Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 24-октябры ПЖ № 209
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:
- 6-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) зарылдыгына жараша өзүнүн ишмердиги жөнүндө маалыматты даярдоого, Президенттин сайтында жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.";
- 7-пункттагы "1 жылдык" деген сөз жана цифра "эки жылдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункт ", алардын Коомдук эксперттик кеңештин курамында мүчө экендигин ырастаган күбөлүгү болот" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун 2-3-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын;
- 13-пункттагы "бекитет" деген сөз "аныктайт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Коомдук эксперттик кеңештин ишине жалпы жетекчиликти координатор жүргүзөт, ал мүчөлөрдүн арасынан, ачык добуш берүү менен катышуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат. Ошол эле учурда биринчи жыйналыштын координатору болуп Коомдук эксперттик кеңештин курагы боюнча улуусу шайланат.";
- 15-пунктта:
биринчи абзацтагы "жыйналышынын" деген сөз алып салынсын;
1-пунктчадагы "тийиштүү мамлекеттик органдарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктча күчүн жоготту деп табылсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Коомдук эксперттик кеңештин Президент катышкан жыйналышы зарылдыгына жараша жана жылына бир жолу өткөрүлөт. Жыл ичинде ушул Жобого ылайык, анын ичинде зарыл болгон учурда Коомдук эксперттик кеңеш тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордо эксперттик жана талдоочулук даярдык көрүү иштери жүргүзүлөт.".
(КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев
|