Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 8-декабры № 309

Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча нормативдик базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 15-пункттун биринчи абзацы "30 күн мурда" деген сөздөрдөн кийин", ал эми стратегиялык маанидеги объекттер үчүн кеминде 90 күн мурда" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13. Эгерде баалоо бекитилген күндөн баштап объект менен бүтүм түзүүнүн күнүнө чейинки мезгил 12 айдан ашпаса, анда менчиктештирүү объектисинин мыйзамдык актыларда белгиленген тартипте алынган баалоо наркы бүтүм түзүү үчүн кабыл алынышы мүмкүн. Ушул мөөнөт аяктаса менчиктештирүүнүн объектисинин баалоо наркы актуализация болууга тийиш же менчиктештирүү объекти кайрадан бааланышы керек.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 "Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 8-пункт "мамлекеттик мүлктү ижарага алган" деген сөздөрдөн кийин "жана мамлекеттик мүлктү үч жылдан кем эмес мезгилде ижарага алган" деген сөздөр менен толукталсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева