Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июну № 3873-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 17-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына талапкер К.А.Боронов тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Эл аралык чукул жардам жөнүндө", "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Таза аба маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы курулуш объекттеринин жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка курулуштук өзгөртүүнүн долбоордук-сметалык документтерине комплекстүү экспертизаны киргизүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарына ылайык, 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б менен Кара-Балта шаарына, 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б менен Токмок шаарына жана 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-б менен Нарын шаарына берилген "Суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-апрелиндеги № 133-б буйругу менен сунушталган мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында бөлүнгөн насыялык каражаттарды кайтаруунун шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө'', "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |