Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 4977-V
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевдин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри В.Дилдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V жана 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык эмес деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин чечими колдоого алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |