ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 807 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537»Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция03.12.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 3-декабры № 807

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча ченемдик-методологиялык базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигин өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелеринде:

3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Баалоо ишмердигин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

аталышындагы жана бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети", "Маммүлкком" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пунктта "(мындан ары - Маммүлкком)" деген сөздөр алып салынсын;

4-пункттун үчүнчү жана бешинчи абзацтары, 5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

6-пункттагы "Маммүлккомдун төрагасы" деген сөздөр "экономика министринин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев