Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-апрели № 134
Кыргыз Республикасында балдарды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын социалдык коргоонун системанын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду дайындоо үчүн кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү, тамак-аш азыктарына компенсацияны эске алуу менен 2011-жылдын 1-июлунан баштап 370 сом суммасында белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 60.1-пунктчанын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "2000 (эки миң)" деген цифралар жана сөздөр "3000 (үч миң)" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 60.1-пунктчанын бешинчи абзацындагы "1500 (бир миң беш жүз)" деген цифралар жана сөздөр "3000 (үч миң)" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги:
- мамлекеттик жөлөкпулдардын жаңы өлчөмдөрүн эске алуу менен алардын суммаларын кайра эсептөөнү жүргүзсүн;
- стационардык социалдык мекемелердеги балдарга дайындалуучу ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды бул балдардын банктагы өздүк эсептерине которуу механизмин 2012-жылдын 1-январына чейин иштеп чыксын;
- 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда, 7-апрелинде Бишкек шаарында, 13-14-майында Жалал-Абад шаарында жана июнь окуяларында Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына дайындалуучу ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн кепилденген минималдуу кирешеден ажыратууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик жөлөкпулдарды жогорулатууну эске алуу менен аларды төлөөгө зарыл финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
- ата-энесинин кароосу жок калган балдарды асыроо аркылуу аларды үй-бүлөлүк тарбиялоонун артыкчылыгын камсыз кылуу боюнча;
- эл аралык бала асыроо системасын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык келтирүү боюнча.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги балдардын майыптуулугунун алдын алуу чараларынын комплекси боюнча сунуштарды 2011-жылдын 1-июнуна чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын инклюзивдик билимге укуктарынын кепилдиктерин караган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды билим берүү процессине интеграциялоону камсыз кылуу максатында эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте этап-этабы менен билим берүү уюмдарын пандустар жана туткалар менен жабдысын.
8. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имараттарга, анын ичинде түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн имараттарына кириши үчүн шарттарды түзүшсүн.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары зарылчылык болгон учурда балдар реабилитациялоо борборлорун түзүшсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 826 "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарын алуучуларга тамак-аш азыктары үчүн ай сайын берилүүчү убактылуу компенсациялар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө, ошондой эле билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет, буга 2 жана 10-пункттардын жоболору кирбейт, бул жоболор 2011-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |