Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-сентябры № 40/6
Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- (абзац Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу".
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, кредиттик союздарды, микрофинансылык уюмдарды жана насыялык бюролорду тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
Т.Абдыгулов |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна ТОЛУКТООЛОР ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелерде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" жана "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.";
- 30-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- карыз алуучуга мүнөздөмө. Банк, карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу ушул банкта же башка финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка мекемелерден алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюролордон ал тууралуу маалымат (кредиттик отчет) талап кылынат.
Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.
Банк, кредиттик бюродон алынган отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.";
- Жобо төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын:
"30-1. Банк, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.
Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, өз убагында өткөрүлүп берилген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу;
- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;
- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.
Банк, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.".
2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун:
- 1-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" деген сөздөр "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи пунктча менен толукталсын:
"5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.
Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
МФУнун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча кредиттик саясатында/ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:
- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан МФУ жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.
Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;
- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.
МФУ, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.".
- 20-пункт төмөнкү мазмундагы 2-1-пунктча менен толукталсын:
"2-1) карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюродон ал тууралуу маалыматты (кредиттик отчетту) талап кылууга;
МФУ кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.
МФУ кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.";
- 34-пункттун 7-пунктчасындагы "(эгерде, бул МФУ анын катышуучусу болуп саналса)" деген сөздөр алынып салынсын.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун:
- 1.1-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздар жөнүндө" деген сөздөр "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.2.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.
Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденүүгө тийиш.
Кредиттик союздун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:
- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан кредиттик союз жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.
Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;
- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.
Кредиттик союз, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.";
- 5.1.3-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- карыз алуучуга мүнөздөмө. Кредит боюнча иш алып барган кызматкер карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын жана карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу буга чейин башка финансы-кредит мекемесинин кредиттеринен пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка мекемелерден алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Ошондой эле, карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюролордон ал тууралуу маалымат (кредиттик отчет) талап кылынат.
Кредиттик союз кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.
Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.".
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" жана "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана ал мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.";
- 34-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк, кардар/өнөктөш каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден (насыядан) же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка мекемелерден алган өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Мындан тышкары, кардар/өнөктөштүн макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюролордон ал тууралуу маалымат (кредиттик отчет) талап кылынат.
Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.
Банк, кредиттик бюродон алынган отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат.";
- Жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:
"34-1. Банк, каржылоо боюнча бүтүмдөргө келишүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого банкта сакталган кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.
Кредиттик маалымат анык жана актуалдуу, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;
- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу;
- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;
- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.
Банк, бардык кардарлар/өнөктөштөр боюнча маалыматты кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.".
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
Т.Абдыгулов |