Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-майы № 290
2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистен жана республиканын энергетикалык секторундагы проблемалар менен шартталган терс жагдайлардын таасири күчөгөнүн белгилейт, анын натыйжасында өлкөдө экономикалык өсүштүн темпи орчундуу басаңдады.
2009-жылдын январь-март айларында ИДПнын реалдуу өсүш темпи 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,2 процентти, анын ичинде "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун кен иштетүү боюнча ишканаларын кошпогондо 100,8 процентти түздү.
Республиканын банк системасы дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин кысымын сезе баштады. Коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү 2009-жылдын январь-март айларында 13,3 процентке азайды. Банк системасынын кредиттик портфели 2009-жылдын март айынын аягында жылдын башына салыштырганда болгону 0,3 процентке өскөн (2008-жылдын январь-март айларында 9,8 процентке).
Өнөр жай продукцияларына тышкы жана ички сурамдын азайышы инвестициялык товарларды экспорттоонун жана импорттоонун салттуу статьяларынын көлөмү кыскарышын пайда кылды. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү (бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде), жеке жактардын тышкы соодасынын көлөмүн кошо алганда 2009-жылдын январь-март айларында 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,2 процентке кыскарып, 874,6 млн. АКШ долларын түздү. Мында экспорттун көлөмү 12,3 процентке, ал эми импорттун көлөмү - 18,9 процентке азайды. Соода балансынын сальдосу 404,4 млн. АКШ долларынын көлөмүндө терс болду.
2009-жылдын январь-мартында өнөр жай ишканалары 15765,9 млн.сомго продукция өндүрүшкөн, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун кен иштетүү боюнча ишканалары - 10583,7 млн.сомго же 78,9 процентке продукция өндүргөнүн кошпогондо физикалык көлөмдүн индекси 2008-жылдын январь-мартына карата 80,5 процентти түзгөн.
Кыргыз Республикасынын электр энергия секторунда кырдаал татаал бойдон калууда. Электр энергиясын өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 2008-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 76,2 процентти түздү. Электр энергетикасынын өнөр жайды жана жалпы эле экономиканы өнүктүрүүдөгү орчундуу таасирин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 47 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга карата улуттук энергетика программасына аны мамлекеттик башкаруу органдары аткарып жатканына карата тыкан талдоо жүргүзүү жана зарыл болсо бул программага өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.
2009-жылдын биринчи кварталында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүшү 2008-жылдын биринчи кварталына салыштырганда 31,9 процентти түздү. Мындай өсүш 2008-жылдын ушул мезгилинде капиталдык салымдардын көлөмүн өздөштүрүүдөгү темптин төмөндүгүнүн эсебинен болду. Ошентип, 2008-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициянын өсүш темпи 2007-жылдын ушул мезгилине караганда 32,6 процентке кыскарган.
Негизги капиталга инвестициялардын көбөйүшү биринчи кезекте курулуш менен камсыздалган, анын көлөмү 2009-жылдын биринчи кварталында 29,0 процентке, мунун ичинде гидроэнергетика объекттеринин курулушуна инвестициялар көбөйгөндүктүн эсебинен өстү. Камбар-Ата, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин курулушунда өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү олуттуу өстү.
2009-жылдын 1-кварталында айыл чарбасында 10775,6 млн.сомго продукция өндүрүлгөн. Мында өсүш темпи 1,4 процентти түздү, анын ичинде мал чарбасында - 1,6 процент болду, ал эми дыйканчылыкта 1,8 процентке төмөндөө болду.
Экономиканын бул секторунда азык-түлүк коопсуздугунун тийиштүү деңгээлин сактоо үчүн дыйкан жана фермердик чарбаларды сапаттуу үрөн, айыл чарбалык техника жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз убагында камсыздоо башкы милдет.
2009-жылдын I кварталындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле алдыдагы мезгилде турган проблемаларды жана милдеттерди эске алуу менен, дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин чыгышы жана республиканын энергетика жана социалдык секторлорундагы проблемалар менен шартталган терс жагдайлардын Кыргыз Республикасынын экономикасына таасирин болушунча азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү өз убагында аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-декабрдагы № 724 "Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикасына дүйнөлүк финансылык кризистин кесепеттерин минималдаштыруу жана экономикалык өсүштүн темптерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин планын (мындан ары - Иш-аракеттер планы);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2008-жылдагы жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга карата Иш-аракеттеринин программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Иш-аракеттеринин программасын (мындан ары - Иш-аракеттер программасы).
2. Мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринин ушул токтомдун 2-пунктунда айтылган Иш-чаралар планында жана Иш-аракеттер программасында баяндалган иш-чаралардын аткарылышы жана конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн жеке жоопкерчиликте экени белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бирдикте өндүрүш чыгымдарын жана продукциянын өздүк наркын азайтуу, модернизацияны ыкчам жүргүзүү, ишканаларды техникалык жана технологиялык жактан кайра жабдуу, заманбап технологияны киргизүү жолу менен ата мекендик өнөржай продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 346-IV "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн стратегиясын жактыруу жөнүндө" токтому менен жактырылган 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын аткарылышына бир айлык мөөнөттүн ичинде талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин. Зарыл болсо бул Программага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бюджеттик уюмдарынын жарык берүүчү энергия үнөмдөөчү лампаларды пайдалануусу боюнча сынамык долбоорду ишке ашырууга киришсин жана 2009-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аткарылган иштер жөнүндө маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
- эки айдан кем эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине 2005-2008-жылдарда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө маалымат берсин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте ата мекендик айыл чарбалык продукцияны коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу арналган жерине чейин транзит менен өткөрүүдөгү чектөөлөрдү жоюу боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү, анын ичинде эмерек, курулуш материал жана айыл чарбалык продукция өндүрүүчүлөрдү бажылык алымдардын эсебинен коргоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- 2005-2008-жылдарда айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги берген маалыматты талдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымкат киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн абоненттердин электр энергиясын, газды жана сууну пайдаланганы үчүн алдын ала төлөө системасынын интеллектуалдык эсептегичтерин киргизүүнүн эрежесин жана тартибин аныктачу чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүсүнүн тартибин жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин ("Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону ага ылайык келтирүү);
- Өндүрүмдүүлүк борборун түзүү жөнүндө сунуштардын долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө ири экспортчу болгон өнөр жай ишканаларына КНСтин ордун толтуруу жөнүндө маселени карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредит компаниясы" акционердик коомунун ишине талдоо жүргүзсүн жана анын андан аркы иштеши боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жана акцияларында мамлекеттин үлүшү бар Кыргыз Республикасынын уюмдары менен бирдикте продукциянын зарыл түрлөрүн ата мекендик ишканаларда жасоого арыздарды берүү мүмкүндүгүн карап чыксын жана жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик тейлечү багыттары боюнча даярдалып жаткан техникалык регламенттердин долбоорлорун эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө беришсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик цемент, кант, эгин жана күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда баалардын түзүлүшүнө талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аларды жөнгө салуу боюнча сунуштарды киргизсин.
10. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо процессине тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын экономикасынын тейлешкен тармактарындагы жана региондорундагы өнүгүү процесстерин божомолдоо боюнча ишти күчөтүшсүн;
- тейлеген багыттары боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдорун даярдоо, персоналды Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн божомолдоонун методикасына окутуу үчүн жетекчинин орун басарынын деңгээлиндеги жооптууну аныкташсын.
11. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 603 "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" токтомуна ылайык жөнгө салуучу таасирге (ЖСТ) талдоо жүргүзүшсүн;
- 2009-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишкердик жүргүзүүгө лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн механизмин жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 163 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2008-жылдын I кварталы үчүн жыйынтыктары жана 2008-жылдын II кварталына карата милдеттери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |