Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 28-январы № 42
«Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдобойт.
2. «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-январындагы № 42 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык - Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык, «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамына толуктоону 5 жылдан ашык үзгүлтүксүз эмгек стажысы бар китепкана кызматкерлеринин негизги кызматтык маянасына кошумча белгилөө максатында киргизүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги өздөрүнүн корутундуларында мыйзам долбоорун кабыл алуу ылайыксыздыгын, анткени Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы № 540 «Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» жана 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 «Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө» токтомдору менен окумуштуулук даража үчүн негизги иштеген жери боюнча кошумча төлөө каралганын белгилешкен.
Мындан тышкары, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын реформалоо максатында эмгек акыны белгилөөнүн бирдей ыкмасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүп жатат.
Ушул айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдобойт.