Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 187 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
УКАЗ
2010-жылдын 12-октябры ПЖ № 240
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнчамамлекеттик комиссиясы жөнүндө
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 222 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча Мамлекеттик комиссиясынын курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жооптуу секретары.
Комиссия мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү.