Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы N 520 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233, 2014-жылдын 20-майындагы № 263, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилерди таанууга байланышкан иштерди жөнгө салат жана ал өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынан (мындан ары - Париж конвенциясы), Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча Макулдашуусунан (ТРИПС) келип чыккан милдеттенмелерди ишке ашырууга багытталган.
Бул Жобо "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилерди таанууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент) Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилерди коргоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндөгү арыздарды карап чыгуу үчүн, товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат, жалпыга белгилүү товардык белгилерди мамлекеттик каттоону ишке ашырат, жалпыга белгилүү товардык белгилердин Мамлекеттик реестрин жүргүзүп, (мындан ары - Реестр), күбөлүктөрдү берет, Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп табылган товардык белгилер жөнүндө расмий маалыматтарды жарыялайт, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгилерге байланыштуу талаштарды карап чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө арыздарды Кыргызпатенттин атынан карап чыгууну, товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө чечим чыгарууну жана жалпыга белгилүү товардык белгилерге байланыштуу талаштарды карап чыгууну ишке ашыруучу орган болуп Кыргызпатенттин Апелляциялык Кеңеши эсептелет (мындан ары - Апелляциялык Кеңеш), Апелляциялык Кеңеш товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таанууда жана аларга байланыштуу талаштарды карап чыгууда ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Укуктук коргоо жалпыга белгилүү товардык белги катары узак мезгилден бери тынымсыз пайдалануунун негизинде таанымал болуп калган жана белгилүү гана даярдоочунун товарлары үчүн мүнөздүү белгилерге берилет.
Жалпыга белгилүү товардык белги, өз белгилүүлүгүнө ээ болгон бардык товарларга карата корголот. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, эгер көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгини башка жактын пайдаланышы керектөөчүлөр арасында жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана мындай ээлик кылуучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алуу мүмкүн болсо, ал жалпыга белгилүү болуп таанылгандар менен бирдей болбогон башка товарларга да таралат.
Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Товардык белги Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп ал жалпыга белгилүүлүктүн талаптарына жооп бергенде, Реестрге киргизилгенде жана Кыргызпатент ал белги жөнүндө расмий түрдө жарыялаган учурда эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Жалпыга белгилүү товардык белги узак мезгилден бери тынымсыз пайдалануунун негизинде баарына кеңири белгилүү болуп калган учурда ал Кыргыз Республикасында коргоого алынуу тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында ага окшош башка товардык белгилердин алдында артыкчылыктуу коргоого алынат.
6. Бул Жобонун нормалары ошондой эле тейлөө белгилерине карата да колдонулат.
II. Товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануунун талаптары
7. Товардык белги төмөндөгү талаптарга жооп бергенде Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп табылат:
- кайсы бир товардын түрүн Кыргыз Республикасынын чыныгы керектөөчүлөрү ошол товарга карата пайдаланылуучу белгини таанышы, же ушул товардын түрүн таратуучу каналдарды ушул товар менен камсыз кылууга катышкан адамдардын товарга колдонулуучу товрдык белгини таанышы, же болбосо кайсы бир товарларга тиешеси бар ишкер чөйрөлөрдүн ушул товарларга колдонулуучу товардык белгини таанышы; муну менен бирге товрдык сапатынын деңгээли жөнүндө өлкөдөгү же дүйнөлүк рыноктогу түшүнүк товардык белги менен байланыштуу болушу керек;
- товардык белгинин башынан бери башкалардан айырмаланып турган жактарынын болушу, же болбосо аны тынымсыз пайдалануунун жыйынтыгында ээ болгон айырмачылыктарынын болушу;
- республиканын аймагында же дүйнөлүк рынокто, анын ичинде Интернет тарамында жана домендик аталышта пайдаланылышы жана рекламаланышы;
- республикада же дүйнөлүк рынокто узак мезгилден бери тынымсыз пайдалануунун жыйынтыгында коммерциялык кадыр-баркка ээ болушу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Апелляциялык кеңеш чечим чыгарган учурда жогоруда аталган талаптарга жооп берген факторлор менен катар бул Жободо көрсөтүлбөгөн кошумча талаптарга жооп берген дагы башка факторлор эске алынышы мүмкүн.
8-1. Товардык белги жана белгилөө, эгер бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, башка жактын бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгисинин артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болсо, жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп таанылышы мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануунун жол-жоболору
9. Товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу үчүн негиз болуп кызыкдар адамдын "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 22-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 23-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Апелляциялык кеңешке берген арызы эсептелет. Арыз берүүдө белгиленген өлчөмдө алым төлөнүшү зарыл.
Жалпыга белгилүүлүккө талапкер болгон товардык белги менен катталган товардык белгинин ортосунда талаш келип чыккан учурда каттоосу күмөн туудуруп жаткан товардык белгинин катталгандыгы жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланган күндөн тартып беш жылдан кечиктирбестен Апелляциялык кеңешке арыз берилүүгө тийиш.
Бул норма каттого алынган же акниетсиз пайдаланылып жаткан товардык белгилерге карата колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Товардык белгини жалпыга белгилүү деп таанытуу үчүн арызга төмөндөгү документтер тиркелиши керек, алар:
- товардык белгини тынымсыз пайдаланылып жаткандыгын ырастоочу документтер, муну менен бирге документтерде кайсы күндөн бери анын пайдаланыла баштагандыгы; ушул товардык белгиси бар товарлар кайсы калктуу пунктта сатылса ошол калктуу пункттардын тизмеси; ушул товардык белги кайсы товарга карата колдонулса, ошол товарлардын тизмеси; аны пайдалануунун жолдору: иш жүзүндө же үстүртөн пайдалануу; товарды керектөөчүлөрдүн жылдык орточо саны; товар чыгаруучунун экономиканын белгилүү секторунда рыноктогу абалы, бул товарларды сатуунун же кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү ж.б.;
- товардык белгинин Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун тиешелүү секторунда, ошондой эле андан сырткары жерлерде белгилүүлүгүнүн даражасын ырастоочу документтер;.
- товардык белгинин дүйнөдө пайдаланылган мөөнөтүнүн узактыгын жана анын географиялык масштабын ырастаган документтер;
- товардык белги менен тааныштыруу боюнча бардык жасалган иштер жөнүндө, анын ичинде аны рекламалоо жана жайылтуу, ошондой эле ал кайсы товарга карата колдонулса, ошол товардын жарманкелерде же көргөзмөлөрдө бет ачары өткөрүлгөндүгү жөнүндө документтер;
- товардык белгини Кыргыз Республикасында рекламалоо боюнча чыгымдар жөнүндө (беш жыл үчүн жылдык финансалык отчеттор);
- товардык белгинин пайдаланылышын же белгилүүлүгүн чагылдырган бардык каттоолор же аны каттатуу үчүн берилген өтүнмөлөр жөнүндө;
- товардык белгиге карата укуктарды Париж башка мүчө-өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашыруу - жалпыга белгилүүлүгүн таануу экендиги жөнүндө;
- жылдык финансылык отчёттордо камтылган маалыматтарга ылайык товардык белгинин баасы (баалуулугу) жөнүндө;
- ушул товардык белги кайсы товарга арналса, ошол товарды чыныгы керектей турган керектөөчүлөрдүн тиешелүү чөйрөсүндө суроо-жооп жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;
- товардык белгинин жалпыга белгилүүлүгүн аныктоо үчүн маанилүү болгон башка маалыматтардын чыныгы экендигин ырастоочу документтер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Керектөөчүлөрдүн арасында суроо-жооп жүргүзүү кызыкдар тараптардын талабы боюнча көз карандысыз укуктуу уюмдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Керектөөчүлөрдү суроонун жыйынтыгы атайын корутунду түрүндө жазылып, анда төмөндөгү маалыматтар болушу керек, алар:
- кайсы товардык белгиге карата суроо-жооп жүргүзүлсө, ошол белгинин сүрөтү;
- суроо-жооп качан жана каерде жүргүзүлгөн;
- суралган адамдардын саны жана алардын курамы; суроо-жооп өткөрүү учурунда коомдун төмөндөгү катмарлары эске алынышы керек:
а) ушул товардык белги колдонулган товардын түрүн чыныгы керектегендер же керектей тургандар;
б) ушул товардык белги колдонулган товардын түрүн таратуучу каналдарын ушул товар менен камсыз кылууга катышкандар;
в) ушул товардык белги колдонулган товардын түрлөрүнө тиешеси бар ишкер чөйрөлөр;
- суралгандар жөнүндө маалыматтар (жынысы, курагы, иштеген иши, ж.б.);
- суралгандардын жоопторун талдоонун жыйынтыгы (ушул товардык белги менен белгиленген товардык сапаты, товардык белги жана анын ээси жөнүндө маалыматтардын булагы; ушул товардык белги менен билдирилген товарлар, алар товардык белгини кандай баалашат (жакшы белгилүү, белгилүү, аз белгилүү, белгилүү эмес); ким бул товардык белгинин укук ээси жана ушундай товардык белги менен маркаланган товарды өндүрүүчү болуп саналат ж.б.);
- суралгандардын максималдуу саны чектелбейт, ал эми минималдуусу, эреже катары, республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында 500дөн жана ар бир башка калктуу конушта 125тен кем болбоого тийиш. Сурамжылоо облустук маанидеги 6дан кем эмес шаарды камтышы керек.
Корутундуга социологиялык суроо-жооп жүргүзгөн уюмдун жетекчиси кол коюп, мөөр басып ырасташы керек.
Корутундуда баяндалган маалыматтардын чыныгы экендиги үчүн социологиялык суроо-жооп жүргүзгөн уюм жоопкер болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Товардын жогорку сапаттуулугун, анын товардык белгисин пайдалавуунун узактыгын, үзгүлтүксүздүгүн, тынымсыз пайдалангандыгын жана пайдаланылган өлчөмүн далилдөөчү документ болуп өнөр жайдын тиешелүү тармагынын укуктуу органдарынын, товарлар менен продукциялардын сапатын көзөмөлдөөчү органдардын, соода уюмдарынын, керектөөчүлөрдүн бирикмелери менен коомдорунун тыянактары (баяндоо каттары), сапат сертификаттары менен аттестаттары эсептелет.
13. Апелляциялык кеңеш товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө арызды ал берилген күндөн тартып үч айдын ичинде карап чыгышы керек.
Апелляциялык кеңеш берилген материалдарды карап чыккандан кийин товардык белги коюлган талаптарга жооп берет деп тапса, арызды канааттандыруу, товардык белгини Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп таануу, аны Реестрде каттоо жөнүндө чечим чыгарат.
Эгерде товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу үчүн келтирилген далилдер жетишсиз болсо, Алелляциялык кеңеш берилген арызды канааттандыруудан жана товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
Апелляциялык кеңештин чечимин буздуруу ал чечим алынган күндөн тартып үч ай ичинде ишке ашырылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Апелляциялык кеңешке ушул Жобонун 9-пунктунун экинчи абзацына ылайык каршы пикир берилген учурда Апелляциялык кеңеш ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн белгилер бар болсо, товардык белгини Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө каршы пикирди канааттандыруу, аны Реестрде каттоо жана талаштуу товардык белгини каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Апелляциялык кеңеш товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жана аны Реестрде каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарганда Кыргызпатент күбөлүк берип, ал жөнүндө расмий бюллетенде бир айдын ичинде маалымат жарыялайт.
Күбөлүктүн формасын жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамын Кыргызпатент белгилейт.
15-1. Апелляциялык кеңештин товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тарткан чечимин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу товардык белги жалпыга белгилүү товардык белги деп таанылышы мүмкүн. Кыргызпатент аны Реестрде каттайт, күбөлүк берет жана бир айдын ичинде расмий бюллетенге маалыматтарды жарыялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кызыкдар адамдын арызы же жалпыга белгилүү товардык белгинин ээсинин демилгеси боюнча жана далилдер жетиштүү болсо, Апелляциялык кеңеш жалпыга белгилүү товардык белгинин жалпыга белгилүүлүк статусу алынып салынгандыгы жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Мындай учурда Апелляциялык кеңештин чечими боюнча Реестрде тиешелүү жазуу жазылат. Арыз берүүдө белгиленген өлчөмдө алым төлөнүшү керек.
IV. Жалпыга белгилүү товардык белгилерди учуратуу
17. Ушул Жобого ылайык жалпыга белгилүү товардык белги деп таанылган жана талаштуу товардык белгилер, фирмалык аталыштар же домен аталыштары менен кагылышкан товардык белгилер жалпыга белгилүүлүк статусун алган учурдан тартып артыкчылыктуу укуктук коргоого ээ болушат.
18. Эгерде кайсы бир товардык белги же анын маанилүү бөлүгү жалпыга белгилүү башка товардык белгинин кайталоосу, окшош жасалмасы, котормосу же тамгасы өзгөртүлгөн түрү болсо жана ал башка товардык белги менен чаташтырылып кетиши мүмкүн болсо, эгерде бул белги же анын маанилүү бөлүгү каттоого алуу үчүн өтүнмөнүн негизи болсо, же жалпыга белгилүү товардык белги колдонулуучу товарлар менен окшош товарларга карата каттоого алынган товардык белгилер талаштуу деп эсептелет.
Кайсы бир товарга карата колдонулуп жаткандыгына карабастан товардык белги каттоого алуу жөнүндө өтүнмөнүн негизи болсо же катталган болсо жана эгерде бул белги же анын маанилүү бөлүгү жалпыга белгилүү башка товардык белгинин кайталоосу, окшош жасалмасы, котормосу же тамгасы өзгөртүлгөн түрү болсо бул белги жалпыга белгилүү товардык белгиге карама-каршы турган белги деп эеептелет, эгерде:
а) ал кайсы бир товарларга карата колдонулган учурда анын ушул товарларга байланышы бар экендигин түшүндүрсө, каттоого алуу жөнүндө өтүнмөнүн негизи болсо же каттоого алынса жалпыга белгилүү товардык белгинин ээсине жана анын кызыкчылыктарына залал келтире турган болсо;
б) бул белгини колдонуу жалпыга белгилүү товардык белгинин айырмалуу жактарына залал келтире турган болсо же аны начарлатып жибере турган болсо;
в) бул белгиде жалпыга белгилүү белгинин айырмалуу жактары акниетсиз пайдаланылса.
V. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону токтотуу
(Бөлүм КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жалпыга белгилүү товардык белги ушул Жобонун 7, 8 жана 8-1-пункттарында көрсөтүлгөн белгилерин жоготкон учурда Апелляциялык кеңештин чечими менен жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо токтотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)