Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-сентябры № 1002-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 166-V "Европа Бирлиги -Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
"Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына депутат А.Ж.Эшимов киргизилсин.
2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 168-V "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына депутат А.К.Кочкорбаев киргизилсин жана социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
3. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Ш.Ш.Абдыкеримов киргизилсин жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
4. 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына депутат К.С.Дыйканбаев киргизилсин жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
Төрага |
| А. Келдибеков |