Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы N 800 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87, 2017-жылдын 18-августундагы № 506 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 , 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I глава Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана аларда мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары тарабынан мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартибин аныктайт (мындан ары текст боюнча башка каралбаса - Куралдуу Күчтөр), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Ата-Мекенди коргоо боюнча конституциялык укуктарын, ошондой эле аскердик кызматтын шарттарынан келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну камсыздайт.
2. Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн алкагында аскердик кызматты өтөп жаткан жоокерлер, сержанттар жана старшиналар мөөнөттүү аскердик кызматта тургандар болуп эсептелет.
3. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү 12 айды түзөт жана жыйын пунктунан кызмат өтөө ордуна жиберилген күндөн баштап эсептелет.
4. Мөөнөттүү аскердик кызматта туруунун бүткөнү болуп, бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен аны чыгаруу жөнүндө буйруктун негизинде запаска бошотуу жөнүндө аскердик бөлүктөн (мекемеден) аскер кызматчысы документ алган күн эсептелет.
5. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы менен аныкталган тартипте Аскердик ант берет.
II глава Кызматка дайындоо, алмаштыруу жана которуу
6. Аскердик кызматка чакырылганга чейин коргоо спорттук-техникалык коомдук окуу уюмдарында жана кесиптик-техникалык билим берүү тутумунун окуу мекемелеринде адистик даярдоодон өткөн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары, алган аскердик адистиктерине ылайык штаттык кызматтарга дайындалат.
Окуу бөлүктөрүндө даярдыктан өткөн жоокерлер, сержанттар жана старшиналар алган адистиктерине жана ыйгарылган аскердик наамдарына ылайык штаттык кызматтарга дайындалат.
7. Куралдуу Күчтөрдө сержанттардын жана старшиналардын типтүү штаттык кызматтарына алардын аскердик наамдарына ылайык төмөнкүдөй белгиленет:
- бөлүкчөнүн командири жана ага ылайыктуулар - сержант;
- взводдун командиринин орун басары - улук сержант;
- ротанын старшинасы жана ага ылайыктуулар - старшина.
8. Кызматка дайындоо укугу төмөнкүлөргө берилет:
а) бөлүкчөлөрдүн командирлерин, взводдордун командирлеринин орун басарларын жана аларга ылайыктууларды - өзүнчө батальондун тартиптик бийлигин колдонгон, буйруктарды чыгаруу жана андан жогору укугу бар аскердик бөлүктөрдүн командирлерине (мында жана мындан ары текст боюнча аскердик бөлүктүн командири болуп ошондой эле мекемелердин башчылары түшүнүлөт);
б) роталардын, командалардын старшиналарын жана аларга ылайыктууларды - өзүнчө батальондордун, бригадалардын командирлери, башчылары, алар менен бирдей жана андан жогору укукту колдонгондор.
9. Жоокерлерди, сержанттарды жана старшиналарды кызматка дайындоо жана ээлеген кызматынан бошотуу, бөлүк боюнча буйрук менен жүргүзүлөт.
10. Жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызмат боюнча көтөрүлүүсү алардын кызматка ылайыктуулугуна жана бош кызматтардын бар болуусуна жараша жүргүзүлөт.
Класстык квалификациясы бар, күжүрмөн даярдыктын алдыңкылары болгон жоокерлер, сержанттар жана старшиналар кызмат боюнча көтөрүлүүдө артыкчылык менен колдонушат.
11. "Кенже сержант", "сержант" жана "старшина" аскер наамындагы штаттык категориялары менен кызматтарга, сержанттардын жана старшиналардын комплекти болбогондо тартиптүү жана эң жакшы даярдалган ефрейторлор, катардагы жоокерлер дайындалышы мүмкүн.
12. "Улук сержант", "старшина" аскердик наамындагы штаттык категориялары менен кызматтарга ушундай наамдары бар сержанттардын жана старшиналардын комплекти болбогондо тартиптүү, жакшы дайындалган сержанттар жана кенже сержанттар дайындалышы мүмкүн.
13. Сержанттарды жана старшиналарды дисциплинардык тартипте кызматынан төмөндөтүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы менен берилген командирдин (башчынын) бийлиги боюнча жүргүзүлөт.
14. Дисциплинардык тартипте кызматынан төмөндөгөн сержанттар жана старшиналар, эгерде тартип жазасы өзүнүн тарбиялоо ролун ойносо жана аскер кызматчы өзүнүн жүрүм-турумун аскердик милдетти үлгүлүү аткаруу менен оңдосо, кызматтан төмөндөгөн күндөн 3 айдан эрте эмес мөөнөттөн кийин жана бош кызмат бар болсо мурунку же ага тең кызматка кайра дайындалышы мүмкүн.
Бош кызмат орду жок болгон учурда, тартип жазасы кызматка калыбына келтирүүсү жок алынышы мүмкүн.
15. Жоокерлер, сержанттар жана старшиналар аскердик кызматты эреже катары, аскердик кызматка чакырууда жиберилген же окуу бөлүктөрүндөгү даярдыктан кийин келген бөлүктөрдө кызмат өтөшөт.
Бир бөлүктөн башка бөлүккө которууга жана алмаштырууга, кызматтык зарылчылык боюнча, ден соолугунун абалы боюнча (аскердик - дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде) жана үй-бүлөлүк абалы боюнча гана жол берилет.
Аскердик кызматтан альтернативдик кызматка которуу Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
16. Аскердик наамына жана даярдык деңгээлине ылайык кызматтарда аскер кызматчыларды пайдалануу мүмкүн болбогондо, аскердик бөлүктөрдү кайра уюштурууда же алардын штаттарын кыскартууда, жогорку кызматтардагы сержанттарды жана старшиналарды төмөнкү кызматка, анын ичинде жоокер кызматына дайындоого жол берилет.
17. Жоокерлерди, сержанттарды жана старшиналарды алмаштыруу жана которуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
а) аскердик бөлүктүн ичинде - бөлүктүн командиринин буйругу менен;
б) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- кошуундардын аскердик бөлүктөрүнүн (күчтөрдүн, дивизиялардын) ортосунда - тиешелүү командачылардын буйруктары менен;
- кошуундардын жана аскердик бөлүктөрдүн (күчтөрдүн, дивизиялардын) ортосунда - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
в) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
г) Улуттук гвардияда - Улуттук гвардиянын Башкы штабынын башчысынын буйруктары менен;
д) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен аныкталуучу тартипте;
е) жазык-аткаруу тутумунун органында - жазык-аткаруу тутумунун органынын жетекчисинин орун басары - Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин башчысынын буйруктары менен;
ж) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - жарандык коргонуу органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
з) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
и) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын бир органынан экинчи органга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өз ара макулдашуусу боюнча - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
к) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринин аскердик бөлүктөрү менен бөлүмдөрүнүн ортосунда - Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Аскердик-окуу мекемесинен чыгарылган, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн аскердик-окуу мекемесинин курсанттары аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн аскердик бөлүктөргө жиберилет.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн жана аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жана аскердик-окуу мекемесинде окуусун улантууга жараксыз, бирок аскердик кызматка жарактуу аскердик-окуу мекемелердин курсанттары аскердик кызматты андан ары өтөө үчүн аскердик бөлүктөргө жиберилет.
Мындай аскер кызматчыларды запаска бошотуу ушул аскердик бөлүктүн аскер кызматчыларын кезектеги запаска бошотуу мезгилинде, алар мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөндөн кийин жүргүзүлөт.
III глава Сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо
19. Сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо кошуундарда, аскердик бөлүктөрдө жана борборлордо жыйындарды өткөрүү методу менен жүргүзүлөт.
Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын ичинен, тийиштүү жарандык адистиги жана керектүү билими бар сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо аскер бөлүктөрүндө түздөн-түз жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жогорку же орто адистик билими бар аскер кызматчылар, алардын билимине жакын адистиктер боюнча сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо үчүн эреже катары аскердик бөлүктөргө жиберилет.
20. Аскердик бөлүктөрдө сержанттарды даярдоо боюнча билим алып жаткан жоокерлер курсанттар деп аталат.
21. Аскер бөлүктөрүндө сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо мөөнөтү жана алардын даярдыгы өткөрүлүүчү адистиктердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Коргоо министри (Куралдуу Күчтөрдүн органын жетекчиси) тарабынан аныкталат.
22. Даярдоо Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын тийиштүү башкармалыктары (бөлүмдөрү) тарабынан иштелип чыккан программалар боюнча өткөрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Бөлүктөрдө даярдык өтүп жаткан мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары окутуу курсу бүткөндө, колдонуудагы программанын көлөмүндө экзамен тапшырууга милдеттүү.
24. Аскердик бөлүктөрдүн курсанттары өздөрүнүн бөлүгүнөн тышкары ички кызматка наряддардан, ошондой эле төмөнкүлөрдү кошпогондо, окуу процесси менен байланышкан иш чараларга катышуудан бошотулат:
- кароолдук кызмат өтөөнүн практикалык ыктарын алуу максатында, бул максаттар үчүн окуу планында каралган убакыттын чегинде кароол наряддары;
- ардак кароолдору жана эскорттор;
- гарнизондун чегиндеги өрт же жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү боюнча иштер, эгерде бул үчүн башка аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жетишпесе.
25. Аскер бөлүктөрүнүн курсанттары жыйындардан төмөнкү учурларда чыгарылат:
- ден соолугунун абалы боюнча;
- жетишпегенде;
- тартипсиздиги боюнча.
Курсанттарды жетишпестиги жана тартипсиздиги боюнча аскердик бөлүктөн чыгаруу аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин буйруктары менен жүргүзүлөт.
Курсанттарды ден соолугунун абалы боюнча чыгаруу аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде бөлүктүн командиринин буйругу менен жүргүзүлөт.
26. Сержанттарды даярдоо программасы боюнча окуу жыйындарын бүтүргөн жана белгиленген экзамендерди тапшырган курсанттарга "кенже сержант" аскердик наамы ыйгарылат.
Курсанттарга жыйындардын аякташы жөнүндө буйрук салтанаттуу кырдаалда, бир эле убакта аларга белгиленген күбөлүктөрдү тапшыруу менен жарыяланат, ал эми аскердик наам ыйгарылган сержанттарга тийиштүү погондор тапшырылат.
IV глава Аскердик наам ыйгаруу
27. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларына төмөнкү аскердик наамдар ыйгарылат:
- жоокерлерге - катардагы жоокер, ефрейтор;
- сержанттарга - кенже сержант, сержант, улук сержант;
- старшиналарга - старшина.
28. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарга, аларды бир эле убакта бөлүктүн тизмесине киргизүү менен "катардагы жоокер" наамы ыйгарылат.
29. "Ефрейтор" аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
а) "Ефрейтор" аскердик наамы штат менен каралган кызматтарга дайындоодо кызматтык милдеттерди үлгүлүү аткаргандыгы, күжүрмөн даярдыктагы жетишкендиктер жана үлгүлүү аскердик тартип үчүн катардагы жоокерлерге;
б) сыйлоо тартибинде катардагы жоокерлерге;
в) запаска бошотууда мыкты катардагы жоокерлерге.
30. "Кенже сержант" төмөнкүлөргө ыйгарылат:
а) сержанттарды даярдоо программасы боюнча окуу бөлүктөрүндө окууну аяктаган жана окуу бөлүктөрүн бүтүрүүдө белгиленген программа боюнча экзамен тапшырган курсанттарга;
б) өзүнүн кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарган, күжүрмөн даярдыкта жакшы жана эң жакшы көрсөткүчтөрү бар жана үлгүлүү аскердик тартиби үчүн, белгиленген программа боюнча экзамендерди тапшырган, сержант кызматына дайындалган жоокерлерге.
"Кенже сержант" аскердик наамын ыйгарууга экзамен өткөрүү үчүн аскер бөлүгүнүн командирин буйругу менен атайын комиссия дайындалат. Экзамендин жыйынтыктары, ушул Жобонун 35-пунктуна ылайык сержант аскердик наамдарын ыйгаруу укугу берилген командирлерге (башчыларга) билдирилет.
31. "Сержант" аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
а) сержанттарды даярдоо программасы боюнча окуу бөлүктөрүндө, окууну "эң жакшы" баасына бүтүргөн курсанттарга, окуу бөлүктөрүн бүтүп чыкканда;
б) сержанттардын кызматында 2 айдан кем эмес кызмат өтөгөн кезектеги аскердик наам ыйгарууга татыктуу жана "сержант", "улук сержант", "старшина" аскердик наамдары штат менен каралган кызматтарга дайындалган же запаска бошоордо кенже сержанттарга.
32. "Улук сержант" аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
а) сержанттардын кызматында 2 айдан кем эмес кызмат өтөгөн "улук сержант", "старшина" аскердик наамдары штат менен каралган кызматтарга дайындалган мыкты сержанттарга;
б) кезектеги аскердик наам ыйгарууга татыктуу сержанттарга запаска бошоордо.
33. "Старшина" аскердик наамы сержанттардын кызматында 3 айдан кем эмес кызмат өтөгөн жана "старшина" аскердик наамы штат менен каралган кызматтарга дайындалган мыкты улук сержанттарга же запаска бошотулганда.
34. Аскердик наамдар төмөнкүлөр тарабынан ыйгарылат:
а) "ефрейтор", "кенже сержант", "сержант", "улук сержант" аскердик наамдары - буйрук чыгаруу укугу бар аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана андан жогору;
б) "старшина" аскердик наамы - аскерлердин (күчтөрдүн) топторунун командачылары, алар менен тең жана андан жогору укуктар менен колдонгон аскер бөлүктөрүнүн командирлери тарабынан.
35. Ефрейторлорду, сержанттарды (старшиналарды) аскердик наамдан ажыратуу соттун өкүмү боюнча жүргүзүлөт. "Ефрейтор", "кенже сержант", "сержант" "улук сержант" жана "старшина" аскердик наамдарынан ажыратылган аскер кызматчылары соттун өкүмү боюнча "катардагы жоокер" аскердик наамында мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөнү улантышат.
Аскердик наамдан төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык жүргүзүлөт.
Сержанттарды (старшиналарды) аскердик наамынан бир тепкичке жана андан төмөн түшүрүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык, аларды бир эле убакта төмөнкү кызматтарга которуу менен жүргүзүлөт.
36. Аскердик наамынан төмөндөтүлгөн же ушул Жобонун 35-пунктунун негизинде алардан ажыратылган аскер кызматчылардын мурдакы аскердик наамын калыбына келтирүү сыйлоо тартибинде, аскердик наамдан төмөндөткөн командирдин (башчынын) чечими менен, эгерде тартип жазасы өзүнүн тарбиялык ролун ойноп аскер кызматчы өзүнүн жүрүм турумун аскердик милдетти үлгүлүү аткаруу менен оңдосо мурунку аскердик наамына тең же сержанттык (старшиналык) аскердик наамдан ажыратылган күндөн баштап алты айдан кем эмес убакытта андан жогору аскердик наамы калыбына келтирилет.
37. Жогорку билими бар, аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн запастагы офицерлерди даярдоо боюнча жыйындарды өткөндөн кийин жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга запас боюнча офицердик курамдын биринчи аскердик наамы ыйгарылышы мүмкүн.
V глава Иш сапарлар
38. Жоокерлерди, сержанттарды жана старшиналарды кызматтык иш сапарларга жиберүү төмөнкү учурларда жүргүзүүгө уруксаат берилет:
а) билим алуу (курстарда, жыйындарда ж.б) аскердик-окуу мекемелерине тапшыруу;
б) күжүрмөн даярдык менен байланышкан иш чараларды тейлөө;
в) кайтарууну, коштоону жана аскердик жүктөрдү, куралдарды, аскердик техникаларды жана башка материалдык каражаттарды жеткирүүнү камсыздоо;
г) чабарман катары же жашыруун документтери жана материалдары менен чабармандарды коштоо үчүн;
д) оорулууларды же командаларды коштоо, камактагыларды жана соттолгондорду конвоирлөө;
е) жогору турган командачылыктын чакыруусу боюнча;
ж) соттордун отурумуна айыпталуучу, жабырлануучу, күбө же котормочу катары катышуу;
з) соттук же тергөө органдарына баруу зарыл болгондо;
и) спорттук жана маданий-массалык иш чараларга катышуу;
к) аскердик прокуратуралардын жана улуттук коопсуздук органдарынын имараттарын (жайларын) коргоону камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын кызматтык иш сапарларга жиберүү аскер бөлүктөрүнүн командирлери тарабынан, улук башчылардын буйруктарынын же өзүнүн чечиминин негизинде, иш сапарга жиберилүүчү адамдарды, ошондой эле иш сапардын максаттары жана мөөнөтү бөлүк боюнча буйрукта жарыяланып өткөрүлөт.
40. Ушул Жобонун 38-пунктунун "з" жана "к" пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар тийиштүү соттук же тергөө органдары менен макулдашуу боюнча гана иш сапарга жиберилет.
41. Иш сапарга жиберилген аскер кызматчыларга белгиленген формада жана зарылчылык боюнча аскердик ташуу документтери (барган келген жолуна акчалай камсыздоо) менен иш сапар күбөлүгү берилет.
42. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарларга бөлүкчөлөр (командалар) же өзүнчө аскер кызматчылар тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин гана буйругу боюнча жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Иш сапар пунктуна келгенде аскер кызматчылар, карамагына иш сапарга жиберилген кызматтык адамга тезинен келүүгө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизон жана кароол кызматтарынын уставында белгиленген тартипте каттоого турууга милдеттүү.
44. Иш сапарга баратканда жана келе жатканда мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысына, иш сапар күбөлүгүндө көрсөтүлгөн маршруттан башка жакка бурулууга же жол жүрүү маршрутунун аралык пункттарында өз алдынча тыныгуу кылууга тыюу салынат.
45. Жолдо иш сапардагы аскер кызматчыдан көзкаранды эмес шарттардан улам кармалуулар болгон учурда, жүргөн жолундагы жакынкы аскер коменданттан (гарнизондун аскер комендантынан, аскер комиссарынан) мындай жок болгон учурда жүргөн жолундагы администрациядан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан иш сапар күбөлүгүнө белги же кармалуунун себеби жөнүндө маалымкат алуу зарыл.
46. Жол жүрүүдө кызматтык же жеке документтер, куралдар, жана башка аскердик мүлктөр жоголгон учурда, иш сапарга жиберилген аскер кызматчы кабарлоо жолундагы аскер комендантка, гарнизондун аскер комендантына же аскер комиссарына, ал эми мындай кызматтык адамдар жок болгон учурда аймактык ички иштер органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тезинен кабарлоого милдеттүү.
47. Иш сапардан туруктуу кызмат ордуна өз убагында кетүүгө жолтоо болгон негиздүү себеп болгондо, аскердик башкармалыктын органдарына же каттоо орду боюнча кызматтык адамдарга бул жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
48. Иш сапар күбөлүгүндө аныкталган мөөнөттөн ашык аскер кызматчыларды кармоонун негиздүү себеби болуп, улук башчылардын мөөнөттү узартуу жөнүндө буйругу, жол жүрүүгө жолтоо болгон оору, жаратылыш кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдар эсептелет. Кармалуунун себеби тийиштүү документтер менен тастыкталышы керек.
49. Иш сапар күбөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөн жогору иш сапарга жиберилген аскер кызматчыны кармоо жөнүндө, аскер кызматчы карамагына келген башчы же гарнизондун аскер коменданты (аскер комиссар) аскер кызматчынын иш сапарга жиберген командирге (башчыга) кармоонун себебин көрсөтүү менен кабарлоого милдеттүү.
Иш сапарда жүргөндө мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы тарабынан тартип бузуу болгон учурда, жүргөн жолунда гарнизондун аскер коменданты же аскер коменданты, аскер кызматчынын иш сапар күбөлүгүнө тийиштүү белги коюп, анын аскердик бөлүккө келүү убактысын көрсөтүү менен иш сапарды токтотуп коюуга укуктуу.
Аскер коменданты (аскер комиссары) иш сапарды токтотуу себеби жана аскер кызматчынын аскердик бөлүккө келүүсүнүн белгиленген убактысы жөнүндө бөлүктүн командирине кабарлайт.
50. Белгиленген мөөнөттө аскер кызматчысы келбеген учурда жана аны кармоонун себеби жөнүндө кабарлоо жок болгондо бөлүктүн командири аскер кызматчы карамагына иш сапарга жиберилген башчыдан же гарнизондун аскер комендантынан (аскер комиссардан) тезинен сурайт. Иш сапарга жиберилген аскер кызматчы дайындоо пунктуна келбегендиги же өзүнүн бөлүгүнө өз убагында кеткендиги жөнүндө жооп алганда, бөлүк командири белгиленген тартипте аларды издөөнү уюштурат.
51. Мобилизациялоо жарыяланганда же тийиштүү кабарлоо алганда иш сапарда жүргөн аскер кызматчылар, карамагына келген башчынын уруксааты менен тезинен өздөрүнүн аскердик бөлүгүнө кайтып келүүгө милдеттүү. Эгерде аскердик бөлүк мурдакы жайгашуу орду боюнча жок болсо, анда аскер кызматчылар жакынкы аскер комендантына же аскер комиссариатына келүүгө милдеттүү.
VI глава Өргүүлөр
52. Мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга төмөнкүдөй өргүүлөр берилет:
- сыйлык катары;
- оорусу боюнча;
- үй-бүлөлүк шарттар боюнча;
- кызматтын өзгөчө шарттарына байланыштуу.
53. Мөөнөттүү аскердик кызмат мезгилин өтөө учурунда сыйлык катарындагы өргүү 10 суткага чейин, бирок бир жолудан көп эмес берилиши мүмкүн.
54. Оорусу боюнча өргүү аскердик-дарыгердик комиссиясынын же жарандарды дарылоо мекеменин дарыгер комиссиясынын токтомунун негизинде эки айга чейинки мөөнөткө берилет. Оорусу боюнча өргүүгө кеткен аскер кызматчылары аскердик бөлүктүн тизмесинен алынбайт.
55. Оорусу боюнча өргүүнү кандайдыр бир себептер боюнча бөлүктөн сырткары колдонууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, аскер кызматчысы аскердик бөлүктө калып, өргүү убагында бардык жумуштардан, сабактардан жана кызматтык наряддардан бошотулат.
Аскердик бөлүктөгү өргүү эреже катары керектүү дарылоо-профилактикалык жана ден соолукту чыңдоочу иш чараларды ишке ашыруу менен медициналык пунктта (лазеретте) өткөрүлөт.
56. Оорусу боюнча өргүүлөр бүткөн соң, аскер кызматчылары аскердик бөлүктүн командиринин, гарнизондун башчысынын же аскердик комендантынын, ошондой эле аскердик комиссардын буйругу боюнча өргүү өткөрүп жаткан жери боюнча алардын ден соолугунун абалы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Бул аскер кызматчылардын кийинки аскердик кызматты өтөө тартиби аскердик-дарыгердик комиссиялардын токтомдору менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
57. Эгерде жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга кызматтын белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан аз мөөнөт кызмат өтөөсү калса, оорусу боюнча өргүүнү аскердик бөлүктө өткөрөт.
58. Үй-бүлөлүк шарттар боюнча өргүү 10 суткага төмөнкү учурларда берилет:
а) аскер кызматчынын жакын туугандарынын (атасынын, апасынын, аялынын, балдарынын, бир тууган байкелеринин жана эжелеринин) же ал тарбиясында жүргөн башка адамдарынын оор абалдагы оорусунда же каза болгондо;
б) аскер кызматчынын үй-бүлөсү өрт чыгуу же башка жаратылыш кырсыктарына кабылганда;
в) аскердик бөлүктүн командиринин ою боюнча аскер кызматчынын үй-бүлөсү менен бирге болушу чынында зарыл болгон башка учурларда.
59. Жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга үй-бүлөлүк шарттар боюнча өргүү (10 суткага чейин) бөлүккө келбестен, аларды запаска бошотуу эсеби менен берилиши мүмкүн.
60. Үй-бүлөлүк шарттар боюнча өргүүлөрдүн берүү зарылчылыгы аскер кызматчынын жакын туугандары жашаган жери боюнча аскердик комиссариат менен бекитилиши керек. Документте аскер кызматчыга өргүү берүү жөнүндө өтүнүч же өзгөчө учурда өргүүдөн келгенден кийин көрсөтүлүшү керек.
61. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларына кызматтын өзгөчө шарттарына байланыштуу өргүүлөр аскер кызматчылары аскердик кызматты өтүп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин буйруктары менен белгиленген тартипте берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Ушул Жобонун 52-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча өргүүгө кетүүчү аскер кызматчыларына жогорку узактагы өргүүгө өргүүнү өткөргөн жерге барууга жана келүүгө керектүү кошумча убакыт берилет.
63. Жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга сыйлоо тартибинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы менен белгиленген тартипте берилет, ал эми ушул Жобонун 50-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча өргүү бөлүктүн командири тарабынан берилет.
64. Жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын өргүүгө кетүүсү жана алардын өргүүдөн келүүсү жөнүндө бөлүк боюнча буйрукта жарыяланат.
65. Кылмыш иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча иш жүргүзүлгөн, ошондой эле жабыркагандардын, күбөлөрдүн, күбө-калыстардын, котормочулардын жана башка адамдардын катарында кылмыш сот ишине катышууга тартылган мөөнөттүү аскердик кызматтагы кызматчыларга, өргүү тиешелүү тергөө же сот органдарынын макулдашуусу боюнча берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Өргүүгө кетүүчү аскер кызматчыларына белгиленген формадагы өргүү билети жана аскердик жол жүрүү документтери (барып-келген жолуна акчалай компенсация) берилет.
67. Аскер кызматчылары өргүү өткөрө турган жерге келээри менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын белгиленген Уставынын тартибинде каттоого турууга, ал эми кетээрде каттоодон чыгууга милдеттүү.
68. Аскер кызматчылары бараткан жолдо же өргүү өткөргөн жерде өргүү билетин жоготкон учурда жүргөн жолдорундагы аскердик комендантка, гарнизондун аскердик комендантына же өргүүнү өткөргөн жери боюнча аскердик комиссарга бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Жүргөн жолдорундагы аскердик комендант, гарнизондун аскердик коменданты (аскердик комиссары) каттоонун маалыматына ылайык, ал эми маалымат жок учурда аскер кызматчынын инсандыгын белгилегенден кийин ага өргүүдө жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн маалымкат берет, аскер кызматчынын кызмат өтөгөн жери боюнча бул жөнүндө маалымдайт жана анын аскердик бөлүккө өз убагында жиберилишин контролдойт.
69. Мөөнөттүү аскердик кызматтагы аскер кызматчылардын өргүүсү төмөнкү учурларда узартылышы мүмкүн:
а) кабарлоонун үзгүлтүккө учуроосу же ушул Жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн, кызматтык адамдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, өргүүгө кетип бара жаткан аскер кызматчынын оорусунун кесепетинен өргүү өткөргөн жерге бара жаткан жолдо кармалганда - тастыкталуучу документтерге ылайык кармоонун фактылык мөөнөтүнө;
б) 7 суткадан жогору эмес мөөнөткө башка гарнизондон өргүүгө келген аскер кызматчынын үй-бүлө мүчөсүнүн (атасынын, апасынын, аялынын, балдарынын, бир тууган байкелеринин же эжелеринин) каза болгондо же катуу ооруусунда, ошондой эле үй-бүлөсү кандайдыр бир кырсыкка кабылганда;
в) эгерде өргүүдө же иш сапарда жүргөн аскер кызматчысы, күбөлөндүрүлгөн документтери бар оорунун кесепетинде кызмат кылган жерге мөөнөтүндө келбесе.
70. Аскер кызматчынын өргүүсүн узартуу укугу гарнизондун аскердик комендантына же кармаган себептерин текшергенден соң, аны өткөргөн жери боюнча аскердик комиссарга тийиштүү.
Гарнизондун аскердик коменданты (аскердик комиссары) кармаган мөөнөттөрү жана себептери жөнүндө аскер кызматчысы келген аскердик бөлүктүн командирине тез арада билдирүүгө жана бул жөнүндө анын өргүү билетинде жазууга милдеттүү.
71. Мөөнөттүү аскердик кызматтагы аскер кызматчысы тарабынан, ал өргүүдө жүргөндө аскердик тартиптин бузулган учурунда гарнизондун аскердик коменданты, жүргөн жолдорундагы аскердик коменданты же аскердик комиссар аскер кызматчынын өргүү билетинде бул жөнүндө тиешелүү жазуу жана анын аскердик бөлүккө келүү мөөнөтүн көрсөтүү менен өргүүнү токтотууга укуктуу.
Өргүүнү токтотуу себеби жана аскердик бөлүккө аскер кызматчынын келишинин белгиленген мөөнөтү жөнүндө аскердик комендант (аскердик комиссар) бөлүктүн командирине билдирет.
72. Өргүүдөн өз убагында келбеген аскер кызматчыларына бөлүктүн командири ушул Жобонун 53-пунктунун талаптарына ылайык иш жүргүзөт.
73. Мобилизацияны жарыялаганда оорусу боюнча өргүүдө жүргөндөрдөн башка, өргүүдө жүргөн аскер кызматчылары каттоодон чыгууга жана өзүнүн бөлүгүнө тез арада келүүгө милдеттүү. Эгерде аскердик бөлүк мурдагы жайгашкан орду боюнча болбой калса, анда аскер кызматчылары жакынкы аскердик комендантка же аскердик комиссариатка келүүгө милдеттүү. Оорусу боюнча өргүүдө жүргөн аскер кызматчылары кайра күбөлөндүрүү үчүн аскердик комиссариатка келүүгө милдеттүү, ал эми ден соолугунун абалы боюнча келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондо - дарылоо мекеме (дарылоо дарыгер) тарабынан берилген маалымкатты тиркен, бул жөнүндө жазуу түрүндө аскердик комиссарга тез арада билдирет.
VII глава Кылмыш иштери, жоруктар жөнүндө иштер жана соттолгондор боюнча иш жүргүзүлгөн аскер кызматчыларынын мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөнүн өзгөчөлүктөрү
74. Кылмыш иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча иши сурактагы мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн жоокерлер, сержанттар жана старшиналар тиешелүү тергөө жана сот органдары менен макулдашуу боюнча гана аскердик кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Сот менен эркинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле тартип бөлүгүнө жазаны өткөрүү үчүн жиберилген аскер кызматчылары, соттолгонго чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн аскердик бөлүктөрдүн тизмесинен өкүм мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга жана мыйзамсыз соттолгондорго же кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылгандарга кылмыш ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти токтотуу же соттун актаган өкүмү, кайтарууда өткөргөн убактысы жана түзөтүү мекемелеринде же тартип аскер бөлүктөрүндө жазаны өткөрүү убакыты жөнүндө токтомду (аныктоону) чыгарууда мөөнөттүү аскердик кызматтын мөөнөтүнө кирет.
Көрсөтүлгөн адамдар, түзөтүү мекемелеринен бошотулгандар (ушуну менен бирге тартип аскер бөлүктөрүнөн бошотулгандар) кийинки кызматын өтөө үчүн Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн аскердик бөлүктөрүнө жиберилет, ал жакта алар мурдагы аскердик наамдарын жана кызматтарын калыбына келтирет же мурдагы аскердик наамдарын калыбына келтирүү менен запаска бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
77. Тартип бөлүгүнөн бошотулган мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары соттолгонго чейин кызмат өтөгөн аскердик бөлүктөрүнө андан ары кызмат өтөө үчүн жиберилет. Штаттык кызмат орду жок болгон учурда, тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен мындай аскер кызматчылары тиешелүү мамлекеттик органдын башка аскердик бөлүктөрүнө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Тартип бөлүгүндө жазаны өтөгөн жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга жазаны өтөө убактысы мөөнөттүү аскердик кызматтын мөөнөтүнө кирбейт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VIII глава Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
79. Жоокерлер, сержанттар жана старшиналар социалдык-экономикалык, саясий жана өздүк укуктарын, эркиндигин толугу менен колдонушат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын милдеттерин алып жүрүшөт.
Аскердик кызматтын шарттарынан келип чыккан аскер кызматчылардын укуктары жана милдеттери, Куралдуу Күчтөрдүн ишмердүүлүгүн жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо менен аныкталат.
Мөөнөттүү аскер кызматынын жоокерлерине, сержанттарына жана старшиналарына эмгек жөнүндө мыйзамдын таасири тарабайт.
80. Мөөнөттүү аскер кызматынын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдер боюнча, акчалай жана натуралдык камсыздоону мамлекеттин эсебинен алышат.
81. Аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акчалай камсыздоодон салыктар боюнча жеңилдиктер берилет.
82. Кыргыз Республикасын коргоодо же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын, майыптыктын же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары майып боюнча мамлекеттик пенсиялык камсыздоо укугун колдонушат.
Көрсөтүлгөн адамдардын курман болгон же каза болгон учурунда алардын үй-бүлөлөрү багуучуну жоготкону боюнча пенсия укугун колдонушат.
Аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө ишке ашат.
Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө мезгилинде жаракат, контузия, майыптык алган же ооруп калган аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, өлчөмдөрдө жана шарттарда камсыздоо суммасын алышат.
83. Окуу жайларда окуп жаткан мезгилде мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарды запаска бошотууда, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейин, алар окуган ошол окуу жайына жана ошол курска окуусун улантуу үчүн кирүү укугу сакталып, кезектеги экзамендин жыйынтыгына чейин окуу жайына кайра ордуна келген күндөн баштап стипендия белгиленет, ал эми чакырууга чейин ишканаларда, мекемелерде же уюмдарда иштеген адамдарда ошол эле ишканага, мекемеге жана уюмга жумушка кирүү укугу сакталат.
84. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн катарларында жарандардын мөөнөттүү аскердик кызматта жүргөн убактысы алардын жалпы эмгек стажына, ошондой эле үзгүлтүксүз эмгек стажына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адистиги боюнча жумуш стажына кирет.
Жогорку жана орто-атайын билими менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакырылган адистердин мөөнөттүү аскердик кызматта болгон убактысы, мындан сырткары окуу жайын бүткөндөн кийинки милдеттүү жумуштун мөөнөтүнө эсептелет.
85. Мөөнөтүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларына жарандык жогорку жана орто адистеги (ушуну менен бирге кечки жана сырттан) окуу жайларына өтүүгө жана ал жактарда окууга тыюу салынат.
86. Аскердик кызматтан запаска бошотулган аскер кызматчылары аскер бөлүктөрдүн командачылыгынын билдирүүсү боюнча жогорку жана орто-атайын окуу жайларына өтүүдө жана жогорку окуу жайлардын алдындагы даярдоо бөлүмдөрүнө кабыл алууда артыкча өтүү укугун колдонушат.
Аскердик кызматтан запаска бошотулган жана аскердик бөлүктөрдүн билдирүүсү боюнча жогорку жана орто-атайын окуу жайларына жиберилүүчү аскер кызматчылары кирүү экзамендеринде алар тарабынан жакшы баалардын алуу шарты менен ошол окуу жайларына сынаксыз кирүү укугун колдонушат.
87. Мөөнөттүү аскер кызматынын жоокерлери, сержанттары жана старшиналары аскердик наамдын ыйгаруусуна ылайык, айырмалоо белгилери менен белгиленген форма кийимин кийишет. Мөөнөттүү аскер кызматынын жоокерлерине, сержанттарына жана старшиналарына аскердик бөлүктөрдүн аймагында, өргүүгө, иш сапарга, дарыланууга бара жатканда жана келе жатканда жарандык кийимди кийүүгө тыюу салынат.
88. Мөөнөттүү аскердик кызматта турган аскер кызматчынын инсандыгын күбөлөндүргөн документ анын аскердик билети болуп саналат, аны ал өзүнүн жанында алып жүрүүгө милдеттүү жана паспортторду көрсөтүү үчүн мыйзам менен белгиленген бардык учурларда, ошондой эле аскердик наамы боюнча улук башчылардын жана патрулдун башчысынын талабы боюнча көрсөтөт.
89. Аскердик тартипти жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип Уставы менен белгиленген тартипте жоопкерчиликти алып жүрүшөт.
90. Жасаган кылмыштары үчүн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигин алып жүрүшөт.
91. Материалдык зыян келтиргени үчүн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти алып жүрүшөт.
92. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары үй-бүлө абалындагы бардык өзгөрүүлөр жөнүндө, ошондой эле никеге туруу жөнүндө баш ийүүсү боюнча өзүнүн тике башчысына билдирет жана каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн тиешелүү документтерди көрсөтөт.
93. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары айыл жерлериндеги такси жана автомобилдик транспорттон тышкары, (жеңил автотранспорт) шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордун бардык түрү менен бекер колдонот.
IX глава Запаска бошотуу
94. Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматтын мөөнөтүн өтөп бүткөн жоокерлер, сержанттар жана старшиналар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарларынан запаска бошотулат.
Мөөнөттүү аскердик кызматтан аскер кызматчыларын бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары, ал эми башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда - тиешелүү жетекчилердин буйруктары менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
95. Мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары запаска мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурда бошотулушу мүмкүн:
а) аскердик-дарыгердик комиссиясы менен бекитилген, аскердик кызматка аскер кызматчынын жараксыздыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде оорусу боюнча.
Аскердик бөлүктөрдүн командирлери аскердик-дарыгердик комиссиянын аскер кызматчысынын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө бекитилген корутундусу менен аскер кызматчысын мөөнөттүү аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча материалдарды тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине берет.
б) үй-бүлөлүк шарты боюнча, эгерде аскер кызматчысы аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде үй-бүлөлүк абалдын өзгөрүшүнүн натыйжасында Мыйзамдын 33-беренесине ылайык чакырууну кийинкиге калтыруу укугу пайда болсо.
Бошотуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен жүргүзүлөт.
Изилденүүчү кылмыш иштери же жоруктар жөнүндө иштер боюнча жабырлануучулар же күбөлөр болгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын запаска бошотуу ушул Жобонун 74-пунктунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 616 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
96. Аскердик кызматтан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө запаска бошотулуучу аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарынын жетекчилери тарабынан белгиленген тизме боюнча оңдолгон аскердик кийим менен камсыздалат.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Мөөнөттүү аскердик кызматтан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө запаска бошотулуучу аскер кызматчылары эреже боюнча, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейин алардын жашаган жери боюнча аскердик комиссариаттарга гана жиберилет. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө запаска бошотулуучу мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын башка пункттарга (мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейин алар жашабаган) жиберүү алардын үй-бүлөсүнүн (ата-энесинин) жашаган жери өзгөргөн учурда, аскер кызматчынын никеге турганда гана тастыктоочу документтердин негизинде уруксат берилет.
98. Жогорку билими бар жана алты ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда контракт боюнча аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталган тартипте контракт боюнча аскердик кызматка өтүүгө укуктуу.
99. Аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн жана жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматында контракт боюнча аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары контракт боюнча аскердик кызматка аныкталышы мүмкүн. Контракт боюнча аскердик кызматка аскер кызматчыларын кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.
100. Каза болгон (курман болгон) мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы каза болгон күндөн тартып, ал эми сот тарабынан дайынсыз жок же каза болгон деп жарыяланган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчысы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Каза болгон же дайынсыз жок болгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын тизмеден чыгаруу аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин себептерин көрсөткөн тиешелүү билдирүүлөрүнүн негизинде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан аныкталган тийиштүү командирлердин буйруктары (өздүк курам боюнча) менен жүргүзүлөт.
Каза болгон (курман болгон) мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, дайынсыз жок болгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, ошондой эле тынчтык убактагы согуштук аракеттерге байланыштуу дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын чыгаруу, дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде аскер кызматчынын жоктугу жөнүндө маалыматтар алынгандан кийин үч айдан кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)