Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-апрели № 404-V
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө,
Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек
арага жакын жаткан аймактарындагы кырдаал,
мамлекеттик чек араны кайтаруунун абалы жана
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук
коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин
кызматтык-күжүрмөн ишинин проблемалуу
маселелери тууралуу
Республиканын түштүгүндө улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун жана төмөнкү факторлор менен шартталган социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир катар проблемалар бар:
- жанаша жаткан мамлекеттер менен аймактык чектешүүнүн процессинин бүтпөгөндүгү;
- чек ара мейкиндигинде жанаша жаткан мамлекеттер менен өз ара мамилелердин татаал тутуму;
- террорчулук коркунучунун сакталгандыгы;
- чек ара зонасында (тилкесинде) жайгашкан калктуу конуштардын калкынын санынын өлкөнүн кыйла социалдык бейгам райондоруна миграциясынын себеби боюнча кыскарышы;
- мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин материалдык-техникалык камсыз болуусунун бир катар проблемаларынын чечилбегендиги;
- мамлекеттик чек ара аркылуу наркотрафик, товардык-материалдык баалуулуктардын контрабандасынын иштеп жаткан каналдарынын болгондугу.
Ага ылайык Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлгөн жана Советтер Союзу өз жашоосун токтотуу менен кошулган мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын, ошондой эле коңшу мамлекеттердин болгон (кол коюу учуруна) аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын бузулгустугун таануунун укуктук базасын бекиткен 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата Декларациясынын колдонулушуна карабастан, республиканын жана делимитациялоо комиссиясынын мурдагы жетекчилери сүйлөшүү процессинде көрсөтүлгөн Декларациянын ченемдерин жетекчиликке албай, принциптүү эмес жана бошоңдук көз карашын ээлеп келген. Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо боюнча сүйлөшүү процесси чек ара сызыгын белгилөөнүн укуктук маселелери боюнча тараптардын көз караштарынын төп келбегендигинин айынан белгилүү убакка создуктурулуп кетти. Жанаша жаткан мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин создуктурулуп кетиши өтө жагымсыз, анткени мамлекеттик чек аранын эл аралык укуктук жол-жоболоштуруусунун бүтпөгөндүгү мамлекеттик чек аранын режимин бузуулардын, суу жана жер пайдалануунун негизинде чек арага жанаша жаткан калктуу конуштарда пайда болуп жаткан чек ара араздашуулар менен чатактарга, республиканын айрым баяндалбаган чек арага жанаша жаткан аймактарынын участокторунун жанаша жаткан мамлекеттердин жарандары тарабынан мыйзамсыз пайдаланылышынын, Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан калктуу конуштарынын тургундарына карата жанаша жаткан мамлекеттердин чек арачылары тарабынан чек ара режимин катуулатуу боюнча өзүн актабаган чараларды жана укукка сыйбаган аракеттерди кабыл алуунун башкы булагы бойдон калууда.
Бул кырдаал коңшу өлкөлөрдүн чек арага жанаша жаткан райондорунун тургундары менен мамлекеттик чек арада өз жарандарынын жана мамлекеттеринин кызыкчылыктарын кол салуулардан коргогон чек ара ведомстволорунун ортосунда белгилүү бир ишенбөөчүлүктү жана оорчулукту түзөт.
Социалдык-экономикалык проблемалардын комплекси, жумушсуздуктун деңгээлинин жогорулугу, келечектин жоктугу, эмгекке жөндөмдүү калктын чек арага жанаша жаткан райондордон республиканын тереңине жана түндүгүнө кетүү процессин тереңдетүүдө. Көпчүлүк учурларда үйлөр, жер үлүштөрү кароосуз калтырылууда же жанаша жаткан мамлекеттердин жарандарына мыйзамсыз сатылууда, мунун натыйжасында өлкөнүн түштүк регионунун чек арага жанаша жаткан аймактары бош калып, алар бара-бара коңшу өлкөлөрдүн жарандары тарабынан ээленүүдө жана өздөштүрүлүүдө.
"ӨИК", "Байьат" эл аралык террорчулук уюмдарынын (топторунун) лидерлеринин жанаша жаткан мамлекеттерде жана Кыргыз Республикасында коомдук-саясий кырдаалды туруктуулуктан чыгарууга ниети болгондуктан террорчулук коркунучу сакталып калууда. Болгон наркотрафиктин активдешүүсү, жанаша жаткан мамлекеттердин жана Кыргызстандын тургундарын кылмыштуу ишке тартууну күчөтүү байкалууда. Мезгил-мезгили менен курчууга бет алган туруктуулуктан чыгаруучу факторлордун болгондугу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат.
Республиканын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга мамлекеттик чек аранын инженердик каражаттар менен жабдылбагандыгы жана чек ара инфраструктурасынын жоктугу, мамлекеттик чек араны кайтаруунун аскердик жагынын жыштыгынын төмөндүгү, каржылоонун жетишсиздиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин материалдык-техникалык жабдылышынын солгундугу жана оперативдүү-тактикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги таасир көрсөтүүсүн улантууда.
Функциясын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын жоюу "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин айрым талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны жоюуда белгиленген (мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү) максаттар жетишилген эмес, күтүлгөн натыйжанын ордуна кезектеги жолу чек ара ведомствосунун ишине зыян келтирилген деп эсептейт. Мамлекеттик чек араны жабдуу жана чек ара ведомствосун өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө камкордугунун жүйөсү болуп калган жок, декларациялык ниеттерден тышкары иш жүзүндө эч нерсе өзгөрүлбөй, каржылоо мурдагыдай эле төмөнкү деңгээлде болуп, проблемалар калууда жана чечилбөөдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын жоюлушу жана анын статусунун төмөндөтүлүшү мыйзамдар менен аныкталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү милдеттерди алардын аткарышы боюнча мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен чек ара ведомствосунун өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлине, чек ара коопсуздугун камсыз кылуунун жана ведомствонун өзүнүн проблемаларын мамлекеттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги менен түздөн-түз чечүүгө терс таасирин тийгизип, чет өлкөлүк мамлекеттер (АКШ, ЕБ, КЭР, Түркия) тарабынан көрсөтүлүп жаткан материалдык-техникалык жардамдын олуттуу кыскарышына алып келди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы N 117 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын 30-пунктун (бир башчылык принциби) бузуу менен чек ара ведомствосунун жетекчисинин кадр маселелери боюнча тескөө бийлигине негизсиз чек коюлган. Ошентип Чек ара аскерлеринин командачысы чек ара бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн командирлерин ("полковник" штаттык категориясы) өз буйругу менен дайындайт жана бошотот, ал эми чек ара контролунун бөлүмдөрүнүн кезметтеринин зардалдары ("капитан" штаттык категориясы) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын буйругу менен дайындалат жана бошотулат.
Бүгүнкү күндүн чындыгы мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү өз алдынча мамлекеттик органды түзүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргызстандын жаңылануусунун демократиялык принциптери авторитардык бийликтин негизги таянычы болуп кызмат кылып, жакында эле саясий шимшүү органы болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өзүн реформалоону талап кыларлыгын белгилейт. Мында анын ишинин негизги чөйрөсү тышкы чалгын, каршы чалгын, террорчулукка, диний экстремизмдин, улутчулдуктун жана сепаратизмдин көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү болуп калууга тийиш.
Аскердик тартиптин жана укук тартибинин абалынын төмөндүгү, чек ара аскерлеринин жетекчи курамынын солгун тарбиялык иши, жеке үлгүсүнүн жоктугу белгилүү бир тынчсызданууну туудурат.
Алсак, акыркы эки айдын ичинде эки аскер кызматчысынын өлүмүнө байланышкан окуялар болуп өттү (мурдатан кызмат өтөп жаткандардын уруп-сабоосунун натыйжасында алынган жараттардан катардагы жоокер Назарбек Абдыразак уулу 2011-жылдын 12-мартында каза болду жана кенже сержант Бекжан Каниметович Абдиев ушул жылдын 21-апрелинде өз жанын өзү кыюунун натыйжасында көз жумду). Катардагы жоокер Н.Абдыразак уулунун өлгөндүгүнүн фактысы Комитет тарабынан ушул жылдын 28-мартында каралып, анда аскердик тартиптин абалынын төмөндүгү, тиешелүү тарбия ишинин, жетекчиликтин жолго коюлган тутумунун жоктугу, Чек ара аскерлеринин кызмат адамдары тарабынан өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалын солгун контролдогондугу болуп өткөн окуянын түздөн-түз натыйжалык-себептик байланышы болуп саналары белгиленген.
Чек ара аскерлериндеги жаңы чакырылган аскерлерди мазактоо, кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттеринин, аракечтиктин учурлары тутумдук мүнөзгө ээ болгон.
Аскердик тартипти одоно бузуулар, анын ичинде Чек ара аскерлеринин жогорку звеносунун кызмат адамдары тарабынан да одоно бузуулар болууда. Мисалы, полковник Ч.К.Турусбековдун - Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын зардалынын - командачысынын биринчи орун басарынын кызмат убагында спирт ичимдиктерин такай ичкен, ошондой эле анын моралга жатпаган жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип Уставынын ченемдерин (1, 2, 4, 7-бөлүктөр) одоно бузган башка аракеттери аскердик тартипке жана баарынан мурда Чек ара аскерлеринин бүткүл офицердик корпустун моралдык-психологиялык абалына терс таасирин тийгизип, аскер кызматчыларына тарбиялык таасир көрсөтүүнүн түзүмүнүн бузулушуна, Чек ара аскерлеринин борбордук аппаратында жагымсыз жагдайдын түзүлүшүнө, баш ийгендердин улук зардалдарга ишениминин ыдырашына, өздүк курамды тарбиялоодогу бири-бирине өтүүчүлүктүн жана аскер кызматчыларынын аскердик милдеттерди ак ниет аткарышы менен тартипти сакташына болгон жүйөнүн жоголушуна алып келүүдө.
Чек ара аскерлеринин командачысы генерал-майор З.К.Тиленов өзүнүн биринчи орун басарынын тартипсиздиги жөнүндө маалыматты билип туруп, ага тартиптик таасир көрсөтүү чараларын көргөн эмес, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына билдирген эмес, мунун өзү аскердик тартипти бузууларды жаап-жашыруу катары бааланат. Ошону менен ал аскердик тартипти чыңдоо, Чек ара аскерлеринин өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалын жогорулатуу боюнча, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан четтөө менен мыйзамдар жана жалпы аскердик уставдар менен белгиленген тартиптин жана эрежелердин Чек ара аскерлеринин бардык аскер кызматчылары тарабынан кыйшаюусуз сакталышына жетишүүгө жөндөмсүз болуп калган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын, тышкы иштер министринин орун басарынын маалыматтары эске алынсын.
2. Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 31-мартындагы № 280-V токтому менен түзүлгөн убактылуу комиссия 2011-жылдын июнунун биринчи жарымында Баткен областынын чек арага жанаша жаткан аймактарына байланышкан маселелер боюнча жерине баруу менен жыйналыш өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысы генерал-майор З.К.Тиленовду жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын зардалы - командачысынын биринчи орун басары Ч.К.Турусбековду ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн жана бүгүнкү күндүн чындыгын, талаптарын эске алуу менен 2011-жылдын 13-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин курамынан Чек ара аскерлерин чыгаруу жана аткаруу бийлигинин түзүмүндө мамлекеттик чек араны сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз алдынча мамлекеттик органды түзүү тууралуу сунуш киргизүү;
2011-жылдын 1-сентябрына чейин мамлекеттик чек арасынын негизги баяндалбаган участоктору боюнча Кыргыз Республикасынын чек ара саясатынын Концепциясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун чек арага жанаша жаткан аймактарынын калктуу конуштарынын кыска мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча мамлекеттик программасын иштеп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;
мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө эл аралык макулдашууларды иликтөө тууралуу укуктук иш уюштуруу, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларынын участокторун делимитациялоо боюнча сүйлөшүү процессинде Алма-Ата Декларациясынын ченемдерин жетекчиликке алуу, сүйлөшүү процессин активдештирүү жана иштин жүрүшү тууралуу комиссиянын маалыматтарын мезгил-мезгили менен угуп туруу;
Баткен областынын чек арага жанаша жаткан аймактарында турак үйлөрдү, квартираларды куруу жана курулуш материалдарын сатып алуу үчүн пайызсыз жана узак мөөнөттүү кредиттерди берүүнүн механизмин иштеп чыгуу;
чек арага жанаша жаткан аймактарды чыңдоо максатында Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын жана Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чек арага жанаша жаткан жерлерди калктуу конуштардын категориясына которуу, ошондой эле жеке турак жай куруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө демилгесин колдоого алуу;
Кадамжай райондорундагы Ак-Турпак айылдык округунун каналын курууну тездетүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке турак жай куруу үчүн ал райондо жер участокторун бөлүп берүүнү аяктоо;
"Интернационал-Максат" автомобиль жолунда жол курулушун жана магистралдык көпүрөнү курууну аяктоо үчүн 2011-жылдын II кварталына каралган 40 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын бөлүп берүү;
Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо, республиканын Баткен областынын чек ара аймактарын өнүктүрүү максатында Бюджет жана финансы боюнча, Коргоо жана коопсуздук боюнча, ошондой эле Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери менен биргелешип, төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизүү:
- Баткен областынын чегинде (биринчи кезекте Кадамжай районунун Бүргөндү массивинде) жайгашкан кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунун сызыгын инженердик жабдууга 128 млн. сом суммасында;
- кайрадан уюштурулуп жаткан чек ара заставаларын (сегиз) курууга, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, чек ара бөлүкчөлөрүнүн кызматтык-күжүрмөн ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга 224 млн. сом суммасында;
- Тажикстан Республикасынын Ворух анклавынын жана Чорку калктуу конушунун айланасында узундугу 5 км "Көк-Таш - Капчыгай", узундугу 18 км "Ак-Сай - Тамдык", Өзбекстан Республикасынын Сох анклавынын айланасында узундугу 13 км "Божой - Сөгөт-Бел" кыйгап өтүүчү автомобиль жолдорун курууга 14 млн. сом суммасында;
- Баткен областынын жеке турак жай куруу үчүн берилген чек арага жанаша жаткан аймактарынын участокторун жайгаштырууга - жолдорду, көпүрөлөрдү, электр линияларын, коллектордук-дренаждык тармактарды, сугат каналдарын, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүгүн курууга (тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзсүн);
2012-жылда артыкчылыктуу тартипте бюджеттик каражаттарды мамлекеттик чек араны жайгаштырууга, чек ара ведомствосун өнүктүрүүгө, чек арачылардын социалдык маселелерин чечүүгө, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен чектеш Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан аймактарын күчөтүүгө жана чыңдоого бюджеттик каражаттарды багыттоо;
чек ара бөлүктөрү жана заставалары жайгашкан имараттар менен курулмаларды Чек ара аскерлеринин балансына өткөрүп берүү (менчиктештирилгендерин сатып алуу менен өткөрүп берүү) маселесин чечүү, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек участокторундагы кайрадан (жаңы) жайгаштырылып жаткан чек ара заставалары үчүн чек ара аскерлерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдардын (мекемелердин) балансында турган жарактуу имараттарды жана курулмаларды жер участоктору менен өткөрүп берүүнү кароо;
2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети:
террорчулукка каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттердин, мамлекеттик чек ара аркылуу террорчулук топтордун (бандиттик түзүлүштөрдүн) кирүү аракеттерин, ошондой эле куралдын, ок-дарылардын, жарылуучу заттардын, баңги каражаттарынын контрабандасын өз убагында айкындоо жана алдын алуу боюнча координациясын жана өз ара аракеттерин жогорулатсын;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин базасында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргелешип оперативдүү кызматтар тарабынан маалыматтарды өз убагында өз ара тутумдук алмашуу үчүн террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча оперативдүү-маалыматтык база түзсүн;
Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 18-январындагы чечимин аткаруу үчүн күч түзүмдөрүнүн башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында түштүк регионунда ушул жылдын май-июнунда биргелешкен штабдык машыгуу, окуу, ал эми бөлүкчөлөр менен тактикалык окуу өткөрсүн;
Кыргыз Республикасынын аймагынын чек арага жанаша жаткан участокторун жанаша жаткан мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
өлкөнүн чек арага жанаша жайгашкан калктуу конуштарынын тургундарына карата жанаша жаткан мамлекеттердин чек арачыларынын чек ара режимин катуулатуу боюнча акталбаган чечимдерине жана укукка сыйбаган аракеттерине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында жарандар менен мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча төп келген чараларды көрсүн;
Чек ара аскерлеринин өздүк курамынын тарбия ишин, аскердик тартипти жана моралдык-психологиялык абалын күчөтүү боюнча чараларды көрсүн;
Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык округунун Арка-3 калктуу конушундагы кыргыз-тажик участогуна жаңы чек ара заставасын жана Тажикстан Республикасынын Ворух анклавынын түштүк бөлүгүндөгү Баткен районунун Ак-Сай айылдык округундагы чек ара тосотун жайгаштырууну жүзөгө ашырсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров тарабынан иштелип чыккан "Коопсуз шаар" программасын иликтесин жана зарыл болсо көчөлөрүндө жана үйлөрдүн беттерине видеокамераларды орнотуу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн IT-технологияларды колдонуп, программаларды кабыл алуу жөнүндө маселе койсун;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин аскер кызматчыларынын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын зардалы - командачысынын биринчи орун басары полковник Ч.К.Турусбековдун аракеттерине карата кызматтык териштирүү жүргүзсүн жана анын натыйжалары боюнча зарыл болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
республиканын Баткен областындагы ички жана сырткы миграциялык процесстердин көбөйүшүнө байланыштуу чек арага жанаша жаткан аймактардагы коңшу республикалардын жарандарынын жашоосунун, чарбалык иш жүргүзүүсүнүн мыйзамдуулугун контролдоо боюнча, өзгөчө кылмыштарды жасагандык үчүн издөөдө (анын ичинде эл аралык) болгон адамдарды табуу боюнча оперативдүү иш-чараларды күчөтсүн;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүкчөлөрүнүн ишин наркотикалык каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан терс көрүнүштөрдүн жана кылмыштардын алдын алууга жана алар менен күрөшүүгө басым жасап багыттасын.
7. Коргоо жана коопсуздук боюнча, Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча, ошондой эле Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери 2009-жылдын 3-мартындагы 275 метр жолду ижарага алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын кол коюшунун мыйзамдуулугуна укуктук баа берсин жана натыйжалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн жана анын аткарылышы боюнча жооптуу адамдар квартал сайын угулуп турсун.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
| А.Келдибеков |