ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 24-августундагы ПЖ № 187 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыгы

Редакция24.08.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 24-августу ПЖ № 187

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-статьяларына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 28-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясын түзүү жөнүндө" Указы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгы.

 

Президент

А. Атамбаев