Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-майы №317
2008-жылдын туристтик сезонунун жыйынтыктары жана 2009-жылдын туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча чаралар жөнүндө
Туризм дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүүчү тармагынын бири катары калктын жумуштуулугун жана жашоо-турмуштун жогорку деңгээлин камсыз кылуучу өтө кирешелүү тармактар аралык комплекс болуп эсептелет. Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНДТУ) маалыматтары боюнча туризм бүткүл дүйнөлүк экономиканын 10 процентине жакынын түзөт, өсүштүн орточо жылдык темпи 4-5 процентке жетет.
Кыргыз Республикасы кыйла туристтик-рекреациялык потенциалга ээ болуу менен эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн ири мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелерине мамлекет биринчи кезектеги маани берет, ал болсо туризмдин бардык тармактарына оң таасир көрсөтүүдө. Программалык документтердин бири Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 9-августундагы № 307 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгы жана "2007-2010-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 Жарлыгы менен бекитилген Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы болуп калды, мында энергетика, айыл чарба, транспорт жана кен казуу өнөр жайы сыяктуу эле туризм экономиканын алдыңкы тармактарынын бири катары таанылган.
Ушуну менен бирге азыркы мезгилде Кыргызстандын туристтик потенциалы анын кайталангыс жаратылыш байлыгы менен, өзгөчө республиканын түштүк региондорунда толук пайдаланылбай жатат. Анын себеби туристтик инфраструктуранын өнүктүрүлбөгөндүгү, Ош шаары менен дүйнөнүн башка шаарларынын ортосунда түз авиакатнаштын жоктугу болуп эсептелет.
Тармактын натыйжалуу өнүкпөй жаткандыгынын бир себеби Кыргыз Республикасынын туристтик-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүн тышкы рынокторго жарнак-маалыматтык пропагандалоонун жетишсиздиги эсептелет. Мунун себеби КМШга мүчө-мамлекеттерде жана алыскы чет өлкөлөрдө туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн салттуу рыноктордо жарнактык иштеринин жетишсиздиги болуп эсептелет, анткени Эл аралык туристтик жарманкелерге катышуудан тышкары туристтик кызмат көрсөтүүчү өлкөлөрдүн негизги туристтик рынокторунда туризм өлкөсү катары Кыргызстандын брэндинин дайыма болушу жана алдыга жылышы зарыл.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасында туризмдин ийгиликтүү өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болгон мыйзам базасынын жеткилең эместиги, туризм инфраструктурасынын өнүктүрүлбөгөндүгү, авиатранспорт катнашындагы проблемалар сыяктуу маселелер бар. Ушуну менен бирге курорттук зонада саркындыларды тазалоо боюнча курч кырдаал түзүлгөн Ысык-Көл облусунун регионунун экологиялык коопсуздугу өзгөчө коркунуч туудурууда, бул көл акваториясынын, кыртыштын жана жер астындагы суулардын биологиялык булгануусуна алып келүүдө.
2008-жылы Кыргызстандын туристтик индустриясынын өсүшүнүн экономикалык көрсөткүчтөрү өткөн үч жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу рекорд болгон.
2008-жылы туризм чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү 43,6 миң чарбакер субъект катталган, бул болсо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3 процентке көп.
Туризм чөйрөсүндө жеке ишкердик менен 34,8 миң адам алектенген, же катталган чарбакер субъекттердин жалпы санынын 79,8 процентин түзөт.
2008-жылы республикада туристтерди 422 эс алуу мекемеси жана туризм уюму кабыл алышкан жана тейлешкен. Алардын ичинен 166 - адистештирилген жайгаштыруу каражаттары (64 эс алуу пансионаты, 32 балдар үчүн ден соолукту чыңдоо комплекси, 20 санаторий, мунун ичинде 6сы балдар үчүн; 11 эс алуу үйү, 12 санаторий-профилакторий, 10 турбаза, 8 эс алуу базасы, 7 спорттук-ден соолукту чыңдоочу лагерь, 152 мейманкана, 80 саякат бюросу жана турфирма, 10 жаратылыш паркы ж.б.).
2008-жылы алдын ала баалоо боюнча туризм чөйрөсүндөгү кошумча дүң нарк 7612,5 млн. сомду же ИДПга карата 4,1 процентти түзгөн.
Туризм объекттерин куруу үчүн 2008-жылдын январь-декабрында 6037 млн. сом инвестициялар негизги капиталга пайдаланылган, бул 2007-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көп. 5470,9 млн. сом суммасына подряддык иштер аткарылган жана 345,1 млн. сомго жабдуулар сатып алынган.
Пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, соода ишканаларынын ж.б. курулушу, реконструкциялоо жана ремонту жүргүзүлгөн.
2008-жылдын ичинде автожолдорду реабилитациялоого 1050 млн. сом инвестициялар негизги капиталга өздөштүрүлгөн.
2008-жылы жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү менен туристтерди ташуу көлөмү 5858,6 миң адамды түзгөн. 2007-жылга салыштырмалуу туристтерди ташуунун саны 816,9 миң адамга же 16,2 процентке көбөйгөн.
Туристтерди ташууда негизги үлүш (85%) автомобиль транспортуна туура келет. Туристтерди аба транспорту менен ташуунун саны 32,9 процентке, темир жол менен - 20,6 процентке, автомобиль менен - 14,7 процентке өскөн.
2007-жылга салыштырмалуу туристтерди ташуудан түшкөн кирешеге 1791 млн. сомго же 1,8 эсеге (учурдагы баалар боюнча) көбөйгөн.
Мейманканалардын жана кыска мөөнөттүү жашоо үчүн башка жайлардын көрсөткөн кызматтарынын көлөмү 2008-жылы 1194,0 млн. сомду түзгөн, бул 2007-жылга салыштырмалуу 16,7 процентке көп.
2008-жыл үчүн туристтик кызматтарды экспорттоо (чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан түшкөн киреше) 509,2 млн. АКШ долларын түзгөн жана 2007-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн тиешелүү түрдө 468,2 млн. АКШ долларына жана 1,5 эсеге, башка өлкөлөрдөн 41,0 млн. АКШ долларына жана 22,8 процентке көбөйгөн.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн "эл аралык агым" категориясына туура келген чет өлкөдөн келген жарандардын саны 2008-жылы 2,4 млн. адамды түзгөн.
Ата мекендик туристтик потенциал боюнча маркетинг жана жарнак жүргүзүү жаатында Кыргызстан алдыңкы эл аралык туристтик жарманкелерге активдүү катышкан, аларда "Кыргызстан - туризм өлкөсү" брэндинин алдында Улуттук стенд уюштурулган.
12 түрлүү басма жарнак продукциясы чыгарылган, анын ичинде британдык авиалиниялардагы "Вояджер" бортжурналындагы жарнама бет; "Орто Азиянын бермети" Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө толук түстүү жаңы жарнак журналы, Япониядагы "JATA 2008" туркөргөзмө үчүн япон тилиндеги жарнак буклети; "Интурмаркет", "Лето", "Турсиб" россиялык эл аралык туристтик жарманкелер үчүн туристтик каталог, Кыргызстандын турпотенциалын алдыга жылдыруу максатында өткөрүлүүчү "BITF 2008" эл аралык туристтик көргөзмө, ушул аталыштагы журналдын атайын чыгарылышы; Кыргызстанда туризм жөнүндө орус, англис жана кытай тилдеринде биринчи презентациялык жарнак видео фильми бар.
Кыргыз Республикасында туристтик тармакты андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- "Туризм жана BITF саякаты" эл аралык туристтик жарманке сыяктуу республикалык иш-чараларды; Кол өнөрчүлүк жана элдик уз-усталардын фестивалын; "Чыгыш базары" эл аралык улуттук бий фестивалын; "Кыргызстан Санта-Клаустун жери" эл аралык кыш фестивалын; "Дүйнө элинин музыкасы 2009" эл аралык туристтик музыкалык жарманкени жана Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларды өткөрүүнү;
- негизги эл аралык туристтик рыноктордо Кыргызстандын туристтик брендин жылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү эл аралык туристтик жармаңкелерге, "Кыргызстан - туризм өлкөсү" улуттук стендине жигердүү катышуусун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоонун мамлекеттик системасы жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасында жайгаштыруунун жамааттык каражаттарын ыктыярдуу классификациялоону жүргүзүүнү;
- Ысык-Көл облусунун туристтик объекттеринин туристтик сервистин жарыя кылынган деңгээлине жана сапатына ылайык келүүсү бөлүгүндөгү абалына 2009-жылдын 1-июнуна чейин Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте инвентаризациялоо жана мониторинг жүргүзүүнү;
- коңшу өлкөлөрдөн туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына коопсуз келүүсү үчүн алардын Шериктештиктин өлкөлөрүндө берилүүчү камсыздандыруу полистерин тейлөөгө кыргыз компаниялары менен түзүлгөн келишимдеринин бар болушун Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы менен бирдикте камсыздоону.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги облустардын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2009-жылдын июнунан баштап сентябрына чейин Ысык-Көлдүн кылаасында маданий-массалык иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2009-жылдын июнь-сентябрында:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте туризм жана саякаттоо үчүн жагымдуу өлкө катары Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын түзүү максатында "Меймандос Кыргызстан" акциясын өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежелерин бузбаган, Шериктештик өлкөлөрүнүн жарандарына тиешелүү жеке жана жүргүнчү автотранспорттук каражаттарына алардын маңдайкы айнегинде "Айгүл" стикери (жабыштыргычы) бар болсо тоскоолсуз өтүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-октябрындагы № 734 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн "Меймандос Кыргызстан" маркетинг стратегиясы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын туристтик индустриясын туруктуу өнүктүрүүнүн "Меймандос Кыргызстан" маркетинг стратегиясынын Мастер-планынын 27-пунктун ишке ашыруу алкагында "Ак-Жол" жана "Чалдывар" контролдоо-өткөрмө пункттарында Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин нөөмөтчү бөлүктөрүнүн телефондорунун жана "ишеним телефондорунун" номерлери бар маалыматтык такталарды орнотсун;
- 2009-жылдын июнь-сентябрында чет элдик туристтердин тобунун чек ара жана бажы контролдугунан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте өтүүсүн камсыз кылсын;
- чек арадан өтүү мезгилинде өткөрмө пунктунда болуунун мөөнөтүн кыскартуу максатында контролдоочу кызматтардын функцияларын деталдаштыруу жана чек ара жана бажы контролун жүргүзүү үчүн кыймылдын өзүнчө тилкелерин түзүү боюнча сунуштарды киргизсин ("Кызыл коридор" - жүк ташуу үчүн колдонулуучу транспорт үчүн, "Жашыл коридор" - жарандарга жана юридикалык жактарга таандык жеңил автотранспорттук каражаттар үчүн жана "Кыймылдын өзүнчө тилкеси" - жүргүнчүлөрдү (анын ичинде - туристтик топторду) үзгүлтүксүз жана мезгил мезгили менен эл аралык ташууларды жүргүзүүчү автобустарды чек аралык жана бажылык контролдоо жана тариздөө үчүн);
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунда паспорттук жана бажылык контролдон өтүүнү ылдамдатуу жана көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте туроператорлордун арасынан атайын кызматтарды уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сезондук визасыз эксперименттик режимди киргизүү же Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген бардык чет элдик жарандарга 15 күндүк (2009-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин) бекер туристтик визаларды берүү боюнча сунуштарды киргизсин.
6. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2009-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
- Бишкек-Чолпон-Ата жана Бишкек-Торугарт трассаларында жол боюндагы объекттерди карап чыгууну өткөрүшсүн;
- зарыл болгон учурда жол боюндагы инфраструктураны ылдам өнүктүрүү үчүн ишкерлерге жер участокторду коомдук тамактануу объекттерин, коомдук тазалануучу жайларды ж.б. жайгаштыруу үчүн берүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгышсын.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2009-жылдын июнь-сентябрында туристтерге квалификациялык медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүү үчүн Ленин-Токмок-Балыкчы-Чолпон-Ата жана Чалдывар-Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата автотрассаларында биргелешкен оперативдүү иштөө бригадаларынын нөөмөтүн камсыз кылышсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин иш-чараларын тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын өлчөмүндө толук жана өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жана Ысык-көл облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте:
кассалык тартипти бекемдөө, уурдоолордун жана кыянаттык менен пайдалануулардын алдын алуу максатында, "Ысык-Көл" биосфералык аймагына кирүүдө акча каражаттарын натыйжалуу жана толук жыйноону камсыз кылуу үчүн автоматтык шлагбаумдардын системасын ишке киргизсин:
экологиялык посттордон түшкөн финансылык каражаттардын чыгымдалышы боюнча маалымат берсин.
10. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик каналдарында Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы жөнүндө виедоматериалдарды көрсөтүү тууралуу маселени 2009-жылдын 1-июлунан кечиктирбей иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиоберүү компаниясына сунуш кылынсын.
11. Облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин региондор аралык бөлүмчөлөрүнүн базасында түзүлүүчү региондук Туристтик-маалыматтык борборлор үчүн зарыл болгон жайларды мамлекеттик администрациялардын жана мэриялардын имараттарынан берүүнү камсыз кылышсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бирдикте 2009-жылдын туристтик сезонун даярдоонун жана өткөрүүнүн штабын түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына бир жумалык мөөнөттө киргизсин.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |