Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 25-апрели ПЖ № 127
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
28-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин атайын өкүлдөрү жана Президенттин басма сөз-катчысы Президент тарабынан дайындалат.".
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |