Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-июну № 3900-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагына жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына өтүү тартиби жөнүндө Макулдашууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартип Уставына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2851-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2018-жылдын 14-ноябрында Квачхон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Аскердик түзүлүштөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2009-жылдын 26-январында Бонн шаарында Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин Уюштуруучу конференциясында кабыл алынган Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча эл аралык агенттиктин (IRENA) уставын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2019-жылдын 31-майында Ашхабад шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин музей иши жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 3364-VI токтому менен түзүлгөн жаран Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө;
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Ош областтын жана Ош шаарын "Регионалдык экономикалык өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |