Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 25-январындагы ПЖ № 11 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 15-январы ПЖ № 9
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 "2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | А.Атамбаев |
Тиркеме
Ниязов Ф.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Аттокуров Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мискенбаев М.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ажигулова З.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Мурзалиев А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Куйкеев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Амандыков М.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары; |
Абилова М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн референти; |
Баткулов М.Ө. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Адыбаев К.Ж. | - | "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Айдабосунова Н.И. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Бианки М. | - | "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Исаева Ж.М. | - | "Эр Теги" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Давлетбаев Т.М. | - | "Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |