Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2010-жылдын 27-августундагы №179
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
2010-жылдын 12-июлундагы №14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 2009-жылдын 4-декабрындагы №727 «Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2005-жылдын 25-ноябрындагы №538 «Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. 2009-жылдын 8-майындагы № 284 «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- экинчи абзацтагы «өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри» деген сөздөр «экономикалык тескөө министри» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацтагы «Мамлекеттик патент кызматынын» деген сөздөр «Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацтагы «Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын» деген сөздөр «Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустриясынын тескөө башкармалыгынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- он биринчи абзацтагы «Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинин машина куруу бөлүмүнүн» деген сөздөр «Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустрияны тескөө башкармалыгынын ири бизнес бөлүмүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| 2010-жылдын 27-августундагы №179 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна тиркеме |
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамы
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустрияны жөнгө салуу башкармалыгынын ири бизнес бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу катчысы.
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлер командачысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоонууну, укук тартибин жана МОБду каржылоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин бизнес-индустрияны тескөө башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын экспорттук контроль, лицензиялоо жана аскер өкүлчүлүктөрү менен иштөө бөлүмүнүн зардалы.