Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, калктын медициналык кыз-маттарга жетишин жакшыртуу, калктын аялуу топторун социалдык коргоо ме-ханизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын жа-рандарынын ден соолугун коргоо укуктарын камсыз кылуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардамкөрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы; - 2006-жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттыксактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-сани-тардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялар прог-раммасын каржылоо көлөмүнөн ашыкча медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүнкошумча төлөө жөнүндө жобо; - Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмда-рынын 2006-жылга атайын каражаттары жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардамкөрсөтүүнүн мамлекеттик гарантиялар программасын ишке ашырууга жибе-рилүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө жобо. 2. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фонду, Бишкек шаарынын мэриясы саламаттыксактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча 2006-жылдагымамлекеттик бюджетти толук көлөмдө аткарууну камсыз кылышсын. 3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги КыргызРеспубликасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн2006-жылга мамлекеттик гарантиялар программасын аткарууну камсыз кыл-сын. 4. "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жар-дам көрсөтүүнүн 2005-жылга мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-февралындагы № 110 ток-тому менен бекитилген 2005-жылы мамлекеттик гарантиялар программасы бо-юнча каржылоо көлөмүнөн ашыкча берилген медикаменттер, тамактануу жанамедициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрү үчүн стационардык дары-ланууда кошумча төлөө өлчөмү ушул токтом күчүнө киргенге чейин колдону-лаары белгиленсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын жаран-дарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2005-жылга мамлекеттикгарантиялар программасы жөнүндө" 2005-жылдын 26-февралындагы № 110 ток-томунун 1-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту дептабылсын. 6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. 7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-кармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов