Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-майы № 3098-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 28-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын төмөнкү орун басарларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун:
Курманбек Эргешович Осмоновдун - Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Нарынбек Молдобаевдин - Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Олег Леонидович Домшенконун - Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Кожобек Жайчыбекович Рыспаевдин - Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Бакытбек Жеңишбекович Жетигеновдун - Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Гуласал Садырбаеванын - Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Элмурат Абдувапович Обдуновдун - Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Дастан Далабайевич Бекешевдин - Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары;
Эгемберди Эрматовдун - Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары катары.
2. (КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 3987-V токтомуна ылайык күчүн жоготту).
3. "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжаларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3028-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
үчүнчү абзацта "Молдобаев Н." деген сөздөр "Арапбаев А.А." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөндөгүдөй мазмундагы он экинчи - он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Молдобаев Н. - "Ата-Журт" фракциясынын "За реформы" депутаттык группасынан.
Комиссия зарылчылыкка жараша ишке эксперттерди, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана мамлекеттик бийлик органдарынын адистерин тартууга укугу бар.
Эксперттерди тартуу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.".
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү токтомдорун ушул токтомго ылайык келтирсин:
2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 30-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
2012-жылдын 19-январындагы № 1529-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө";
2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө";
2012-жылдын 17-октябрындагы № 2395-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө";
2012-жылдын 8-ноябрындагы № 2470-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө";
2013-жылдын 18-апрелиндеги № 3028-V "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжаларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө".
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
|
Б. Мамырова |