Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы № 1644-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 166-V "Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "А.К.Келдибеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы" деген сөздөр "А.А.Сасыкбаева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 168-V "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
"А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын;
"А.Ү.Жапаров" деген сап алып салынсын;
2-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын.
3. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
"А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын;
"Б.И.Сулейманов" деген сөздөн кийин ", Г.Ж.Бейшенбаева" деген сөз менен толукталсын;
2-пункттун сегизинчи абзацы "Б.С.Кадыров" деген сөздөн кийин ", Г.Ж.Бейшенбаева" деген сөз менен толукталсын.
4. 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
"А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын;
"К.С.Бокоев" деген саптан кийин "Э.А.Кочкарова" деген сап менен толукталсын;
2-пункттун үчүнчү абзацы "Бокоев К.С." деген сөздөн кийин ", Кочкарова Э.А." деген сөз менен толукталсын.
5. 2011-жылдын 11-февралындагы № 171-V "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын.
6. 2011-жылдын 11-февралындагы № 172-V "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
"А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын;
", С.С.Атажанов" деген сөз алып салынсын.
7. 2011-жылдын 11-февралындагы № 174-V "Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын.
8. 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "А.К.Келдибеков" деген сөз "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз менен алмашылсын.
9. 2011-жылдын 11-февралындагы № 177-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттагы:
"А.Ш.Жээнбеков" деген сап "Б.Э.Төрөбаев" деген сап менен алмашылсын;
"Р.А.Сабиров" деген сап алып салынсын;
2-пункттагы "А.Ш.Жээнбеков" деген сөз "Б.Э.Төрөбаев" деген сөз менен алмашылсын.
Төрага |
| А. Жээнбеков |