Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 2026-П-12/25-2-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
1) 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
2) 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
3) 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
4) 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 "Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
5) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу";
6) 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-12/55-6-(НПА) "Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу";
7) 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- тиркеменин 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- тиркеменин 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 1-пунктунун онунчу абзацы;
- тиркеменин 9-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- тиркеменин 6-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы № 2023-П-12/80-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун он биринчи абзацы;
- тиркеменин 10-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы № 2024-П-12/36-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- тиркеменин 6-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун сегизинчи абзацы;
- тиркеменин 7-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-2-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы;
- тиркеменин 4-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун тогузунчу абзацы;
- тиркеменин 8-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 2025-П-12/46-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 9-пунктчасы;
- тиркеменин 9-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун 6-пунктчасы;
- тиркеменин 6-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 1-пунктунун он алтынчы абзацы;
- тиркеменин 15-пункту;
15) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 2-пунктунун он бешинчи абзацы;
- 2-тиркеменин 16-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. 2026-жылдын 1-августуна чейин коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар өздөрүнүн ички ченемдик документтерин ушул токтомдун талаптарына, атап айтканда, ушул токтомго карата тиркеменин 1-пунктунун 8-пунктчасында, 2-пунктунун 7-пунктчасында жана 3-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн карыз оорчулугу көрсөткүчүн эсептөө тартибине тиешелүү бөлүгү боюнча, ылайык келтирсин.
5. Токтом расмий жарыялангандан 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, мында токтомго карата тиркеменин 2-пунктунун 11-пунктчасы эске алынбайт, ал 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, кепилдик фонддорду, коммерциялык банктарды, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
7. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Бакетаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жободо:
1) 1.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.2. Кредиттик союздарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын калыптандыруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо, ушул Жобонун максаты болуп саналат.
Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча колдонулган терминдер жана аныктамалар өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.";
2) төмөнкү мазмундагы 1.6, 1.7 жана 1.8-пункттар менен толукталсын:
"1.6. Керектөөчү кредиттин толук наркы - карыз алуучунун келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгашаларынын чогуу алгандагы өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн ) наркынын керектөөчү кредитти берүүдөн улам көбөйүшү.
1.7. Керектөөчү кредит - кредиттик союз тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында, анын ичинде карыз алуучу керектөөчү кредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенмени бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максаттарында берилүүчү кредит же ислам принциптери боюнча каржылоо. Керектөөчү кредит жеке адамдарга ишкердик иш жана пайда табуу менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Ушул Жобонун максаттары үчүн турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө байланыштуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыздалган кредиттер жана бөлүп төлөөлөр керектөөчү кредиттерге кирбейт. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайыздык чендерди (үстөк бааларды) эсептебестен берилиши мүмкүн.
Кредит берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык чендердин өлчөмү, кошумча баа, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акылар жана тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек жана коммерциялык же банктык сырдын предмети боло албайт.
Керектөөчү кредит берүүнүн шарттары жана тартиби кардарларды тейлөө жайларында жана кредиттик союздун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн эркин жеткиликтүү түрдө милдеттүү түрдө ачыкка чыгарылууга тийиш.
Керектөөчү кредиттер боюнча пайыздык чендердин өзгөрүшү жөнүндө маалымат кардарларды тейлөө жайларында, кредиттик союздун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жана/же байланыштын башка каналдары аркылуу алар күчүнө кирген күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.
1.8. Ушул жобонун максаттары үчүн:
- "кредит" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоону да билдирет;
- "кредиттик келишим" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо келишимин да билдирет;
- "пайыздык чен" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо боюнча үстөк бааны да билдирет.
Үстөк баа - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер боюнча кирешелүүлүктүн номиналдык жылдык пайыздык мааниге келтирилген нормасы, ошондой эле товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн баасына (наркына) салыштырмалуу карыз алуучунун милдеттенмесинин суммасынын толук бир жолку төлөмдө көбөйүшү.
Ушул жобонун максаттары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча келишимде үстөк баа номиналдык жылдык пайыздык маанисин кошумча ачып көрсөтүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек (карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча).";
3) төмөнкү мазмундагы 2.6-пункт менен толукталсын:
"2.6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзгөн кредиттик союздар кредиттик тобокелдикти тескөө алкагында кредиттик саясаттын, типтүү келишимдердин, бардык продукттарды берүүнүн жалпы шарттарынын Шариат стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн камсыз кылууга тийиш.
Кредиттик саясаттын, типтүү кредиттик келишимдердин, бардык продукттарды берүүнүн жалпы шарттарынын Шариат стандарттарына ылайык келүүсүн кредиттик союзда же финансы-кредит уюмдардын ассоциацияларынын (бирикмелеринин) алдында түзүлгөн Шариат кеңеши камсыз кылат.
Кредиттик саясаттын шарттарына, типтүү кредиттик келишимдерге, продукттарды берүү шарттарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.
Өз милдеттерин аткарууда Шариат кеңеши кредиттик союздун Башкармасынан көз карандысыз болуусу зарыл.
Шариат кеңеши жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби;
- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;
- Башкарма жана Каржылоо боюнча комитет менен өз ара иш алып баруу тартиби;
- отурумдарды өткөрүү тартиби, алар бетме-бет же аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн түз катышуусу менен отурумдар жылына кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми эгерде отурумга Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, Шариат кеңеши күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу экендигин аныктоо зарыл;
- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби.
Каржылоо келишими (кредиттик келишим) Шарият кеңеши тарабынан бекитилген типтүү келишимдин бардык маанилүү (негизги) шарттары өзгөрүүсүз сакталган шартта, кредиттик союз тарабынан (акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча бүтүмдүн өзгөчөлүктөрүн жана талаптарын эске алуу менен анын шарттарын тактоо боюнча) Шарият кеңеши менен кошумча макулдашуусуз өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
Шарият кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер кредиттик союздун кардары сыяктуу эле, үчүнчү жактар үчүн да жеткиликтүү болушу керек. Кредиттик союз Шарият кеңешинин чечимине түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Мында кардарларга берилүүчү түшүндүрмө Шарият кеңеши менен алдын ала макулдашылышы керек.";
4) 3-2-пунктунун 3.2.1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- ушул Жобонун талаптарына ылайык керектөөчү кредиттер боюнча карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөө тартибин кошо алганда, потенциалдуу карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби;";
5) 3-2-пунктунун 3.2.3-пунктчасынын тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: Эгерде кредиттин катышуучусу кредитти максатсыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталса, кредиттик союз Кыргыз Республикасынын кредит боюнча пайыздык чендин (үстөк баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын талаптары сакталган шартта, кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде катышуучунун жоопкерчилик чаралары боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер, анын ичинде кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатуунун өлчөмү каралышы керек.";
6) 3.3-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын пайыздык чендин (кошумча баанын) жол берилген чектүү өлчөмү жөнүндө мыйзам талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын керектөө кредиттерин берүү тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарынын башка талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.";
7) 5.1-пунктунун 5.1.3-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мында керектөөчү кредитти берүүдө кредиттик кызматкер ушул Жобонун 5.1.3-2-пунктуна ылайык карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөөгө милдеттүү;";
8) 5.1-пункту төмөнкү мазмундагы 5.1.3-2 жана 5.1.3-3-пунктчалар менен толукталсын:
"5.1.3-2. Керектөөчү кредитти берүүдө кредиттик союз карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн төмөнкү учурларда эсептөөгө милдеттүү:
1) керектөөчү кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, анын ичинде башка керектөөчү кредитти кайра каржылоо максатында;
2) керектөөчү кредит келишиминин шарттарын өзгөртүүдө, бул орточо айлык төлөмдүн көбөйүшүнө же келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына алып келсе.
Эгерде өзгөртүүлөрдө төлөмдөрдүн өлчөмүнүн азайышы же токтотулушу каралса, карыз алуучунун демилгеси боюнча келишим шарттарын өзгөртүүдө карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү эсептелбейт.
Карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү пайыздарда, үтүрдөн кийин бир белгиге чейинки тактык менен, карыз алуучунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрдүн суммасынын (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр/үстөк акы боюнча төлөмдөр), анын ичинде берүү жөнүндө арыз каралып жаткан керектөөчү кредиттин, кредиттик союзга жеткиликтүү болгон маалыматтарга ылайык, анын орточо айлык кирешесине болгон катышы катары эсептелет.
Кредиттик союз өзүнүн ички документтеринде карыз алуучунун орточо айлык төлөмдөрүнүн жана орточо айлык кирешесинин суммасын эсептөө тартибин бекитүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун кирешесин/төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтын тизмеси;
- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша орточо айлык көрсөткүчтөр эсептелиши керек болгон мезгил. Мында орточо айлык кирешени эсептөө үчүн бул мезгил кредит алууга арыз берилген күндөн тартып акыркы 3 айдан кем болбошу керек.
Эгерде карыз алуучунун ушул пунктка ылайык эсептелген карыздык жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, кредиттик союз керектөөчү кредит келишимин түзүүгө чейин карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбай коюу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу ыктымалдуулугу жөнүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү, мында кредиттик союз карыз алуучуга мындан ары кредит берүүдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толук кайтарып берүүнү талап кылган учурлар эске алынбайт. Көрсөтүлгөн учурда керектөөчү кредит карыз алуучунун тобокелдиктер жөнүндө маалыматы бар экендигин ырастаган жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана берилет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн билдирүүлөр менен карыз алуучунун таанышкандыгы фактысы анын өз колу менен коюлган кол тамгасы же Кыргыз Республикасынын санариптик чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен ырасталат.
5.1.3-3. Кредиттик союз карыз алуучуга керектөөчү кредитин берүү шарттары менен таанышуу жана салыштыруу үчүн келишим түзүлгөнгө чейин кагаз же электрондук түрдө стандартташтырылган маалымат барагын акысыз берүүгө милдеттүү. Маалымат барагына карата талаптар Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамында белгиленген.";
9) 5-1-пунктунун 5.1.6-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5.1.6. Кредиттик союз өз катышуучуларына кыймылсыз мүлк менен камсыздалган турак жайды сатып алууга, курууга же бүткөрүүгө, анын ичинде мурабаха келишимине жана ислам каржылоо принциптери боюнча башка келишимдерге ылайык турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууну жана курууну каржылоого (мурабаха келишимдери боюнча турак жайды сатып алуу, куруу ж.б.) чет өлкө валютасында кредиттерди берүүгө укугу жок, мында салык кызматы органынын күбөлүгүнүн же патентинин негизинде ишкердик жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечими бар адамдар эске алынбайт. Кредиттик союз, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды кошпогондо, чет өлкө валютасында керектөөчү кредиттерди берүүгө укугу жок.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган кредиттик продуктуларды, эсептөө ыкмаларын же шарттарды колдонууга жол берилбейт.".
10) 5-2-пунктунун 5.2.5-1-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын;
11) 5-2-пунктунун 5.2.6-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5.2.6. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- тараптардын аталыштары, анын ичинде керектөөчү кредиттерин берүүдө жеке адамдар үчүн инсандыгын тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;
- тараптардын жашаган жери/жайгашкан жери (юридикалык дареги);
- келишим предмети;
- кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү;
- кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максаттуу багытын, суммасын, үстөк баасын же пайыздык чендерди (номиналдык (ислам принциптерине ылайык каржылоодо үстөк баа карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча жылдык номиналдык пайыздык маанисин кошумча ачып берүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек) жана эффективдүү (ислам принциптерине ылайык каржылоодо жылдык эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча ачып көрсөтүлөт), кредиттин толук наркын, төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоонун түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен;
- карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурда;
- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери;
- кредиттик бюролорго карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана персоналдык маалыматтар боюнча мыйзамдарына ылайык, карыз алуучу жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары;
- катышуучунун кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин же лизинг келишими боюнча тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартуу укугу. Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союз билдирмени карагандыгы үчүн катышуучудан белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу;
- катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөө укугу. Керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөгөн учурда, кредиттик союз келишим боюнча кардардын милдеттенмелерин кайра эсептеп чыгууга, төлөм графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздык сумманы (кошумча бааны) негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу түрдө оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо кардардын талабы боюнча кардар менен макулдашылган, бирок беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет;
- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, кредиттик союз менен карыз алуучу ортосундагы өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда жаратылыш кырсыктары (сел жүрүү, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемия, өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуштук аракеттер ж.б. ушул сыяктуу окуялар камтылышы мүмкүн, бирок булар менен эле чектелип калбайт;
- катышуучунун кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - жаңы төлөө графигин алуу укугу;
- катышуучунун кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредиттик союзга кайрылуу укугу. Катышуучу кредиттик союзга кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана өтүнүч ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Мында керектөөчү кредитин кайра каржылоо эки жолудан ашык жүргүзүлбөшү керек;
- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, кардардын мурдагы күрөөнү башка күрөөгө алмаштыруу укугу. Мында анын наркы кредиттик союздун ички документтеринин талаптарына ылайык жана кредиттик союздун макулдугу боюнча кредит боюнча карыздын калган суммасын жабууга тийиш. Ошону менен бирге эле, кредиттин камсыздоосуна бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган болсо жана күрөө коюучу катары үчүнчү жак (карыз алуучу эмес) саналган учурда, кредиттик союз күрөө коюучуга (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштырууга же бошотууга артыкчылыктуу (карыз алуучуга карата) укукту сунуштоого тийиш.
- кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча кредиттик тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн үч жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалымат (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) берүү милдети;
- кредиттик союздун кредит боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыпты (айып пул, туумдарды) эсептөөнү токтотуу милдети, мында кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдун, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;
- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо, же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.
- тараптардын жоопкерчилиги;
- келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар.";
12) 5.2-пунктунун 5.2.7-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кредиттик союз кредиттик келишим шарттарына банк мыйзамдарында каралбаган кошумча жыйымдарды, комиссиялык төлөмдөрдү жана кредиттик союздун бекитилген тарифтеринен тышкары анда алынуучу/төлөнүүчү жана кредиттик келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү башка тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү кошууга укугу жок.";
13) 5.2-пункту төмөнкү мазмундагы 5.2.7-1-пунктча менен толукталсын:
"5.2.7-1. Кошуп эсептөөлөрдүн (анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар, үстөк айыптар, айып пулдар, туумдар), анын ичинде керектөөчү кредит реструктуризацияланган учурдагы жалпы суммасы берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.";
14) 5.3-пункту төмөнкү мазмундагы 5.3.4-1-пунктча менен толукталсын:
"5.3.4-1. Камсыздоону сунуштоо керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт.
Карыз алуучунун өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо катары таанылбайт.";
15) 1-тиркеменин "Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат" деген I бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1. Ушул Жободо каралган учурларда карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө (керектөөчү кредитин берүүдө);
4-2. Керектөөчү кредитти алууга карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу, ага милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чаралары (ушул Жобонун 5.1.3-2-пунктуна ылайык) колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктайт.";
16) 2-тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын:
|
| "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме |
Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын ТИЗМЕГИ
Кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары | |
Кредиттик союздун катышуучусунун кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) | |
Кредиттин суммасы | Кредиттик келишимде көрсөтүлөт Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк баа абсолюттук мааниде көрсөтүлөт, буга кошумча карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниси чагылдырылат. Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча көрсөтүлөт. Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар кредиттик союз бекиткен тарифтерге ылайык, кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. |
Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр же үстөк баа Кредиттин/каржылоонун толук наркы Эффективдүү пайыздык чен | |
Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) | |
Келишимде кредиттик союздун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм | |
Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, кредиттик союздун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын накталай акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары | |
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (мисалы, камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө акысы, кредиттик союздун коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине накталай эмес которууга байланыштуу чыгымдары ж.б.) | Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш. |
Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары | |
Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн | Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар/үстөк баа боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) пайызынын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден/кошумча төлөмдөн ашпоого тийиш (пайызсыз керектөөчү кредиттерин кошпогондо), ал эми кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. |
Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана кредиттик союз тарабынан каралууга тийиш болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо) | |
Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары | |
Башка чыгашалар | |
Кредиттик союздун катышуучусунун укугу | |
____________________________________________ | _____________________________ | ________________________ |
(Ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү) | (кол тамгасы) | (датасы) |
|
|
|
____________________________________________ | _____________________________ | ________________________ |
(Кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү) | (кол тамгасы) | (датасы)". |
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо:
1) төмөнкү мазмундагы 3-6 жана 3-7-пункттар менен толукталсын:
"3-6. Керектөөчү кредиттин толук наркы - карыз алуучунун келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгашаларынын чогуу алгандагы өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн ) наркынын керектөөчү кредитти берүү менен шартталган көбөйүшү.
3-7. Керектөөчү кредит - банк тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында, анын ичинде керектөөчү кредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенме карыз алуучу тарабынан бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө максаттары үчүн берилүүчү кредит. Керектөөчү кредит жеке адамдарга ишкердик ишке жана пайда табууга байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Ушул Жобонун максаттарында кыймылсыз мүлк менен камсыздалган, турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө байланыштуу кредиттер жана бөлүп төлөөлөр керектөөчү кредиттерине кирбейт. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайыздык чендерди (үстөк бааны) эсептебестен берилиши мүмкүн.";
2) 8.1-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Ушул Жобонун талаптарына ылайык керектөөчү кредиттер үчүн карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөө тартибин кошо алганда, карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо критерийлери;";
3) 8.8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8.8. Жоопкерчиликтүү насыялоо принциптери, анын ичинде карыз алуучунун ашыкча карызга батышын алдын алууга багытталган баалоо жана отчеттуулук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча талаптарды камтыйт (карыз алуучунун параллелдүү милдеттенмелери болгондо, анын ичинде бирден ашык финансы-кредиттик уюмдарда, ошого байланыштуу карыз алуучунун карыздык жүгү анын милдеттенмелерди тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн ашып кетиши мүмкүн), анын ичинде ушул Жобонун талаптарына ылайык керектөөчү кредиттер үчүн карыздык жүктүн көрсөткүчүн колдонуу.";
4) 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, банк келечектеги карыз алуучулардын чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредиттик портфелди түптөйт жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды камтыган пайыздык чендерди белгилейт.
Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кредиттер боюнча пайыздык чендин (кошумча баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө талаптарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын, ошондой эле керектөөчү кредиттерди берүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
Мында, банктын ички документтеринде карыз алуучу - юридикалык жактын ишине ал анык иш алып баруусун, атап айтканда рынокто белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруусун жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосун баалоо жол-жобосу камтылууга тийиш.";
5) 12-пункту төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Керектөөчү кредиттерин берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо системасы ушул Жобонун талаптарына ылайык карыздык жүк көрсөткүчүн эсептөөнү камтууга тийиш.";
6) 25-пункттун он төртүнчү абзацы "(контракттар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.)" деген сөздөрдөн кийин "жана керектөөчү кредит берүүдө карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө," деген сөздөр менен толукталсын;
7) төмөнкү мазмундагы 25-2 жана 25-3-пункттар менен толукталсын:
"25-2. Банк кардар менен келишим түзүүгө чейин керектөөчү кредит берүү шарттары менен таанышуу жана салыштыруу үчүн кагаз же электрондук түрдөгү стандартташтырылган маалымат баракчасын акысыз берүүгө милдеттүү. Маалымат баракчасына карата талаптар Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамында белгиленген.
25-3. Банк төмөнкү учурларда карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөөгө милдеттүү:
1) керектөөчү кредитин берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, анын ичинде башка керектөө кредитин кайра каржылоо максатында;
2) керектөөчү кредиттик келишим шарттарын өзгөртүүдө, бул орточо айлык төлөмдүн көбөйүшүнө же келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына алып келет.
Келишимдин шарттары карыз алуучунун демилгеси боюнча өзгөртүлгөндө, эгерде өзгөртүүлөр төлөмдөрдүн өлчөмүн азайтууну же токтотууну караса, карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү эсептелбейт.
Карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү банк тарабынан пайыздарда, үтүрдөн кийинки бир белгиге чейин тактык менен, карыз алуучунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрдүн суммасынын (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр/баанын үстүнөн төлөмдөр), анын ичинде берүү жөнүндө арыз каралып жаткан керектөөчү кредитинин, банкка жеткиликтүү болгон маалыматтарга ылайык анын орточо айлык кирешесинин чоңдугуна болгон катышы катары эсептелет.
Банк өзүнүн ички документтеринде карыз алуучунун орточо айлык төлөмдөрүнүн жана орточо айлык кирешесинин суммасын эсептөө тартибин бекитүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- керектөөчү кредитинин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтын тизмеси;
- керектөөчү кредитинин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша орточо айлык көрсөткүчтөр эсептелүүгө тийиш болгон мезгил. Мында орточо айлык кирешени эсептөө үчүн бул мезгил кредит алууга арыз берилген күндөн тартып акыркы 3 айдан кем болбошу керек.
Эгерде карыз алуучунун ушул пунктка ылайык эсептелген карыздык жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, банк, эгерде керектөөчү кредитин берүүгө ушул Жобонун 34.1-пунктуна ылайык жол берилсе, керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө чейин карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбай коюу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу мүмкүн экендиги жөнүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү, мында банк карыз алуучуну андан ары кредиттөөдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитин мөөнөтүнөн мурда толук кайтарып берүүнү талап кылган учурлар камтылбайт. Мындай көрсөтүлгөн учурда керектөөчү кредитин берүүгө карыз алуучуга тобокелдиктер жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктаган, жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана жол берилет.
Карыз алуучунун ушул пунктта көрсөтүлгөн билдирүүлөр менен таанышкандыгы фактысы анын өз колу менен коюлган кол тамгасы же Кыргыз Республикасынын санариптик чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен тастыкталат.";
8) 26-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"26. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда банк, төмөнкү укуктарды кошо алганда, кардарлардын укуктарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш:
- алынып жаткан кредит, анын ичинде ал боюнча абсолюттук суммада сыяктуу эле, натыйжалуу пайыздык чен түрүндө бардык чыгашалар жөнүндө ишенимдүү, толук жана түшүнүктүү маалыматты мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде алуу. Зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн;
- кредиттик келишимге кол коюлган учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөм жүргүзүлгөнгө чейин кардардын кредит алуудан акысыз негизде баш тартуу укугу.
Мындай учурларда банк кардардан билдирмени кароо үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу.
- кардардын келишимге кол коюлган учурга чейин келишим долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге алуу жана банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу укугу, мында кардарга келишим менен таанышуу үчүн берилген убакыт бир күндөн кем болбоого, бирок үч күндөн ашпоого тийиш;
- кредитти андан ары реструктуризациялоо өтүнүчү менен кардардын банкка кайрылууга укугу. Мында керектөөчү кредити эки жолу гана реструктуризацияланууга тийиш;
- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык каалаган убакта эч кандай комиссиясыз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз кредитин мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөө укугу. Керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөгөн учурда, банк келишим боюнча кардардын милдеттенмелерин кайра эсептөөгө, төлөмдөрдүн графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын (үстөк баанын) жалпы суммасын негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу түрдө оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо кардардын талабы боюнча кардар менен макулдашылган, бирок беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө кардарга жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет;
- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50% ашыгыраагы төлөнгөн шартта, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, мурдагы күрөөнү наркы кредит боюнча карыздын калган суммасынын ордун жапкан башка күрөөгө эки тарапка тең алгылыктуу, банктын ички документтерине ылайык алмаштыруу укугу;
- төлөө мөөнөтү өткөрүлгөн бир нече (бирден ашык) кредит (анын ичинде бир же бир нече кредиттик линиялардын чегинде транштар) болгон учурда, мыйзамга ылайык кардардын кредиттик карыздын ордун жабууга багытталган акча каражаттарын бөлүштүрүү кезегин өз алдынча тандоо укугу;
Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө банк мындай кардарларга кредит алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет:
- кредиттик каражаттарды нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз нак формада алуу;
- кредиттик каражаттарды эсептешүү (күндөлүк) эсептерден/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерден алуу, аны тейлөө шарттары тиешелүү келишимде аныкталат.
- кардардын керектөөчү кредитин алууга байланыштуу камсыздандыруу келишимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу укугу, мында Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында камсыздандыруунун милдеттүүлүгү түздөн-түз каралган учурлар эске алынбайт;
- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамында каралган башка укуктары.
Мында кардар-жеке адамдар, анын ичинде жеке ишкерлер кредитти нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ.
Нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз кредиттик каражаттарды алуу укугун банк, ипотекалык кредиттерин, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк программалардын алкагында кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге берүүдө сунуштайт.";
9) 27-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"27. Банктын кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана кардарлардын кредиттөө шарттары боюнча кабарлар болуусун жакшыртуу максатында, банктын расмий интернет - сайтында жана банктын кардарларды тейлөө жерлеринде кредиттөөнүн шарттары жана тартиби, кредит алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, кредиттөө процессин жөнгө салган Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө маалыматтар (стенддерде) жайгаштырышы керек. Ошондой эле аларда кардарлардын укуктары, банкта даттануулардын жана сунуштардын китепчесинин бар экендиги жөнүндө маалыматтар жана кардарлар үчүн пайдалуу болгон башка маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
Кредит берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык чендин өлчөмү, үстөк баа, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акылар жана тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сырдын предмети боло албайт.
Керектөөчү кредиттери боюнча пайыздык чендердин/үстөк баанын өзгөрүшү жөнүндө маалымат банктын расмий интернет-сайтында алар күчүнө кирген күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.";
10) 30-пункттун үчүнчү пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мында керектөөчү кредитин берүүдө банктын кызматкери ушул Жобонун 25-3-пунктуна ылайык карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөөгө милдеттүү.";
11) 34.1-пунктту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34-1. Банк керектөөчүгө улуттук валютада кредит бере алат, эгерде ушул Жобонун 25-3-пунктунун талаптарына ылайык эсептелген карыздык жүгүнүн көрсөткүчү төмөнкү маанилерден ашпаса:
- эгерде карыз алуучунун орточо айлык кирешеси 1000 эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, 50 пайыздан ашпаган;
- эгерде карыз алуучунун орточо айлык кирешеси 1000ден 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтү түзсө, 60 пайыздан ашпаган;
- эгерде карыз алуучунун орточо айлык кирешеси 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашык болсо, 70 пайыздан ашпаган.";
12) 34-2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34-2. Банк кыймылсыз мүлк менен камсыздалган турак жайды сатып алууга, курууга же бүткөрүүгө кредитти чет өлкөлүк валютада жеке адамга берүүгө укугу жок, жеке ишкердик менен алектенген, күбөлүк же патенттин негизинде иштеген же салык кызматынын сооданын өзгөчө режиминде салык төлөө жөнүндө чечими бар адамдардан тышкары. Банк чет өлкөлүк валютада керектөөчү кредитин берүүгө укугу жок, эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы төлөм карталары боюнча овердрафттарды жана депозиттин күрөөсү астында чет өлкөлүк валютадагы төлөм карталарына кредиттик лимиттерди кошпогондо.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган кредиттик продуктыларды, эсептөө ыкмаларын же шарттарды колдонууга жол берилбейт.";
13) 41-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"41. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- тараптардын аталышы, анын ичинде керектөөчү кредитти берүүдө жеке адамдар үчүн инсандыгын тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;
- тараптардын жашаган/жайгашкан жери (юридикалык дареги);
- келишимди колдонуу мезгил аралыгы;
- кредиттин негизги шарттары - суммасы, ордун жабуу мөөнөтү, камсыздоо, жылдык эсептөөдө пайыздык чен, үстөк баа, кредиттин толук наркы, жылдык пайыздык ставка, кредит берүү формасы: накталай (касса аркылуу) жана/же накталай эмес түрдө (анын ичинде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен кардардын эсебине которуу ж.б.);
- кредиттин максаттуу багыты;
- тараптардын укуктары жана милдеттери;
- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти (лизингди) каалаган убакта толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, банк кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн;
- кардар жөнүндө маалыматты кредиттик бюролорго берүү шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана персоналдык маалыматтар боюнча мыйзамдарга ылайык кардар жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары;
- тараптардын кайсыл биринин өз милдеттенмелерин бузгандыгы үчүн санкциялар, кредиттик келишимди токтотуу учурлары.
- тараптардын жоопкерчилиги;
- келишимди өзгөртүү жана токтотуу тартиби;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар.
Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири өзүнө тиешелүү кредит бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда, ал ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун курамында алынган кредит толугу менен төлөнгөнгө чейин кепилдик келишими боюнча биргелешип жоопкерчилик тартуу шарты сакталып турат. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары жана банк макулдук берген учурда, ошондой эле кошо жоопкерчиликтүү топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда, кредит боюнча өзүнө тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу биргелешип жоопкерчилик тартуудан бошотулушу мүмкүн.";
14) 42-пунктта:
- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кредиттик келишимге банк мыйзамдарында каралбаган комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, анын ичинде 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары айыптык санкцияларды, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылганына карабастан, акы төлөнүүчү башка кошумча кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат.";
- он үчүнчү абзацтагы расмий тилдеги "с момента" деген сөздөр "со дня", деген сөздөргө алмаштырылсын, мамлекеттик тилде "аяктаганга чейин" деген сөздөр "өткөндөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) төмөнкү мазмундагы 42-1-пункт менен толукталсын:
"42-1. Керектөөчү кредит боюнча чегерүүлөрдүн (пайыздарды, (үстөк бааны), комиссияны, айып пулду, туумду кошо алганда), анын ичинде реструктуризациялоо учурунда да, керектөө максаттарына берилген кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.";
16) төмөнкү мазмундагы 51-1-пункт менен толукталсын:
"51-1. Керектөөчү кредитти берүүдө камсыздоо кредит берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт.
Карыз алуучунун өмүрүн жана ден соолугун же карыз алуучунун башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредиттик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо деп таанылбайт.";
17) 1-тиркеменин "Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат" I бөлүмүндө:
- төмөнкү мазмундагы 1-2-пункт менен толукталсын:
"1-2. Ушул Жободо каралган учурларда кардардын карыздык жүгүн эсептөө (керектөөчү кредитти берүүдө).";
- төмөнкү мазмундагы 2-3-пункт менен толукталсын:
"2-3. Керектөөчү кредитти алууга карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу, ага милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чаралары (ушул Жобонун 25-3-пунктуна ылайык) колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктайт.";
18) 6-тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын:
|
| "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 6-тиркеме |
Банк кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын ТИЗМЕГИ
Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) | |
Кредит суммасы | Келишимге ылайык көрсөтүлөт |
Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр же үстөк баа Кредиттин толук наркы Эффективдүү пайыздык чен | |
Кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда, билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм | Комиссия болгон шартта, банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздарда же нарктык туюндурулушунда көрсөтүлөт |
Эсептешүү (күндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм | |
Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча каражаттарын салуусу жана алуусу) | |
Кардардын өтүнүч каты боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредитти реструктуризациялоо учурларын эске албаганда) | |
Эгерде келишимде кредиттик каражаттарды берүү боюнча банктын шексиз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын резервге коюу үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) | |
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (мисалы, камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызматтарына ж.б. төлөө) | Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен ошол чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат |
Банктын айыптык санкциялары жана туумдары | |
Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктиргендиги үчүн | Банкта түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып калуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык, пайыздык катышта же нарктык туюндурулушунда чагылдырылат |
Кредит боюнча күрөөгө сунушталган депозит 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө толукталбагандыгы үчүн | |
Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомун өз убагында кайтарбагандыгы үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга милдеттүү болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз убагында кайтарбаган учурларды эске албаганда) | |
Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары | |
Башка чыгашалар (төлөмдөр) | |
____________________________________________ | _____________________________ | ________________________ |
(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү) | (кол тамгасы) | (датасы) |
|
|
|
____________________________________________ | _____________________________ | ________________________ |
(банктын кардарынын аты-жөнү) | (кол тамгасы) | (датасы)". |
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 5-пункту төмөнкү мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Керектөөчү кредиттин толук наркы - карыз алуучунун келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгашаларынын бардык чогуу алгандагы өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркынын керектөөчү кредитти берүүдөн улам көбөйүшү;
- Керектөөчү кредит - МФУ тарабынан тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында, анын ичинде карыз алуучу керектөөчү кредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенмени бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максаттарында берилүүчү кредит же ислам принциптери боюнча каржылоо. Керектөөчү кредит жеке адамдарга ишкердик иш жана пайда табуу менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Ушул Жобонун максаттары үчүн турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө байланыштуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыздалган кредиттер жана бөлүп төлөөлөр керектөөчү кредиттерге кирбейт. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайыздык чендерди (үстөк бааларды) эсептебестен берилиши мүмкүн;";
2) төмөнкү мазмундагы 5-2 пункт менен толукталсын:
"5-2. Ушул Жобонун максаттары үчүн:
- "кредит" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоону да билдирет;
- "кредиттик келишим" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо келишимин да билдирет;
- "пайыздык чен" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо боюнча үстөк бааны да билдирет.
Үстөк баа - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер боюнча кирешелүүлүктүн номиналдык жылдык пайыздык мааниге келтирилген нормасы, ошондой эле товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн баасына (наркына) салыштырмалуу карыз алуучунун милдеттенмесинин суммасынын толук бир жолку төлөмдө көбөйүшү.
Ушул Жобонун максаттары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча келишимде үстөк баа карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык маанисин кошумча ачып көрсөтүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек.";
3) 13-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- ушул Жобонун талаптарына ылайык керектөөчү кредиттер боюнча карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөө тартибин кошо алганда, потенциалдуу карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби;";
4) 13-1-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Керектөөчү кредиттерди берүүдө карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо системасы ушул Жобонун талаптарына ылайык карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөөнү камтууга тийиш.";
5) 20-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү, ошону менен бирге карыз алуучунун керектөөчү кредиттерин кошпогондо, анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш. Керектөөчү кредиттери боюнча карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү ушул Жобонун 20-1-пунктуна ылайык эсептелет;";
төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Керектөөчү кредитти берүүдө МФУ карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн төмөнкү учурларда эсептөөгө милдеттүү:
1) керектөөчү кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, анын ичинде башка керектөөчү кредитти кайра каржылоо максатында;
2) керектөөчү кредит келишиминин шарттарын өзгөртүүдө, бул орточо айлык төлөмдүн көбөйүшүнө же келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына алып келсе.
Эгерде өзгөртүүлөрдө төлөмдөрдүн өлчөмүнүн азайышы же токтотулушу каралса, карыз алуучунун демилгеси боюнча келишим шарттарын өзгөртүүдө карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү эсептелбейт.
Карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү МФУ тарабынан пайыздарда, үтүрдөн кийин бир белгиге чейинки тактык менен, карыз алуучунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрдүн суммасынын (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр/үстөк акы боюнча төлөмдөр), анын ичинде берүү жөнүндө арыз каралып жаткан керектөөчү кредиттин, МФУга жеткиликтүү болгон маалыматтарга ылайык, анын орточо айлык кирешесине болгон катышы катары эсептелет.
МФУ өзүнүн ички документтеринде карыз алуучунун орточо айлык төлөмдөрүнүн жана орточо айлык кирешесинин суммасын эсептөө тартибин бекитүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун кирешесин/төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтын тизмеси;
- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша орточо айлык көрсөткүчтөр эсептелиши керек болгон мезгил. Мында орточо айлык кирешени эсептөө үчүн бул мезгил кредит алууга арыз берилген күндөн тартып акыркы 3 айдан кем болбошу керек.
Эгерде карыз алуучунун ушул пунктка ылайык эсептелген карыздык жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, МФУ керектөөчү кредит келишимин түзүүгө чейин карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбай коюу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу ыктымалдуулугу жөнүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү, мында МФУ карыз алуучуга мындан ары кредит берүүдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толук кайтарып берүүнү талап кылган учурлар эске алынбайт. Көрсөтүлгөн учурда керектөөчү кредит карыз алуучунун тобокелдиктер жөнүндө маалымат берилгендигин ырастаган жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана берилет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн билдирүүлөр менен карыз алуучунун таанышкандыгы фактысы анын өз колу менен коюлган кол тамгасы же Кыргыз Республикасынын санариптик чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен ырасталат.";
22-пунктунун 2-пунктчасында:
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде пайыздык чен же үстөк баа (ислам принциптерине ылайык каржылоодо үстөк баа абсолюттук мааниде берилиши керек, карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык маанисин кошумча ачып көрсөтүү менен), кредиттик продуктунун толук наркы абсолюттук мааниде жана эффективдүү пайыздык чен тууралуу маалымат (ислам принциптерине ылайык каржылоодо карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча натыйжалуу пайыздык чен ачылып көрсөтүлөт) мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн;";
- алтынчы абзац күчүн жоготкон катары таанылсын;
8) 24-пунктунун:
- 2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөгөн учурда, МФУ карыз алуучунун келишим боюнча милдеттенмелерин кайра эсептеп чыгууга, төлөм графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон жалпы пайыздык сумманы (үстөк бааны) негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу түрдө оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо карыз алуучунун талабы боюнча, карыз алуучу менен макулдашылган, бирок беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет;";
- 3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мында керектөөчү кредитти эки жолудан ашык кайра каржылоого жол берилбейт;";
- төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) керектөөчү кредитти алууга байланыштуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө же түзүүдөн баш тартууга, эгерде камсыздандыруунун милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында түздөн-түз каралбаса.";
9) 25-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"25. Кредит берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык чендердин, үстөк баанын, ошондой эле комиссиялык сый акылардын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өлчөмү кардарлар үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сыр болушу мүмкүн эмес.";
10) 26-пунктунун:
- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"МФУнун кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана кардарлардын кредиттөө шарттарынан кабардар болуусун жакшыртуу максатында, МФУнун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жана МФУнун тейлөө жайларында (маалымат тактасында) төмөнкү маалыматтар жайгаштырылууга тийиш:";
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Керектөөчү кредиттер боюнча пайыздык чендердин/үстөк баалардын өзгөрүшү жөнүндө маалымат тейлөө жайларында, МФУнун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жана/же байланыштын башка каналдары аркылуу алар күчүнө кирген күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.";
11) 27-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"27. МФУ кардар менен кредиттик келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кардарга (потенциалдуу карыз алуучуну) анын укуктары жана милдеттери, кредит алууга жана аны төлөө шарттарын бузууга байланышкан тобокелдиктер, кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде пайыздык чен же үстөк баа (ислам принциптери боюнча каржылоодо үстөк баа абсолюттук мааниде берилүүгө тийиш, карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниси кошумча ачылып көрсөтүлөт), кредиттин абсолюттук маанидеги жана эффективдүү пайыздык чен түрүндө толук наркы, келишимдин шарттарын мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жана тартиби жөнүндө анык, толук жана жеткиликтүү маалымат берүү, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн;
Сунушталуучу кызматтардын шарттары жана наркы, анын ичинде үстөк баа жана/же пайыздык чен жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалыматтын формасы ар башка кредиторлордун кредиттик продуктуларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бирдейлештирилген жана системалаштырылган болушу зарыл;
- керектөөчү кредитти алган учурда, кардарга карыз алуучунун эскертмесин жана маалымат баракчасын таанышуу үчүн берүү (кагаз же электрондук түрдө). Маалымат барагына карата талаптар Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамында белгиленген;
- кардарга даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана МФУда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу жана кардар даттануулар жана сунуштар Китепчесине (мындан ары - Китепче) өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазып коюуга укуктуу экендигин маалымдоо, ал номерленип, көктөлүп, ошондой эле МФУнун аткаруу органы тарабынан кол коюлуп жана мөөр менен бекемделүүгө тийиш (ушул жобого карата 2-тиркеме). Китепте камтылган маалыматтар алты жылдан кем эмес мөөнөткө сакталуусу зарыл.";
12) 28-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга кыймылсыз мүлк менен камсыздалган турак жайды сатып алууга, курууга же бүткөрүүгө (мурабаха, ж.б. келишимдер боюнча турак жай сатып алуу/куруу) чет өлкө валютасында кредит берүүгө укугу жок. МФУ чет өлкө валютасында керектөөчү кредиттерди берүүгө укугу жок.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоо каралган кредиттик продуктуларды, эсептөө ыкмаларын же шарттарды колдонууга жол берилбейт.";
13) 33-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"33-1. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кредиттер боюнча пайыздык ченинин (үстөк баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө талаптарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын керектөөчү кредиттерди берүү тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарынын башка талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.";
14) 34-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34. Кредиттик келишимде, кеминде, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) тараптардын аталышы, анын ичинде керектөөчү кредиттерин берүүдө жеке жактар үчүн инсандыгын тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;
2) тараптардын жашаган жери/жайгашкан жери (юридикалык дареги);
3) келишим предмети;
4) кредиттик келишимдин колдонуудагы мөөнөтү;
5) кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максаттуу багытын, суммасын, үстөк баасын же пайыздык чендерин (номиналдык (ислам принциптерине ылайык каржылоодо үстөк баа карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча жылдык номиналдык пайыздык маанисин кошумча ачып берүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек) жана эффективдүү (ислам принциптерине ылайык каржылоодо эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча ачып көрсөтүлөт), кредиттин толук наркы, төлөө тартиби жана мөөнөтү, камсыздоонун түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен;
6) карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурдагы;
7) МФУнун укуктары жана милдеттери;
8) кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана персоналдык маалыматтар боюнча мыйзамдарына ылайык, кардар жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары;
9) кардардын кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган же келишими боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) кайтарымсыз негизде баш тартуу укугу;
10) кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз, кредитти каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу;
11) форс-мажордук жагдайлар орун алган шарттар;
12) МФУнун карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты берүү милдети (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалымат);
13) МФУнун кредит боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыпты (айып пулду, туумдарды) эсептөөнү токтотуу милдети, мында кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдун, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;
14) эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.
15) тараптардын жоопкерчилиги;
16) келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар.";
15) 36-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"МФУ кредиттик келишимдин шарттарына банк мыйзамдарында каралбаган кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана МФУ тарабынан алынган/төлөнгөн жана анын бекитилген тарифтерине ылайык жарыялангандардан тышкары, кредиттик келишимди түзүү жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучулар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү негиздеги башка кызматтарды кошууга укугу жок.";
16) төмөнкү мазмундагы 36-1-пункту менен толукталсын:
"36-1. Кошуп эсептөөлөрдүн (анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар, үстөк айыптар, айып пулдар, туумдар), анын ичинде керектөөчү кредит реструктуризацияланган учурдагы жалпы суммасы берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.";
17) 39-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: Эгерде карыз алуучу кредитти максатсыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталса, МФУ Кыргыз Республикасынын кредит боюнча пайыздык чендин (үстөк баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын талаптары сакталган шартта, кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында МФУ ички документтеринде карыз алуучунун жоопкерчилик чаралары боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер, анын ичинде кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатуунун өлчөмү каралышы керек.";
18) төмөнкү мазмундагы 41-1-пункту менен толукталсын:
"41-1. Камсыз кылууну берүү керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт.
Карыз алуучунун өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары таанылбайт.";
19) 1-тиркеменин I бөлүмүнүн ("Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат") 1-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пунктчасы менен толукталсын:
"7-1) ушул Жободо каралган учурларда кардардын карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө (керектөө кредитин берүүдө);";
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) керектөөчү кредитти алууга карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу, ага милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чаралары (ушул Жобонун 20-1-пунктуна ылайык) колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктайт.";
20) 3-тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын:
|
| "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 3-тиркеме |
МФУ кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын ТИЗМЕГИ
МФУ кардарынын укуктары | |
МФУ кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) | |
Кредиттин суммасы | Кредиттик келишимде көрсөтүлөт Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк баасы абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек, карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниси кошумча ачыкталат. Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча ачыкталат |
Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр же үстөк баа Кредиттин/каржылоонун толук наркы Эффективдүү пайыздык чен | |
Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) | Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар МФУ бекиткен тарифтерге ылайык, кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт |
Келишимде МФУнун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм | |
Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, МФУнун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын нак акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары | |
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (мисалы, камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө акысы, коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине нак эмес түрдө которууга байланыштуу МФУнун чыгашалары ж.б.) | МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш. |
МФУнун айыптык санкциялары жана туумдары | |
Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн | Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар/үстөк баа боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айып пулдардын, туумдардын) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча (пайызсыз керектөөчү кредиттерин кошпогондо), номиналдык пайыздык ченден/үстөк баадан ашпоого тийиш, ал эми кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш |
Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтому өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана башка МФУ тарабынан каралууга тийиш болгон объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо) | |
Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары | Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт |
Башка чыгашалар | |
____________________________________________ | _____________________________ | ________________________ | _________________________________ | _____________________________ | ________________________ |
(МФУнун кредитбоюнча адисинин аты-жөнү) | (кол тамгасы) | (күнү) | (МФУнун кардарынын аты-жөнү) | (кол тамгасы) | (күнү)". |
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 "Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
"Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Керектөөчү-потенциалдуу карыз алуучу кредит алуу үчүн кайрылган учурунда, ушул жобого карата 1-тиркемедеги формага ылайык ФКУ потенциалдуу кредит тууралуу керектөөчү кредиттерин берүү учурларынан тышкары, негизги маалыматтар баракчасын кардар менен биргеликте толтурууга жана аны керектөөчүгө берүүгө тийиш. Керектөөчү негизги маалымат баракчасын башка ФКУлардын кызмат көрсөтүүлөрү менен салыштырып көрүү үчүн өзүндө калтырууга укуктуу. Керектөөчү ФКУдан кредиттик келишим долбоорун акысыз алууга жана аны менен ФКУ чегинен тышкары үч жумуш күн ичинде таанышып чыгууга укуктуу. Керектөөчү - потенциалдуу карыз алуучу керектөөчү кредитин алуу үчүн кайрылганда, ФКУ ага Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын талаптарына ылайык маалыматтык баракчаны берет.".
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
1) 1-главасынын бешинчи абзацы "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"," деген сөздөрдөн кийин "Керектөөчү кредит жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-пунктунун 2-пунктчасынын он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын сүткорлук ишти чектөө жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналган операциялардын мүнөзү, мезгил аралыгы жана/же көлөмү.";
3) 24-пунктунун биринчи абзацы ""Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"." деген сөздөрдөн кийин ""Керектөөчү кредит жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө"" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 19-декабрындагы № 2018-П-12/55-6-(НПА) "Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Укук бузуулар боюнча иштерди кароо жөнүндө" нускоонун:
- 2-пунктунун 1-пунктчасындагы "Төлөм системалары башкармалыгы" деген сөздөр "Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө"
бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобонун:
1) 4-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Таасир этүү чаралары Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул жободо каралган негизде жана тартипте өз алдынча колдонулат.";
2) 7-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын сүткорлук ишти чектөө жөнүндө мыйзамдарын бузуу болуп саналган операциянын (операциялардын) мүнөзү, мезгил аралыгы жана/же көлөмү.";
3) 26-пунктунун "(депозиттерди) коргоо жөнүндө"," деген сөздөрдөн кийин ""Керектөөчү кредит жөнүндө", "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө"" деген сөздөр менен толукталсын.