Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 6-ноябры № 16-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 393-VI, 2017-жылдын 19-январындагы № 1275-VI, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1959-VI, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI, 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI, 2021-жылдын 27-январындагы № 4352-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын:

Касымалиева Аида Камчыбековна;

Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович.

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 393-VI, 2017-жылдын 19-январындагы № 1275-VI, 2017-жылдын 1-ноябрындагы № 1959-VI, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI, 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI, 2021-жылдын 27-январындагы № 4352-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Жээнбеков