чыгуулардын (кароолордун) саны;
2) тандап алынган үлгүлөрдүн саны;
3) аныкталган зыяндуу организмдердин түрлөрү;
4) көрүлгөн чаралардын саны (иштетүү, жок кылуу, кайтарып берүү).
Карантиндик объекттер аныкталган учурда аймактык башкармалык макулдашылган чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга токтоосуз маалымат берет. Ошондой эле экспорттоочу өлкөнүн карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмуна кабарлоо (нотификация) даярдалат.
55. Жыл жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет түзүлүп, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) фитосанитардык тобокелдиктердин динамикасын талдоону;
2) жүргүзүлгөн фитосанитардык контролдун натыйжалуулугуна баа берүүнү.
Талдоонун натыйжасы фитосанитардык контролдоо жаатында ченемдик базаны өркүндөтүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча сунуштарды даярдоодо колдонулат.
56. Ушул Тартипти натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу максатында ага контролду системалаштырууга жана натыйжаларды фиксациялоого арналган төмөнкүдөй документтер жана инструменттер тиркелет:
1) карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) актысынын формасы 1-тиркемеге ылайык;
2) ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнү каттоо журналы 2-тиркемеге ылайык;
3) кызмат адамынын жазма буйругунун формасы 3-тиркемеге ылайык;
4) сейф-пакеттин этикеткасы 4-тиркемеге ылайык;
5) контролдоо пункттарында үлгүлөрдү тандап алуу үчүн сунушталган жабдуулардын жана инструменттердин тизмеги 5-тиркемеге ылайык.
| Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү 1-тиркеме |
Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуу (кароо) актысы
№ ___________
| _________-ж.
|
Мен, ыйгарым укуктуу кызмат адамы ____________ тарабынан, карантинге алынуучу өндүрүмдүн ээсинин (ээсинин өкүлүнүн) катышуусунда, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, БУУнун ФAO Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча эл аралык конвенциянын жана ЕАЭБдин карантиндик фитосанитардык чаралар чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларынын негизинде ___________________________________________________ дарегинде, карантинге алынуучу өндүрүмдү жана транспорт каражатын көрүп чыгуу жүргүзүлдү.
Транспорт каражатынын түрү жана номери: _______________________ Экспорттоочу (жөнөтүүчү): ____________________________________ Импорттоочу (алуучу): ________________________________________
Көрүп чыгууда төмөнкүлөр аныкталды: – транспорт каражаттары арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келет: ________________________________________________; – карантинге алынуучу өндүрүмдүн партиясынын таңгагында маркалоонун, ошондой эле маркалоодо камтылууга тийиш болгон маалыматтардын болушу: _____________________________________ ____________________________________________________________; – транспорт каражаттарынын жана ташуу үчүн ыңгайлаштырылган жабдуулардын бетинде карантиндик объекттердин же аларды жугузуу (булгануу) белгилеринин болушу: ____________________________________________________________; – карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгууда анын бетинде, тарада жана (же) таңгагында карантиндик объекттерге морфологиялык белгилери боюнча окшош организмдердин, өсүмдүк ооруларынын симптомдорунун, карантиндик объекттер тарабынан карантинге алынуучу өндүрүмдүн бузулуу белгилеринин болушу: ____________________________________________________________. Карантинге алынуучу өндүрүмдү көрүп чыгуунун жана транспорт каражатын көрүп чыгуунун негизинде төмөнкү чечим кабыл алынды: ФСС берүү/баш тартуу/кароодон өткөрүү/зыянсыздандырууга жөнөтүү. Карантиндик фитосанитардык абалды белгилөө максатында ГОСТ 12430-2019 “Өсүмдүктөрдүн карантини. Карантинге алынуучу өндүрүмдүн үлгүлөрүн тандап алуунун методдорун жана ченемдерин” жетекчиликке алып, карантинге алынуучу материалдарды кароо жана орточо үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу жүргүзүлдү: | |
№ | Өндүрүмдүн аталышы | Чыккан жери | Саны | Өлчөө бирд. | Тандап алынган орточо үлгүлөр (сынамдар) | ||
Саны | Өлчөө бирдиги | Сейф- пакеттин номери | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Акт карантинге алынуучу жүктүн ээсинин (ээсинин өкүлүнүн) катышуусунда бирдей күчкө ээ 2 (эки) нускада түзүлдү.
| ||
Үлгүнү тандап алган кызмат адамы
| ___________ (колу) | ___________________ (кызмат орду, аты-жөнү) |
Жүктүн ээси (ээсинин өкүлү) | ___________ (колу) | ___________________ (аты-жөнү) |
| Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү 2-тиркеме |
Өткөрүп берүүнү каттоо журналы
№ | Датасы | Акттын № | Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүчү кызмат адамы | Аткаруучу | Көрүп чыгуу (кароо) жүргүзүлгөн жер | Аткарылгандыгы жөнүндө белги | Колу |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү 3-тиркеме |
Кызмат адамынын жазма буйругу
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык карантинге алынуучу өндүрүмгө жүргүзүлгөн көрүп чыгуунун (кароонун) негизинде жазма буйрук берем: – карантинге алынуучу өндүрүмдү (зыянсыздандыруу/жок кылуу/кайтарып берүү) белгиленген мөөнөттө жүргүзүлсүн; – жазма буйруктун аткарылгандыгын ырастоо _____ сутканын ичинде берилсин.
Датасы: 20___ -жылдын “____” ____________ Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы: ______________________ Колу: ___________________ М.О. |
| Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү 4-тиркеме |
№ __________________ сейф-пакетке этикетка
1. Импорттук өсүмдүк материалы чыгарылган өлкө же өсүмдүк материалын экспорттоодо чыгарылган жер ____________________________________________________________ 2. Көрүп чыгуу (кароо) актынын номери _________________________ 3. Партиянын салмагы ________________________________________ 4. Партиянын орундарынын саны _______________________________ 5. Өсүмдүк __________________________________________________ 6. Үлгүнүн (таза) салмагы _____________________________________ 7. Үлгү тандалып алынган жер _________________________________ 8. Экспертиза үчүн үлгүнү тандап алган (кызмат орду, аты-жөнү)____ ____________________________________________________________
| ||
___________ (датасы)
|
| __________________ (колу)
|
Этикетка тандалып алынган үлгүлөрү бар ар бир сейф-пакетке (контейнерге) чапталат жана лабораторияга ташууда аларды идентификациялоону камсыз кылат. | ||
| Мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүү 5-тиркеме |
Контролдоо пункттарында үлгүлөрдү тандап алуу үчүн сунушталган
жабдуулардын жана инструменттердин тизмеги
№ | Жабдуунун/инструменттин аталышы | Колдонулушу |
1 | Лупа (эселүүлүгү 10× жана андан жогору) | Зыяндуу организмдерди көз чаптырып аныктоо |
2 | Бинокуляр | Чоңойтулган жана кыйла тагыраак сүрөттү алуу |
3 | Пинцеттер, шпателдер, щуптар | Сынамдарды жана үлгүлөрдү тандап алуу |
4 | Контейнерлер, сейф-пакеттер | Үлгүлөрдү сактоо жана ташуу |
5 | Фотоаппарат/планшет | Көрүп чыгуу жана кароо процессин фотофиксациялоо |
6 | Дезинфекциялоо каражаттары | Инструменттерди жана үстүнкү беттерди тазалоо |
7 | Кол каптар, халаттар, бет каптар | Жеке коргонуу каражаттары |
8 | Жарык берүүчү приборлор | Караңгы же жабык жайларда көрүп чыгуу |
9 | Тараза жана өлчөө приборлору | Өндүрүмдүн массасын жана көлөмүн аныктоо |
10 | Этил спирти 70 % | Курт-кумурскаларды фиксациялоо |
”. | ||