Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-февралы № 206-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
“Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 76-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“Масабиров Талайбек Айтмаматович;”;
2) 11- пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2.“Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 113-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4.“Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 117-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 118-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- экинчи абзацта “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) экинчи пункттун үчүнчү абзацында “Сулайманов Эльдар Нурланович,” деген сөздөр алып салынсын.
6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда Кызматташтык боюнча парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 119-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. “Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 120-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. “Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 121-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында “Тургунбек уулу Нурланбек” деген сөздөр “Маматалиев Марлен Абдырахманович” деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |