Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 22-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 17-ноябры ПЖ № 272
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө жана ротациялоонун зарылдыгына байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы № 139 "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
Тиркеме
Атамбаев Алмазбек Шаршенович | - | Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы; |
Турсунбеков Чыныбай Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; |
Токбаева Айнаш Абдымановна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Өмүркулов Иса Шейшенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Бабанов Өмүрбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Төрөбаев Бакыт Эргешевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча); |
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; |
Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Султанбекова Чолпон Аалыевна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Джумакадыров Темир Курмангазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы; |
Джолдубаева Индира Ырысбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; |
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; |
Марипов Улукбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Сейткасымова Раушан Рыскулбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин катчысы; |
Борцова Светлана Валерьевна | - | экология боюнча көз карандысыз эксперт, "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Усупбекова Айнура Максатбековна | - | "Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча); |
Юлдашева Азиза Узгеновна | - | "Жер Азыгы" Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору; |
Койчуманов Таалайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы; |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Руслан Акматбек | - | "ЖИА бизнес-ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |