Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №553 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №550
"Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө
Кыргызстандын элдик-колдонмо өнөрүн сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанда элдик салттуу кол өнөрчүлүктү натыйжалуу башкарууну жана өнүгүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы №211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы №135 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышында жана бүткүл текстинде "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын Уставында:
аталышы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
бүткүл тексти боюнча:
"Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "бирикме" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "ишкана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыял" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
1.1-1.3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.1. "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 4-сентябрындагы № 293 "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси жөнүндө" Жарлыгы менен, Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн негизинде уюштурулган.
1.2. Ишкананын толук аталышы: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы".
1.3. Ишкананын кыскартылган аталышы: "Кыял" МИ";
4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Ишкананын ишин башкы директор башкарат, ал кызматка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Башкы директор эки жыл мөөнөткө дайындалат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте укуктарга ээ болот, милдеттерди жана жоопкерчиликти алат, ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги (мындан ары - Министрлик) менен түзүлүүчү эмгектик келишимдин негизинде иштейт.
Башкы директордун бир орун басары болот, аны кызматка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
Ишкананын бухгалтери кызматка Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан дайындалат жана бошотулат.";
4.2-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Ишкананын штаттык санын (Министрлик менен макулдашуу боюнча), структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;";
4.3-пункттагы "Бирикменин кеңеши тарабынан бекитилет" деген сөздөр "эмгектик келишимге ылайык бекитилет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5.6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.6. Ишкананын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери кызматтык нускамаларда жана Ишкана менен түзүлгөн келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.";
6.1-пункт "өз алдынча жүргүзөт" деген сөздөрдөн кийин "жана Министрликке отчет берет" деген сөздөр менен толукталсын;
6.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.5. Ишкананын жетекчилиги эмгек акынын белгиленген фондунун чегинде, Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык санын бекитет;";
6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6.17-пункт менен толукталсын:
"6.17. Ишкана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген отчетторду Министрликке жана башка мамлекеттик органдарга берет.";
Уставдын 7.4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;
8.2-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
Уставдын 9.6-пункту "жеке адамдарга" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
Уставдын 9.7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9.7. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгында Ишкананын таза кирешесинин 50%тен кем эмеси Министрликтин алыш-бериш эсебине которулууга жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин республикалык бюджетке которулууга тийиш.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Башкаруу схемасында:
"Ведомстволук бөлүмчөлөр" деген бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
┌────────────────────────────────────────┐
│"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк│
│министрлигине караштуу "Кыял" Улуттук │
│элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" │
│мамлекеттик ишканасы │
└────────────────────────────────────────┘
";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө жободо:
- 13-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы.".
сегизинчи абзацы "Ведомствого караштуу подразделениелердин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине караштуу "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |