Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 274 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 9-декабры ПЖ N 24

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө

(КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Президентинин 2017-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 65 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы N 240 "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2- жана 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Атамбаев