Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2000-жылдын 24-августу N 520
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-декабрындагы N 722, 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2..(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3..(КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-декабрындагы N 722 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Муралиев |