Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-августу № 511
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабры № 318, 2023-жылдын 23-майындагы № 269, 2026-жылдын 5-июну № 394, токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин тиркелген Уставы бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиалык буюмдар мекемеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиалык буюмдар мекемесинин укук улантуучусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
(КР КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17 декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылаыйк)
3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 828 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар ишканасы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 511 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318, 2023-жылдын 23-майындагы № 269, 2026-жылдын 5-июну № 394, токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мекеменин максаты, милдеттери жана функциялары
III. Мекеменин укуктары жана милдеттери
IV. Мекемени башкаруу
V. Эсепке алуу жана отчеттуулук
VI. Мекеменин мүлкү жана финансысы
VII. Мекеменин ишинин токтотулушу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - Мекеме) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин (мындан ары - Министрлик) буйруктарын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2. Мекеменин уюштуруучу документи болуп Устав саналат.
3. Мекеменин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси";
расмий тилде - "Республиканское учреждение протезно-ортопедических изделий при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики".
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Мекеменин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "РПОБМ";
- расмий тилде - "РУПОИ".
5. Мекеме юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
6. Мекемеде мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибутикасы болот.
7. Мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу укуктук формасында түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.
8. Мекеменин жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 208.
9. Мекеменин Ош шаары, Каргантөбө көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан филиалы бар.
10. Мекеменин протездик-ортопедиялык буюмдарды жана майыптардын кресло-коляскаларын ондоочу протездик-ортопедиялык устаканалары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мекеме өзү өндүрүүчү буюмдарга, аткарылуучу жумуштарга жана көрсөтүүчү кызматтарга болгон керектөөгө жараша өзүнүн ишин пландаштырат жана өнүгүү келечегин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17 декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Мекеменин максаты, милдеттери жана функциялары
12. Мекеменин негизги максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды протездик-ортопедиялык буюмдар жана майыптардын кресло-коляскалары менен камсыздоо болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- майыптыгы бар адамдарды жана таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларынан жана бузулгандыгынан жабыркаган республиканын башка жарандарын протездик-ортопедиялык буюмдар жана майыптардын кресло-коляскалары, реабилитациялоонун техникалык каражаттары жана тиричилик шаймандары менен өз убагында жана даректүү камсыздоо;
- протездөө технологиясын, майыптардын кресло-коляскаларын оңдоону өркүндөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мекеме төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- өзүнүн функциялык мүнөздөмөлөрү, биомеханикалык жана кинематикалык параметрлери боюнча заманбап аналогдордон кем калышпаган протездик-ортопедиялык буюмдарды чыгарат;
- майыптыгы бар адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды жана алга жылуунун атайын каражаттарын, ошондой эле тиричиликтик шаймандарды жасоого жана берүүгө заказдарды алат;
- заказды тариздейт жана даяр буюмду ченөө жана алуу үчүн мөөнөтүн көрсөтүү менен заказ алынганы жөнүндө маалымдайт, даяр продукцияны башкы мекемеде, филиалда, ошондой эле көчмө бригада иштеген жерде ченейт, тууралайт жана берет;
- протездик-ортопедиялык буюмдарды майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарына ылайык талаптагыдай сапатты жана комплекттүүлүктү сактоо менен жасоону камсыздайт;
- майыптардын кресло-коляскаларын сатып алууну, чогултууну, оңдоону, сактоону жана берүүнү жүргүзөт. Майыптардын кресло-коляскаларын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин разнарядкасы боюнча жүзөгө ашырылат;
- майыптыгы бар адамдардан алынган заказдарга жана Мекеменин картотекасына ылайык өндүрүштүк-чарбалык иш жүргүзөт;
- мекеменин өндүрүштүк кубаттуулугун максималдуу пайдаланат, чыгарылып жаткан буюмдардын сапатын жогорулатат, заказчылардын сунуштарына жана керектөөлөрүнө ылайык өзү чыгарган буюмдарды өркүндөтүп турат;
- белгиленген тартипте бюджеттик каражаттарды бекитилген сметага жараша пайдаланат;
- мыйзамда белгиленген тартипте бухгалтердик, оперативдүү жана статистикалык эсеп жүргүзөт, бекитилген формалар боюнча отчетторду түзөт жана аны белгиленген мөөнөттөрдө тийиштүү органдарга берет;
- Мекеменин кызматкерлерин даярдайт жана квалификациясын жогорулатат;
- мыйзамга ылайык буюмдарды жасайт жана заказчыларга берет, белгиленген тартипте жумуштарды аткарат жана кызматтарды көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №121, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 , 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомдорунун редакциясына ылайык)
III. Мекеменин укуктары жана милдеттери
15. Мекеме милдеттерди чечүү жана өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
- башка юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде акчалай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- чарбалык-өңдүрүштүк иштин түрлөрү боюнча белгиленген тартипте жылдык сметаны иштеп чыгууга;
- өндүрүлгөн буюмдарга кеткен чыгымдарды төлөөгө Министрликке берүү үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүүгө;
- эмгек мыйзамдарына ылайык Мекеменин кызматкерлерине эмгек акынын өлчөмдөрүн белгилөөгө;
- күнүмдүк оңдоого, курулуш-монтаждоо башкармалары менен капиталдык оңдоого келишимдерди түзөөгө;
- заказдар боюнча керектүү материалдарды, жабдууларды, чийки затты, чала фабрикаттарды бөлүнгөн бюджеттик каражаттын чегиңде алууга;
- өзүнүн жүгүртүлчү каражаттарынын жалпы көлөмүн аныктоого;
- Мекеменин максаттык фондун түзүүчү, негизги фонддорду өркүндөтүүгө пайдаланылуучу амортизациялык чегерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- эскирген, жешилген жана андан аркы пайдаланууга жараксыз жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды, жабдыктарды белгиленген тартипте баланстан чыгарууга.
- тажрыйба алмашуу боюнча профилдик ата мекендик жана чет өлкөлүк ишканалар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17 декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Мекеменин кызматкерлеринин ишинин жана эс алуусунун режими эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
17. Эгер мыйзамдарга жана Уставга каршы келбесе, Министрлик менен макулдашуу боюнча Мекемеде бул Уставда каралбаган башка укуктар жана милдеттер да болушу мүмкүн.
18. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын түзүүгө жана алардын саламаттыгына жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Мекеменин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга.
IV. Мекемени башкаруу
19. Мекемени министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17 декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Директор:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Мекеменин Уставынын талаптары аткарылышы үчүн, анын ичинде:
- иштин негизги түрлөрү Уставда каралган максаттарга ылайык толук көлөмдө жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Мекеменин атынан ишеним катсыз аракеттенет, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Мекеменин кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот, сыйлык акы берет жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мекеменин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- Мекеменин кызматкерлери менен жамааттык келишим түзөт;
- жумушчуларды, кызматчыларды сыйлоо үчүн Мекеменин фонддорунун каражаттарын пайдалануунун сметасын бекитет, ал фонддон сыйлайт жана бир жолку жардамдарды берет;
- иштеги жетишкендиктери жана демилгечилдиги үчүн Мекеменин кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
- Мекеменин каражаттарын белгиленген тартипте тескейт;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 394 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Эсепке алуу жана отчеттуулук
21. Мекеме өз ишинде Министрликке отчет берет жана анын контролунда болот.
Мекеме өзүнүн иши жөнүңдө, анын ичинде пландык документти аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетторду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда башка маалыматтарды берет.
Министрлик Мекеменин бухгалтердик отчеттуулугун жана отчетторун бекитет.
22. Мекемеге таандык мүлктүн пайдаланылышын, сакталышын Министрлик контролдойт.
23. Мекеменин ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
VI. Мекеменин мүлкү жана финансысы
24. Мекеменин активин анын балансындагы негизги жана жүгүртүү каражаттары, финансылык ресурстар түзөт.
Мекеменин мүлкү ага оперативдүү башкаруу укугунда таандык.
25. Мекеменин мүлкүн түзүүчү булактар:
- Уюштуруучу Мекемеге өткөрүп берген мүлк жана каражаттар;
- чарбалык-өндүрүштүк иштен алынчу каражаттар;
- мыйзамга каршы келбеген башка каражаттар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17 декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Мекеменин иши республикалык бюджеттин каражаттарынан жана бюджеттен тышкаркы каражаттардан каржыланат (демөөрчүлүк жардам, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, мыйзамга каршы келбеген башка кирешелер).
27. Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык ишинен алынган каражаттар анын толук карамагына түшөт. Мекеме өндүрүштүк- чарбалык иштен алынган каражаттарды чыгымдоо багыттарын кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык өз алдынча аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17 декабрындагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Мекеменин ишинин токтотулушу
28. Мекеменин иши ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулушу мүмкүн.
29. Мекеме жоюлган учурда документтери Кыргыз Республикасынын архивдик фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.