Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 27-июну № 347 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъек-ттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тиз-месин аныктоо жөнүндө" токтомун транспорт мыйзамына ылайык келтирүү,"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана КыргызРеспубликасынын транспорт ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук ак-тыларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы №533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердиксубъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардынтизмесин аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилсин: - 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лигине Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук инспекция постто-рун орнотууга (чегаралык жана бажылык посттордогу контролду кошпогондо)тыюу салынсын. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги(Мамлекеттик транспорттук инспекция) ишкердик субъекттеринин иштеринтранспорт мыйзамдарын сактоо жагында, лицензиялык талаптардын аткарылы-шы боюнча контролдойт, мыйзамда каралган тартипте жана учурларда авто-вокзалдарда, автостанцияларда, акыркы аялдама пункттарда, жүргүнчүлүкжана жүк транспорт чогулуп токтогон жерлерде текшерүүлөрдү жүргүзөт."; - аталган токтомго "Кыргыз Республикасынын текшерүү боюнча норма-тивдик укуктук актыларына инвентаризация актысы" деген № 2 тиркеменин11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217"Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташу-уну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260"Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-сентябрындагы №655 "Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин Кыргыз транспорт-тук инспекциясынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана то-луктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн1995-жылдын 28-сентябрындагы № 402 токтому; - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-гинин 2001-жылдын 19-июнундагы № 230 "Автомобиль транспортунда эмгектикоргоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө" буйругу менен бекитилген, КыргызРеспубликасынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 2-августунда каттал-ган, каттоо № 135-01, Автомобиль транспортунда эмгекти коргоо боюнчаэреже; - Кыргыз Республикасынын транспорт ишине тиешелүү мамлекеттикстандарты (Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрологияинститутунун 2001-жылдын 30-июлундагы № 83 буйругу, Кыргыз Республика-сынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 5-сентябрында катталган, кат-тоо № 150-1).". 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов