Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №265 токтому менен бекитилген |
Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 , 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалды.
2. Бул Жобо акциялардын чыгарылышын жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын, коомго сунуш кылынган акциянын жана проспектинин шарттарын мамлекеттик каттоонун тартибин жөнгө салат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
3. Акциялардын чыгарылышын, коомго сунуш кылынган акциялардын жана проспектинин шарттарын мамлекеттик каттоону Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.
4. Мамлекеттик каттоо учурунда баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерлери берилет жана баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
5. Акциялардын чыгарылышын, коомго сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алгандык үчүн жыйымдар алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын чыгарылышын, коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугуна гана жоопкерчилик тартат.
Акциялардын чыгарылышын, коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти эмитент тартат.
7. Мурда чыгарылган акциялардын жыйынтыктары ишке ашты же ишке ашпай калды деп таанылганга чейин акциялардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөйт.
8. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу чечими кабыл алынган учурда, акциянын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими эмитентке берилет.
9. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуунун учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык акциялардын чыгарылышын каттоого алуунун картасын толтурат.
9-1. Акционердик инвестициялык фонддун акцияларын жайгаштырууда же кийинки сатууларда (сатылып алынган акциялар үчүн) акциялар акча каражаттары менен гана төлөнөт (пайданы капиталдаштыруу учурларынан тышкары) жана кызмат көрсөтүү үчүн төлөм катары берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Акциялардын коомдук эмиссиясы
Эмиссия кылуунун учурунда акцияны, баалуу кагаздарды коомго сунуш
кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоо
10. Акцияны коомго эмиссия кылуунун учурунда акцияны коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоо бир мезгилде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
11. Коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер тапшырылат:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген шарттары (баалуу кагаздар эмиссияланганда);
- баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген проспект;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастоочу документтин көчүрмөсү (эгер эмитент бул документтерди мурда бере элек болсо);
- юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү, уставга киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен (эгер эмитент бул документти мурда бере элек болсо);
- эмитенттин акцияларды коомго сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алганын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды жана проспектти коомго сунуш кылуунун шарттарын мамлекеттик каттагандык үчүн комиссиялык акы төлөнгөнүн ырастоочу документ;
- эгерде эмитент өз ишин үч жылдан азыраак жүргүзсө, акыркы бүткөн үч финансылык жылдагы же ар бир жылдагы иши үчүн эмитенттин бухгалтердик жылдык отчетторунун көчүрмөлөрү;
- берилген бухгалтердик отчетко карата аудитордун корутундусу (аудиторлордун квалификациясына жана кесиптик компетенциясына карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат);
- проспекти түзгөн учурга карата акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык бухгалтердик отчетунун көчүрмөлөрү;
- корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү документтерди берген күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде акцияларды, баалуу кагаздарды жана проспектини коомго сунуш кылуунун шарттарын баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого алат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
13. Бул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин бир нускасын, үч нускада берилүүчү баалуу кагаздардын жана баалуу кагаздардын проспектисин коомго сунуш кылуунун шарттарын кошпогондо, эмитент баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
14. Баалуу кагаздардын проспектинде жана берилген башка документтерде камтылган маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүүнү жүргүзүүгө баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу.
15. Баалуу кагаздардын проспектинде жана берилген башка документтерде камтылган маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүүнү жүргүзүү үчүн керектүү документтерди берүүнү талап кылууга баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу.
16. Акцияларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарына жана/же баалуу кагаздардын проспектисине, ошондой эле башка документтерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү талап кылууга баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу.
17. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
18. Акцияны мамлекеттик каттоого алганга чейин баалуу кагазды сатып алуу жөнүндө чечимге олуттуу таасир тийгизүүчү жагдай жаралган учурда, ошол жагдайларды чагылдырып көрсөткөн өзгөрүүлөрдү жана/же толуктоолорду баалуу кагаздарды коомго сунуштоонун шарттарына жана/же баалуу кагаздардын проспектисине киргизип, аларды баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө эмитент милдеттүү.
19. Баалуу кагаздарды коомго сунуштоонун шарттарын жана баалуу кагаздардын проспектисин мамлекеттик каттоого алуу чечими кабыл алынган учурда, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде ошол чечимди эмитентке баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү берүүгө (жөнөтүүгө) милдеттүү:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын акцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимин;
- катталды деген белги коюлган баалуу кагаздарды коомго сунуштоонун шарттарынын эки нускасын;
- катталды деген белги коюлган баалуу кагаздар проспектисинин 2 нускасын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу
20. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечим баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй негиздерде кабыл алынышы мүмкүн:
- эгерде баалуу кагаздарды эмитенттин коомго сунуш кылуусу "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка чендик укуктук актыларынын талаптарына каршы келсе;
- акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини каттатуу үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;
-документтерде жалган маалыматтардын бар экендиги билинсе.
Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун шарттарын жана проспектин максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартылган учурда баалуу кагаздардын чыгарылышын каттатуу үчүн берилген документтер кайтарылып берилбейт.
22. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алуудан баш тартылган учурда, мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей, баш тартуунун себептерин көрсөтүп, жазуу жүзүндө бул тууралуу талапкерге баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билдириши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
24. Эгерде акциялардын чыгарылышын, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини каттоодон баш тартылса, анда баалуу кагаздар коомго сунуш кылынбайт.
Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттары
25. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарынын мазмуну ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.
Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттары көктөлөт, номер коюлат, ага коомдун эмитентинин жетекчисинин колу коюлат, мөөр басылат.
26. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттары үч нускада түзүлөт. Анын бир нускасы баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчиси - эмитентте сакталат, үчүнчүсү сактоо үчүн көз каранды эмес реестр кармоочуга берилет. Коомго сунуш кылуунун шарттарынын нускаларынын тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти чыныгы нуска деп эсептелет.
Эмитентте же көз каранды эмес реестр кармоочуда сакталган, каттоодон өткөн баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарынын түп нускасы менен баалуу кагаздардын ээлеринин таанышуусуна чектөө коюуга тыюу салынат.
Проспект
27. Проспект көктөлөт, номер коюлат, ага аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин жана баалуу кагаздын чыгарылышынын андеррайтеринин колу коюлат, коомдун мөөрү басылат.
28. Инвесторлорду адашууга алып келүүчү жана/же жалган, толук эмес маалыматтардын проспектиде болушунун кесепетинен баалуу кагаздардын ээсине келтирилген зыян үчүн субсидиялык жоопкерчиликтерди, проспектиге кол койгон адамдар эмитент менен бирге тартат.
29. Проспекти үч нускада түзүлөт. Анын бир нускасы каттоочу органда, экинчиси - эмитентте, үчүнчүсү көз каранды эмес реестр кармоочуда сакталат.
Проспектинин нускаларынын тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда каттоочу органда сакталган документтин тексти чыныгы нуска деп эсептелет.
30. Проспектиде камтылган маалыматтарды алууну камсыз кылууга жана маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиптери жөнүндө билдирүүнү мезгилдүү басылмаларга жарыялоого эмитент милдеттүү.
31. Коомго сунуш кылынуучу акцияларды жайгаштыруу коомго сунуш кылуу жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кийин башталат.
Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттары жана проспекти менен бардык жактар тааныша ала турган жер көрсөтүлүп, акцияларды коомго сунуш кылуу жөнүндө маалыматты жарыялоо жолу менен жүргүзүлөт.
Акцияларды коомго сунуш кылуу жөнүндө билдирүүдө төмөнкүдөй кабарлар жана маалыматтар камтылууга тийиш:
- коомдун толук аталышы, анын жайгашкан жери, коомдун почталык жана юридикалык дареги;
- баалуу кагаздарды коомго сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алган каттоого алган каттоочу органдын аталышы, анын жайгашкан жери, мамлекеттик каттоого алынган күн жана чыгарылышка берилген мамлекеттик каттоонун номери;
- акцияларды жайгаштыруу башталган күн;
- баалуу кагаздардын коомго сунуштоонун шарттарында жана проспектисинде камтылган маалыматтарды алуунун дареги.
Баалуу кагаздардын проспектиси менен, аны менен кошо ага киргизилген, каттоодон өткөн баардык өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен таанышуу мүмкүнчүлүгү, бүтүмдөр түзүлгөнгө чейин, жайгаштырылган баалуу кагаздарды сатып алуучулардын ар бирине берилүүгө тийиш.
Баалуу кагаздарды эмиссия кылуу учурунда проспектиге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
32. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы жаралган же белгилүү болгон учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей, проспектиге киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жаңы, толук маалыматтары менен кошо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй учурларда берүүгө эмитент милдеттүү:
- проспектиде камтылган маалыматтарды өзгөртүү керек болгон учурда;
- проспектиде ачылып берилүүгө тийиш болгон олуттуу жаңы маалыматтар жаралса, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспектини берген учурга чейин андай маалымат жаралса;
- адашууга алып келүүчү же болбосо жалган маалыматтар проспектиде камтылгандыгы аныкталса, же болбосо маалыматтарды ачып берүүдө олуттуу жагдайлар проспектиге киргизилбей калса.
Проспектиге жана/же проспектинин жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы керек.
33. Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөттөрүн, ошондой эле ушул шарт менен бекитилген жана проспектиде көрсөтүлгөн бир баалуу кагазга болгон укуктун көлөмүн кыскартуу максаттарын көздөп, проспектиге же болбосо проспектини алмаштыруучуга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
34. Проспектиге жана/же проспектинин жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттатуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттатуу үчүн жазылган арызды;
- проспектиге жана/же проспектинин жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду.
35. Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттатуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмитент ушул Жободо талап кылынган документтерди үч нускада берет.
Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун тексттери каттоочу органга электрондук алып жүрүүчү менен да берилет.
36. Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоого алууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөртүүлөр жана толуктоолор берилген учурдан тартып 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырат.
Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттатуунун мезгилинде коомго сунушталган ошол баалуу кагаздар менен келишимдерди жасоого тыюу салынат.
37. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоого алуу үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын чын-төгүндүгүн текшерүүнү жүргүзүүгө укуктуу.
Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоого алуу үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын чын-төгүндүгүн текшерүү үчүн керектүү документтерди сурап алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
38. Ушул Жободо каралган документтерди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга толук бербей койгон учурда, ошондой эле жоюп коюуга мүмкүн болгон башка кемчиликтер табылган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоодон баш тартпастан эмитентке кетирилген кемчиликтерди 10 жумушчу күндүн ичинде оңдоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө укуктуу. Ушундай болгон учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кетирилген кемчиликтерди жана аларды жоюучу мөөнөттү көрсөтүү менен кемчиликтерди жоюу зарылдыгы жөнүндө билдирүүнү эмитентке жөнөтөт.
Оңдолгон жана/же толукталган документтерди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүдө эмитент өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилип жаткан документтерди гана берет. Аталган документтер ушул Жободо белгиленген сандагы нускада, түшүндүрмө кат менен коштолуп жана берилип жаткан документтердин тизмеси түзүлүп берилет.
39. Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого алуу жөнүндө чечимин кабыл алган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөрдү эмитентке берүүгө (жөнөтүүгө) милдеттүү:
- проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого алуу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин;
- проспектиге жана/же проспектинин жаңы редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун эки нускасын, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгини басуу менен.
Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде баш тартуунун негизи камтылган баш тартуу жөнүндө билдирүүнү эмитентке берүүгө (жөнөтүүгө) милдеттүү.
40. Коомго сунуш кылынган баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоодон баш тартуу үчүн ушул Жободо каралган негиздер проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого алуудан баш тартуучу негиздер болуп саналат.
41. Проспектиге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого алуудан баш тартылган учурда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду каттоого алуу үчүн берилген документтер кайтарылып берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
Акцияларды коомго сунуш кылууну токтотуу жана коомго сунуш кылуу шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жараксыз деп табуу
42. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздарды коомго сунунш кылууну төмөнкү учурларда бир айдан ашпаган мөөнөткө токтотушу мүмкүн:
- проспект жалган же адашууга алып келүүчү ар кандай олуттуу маалыматты камтыса;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу процессинде баалуу кагаздарды сунуштоонун шарттары бузулса;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу процессинде «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана жогоруда аталган мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптар бузулса.
Токтотуу мөөнөтү аяктагандан кийин, жогоруда аталган бузуулар чектелбеген учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагазды коомго сунуш кылууну жараксыз деп табат жана коомго сунуш кылуу шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жокко чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
43. Баалуу кагазды коомго сунуш кылуу токтотулганда коомго сунуш кылуу токтотулган мөөнөттүн ичинде баалу кагаздарды коомго сунуш кылууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
Эмиссия кылууда акцияларды коомго сунуш кылуунун натыйжалары жөнүндө отчетту каттоо
44. Төмөнкүдөй шарттардын бири аткарылган учурда акцияларды коомго сунуш кылуу ишке ашты деп эсептелет:
- проспектиде белгиленген мөөнөттүн ичинде коомго сунуш кылган баардык акциялар сатылып кетсе;
- коомго сунуш кылууну ишке ашты деп таануу үчүн зарыл болгон сатылууга тийиш болгон акциялардын минималдуу саны проспектиде белгиленсе, проспектиде белгиленген мөөнөттүн ичинде сатылууга тийиш болгон акциялардын минималдуу санынан кем эмес акциялар сатылса;
- андеррайтинг жөнүндө макулдашууга ылайык коомго сунуш кылынган акциялардын баардыгы же проспектиде белгиленген акциялардын минималдуу саны андеррайтерге же андеррайтер тарабынан сатылса.
45. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун катталган шарттарында көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды сатуу бүткөндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде баалуу кагаздарды эмиссия кылуунун учурунда коомго сунуш кылууну чыгаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
46. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун түрлөрү жана мазмуну ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.
Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет көктөлөт, номер коюлат, коомдун аткаруучу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет, коомдун мөөрү басылат.
47. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттатуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык коомдун арызы;
- № 1 "Эмиссия" формасындагы "Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө" статистикалык отчет (бир жолку);
- ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык акцияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет;
- акциялардын толук төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер;
- коомго сунуш кылуу жолу менен баалуу кагаздардын жайгаштырылышын ырастаган, коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу күбөлөндүргөн (баалуу кагаздардын эсеби депо эсебинде эсепке алынса, депозитарий тарабынан) акционерлердин реестринен көчүрмө;
- жайгаштырылган баалуу кагаздарга төлөнгөн чет элдик валюталардын көлөмү жөнүндө маалымат, төлөө учурундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын эквивалентин көрсөтүү менен;
- баалуу кагаздардын чыгарылышын резидент эместердин арасында жайгаштыруу жөнүндө маалымат, баалуу кагаздарды сатып алуучунун аталышын жана аты-жөнүн, сатып алуучу өлкөнү, алар сатып алган баалуу кагаздардын санын жана нарктык суммасын, иш жүзүндө сатылып алынган баалуу кагаздардын суммасын, баалуу кагаздар сатылып алынган күндү көрсөтүү менен.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
48. Жайгаштырылып жатканда акционердик коомдорго баалуу кагаздарды сатып алуунун артыкчылыктуу укуктары берилген коомдук жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттатуу үчүн аталган артыкчылыктуу укуктарды жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ошол коомдун акционерлерине билдиргендигин ырастоочу документти каттоочу органга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
49. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетто камтылган жалган, толук эмес жана/же инвесторду адашууга алып келген маалыматтардын кесепетинен баалуу кагаздардын ээлерине эмитенттин келтирген зыяндары үчүн баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетко кол койгон адамдар, күнөөлөрү болсо, биргелешип субсидардык жоопкерчиликтерди тартат.
50. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үч нускада берилет. Алардын бир нускасы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчиси - коомдо сакталат, үчүнчүсү көз каранды эмес реестр кармоочуга сактоо үчүн берилет.
Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун нускамаларынын тексттеринде айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти чыныгы деп эсептелет.
51. Ошондой эле баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун тексти бир магниттик булакта жазылып каттоочу органга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
52. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечимди кабыл алууга же баалуу кагаздарды коомго ошол сунуш кылуу ишке ашпай калды деп таанууга жана баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жараксыз кылууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү.
Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 жумушчу күн өтүп кеткенден кийин баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуу ишке ашпай калды деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укугу жок.
Коомго сунуш кылуу шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоону жараксыз кылуу бул баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоосунун номерин жараксыз кылууга алып келет.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жараксыз кылууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизүү жолу менен ишке ашырат.
Баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо номерин жараксыз кылуу, коомго сунуш кылуу шарттарын жана проспетти мамлекеттик каттоону жараксыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
53. Ушул Жободо каралган документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга толук берилбей калган учурда, ошондой эле жоюп коюуга мүмкүн болгон башка кемчиликтердин бети ачылган учурда баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого алуудан баш тартпай туруп, кетирилген кемчиликтерди 10 жумушчу күндө оңдоо мүмкүнчүлүгүн эмитентке берүүгө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу. Мындай болгон учурда, кетирилген кемчиликтерди жана аларды жоюу үчүн берилген мөөнөттү көрсөтүү аркылуу кемчиликтерди жоюу керектиги жөнүндө билдирүүнү эмитентке баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтөт.
Оңдолгон жана/же толукталган документтерди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүдө эмитент өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилип жаткан документтерди гана берет. Көрсөтүлгөн документтер ушул Жободо белгиленген сандагы нускада, түшүндүрмө кат менен коштолуп жана берилип жаткан документтердин тизмеси түзүлүп берилет.
54. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү чечимди кабыл алган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке төмөнкүлөрдү берүүгө (жөнөтүүгө) милдеттүү:
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого алуу тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими;
- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белгиси бар, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун эки нускасы.
55. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет мамлекеттик каттоого алынбай тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынган учурда, баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет мамлекеттик каттоого алынбай тургандыгы тууралуу каттабай коюунун негизи камтылган билдирүүнү тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде эмитентке берүүгө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү.
56. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет мамлекеттик каттоого алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөр аркылуу ачып берүүгө милдеттүү:
- коомго сунуш кылуунун жыйынтыктарын жарыялоо;
- фондулук биржаларга билдирүү.
57. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого албоо жөнүндө чечимди, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алат:
- баалуу кагаздарды эмиссия кылуунун жүрүшүндө эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузса, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:
- баалуу кагаздарды коомго жайгаштыруунун катталган шарттарында каралган жайгаштыруу шарттары бузулса;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун чыгарылышы жөнүндө маалыматтарды ачып берүүгө карата коюлган талаптарды эмитент аткарбай койсо;
- документтерде жалган маалыматтардын бар экендиги билинсе;
- баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун отчетун каттоого алууга негиз болуп саналган баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун шарттарына же башка документтерге жалган, чындыкка туура келбеген (так эмес) маалыматтар киргизилсе.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
58. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет каттоого алынбай калган учурда берилген документтер кайтарылып берилбейт.
59. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту мамлекеттик каттоого албоо жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Баалуу кагаздарды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет мамлекеттик каттоого алынбай калган учурда мындай чыгарылыш ишке ашпай калды деп таанылат жана ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери жараксыз кылынат.
III. Акционердик коомду уюштуруу учурунда акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо
61. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттатуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- каттоого алуу арызы;
- юридикалык жак катары каттоого алынгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- юридикалык жактын уюштуруучулук документтеринин көчүрмөлөрү;
- уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтер;
- каттоо үчүн алынуучу жыйымдардын төлөнгөндүгүн ырастаган документ.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
62. Акционердик коомду уюштуруу учурунда акционердик коомдун уюштуруучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн уюштуруучулук акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө керектүү документтер, акционердик коом мамлекеттик каттоого алынган күндөн тартып бир айдын ичинде, каттоочу органга берилүүгө тийиш.
63. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын каттоо учурунда жогоруда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей, баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди кабыл алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
64. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого албоо жөнүндө чечимди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 71-пунктунда каралган негиздер боюнча кабыл алышы мүмкүн.
65. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоо учурунда ошол чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери берилет.
66. Акциялардын уюштуруучулук чыгарылышынын мамлекеттик катталышы, акциялардын уюштуруучулук чыгарылышынын жыйынтыктарын таануу дегенди билдирет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
IV. Баалуу кагаздардын жекече эмиссиясы Жеке эмиссиялоодо акцияларды чыгарууну каттоо
67. Баалуу кагаздардын жеке эмиссиясын каттатуу үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмитент төмөнкүдөй документтерди берет:
- каттоого алуу арызы;
- акцияларды чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жөнүндө чечимди бийлик укуктуу органдын кабыл алгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- каттоого алуудагы жыйымдардын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
68. Ушул Жобонун 67-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбей акцияны каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди кабыл алууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү.
69. Жеке эмиссия кылган учурда, акционерлердин жалпы чогулушунун жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечими менен ошол чыгарылыштагы акциялардын түрү, саны, акцияларды жайгаштыруунун мөөнөтү (жайгаштыруу башталуучу күн жана жайгаштыруу бүтүүчү күн), аларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби, акцияларды жайгаштыруунун баасы (баалары) же бааларды аныктоонун тартиби, акцияларга акы төлөөнүн түрү жана тартиби аныкталышы керек.
70. Жеке эмиссия кылган учурда, ал чөйрөгө кирген адамдардын тизмесин түзүү жолу менен ошол акциялар жайгаштырылуучу адамдардын чөйрөсү акционерлердин жалпы чогулушунун акцияларды жайгаштыруу жөнүндө чечиминде камтылып, көрсөтүлүшү керек.
71. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимди баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алышы мүмкүн:
- акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе;
- акциялардын чыгарылышын каттатуу үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- документтерде жалган маалыматтардын бар экендиги билинсе;
- берилген документтер жана аларда камтылган маалыматтардын курамы толук эмес болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
72. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуудан баш тартылган учурда, мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып бир жумушчу күндөн кечиктирбей, баш тартуунун себептерин көрсөтүп, жазуу жүзүндө бул тууралуу арыз ээсине баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билдириши керек.
Мамлекеттик каттоого алуудан баш тартылган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин ар биринен бирден нусканы же болбосо алардын көчүрмөлөрүн өзүнө алып калып, калган документтерди эмитентке кайтарып берет.
73. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
Жеке эмиссия кылынганда акциялардын чыгарылышынын жыйынтыктары
74. Эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтү бүткөндөн кийин 1ден кем эмес акция жайгаштырылса анда жекече эмиссия кылынган акциялардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылат.
75. Эмитент акцияларды жайгаштыруу бүткөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбей төмөнкү маалыматтарды камтыган билдирүүнү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү:
- акцияларды жайгаштыруу башталган жана бүткөн күн;
- жайгаштырылган акциялардын саны;
- бир акцияны жайгаштыруунун баасы;
- коомдун көз каранды эмес реестр кармоочусу берген акционерлердин реестринен көчүрмөсүн;
- акциялардын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди;
- акцияларды жайгаштыруудан алынган түшүүлөрдүн жалпы көлөмүн, анын ичинде:
улуттук валютадагы акча каражаттардын көлөмү;
чет элдик валюталардын көлөмүн, төгүү учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы баасын көрсөтүү менен;
баалуу кагаздарды жайгаштыруунун акысы катары төгүлгөн материалдык жана материалдык эмес активдердин көлөмү, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүү менен.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)
V. Номиналдык наркын өзгөртүү учурунда, бириктирүү жана бөлүштүрүү учурунда алмаштыруу жолу менен жайгаштырылуучу акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо
76. Башка номиналдуу наркы бар ошол эле категориядагы (типтеги) акциялардын категориясына (тибине) алмаштыруу жолу менен жайгаштырылуучу акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн ушул Жобонун 67-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр берилет:
- акцияларды майдалоо жана топтоо учурунда акциялардын санынын өзгөрүшү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу органдын кабыл алгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү.
77. Акциялардын номиналдуу наркы өзгөрүлгөн, топтоштурулган жана майдаланган учурда акциялар алмаштырылат, мындай алмаштыруунун натыйжасында акциялар тындырылат (жокко чыгарылат).
VI. Юридикалык жакты кайра уюштурганда баалуу кагаздарды эмиссиялоо. Юридикалык жакты кайра уюштуруу учурунда жайгаштырылган акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуунун өзгөчөлүктөрү
78. Кайра уюштурууда жайгаштырылуучу акционердик коомдун акцияларын чыгарылышын каттатуу үчүн төмөнкүдөй документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошумча берилет:
- кайра уюштурулуучу жакты кайра уюштуруу жөнүндө чечимди кабыл алган бийлик укуктуу башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү;
- өткөрүп берүү актысынын (кошулуу, бириктирүү жана кайра түзүү учурунда) же бөлүштүрүү балансынын (бөлүштүрүү жана бөлүнүп чыгуу учурунда) көчүрмөсү. Өткөрүп берүү акты же бөлүштүрүү балансы уюштуруу келишиминин алмаштырган документ болуп эсептелет;
- акцияларды алмаштыруунун тартиби;
- уставдык капиталды көбөйтүү жана башка юридикалык жактар кошулган (бириктирилген учурда) акционердик коомдун кошумча акцияларын чыгаруу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунун көчүрмөсү.
79. Кайра уюштурууда жайгаштырылган акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн документтер төмөнкүдөй убакытта баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүгө тийиш:
- кошулуунун, бөлүштүрүүнүн, бөлүнүп чыгуунун же кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн юридикалык жак мамлекеттик каттоого алынган күндөн тартып үч айдын ичинде;
- акцияларды кошумча чыгаруу жөнүндө чечимди бириктирилип жаткан акционердик коом кабыл алган күндөн тартып үч айдан кечиктирбей.
VII. Баалуу кагаздардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет мамлекеттик каттоого алынгандан кийин баалуу кагаздардын проспектисин каттоо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VIII. Акцияларды жараксыз деп табуунун тартиби
91. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган акциялар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте төмөнкүдөй учурларда жараксыз деп табылышы мүмкүн:
- жүгүртүлүп жаткан акциялардын санын азайтуу жөнүндө акционердик коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча;
- акциялардын номиналдык наркы өзгөртүлсө;
- акционердик коомдун ишмердиги токтотулганда (жоюлганда);
- баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылганда.
Белгиленген мөөнөттүн ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана ал жөнүндө тиешелүү жазуулар Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Төмөнкүдөй документтердин негизинде акцияларды жараксыз деп табуу жүзөгө ашырылат:
- акцияларды жараксыз деп табуу же анын өздүк баасын өзгөртүү жөнүндө (акционердик коомдун демилгеси боюнча акцияларды жараксыз деп табуу учурунда) чечимди кабыл алган акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу;
- акционердик коомду жоюу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун протоколу жана акционердик коомдун ишмердиги токтотулгандыгын ырастоочу документ (жоюлганда);
- акциялардын чыгарылышы ишке ашпай калды деп таануу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими (акциялардын чыгарылышы ишке ашпай калды деп таанылган учурда);
- акциялардын чыгарылышын жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими (акциялардын чыгарылышы жараксыз деп таанылган учурда).
93. Акцияларды жараксыз деп табылышы ошол баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номеринин жараксыз болушуна алып келет.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жараксыз деп табууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизүү жолу менен жүзөгө ашырат.
94. Акциялардын жараксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып кийинки күндөн кеч эмес мөөнөттө баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоо номери жараксыз деп табылууга тийиш.
IX. Акцияларды чыгаруу ишке ашкан жок же жараксыз деп таануунун тартиби
95. Баалуу кагаздардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылганга чейин эле акцияларды чыгаруу ишке ашпай калды деп таанылышы мүмкүн.
96. Акциялардын чыгарылышын ишке ашпай калды деп таануу жөнүндө материалдарды, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акционердик коомдун жетекчисинин катышуусунда карайт. Ошол жак катышпаса, иш каралуучу жер жана убакыт жөнүндө билдирүү Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак катталып, иш жүргүзүп жаткан дарекке же катталган дарекке жазуу түрүндө жеткирилди деген маалымат болгон учурда гана ошондой эле ишти кароону жүйөлүү себептер боюнча кийинкиге калтыруу өтүнүчү ошол жетекчиден келип түшпөгөн учурда, материалдар карала бериши мүмкүн.
97. Эмитентке текшерүү жүргүзүү же баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын коргоо максатында акциялардын чыгарылышынын ишке ашпай калышы жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин акциялардын эмиссиясын токтотууну талап кылууга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктуу.
98. "Акциялардын чыгарылышынын ишке ашпай калышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык доо-арыз берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
99. Акциялардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылгандан кийин акциялардын чыгарылышы "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
100. Баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылышы ошол акциялардын жараксыз болуп калышына жана баалуу кагаздарды төлөөнүн эсебинен эмитент алган акча каражаттарынын (башка мүлктөрдүн) акциялардын ээлерине кайтарылып берилишине алып келет.
101. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын жараксыз деп табылгандыгы жөнүндө төмөнкү жактарга билдирет:
- баалуу кагаздарынын чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган эмитентке;
- баалуу кагаздар рыногундагы тоорукту уюштуруучуга (баалуу кагаздар коомго сунуш кылынганда);
- чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылган баалуу кагаздардын реестрин жүргүзгөн адистешкен каттоочуга.
102. Баалуу кагаздар жараксыз деп таанылган чечим кабыл алынган күндөн кийинки күнү акциялардын жараксыздыгы жөнүндө билдирүү телефон, телефакс аркылуу, электрондук байланыштын башка каражаттарын пайдалануу менен билдирилет жана жогорудагыдай чечим кабыл алынгандан тартып 3 күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу жүзүндөгү ырастама (алдын ала билдирүү) милдеттүү түрдө жөнөтүлүшү керек.
103. Акциялар жараксыз деп табылган учурдан тартып 5 күндөн кеч эмес мөөнөттө бул жөнүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
104. Баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды же жараксыз деп таанылышы баалуу кагаздарды жүгүртүүдөн алып салууга жана баалуу кагаздарды төлөөнүн эсебинен эмитент алган акча каражаттарын (башка мүлктөрдү) акциялардын ээлерине кайтарып берүүгө алып келет.
| №1 тиркеме Титулдук барактын формасы |
Акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттары
Эмитенттин толук аталышы:
Эмитенттин жайгашкан жери:
Байланыш телефондору:
Коомдун жетекчисинин
кызматынын аталышы
_______________________________________________
(койгон колу) (аты-жөнү)
(Мөөр)
Күнү 201__-жылдын "___" ____________________
Акцияларды коомго сунуш кылуунун
шарттарына киргизилүүчү маалыматтар
1. Баалуу кагаздын категориясы (тиби), түрү.
2. Чыгарылыштагы баалуу кагаздардын ар биринин номиналдык наркы.
3. Ошол чыгарылыштагы баалуу кагаздардын саны.
4. Мурда жайгаштырылган баалуу кагаздардын жалпы саны.
5. Чыгарылган ар бир баалуу кагаздын ээлеринин укугу (акциялары бар акционерлерге берилүүчү укуктар жөнүндө; жарыяланган дивиденддерди алуу укугу жөнүндө; анын иш-милдетиндеги баардык маселелер боюнча добуш берүүчү укугу менен акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу укугу жөнүндө; акционердик коом жоюлуп кеткен учурда анын мүлкүнүн бөлүгүн алуу укугу жөнүндө акционердик коомдун уставындагы жоболор так көрсөтүлөт).
6. Чыгарылыштын баалуу кагаздарын жайгаштыруунун шарттары жана тартиби.
7. Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөттөрү баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө кандайдыр бир маалыматты ачыкка чыгаруунун күнүн көрсөтүү менен аныкталат.
8. Жайгаштырылган баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алууну жүзөгө ашыруунун тартиби, анын ичинде, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуунун мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруунун тартиби.
9. Баа (баалар) же баалуу кагаздарды жайгаштыруунун бааларын аныктоонун тартиби.
10. Баалуу кагаздарга акы төлөөнүн шарттары жана тартиби.
11. Ишке ашпай калды деп эсептелген баалуу кагаздардын чыгарылышын жайгаштыруудагы үлүштөр, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды деп таанылган учурда баалуу кагаздарга алынган төлөм каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби.
12. Акцияларды коомго сунуш кылуунун башка шарттары.
| 2-тиркеме Каттоочу органдын аталышы |
Акцияны коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн АРЫЗ
__________________________________________________________________
(эмитенттин фирмалык толук аталышы)
акцияны коомго сунуш кылуунун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алууну суранат
_______________________________________________________________________
(акциянын түрү, саны, номиналдык наркы, эмиссиянын көлөмү көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________________
(акцияны чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечими, аны бекиткен эмитенттин
_________________________________________________
ылайык жайгаштырылат. ыйгарым укуктуу органы, бекитилген күн, номер)
Эмитенттин жайгашкан жери, почталык дареги жана байланыш телефондору:
_________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(жетекчинин кызматынын аталышы, койгон колу,
_______________________________________________________________________
аты-жөнү)
Күнү 201__-жылдын "___" ____________________
М.О.
| 3-тиркеме
|
Акциялардын чыгарылышын каттоо КАРТАСЫ
Эмитенттин аталышы _______________________________________________
(толук аталышы, кыскартылган аталышы)
Эмитенттин уюштуруучулук-укуктук формасы: ________________________
Дареги: __________________________________________________________
Ишинин негизги түрү: _____________________________________________
Телефон _____________________ Телетайп ___________________________
Телефакс ____________________ Телекс _____________________________
Юридикалык жактын катталган номери _______________________________
Катталган (кайра катталган) күнү _________________________________
Юридикалык жакты каттоодон өткөргөн орган ________________________
Эмитентти уюштуруучулар
┌───────────────────┬──────────────┬───────────┬──────────────────────┐
│ Толук аталышы │Индекс, дареги│Акциялардын│ Уставдык капиталдагы │
│ │ │ саны │ үлүшү, % │
├───────────────────┼──────────────┼───────────┼──────────────────────┤
└───────────────────┴──────────────┴───────────┴──────────────────────┘
Уставдык капитал, сом
Чыгарылган акциялардын номиналдык наркы, сом
Акциялардын нускасы х сом
Акцияларды жайгаштыруу башталган күн
Акцияларды жайгаштыруу бүткөн күн
Акциялардын чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды _______________ _______________________________________________________________________
(каттоочу органдын аталышы)
Мамлекеттик катталуу номери КG ___________________________________
201__-жылдын "__" _____________________
Чыгарылган акцияларды каттоого алган кызмат адамынын койгон колу.
Каттоочу органдын мөөрү.
| 4-тиркеме Каттоочу органдын аталышы |
Акцияларды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттатуу үчүн АРЫЗ
__________________________________________________________________
(эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Акцияларды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоого
алууну суранат: _________________________________________________
_______________________________________________________________________
(акцияларды жайгаштыруунун ыкмасы, эмиссиянын көлөмү,
_______________________________________________________________________
акциялардын номиналдык наркы, саны, формасы көрсөтүлөт)
Катталды _________________________________________________________
(мамлекеттик каттоого алынган, акция чыгарылган күн,
_______________________________________________________________________
жана мамлекеттик каттоонун номери көрсөтүлөт)
Жайгаштырылды ____________________________________________________
(иш жүзүндө төлөнгөн эмиссия суммасы көрсөтүлөт)
Эмитенттин жайгашкан жери, почталык дареги жана байланыш телефондору
__________________________________________________________________
Жетекчинин кызматынын аталышы _____________________________________
(койгон колу, аты-жөнү)
Күнү 201__-жылдын "___" ____________________
М.О.
| 5-тиркеме Акцияларды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун титулдук барагынын формасы |
Акцияларды коомго сунуш кылуунун жыйынтыктары жөнүндө ОТЧЕТ
__________________________________________________________________
(эмитенттин фирмалык толук аталышы)
Чыгарылыштын мамлекеттик каттоого алынган номери _________________
Чыгарылыш мамлекеттик каттоого алынган күн 201_-жылдын "__" ______
Эмитенттин жайгашкан жери, почталык дареги жана байланыш телефондору:
_________________________________________________________________
Жетекчинин кызматынын аталышы ____________________________________
(койгон колу, аты-жөнү)
Башкы бухгалтер __________________________________________________
(койгон колу, аты-жөнү)
Каттоочу _________________________________________________________
(койгон колу, аты-жөнү)
Төрага ___________________________________________________________
Күнү _____________________________________________________________
1. Баалуу кагаздын категориясы (тиби), түрү.
2. Баалуу кагаздын формасы.
3. Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун ыкмасы.
4. Баалуу кагаздарды жайгаштыруунун иш жүзүндөгү мөөнөтү.
Акциялар бөлүштүрүлгөн күн (юридикалык жак катары коомдун мамлекеттик каттоого алынган күнү).
5. Чыгарылыштагы ар бир баалуу кагаздын номиналдык наркы.
6. Чыгарылыштагы жайгаштырылган баалуу кагаздардын саны.
7. Чачыратылып жайгаштырылган акциялардын саны.
8. Чыгарылыштагы баалуу кагаздарды жайгаштыруунун баасы (баалары).
9. Жайгаштырылган баалуу кагаздардан келип түшкөн каражаттардын жалпы көлөмү.
10. Чыгарылышы ишке ашпай калды деп таанылган баалуу кагаздар жайгаштырылбаган учурда баалуу кагаздар үлүшү.
11. Чыгарылыштагы жайгаштырылган жана жайгаштырылбаган баалуу кагаздардын үлүшү (чыгарылыштагы баалуу кагаздардын жалпы санынан процент менен).
12. Эмитенттин ири бүтүмдөрү, ошондой эле келишимдин түзүүгө эмитенттин кызыкчылыгы болгон, баалуу кагаздарды жайгаштыруунун процессинде түзүлгөн бүтүмдөр.
13. Эмитенттин акционерлеринин реестринде катталган жактар, эмитенттин башкаруу органына кирген жактар жөнүндө маалыматтар.
| 6-тиркеме Каттоочу органдын аталышы |
Жеке эмиссия кылууда акцияларды уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу АРЫЗЫ
__________________________________________________________________ (коомдун фирмалык толук аталышы)
___________________ чыгарылыштагы акцияларды __________________________ _______________________________________________________________________ (акциянын түрү)
мамлекеттик каттоого алууну өтүнөт.
саны _______________________________________________________ нуска
номиналдык наркы _____________________________________________ сом
уставдык капиталдын суммасы __________________________________ сом
эмиссиянын көлөмү (жеке эмиссия кылууда) _____________________ сом
Коомдун жайгашкан жери, юридикалык жана почталык дареги жана
байланыш телефондору ________________________________________
Коомдун жетекчисинин
кызматынын аталышы ______________________________________________. (койгон колу, аты-жөнү)
Күнү 201__-жылдын "___" ____________________
М.О.