Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 31-январы № 44
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140 токтомунун
2007-жылдын 20-апрелиндеги № 575 токтомунун
2009-жылдын 11-майындагы № 288 токтомунун
2014-жылдын 21-апрелиндеги № 228 токтомунун
2014-жылдын 8-майындагы № 251, токтомунун, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 335, 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомдорунун редакцияларына ылайык
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-октябрындагы №
373 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Улуттук кардиологая жана терапия борборуна академик Мирсаид Миррахимов-
дун атын ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 18-ноябрындагы №
541 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишин камсыздоо жөнүндө"
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы жана бүткүл текстиндеги "Улуттук кардио-
логия жана терапия борбору" деген сөздөр "академик Мирсаид Миррахимов
атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору" деген сөздөргө ти-
йиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 токтомуна ылайык
күчүн жоготту;
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 251 токтомуна ылайык
күчүн жоготту.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-мартындагы №
148 "Тоодо жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн аскер кызматчыларынын сала-
маттыгын сактоону жакшыртуу жана медициналык тейлөөнү оптималдаштыруу
боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү
киргизилсин:
- бүткүл текстиндеги "Улуттук кардиология жана терапия борбору"
деген сөздөр "академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология
жана терапия борбору" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырыл-
сын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346
"Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтому менен бе-
китилген Чет өлкөлүк граждандарга медициналык кызматтарды көрсөтүүчү
мамлекеттик дарылоо мекемелеринин тизмесиндеги "Улуттук кардиология жа-
на терапия борбору" деген сөздөр "академик Мирсаид Миррахимов атындагы
Улуттук кардиология жана терапия борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы N 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. .(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-майындагы № 288
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 651 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-декабрындагы №
786 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Жүрөк хирургиясы
жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтун
түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Улуттук кардио-
логия жана терапия борбору" деген сөздөр "академик Мирсаид Миррахимов
атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору" деген сөздөргө тие-
шелүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын № 228 токтомунун редакциясына ылайык
күчүн жоготту)
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Мирра-
химов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна имараттын бет
мањдайындагы көрнөктү жана Борбордун ишине тиешелүү нормативдик укуктук
жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жыл-
дын 30-октябрындагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна акаде-
мик Мирсаид Миррахимовдун атын ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык кел-
тирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ка-
раштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана
терапия борборуна 2005-жылга карата республикалык бюджетте Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлигине каралган каражаттардын че-
гинде 500 000 (беш жүз мињ) сом бөлүп берсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев