КР Президентинин
2009-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 183 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 8-октябры ПЖ № 359
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
16-майындагы "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү
Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү
тууралу
Экономиканын ар түрдүү артыкчылыктуу секторлоруна кредиттик ресурстарды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясы" деген 4.3-бөлүмдүн 76- жана 81-пункттарындагы "45" деген сан "35" деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |