Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-апрели № 3686-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 30-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын майындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 Жарлыгын бекитүү тууралуу;
"2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо механизми (Атайын операциялар) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Нарын облусунда айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) жана 2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Нарын облусунда айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуу жол-жобосуна кайра кайтаруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасында асыл тукум чарбаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 220 токтому тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын "Жаңы экономикалык эркиндикке жана өнүгүүгө карай" Кайрылуусу (актысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |