Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнун №83 токтомунун редакциясына ылайык)
2012-жылдын 12-июну № 316
Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарын социалдык жактан колдоо жөнүндө
Майыптарды колдоо Улуттук программасын жана Кыргыз Республикасында жашы жете электердин эмгегинин эң оор түрлөрүн жоюу боюнча социалдык өнөктөрдүн аракеттердин мамлекеттик программасын ишке ашыруу, Улуу Ата-Мекен согуштун ардагерлеринин, оорук эмгекчилеринин жана шаардыктардын эң аяр катмарынын материалдык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү жоболор бекитилсин:
а) "Бишкек шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык берүү тартиби жөнүндө" (1-тиркеме);
б) "Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө" (2-тиркеме);
2. Бишкек шаарынын мэриясы бул токтомго ылайык Бишкек шаарынын жарды жана жана жеңилдик алууга укугу бар тургандарына даректүү социалдык жардам көрсөтүлсүн.
3. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
а) 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургунударын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө»;
б) 2004-жылдын 7-апрелиндеги № 213 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктолорду киргизүү жөнүндө»;
в) 2004-жылдын 8-сентябрындагы № 266 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
г) 2005-жылдын 17-майындагы № 34 «Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлердин жана оорукта эмгектенгендердин материалдык абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө»;
д) 2005-жылдын 17-майындагы № 53 Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 11-апрелиндеги № 22 «2005-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, Бишкек шаардык Депутаттар кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана 2005-жылдын 17-майындагы № 53 2004-жылдын 9-апрелиндеги № 213 Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
е) 2005-жылдын 6-декабрындагы № 148 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургунударын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
ж) 2006-жылдын 21-февралындагы № 192 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;
з) 2007-жылдын 30-майындагы № 321 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 17-майындагы № 34 «Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оорукта эмгектенгендердин материалдык абалын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
и) 2009-жылдын 4-февралындагы № 46 «Депутаттардын Бишкек шаардык Депутаттар кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
к) 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 71 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
л) 2003-жылдын 9-июлундагы № 99 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-сентябрындагы № 99 Бишкек шаардык Депутаттар кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
м) 2009-жылдын29-декабрындагы № 142 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
н) 2010-жылдын 20-февралындагы № 160 «Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон Бишкек шаарынын тургундарын жана жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»;
о) 2011-жылдын 13-октябрындагы № 275 «Бишкек шаардык кеңештин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1; 2; 3; 4; 5; 8; 9-пункттары.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Өмүрбек Т. О.,) Бишкек шаарынын вице-мэри А. И. Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
А.Кайыпов |